Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк 

Башкармасынын 2014-жылдын 25 февралындагы № 5/2 токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 

30-сентябрындагы №36/20 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чени тууралуу жана "овернайт" кредити боюнча пайыздык чен жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 30- сентябрындагы №36/20 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чени тууралуу жана "овернайт" кредити боюнча пайыздык чен жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

- Токтомдун төртүнчү пункту күчүн жоготкон катары таанылсын. 

 

2. Токтом 2014-жылдын 27-февралынан тартып күчүнө кирет. 

 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн. 

 

4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин С. мырзага жүктөлсүн.  

 

 

Төрага Асанкожоева З.М.