Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк  

Башкармасынын 2014 жылдын 19-мартындагы 9/7 токтому 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/8 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндөЖобону бекитүү тууралуутоктомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/8 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндөЖобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомду Улуттук банктын расмий сайтына жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом, расмий жарыялангандан тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж. Жеенбаевага ыйгарылсын.  

 

Төрага үчүн 

Төраганын орун басары Чокоев З.Л. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2014-жылдын ”19”- мартындагы № 9\7 токтомуна карата 

тиркеме 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/8 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндөжобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/8 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндөжобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндөжобонун

- 5- пунктунун экинчи жана үчүнчү сүйлөмдөрү төмөнкү редакцияда берилсин: 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары (мындан ары МБК) күрөө предмети катары колдонулат. МБКы түрүндөгү күрөөлүк камсыздоонун көлөмүнүн жетиштүүлүгүнө (пайыздык туюндурууда), түрүнө жана башка параметрлерине карата талаптар Улуттук банктын Акчакредиттик жөнгө салуу комитети (мындан ары КДКР) тарабынан белгиленет.”; 

- 17-пункттун 3-абзацы төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: 

“Консервация, убактылуу жетекчилик режиминде турган банкка Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими болгон шартта, бир күндүк кредит берилиши мүмкүн;”. 

- 25-пункттагы “Улуттук банк Башкармасы” деген сөздөр “КДКР” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- жобонун 1-тиркеменин баш жагындагы (преамбула) “Улуттук банк Башкармасынын 20__жылдын ________ № __ токтому менен бекитилген” деген сөздөр алып салынсын.