Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2014-жылдын 23-апрелиндеги № 16\5 токтому 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы №8/2 «Милдеттүү резервдер жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна  

өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7, 22 жана 43-беренелеринин талабына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы №8/2 «Милдеттүү резервдер жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Милдеттүү резервдердин минималдык деңгээли тиешелүү мезгилге аныкталган милдеттүү резервдердин көлөмү 70 пайыз өлчөмү болуп белгиленсин. 

3. Юридика башкармалыгы:  

- токтомду Улуттук банктын расмий сайтына жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Токтом расмий 2014-жылдын 5 майынан тартып күчүнө кирет.  

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары айым Б.Ж. Жеенбаевага ыйгарылсын. 

 

Төрага үчүн 

Төраганын орун басары Чокоев З.Л. 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын  

23- апрелиндеги № 16\5 токтому менен бекитилген 

жобого карата тиркеме 

 

 

 

 

ӨЗГӨРТҮҮЛӨР 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы №8/2 «Милдеттүү камдар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» жобосуна 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы №8/2 токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

“Милдеттүү резервдер жөнүндө” жобосунда жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген: 

- 2.1. пункту төмөнкү редакциясында жазылсын: 

«2.1. Милдеттүү резервдер төрт жуманын ичинде бир жолу эсептелинет, күндөлүк базалык мезгилдин биринчи иш күнүндө жана жогоруда көрсөтүлгөн төрт жума бою ортокүндүк расчеттук базасын негизине карата аныкталат, жана Улуттук банктын Башкармалыгы менен бекитилген, милдеттүү резервдердин өлчөмү. Милдетүү резервдердин бекитилген мазмуну күндөлүк төрт жуманын ичинде ишке ашырылат. Расчеттук базасына кирген, валюталык милдеттерин сомдук эквиваленти, Улуттук банк Башкармасынын бекитилген курс менен эсептелет: 

- 2.4. пунктун үчүнчү-жетинчи абзацын төмөнкү редакциясында жазылсын: 

«OРт күндөлүк базалык мезгилине карата милдетүү камдар; 

ОБт-1 расчеттук базасына кирген банктын милдеттери, жогоруда көрсөтүлгөн базалык мезгилдин ар бир күн сайын; 

Ат-1 банктын активдери, анын жыйынтыгына карата Улуттук банк Башкармасынын чечими боюнча расчеттук базасы кыскартуулат, жогоруда көрсөтүлгөн базалык мезгилдин ар бир күн сайын; 

Дт-1 жогоруда көрсөтүлгөн базалык мезгилдин календардык күндөрдүн саны, милдетүү камдардын эсебине кабыл алынган 28 күн. 

- 2.5. пунктун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакциясында жазылсын: 

«Эсеп, анык Жобосунун 2.4. пункта карата, банк жетекчисинин колу менен бекитилген, саат 12.00 чейин базалык мезгилден кийин, жуманын биринчи иш күндө 1 Тиркеме формасына карата берилет.  

2.6. пунктун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакциясында жазылсын: 

«Милдетүү камдардын талабын аткаруу контроль төрт жумалык базалык мезгилдин аягында аткарылат». 

- 2.8. пункту күчүн жоготу катары таанылсын. 

- 2.4. пунктун алтынчы абзацы төмөнкү редакциясында жазылсын: 

«Д базалык мезгилде (28 күн) календардык күндөрдүн саны». 

 

- Жобонун 1 жана 2 Тиркемелер төмөнкү редакциясында жазылсын: 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын  

23-апрелиндеги № 16\5 токтому менен бекитилген, Милдеттүү резервдер боюнча жобосуна  

1-Тиркеме