Кайта келүү

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

2014-жылдын 30-майындагы № 24\6 токтому 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын төлөм карттары жөнүндө Убактылуу Жобону бекитүү тууралуу 

 

Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн көбөйтүү боюнча 2012-2017 - жылдарга каралган иш-чаралардын мамлекеттик программасын жүзөгө ашыруунун алкагында, Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын республика аймагындагы бюджеттик уюмдарга ЭЛКАРТ төлөм карты аркылуу берилүүчү бюджеттик каражаттарды эсепке алуу системасын автоматташтыруу деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзүү максатында, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кароого сунушталган “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын төлөм карттары жөнүндө” Убактылуу Жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.  

2. Юридика башкармалыгы: 

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- токтом расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн аны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгын, “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАКду жана республиканын коммерциялык банктарын тааныштырсын. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж. Жээнбаевага ыйгарылсын. 

 

Төрага Абдыгулов Т.С. 

 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2014-жылдын 30-майындагы  

№ 24/6 токтомуна карата  

тиркеме 

 

 

 

“Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин  

Борбордук казыналыгынын төлөм карты  

жөнүндө” убактылуу жобо  

 

1-глава. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

 

1. Бул Убактылуу жобо аркылуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын (мындан ары - Казыналык) корпоративдик төлөм картын (мындан ары Казыналыктын төлөм карты) эмиссиялоо тартиби жана аларды “Бюджеттик каражаттарды алуучунун карты” пилоттук долбоорду ишке ашыруунун алкагында уюмдарга тапшыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары (мындан ары банктар) тарабынан Казыналыктын төлөм картынын эквайринги жана аларды колдонуу менен ишке ашырылган операциялардын процессингин ишке ашыруу тартиби аныкталат.  

2. Казыналыктын улуттук төлөм системасына катышуу чечими Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына (мындан ары Улуттук банк) макулдашуунун негизинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан кабыл алынат.  

3. Казыналыктын төлөм картынын эмиссиясы боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн Улуттук банк жана төлөм карттары менен эсептешүүлөрдүн улуттук системасынын оператору менен башкы келишим түзөт.  

4. Төлөм карттарын пайдалануу менен ишке ашырылган эсептешүүлөрдүн катышуучуларынын ортосунда түптөлгөн, ушул жобо менен жөнгө салынбаган мамилелер, алардын жоопкерчиликтери, укуктары жана милдеттери тиешелүү келишимдер жана төлөм карттары менен эсептешүүлөрдүн улуттук системасынын операциялык эрежелери аркылуу жөнгө салынат.  

 

2-глава. АНЫКТАМАЛАР 

 

5. Ушул Убактылуу жободо төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат: 

1) Казыналыктын төлөм карты уюмга Казыналыктын төлөм карты аркылуу эсептешүүлөрдүн улуттук системасынын оператору менен түзүлгөн келишимдин негизинде, корпоративдик карт боюнча операцияларды жүргүзүүнү уюштурууга өбөлгө түзгөн төлөм инструменти. Казыналыктын карты боюнча операциялар Казыналык тарабынан чегерилген акча каражаттарынын суммасынын чегинде карт ээси тарабынан жүргүзүлөт. Карт, Казыналыктын менчиги болуп саналат жана ал ушул жобого, Казыналык белгилеген жол-жоболорго жана улуттук төлөм системасынын оператору менен түзүлгөн келишим шарттарына ылайык, бюджеттик уюмдарга пайдалануу үчүн сунушталат. Уюм картты пайдаланууну карт эсине тапшырат; 

2) карт ээси бул, келишимдердин жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка документтердин жана Казыналыктын талаптарынын негизинде Казыналыктын төлөм картын пайдалануу менен операцияларды ишке ашырууга уюм тарабынан ыйгарым укук чегерилген адам (жак); 

3) уюм Казыналыктын төлөм картын пайдалануу үчүн алган мамлекеттик орган, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органы, бюджеттик уюм; 

4) процессинг карттарды пайдалануу менен ишке ашырылган операциялар боюнча маалыматтарды топтоону, иштеп чыгууну жана эсептешүүлөрдүн катышуучуларына жөнөтүүнү, ошондой эле карттарды пайдалануу менен эсептешүүлөр системасына катышуучулар ортосунда түзүлгөн тиешелүү келишимдер каралган башка милдеттерди камтыган иш чөйрөсү

5) процессинг борбору «Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коому, «Элкарт» төлөм карты менен эсептешүүлөрдүн улуттук системасынын оператору;  

6) Казыналыктын төлөм картын пайдалануу менен эсептешүүлөргө катышуучулар Казыналык, карт ээси, эквайер, процессинг борбору; 

7) эквайер системанын операциялык эрежелеринде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке жана шарттарга ылайык, Казыналыктын төлөм картынын эквайрингин жүзөгө ашырган коммерциялык банк; 

8) карт-чек бул, транзакциялар боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн негиз болгон жана анын ишке ашырылгандыгын тастыктаган, картты пайдалануу менен транзакцияларды ишке ашырууда терминал, банкомат же башка жабдуудан чыгарылып берилген кагаз жүзүндөгү документ.  

6. Казыналык менен төлөм карттарын пайдалануу аркылуу эсептешүүлөр системасынын башка катышуучуларынын ортосундагы мамилелерде, ошондой эле Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 14-октябрында №41/7 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө” жободо аныкталган терминдер жана түшүнүктөр колдонулат. 

 

3-глава. КАЗЫНАЛЫКТЫН ТӨЛӨМ КАРТТАР ЭМИССИЯСЫ УЧУРУНДА АТКАРГАН МИЛДЕТТЕРИ ЖАНА ФУНКЦИЯЛАРЫ  

 

7. Казыналыктын төлөм картынын эмиссиясы боюнча иши Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын негизги жоболору жөнүндө” мыйзамына ылайык, Казыналыктын аныкталган милдеттерине жана функцияларына жараша ишке ашырылат. 

8. Казыналык, «Элкарт» төлөм карттары менен эсептешүүлөрдүн улуттук системасынын базасында, уюмдар үчүн төлөм карттарынын эмитенти болуп саналат. 

9. Казыналыктын төлөм картынын эмиссиясы боюнча иши өзүндө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш (бирок муну менен эле чектелбеши зарыл):  

1) зарыл техникалык базаны жана анын ишенимдүү техникалык абалда туруктуу иштеп, маалыматтын коргоого алынышы жагында талаптардын аткарылышы көз карашынан дайыма ички текшерүүнү жүргүзүп туруу (бир чейректе 1 жолудан кем эмес) системасын калыптандыруу;  

2) Казыналыктын төлөм карты боюнча ички эсепке алуу жана отчет системасын түзүү

3) Казыналыктын төлөм картын пайдалана турган уюмдар менен маалымат алмашуунун тартибин, мөөнөттөрүн жана каналдарын, финансылык дооматтар боюнча ишти макулдашып жүргүзүү тартибин уюштуруу. 

10. Казыналык эң аз дегенде төмөнкүдөй ички жол-жоболорго ээ болууга тийиш:  

1) Казыналыктын төлөм картын чыгаруу, тапшыруу, пайдалануу жана кайтарып алуу (алып коюу) процессин уюштуруу; 

2) тиешелүү маалыматтар менен алмашууда байланыш каналынын коопсуздугу жана туруктуу ишти колдоого алуусу үчүн процессинг борборуна туташууну камсыз кылган жабдуулардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн түзүү

3) Казыналыктын төлөм картын алуу жана пайдалануу тартиби, анын ичинде карттын коопсуз пайдаланылышы үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, карт ээлери алар аркылуу төлөмдөрдү жүзөгө ашыра алган банктардын жана алардын терминалдарынын жаңыртылган тизмеги жөнүндө маалымат берүү жагында уюмдар менен өз ара иш алып баруу; 

4) Казыналыктын ар бир төлөм карты боюнча каражаттардын жылышын эсепке алуу, чыгарылган төлөм картынын (карт ээлери жөнүндө жеке маалыматтар менен) тизмесин жүргүзүү

5) Казыналыктын төлөм картын жоготуп алган, уурдаткан же аларды ыйгарым укук чегерилбеген адам пайдалангандыгы фактысы жөнүндө Казыналыктын ошол уюмга маалымдоо тартиби, уюмдун укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги; 

6) финансылык дооматтар боюнча тиешелүү иштерди макулдашып жүргүзүү тартиби;  

7) Казыналыктын төлөм карты аркылуу акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетту берүү тартиби, мында ар бир уюм отчетту Казыналыкка отчеттун формаларын кошо тиркөө менен берүүгө тийиш;  

8) Казыналыктын төлөм картын блокировкалоо тартиби. 

11. Казыналык төлөм карты менен операцияларды ишке ашырууда келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү, иште орун алган үзгүлтүктөр жана техникалык проблемалар тууралуу маалыматты топтоо үчүн ыйгарым укуктуу адамды дайындоого тийиш. 

 

4-глава. КАЗЫНАЛЫКТЫН ТӨЛӨМ КАРТЫН ЭМИССИЯЛОО ЖАНА АЛАРДЫ УЮМДАРГА ТАПШЫРУУ ТАРТИБИ  

 

12. Төлөм карты бериле турган уюмдарды Казыналык өзү аныктайт жана системанын белгиленген операциялык эрежелерине ылайык, улуттук төлөм системасынын операторуна төлөм карттарын чыгарууга билдирме жөнөтөт.  

13. Казыналыктын төлөм карты, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында банктык төлөм карттарына карата белгиленген тартипке жана талаптарга ылайык даярдалууга жана милдеттүү реквизиттерди камтууга тийиш.  

14. Казыналыктын төлөм карты бекитилген логотибине жана дизайнына ылайык эмитирленет.  

15. Казыналыктын төлөм карты анын менчиги болуп саналат жана ал уюмдун атына берилип, ушул жобого жана Казыналыктын белгиленген жол-жобосуна ылайык андан пайдалануу мүмкүнчүлүгү сунушталат.  

16. Казыналыктын төлөм карты дебеттик карт болуп саналат, аларды пайдалануу багыты жана аткаруучу милдеттери Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленет. Казыналыктын төлөм карты боюнча операциялар Казыналык чегерген акча каражаттарынын суммасынын чегинде, карт ээси тарабынан ишке ашырылат.  

17. Казыналыктын төлөм картындагы каражаттарды тескөө үчүн уюм карт ээсин жооптуу адамды дайындайт жана Казыналыкка ал жөнүндө төмөнкү маалыматтарды жөнөтөт:  

1) жооптуу адамга тиешелүү жеке маалыматтар (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, аты-жөнү, атасынын аты, паспорттогу же анын ким экендигин тастыктаган башка документтердеги маалыматтар) жана аны идентификациялоого мүмкүндүк берген башка маалыматтарды; 

2) Казыналыктын төлөм картындагы каражаттарды укукка жатпаган шартта жана туура эмес пайдалангандыгы, мында коопсуздук (ПИН-кодду колдонуу, картты жоготуп же уурдатып алган учурдагы иш-аракеттери) талаптарын так сакталышы үчүн ошол адамдын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө келишим.  

18. Казыналыктын төлөм карты ал тарабынан белгиленген жол-жобого ылайык, кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын жана башка документтердин негизинде уюмдарга тапшырылат. Карт ээси Казыналыктын төлөм картын пайдалануу эрежелери жана таанышып чыгып, аны алгандыыг тууралуу кол коюп берүү менен тастыктоого тийиш.  

 

5-глава. КАЗЫНАЛЫКТЫН ТӨЛӨМ КАРТЫН ПАЙДАЛАНУУ МЕНЕН ТӨЛӨМДӨРДҮ ӨТКӨРҮҮ ТАРТИБИ  

 

19. Казыналыктын төлөм карты боюнча төлөмдөр менен эсептешүүлөр, Улуттук банктын банктык төлөм карттар үчүн иштелип чыккан ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте, ошондой эле улуттук төлөм системасынын эрежелерине ылайык жүргүзүлөт. 

20. Казыналыктын төлөм карты боюнча карт ээлерине нак акча каражаттарын берүү жана башка эсептешүүлөр улуттук валютада гана ишке ашырылат.  

21. Казыналыктын төлөм картын пайдалануу менен нак акча каражаттарынын берилгендигин тастыктаган документтен болуп карт-чек саналат. Алгылыксыз иш-аракеттерден улам келип чыгуучу тобокелдиктерди басаңдатуу үчүн карт-чекте карттын номери жөнүндө маалыматтар ачык көрсөтүлүүгө тийиш эмес. Мында системанын коопсуздук эрежелерине ылайык тиешелүү гана маалыматтар чагылдырылат.  

22. Казыналыктын ички жол-жоболорунда белгиленген формага жана мөөнөттөргө ылайык уюм, төлөм карттарын пайдалануу менен ишке ашырылган операциялар боюнча ага отчет берет.  

23. Казыналык, карт ээлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана бухгалтердик эсепке алуу эрежелерине ылайык жүргүзүлгөн операциялардын негизинде өзүнүн ички автоматташтырылган системасында төлөм картын пайдалануу менен ишке ашырылган операцияларды бухгалтердик эсепке алууну жүргүзөт.  

24. Улуттук төлөм системасынын операторунан алынган, Казыналыктын төлөм карты боюнча каражаттардын жылышы жана калдыгы боюнча көчүрмөлөрдүн негизинде Казыналык уюм нак акча каражаттарын алгандыгына текшерүү жүргүзөт.  

25. Жыйынтыктап эсептешүүлөрдөн кийин төлөм жаңылыш же шектүү деп таанылган учурда, уюм бул тууралуу Казыналыкка маалымдайт, ал өз кезегинде улуттук төлөм системасынын оператору менен түзүлгөн келишимдин жана системанын операциялык эрежелеринин шарттарына жана тартибине ылайык дооматтарды коё алат.  

 

6-глава. КАЗЫНАЛЫКТЫН ТӨЛӨМ КАРТЫН БЛОКИРОВКАЛОО ЖАНА АЛЫП САЛУУ 

 

26. Казыналык төлөм картын төмөнкү учурларда блокировкалап же алып салышы мүмкүн: 

1) Карт ээси Казыналыктын төлөм карттарын пайдалануу эрежелерин бузуууга жол берсе;  

2) Казыналыктын төлөм картынын колдонуу мөөнөтү аяктаган учурда; 

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана системанын операциялык эрежелеринде каралган башка учурларда. 

Төлөм карттарын тейлөө токтотулган учурда Казыналык бул тууралуу уюмга белгиленген тартипте маалымдоого тийиш.  

27. Ушул убактылуу жобонун 26-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча карт ээсинин жана/же уюмдун атынан арыз жана билдирүү келип түшсө, Казыналык төлөм картынын реквизиттерин стоп-баракча системасына чагылдырууга тийиш.  

28. Казыналыктын төлөм картын жоготуп, уурдатып алгандыгы же уюм аны санкциясыз пайдаланып жаткандыгы тууралуу арыздарды жана билдирүүлөрдү берүү шарттары жана ыкмалары, ошондой эле алардын күчүнө кирүү мөөнөттөрү, улуттук төлөм системасынын иш тартибине жана регламентине ылайык Казыналык тарабынан белгиленет. Арыздын өз убагында берилиши үчүн карт ээси жооп берет. 

 

7-глава. ЭКВАЙЕРГЕ ЖАНА ЭКВАЙРИНГГЕ КАРАТА ТАЛАПТАР 

 

29. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган талаптар Казыналыктын төлөм картынын эквайерине жана эквайрингине карата да колдонулат. 

30. Эквайер өз терминалдар түйүнү аркылуу Казыналыктын төлөм картын тейлөө жана кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоосу зарыл. Эквайердин үчүнчү жактар менен кандай болбосун келишимдик мамилелери, төлөм картын тейлөө жагында башка эквайерлер менен мамилелерде тоскоолдуктарды жаратып, чек коюуга тийиш эмес. 

 

8-глава. ПРОЦЕССИНГГЕ ЖАНА ПРОЦЕССИНГ БОРБОРУНА КАРАТА ТАЛАПТАР ЖАНА ЖЫЙЫНТЫКТАП ЭСЕПТЕШҮҮЛӨР ТАРТИБИ  

 

31. Казыналыктын төлөм карты менен жүргүзүлгөн операциялар боюнча процессинг, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын жана системанын операциялык эрежелеринин талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында төлөм карттары менен эсептешүүлөрдүн улуттук системасынын оператору тарабынан ишке ашырылууга тийиш.  

32. Казыналыктын төлөм картын пайдалануу менен ишке ашырылган операциялар, аралыкта орнотулган жабдуулар аркылуу же банкта операциялардын (транзакциялардын) жүргүзүлгөндүгү тууралуу тастыктаманы алган учурда - кайтарылып алынгыс, ал эми карт ээсинин Казыналыктын ички автоматташтырылган системасында ачылган эсебинен каражат алынган учурунда - жыйынтыкталган болуп эсептелет. 

33. Казыналыктын төлөм картын пайдалануу менен ишке ашырылган операциялар, төлөм карттары менен эсептешүүлөрдүн улуттук системасында процессинг аяктаган учурдан тартып Казыналык жана эквайер үчүн кайтарылып алынгыс, ал эми Улуттук банкта ачылган корреспонденттик эсептер боюнча эсептешүүлөр ишке ашырылган шартта жыйынтыкталган болуп эсептелинет. 

 

 

9-глава. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР 

 

33. Улуттук банк, Казыналыктын төлөм картын пайдалануу менен пилоттук долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүнө мониторингди, талдап-иликтөөлөрдү, жөнгө салууну жана көзөмөлгө алууну Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык ишке ашырат. 

34. Казыналык өзү чыгарган төлөм карты боюнча маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында банктык төлөм карттары үчүн белгиленген формаларга жана мөөнөттөргө ылайык Улуттук банкка сунуштап турат. 

35. Процессинг борбору Казыналыктын төлөм картына тиешелүү маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген формаларга жана мөөнөттөргө ылайык Улуттук банкка сунуштап турат.