Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

2014-жылдын 30-майындагы № 24\12 токтому 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 26-октябрындагы №60/8 "Микрокаржылоо уюмдары жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 26-октябрындагы №60/8 "Микрокаржылоо уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы:  

- бул токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен Микрокаржылоо уюмдары ассоциациясын, Кыргызстандын Кредиттик союздар жана Кооперативдер ассоциациясын жана "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсын тааныштырсын. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л. Чокоев мырзага жүктөлсүн. 

 

Төрага Абдыгулов Т.С. 

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2014-жылдын 30-майындагы  

№ 24/12 токтому менен бекитилген 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 26-октябрындагы №60/8 "Микрокаржылоо уюмдары жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 26-октябрындагы №60/8 "Микрокаржылоо уюмдары жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген "Микрокаржылоо уюмдары жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө" жобонун: 

1) бүтүндөй тексти боюнча "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы" деген сөздөр, ар кандай жөндөмөлөрдөгү "Улуттук банк" деген сөздөргө алмаштырылсын; 

2) I бөлүгүнүн: 

- 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Ислам каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган ФКМдер пайыздар түрүндө сыйакы кармап калууга, пайыз алдында акча каражаттарын тартууга, инвестициялык депозитти же ал боюнча кирешени кайтарып берүүгө гарантия берүүгө укугу жок. Алар каражаттарды Шариат уруксат берген бизнеске гана инвестициялоого тийиш."; 

- 10-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

3) II бөлүктүн 1-главасынын 13-пунктунун экинчи абзацындагы "Кыргыз Банкы" деген сөздөр "Улуттук банк" дегенге алмаштырылсын; 

4) 4-главанын аталышындагы "(Кыргыз Банкынын тиешелүү лицензиясы болгон шартта)" деген сөздөр алынып салынсын; 

5) II бөлүктүн 5-главасынын:  

- главанын аталышындагы "(Кыргыз Банкынын тиешелүү лицензиясы болгон шартта депозиттерди тартышкан МФК, КСтер үчүн)" деген сөздөр алынып салынсын; 

- 113-пункттун жетинчи абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- төмөнкү мазмундагы 1131-пункт менен толукталсын: 

"1131. Кард хасан бүтүмү төмөнкүдөй эки учурда колдонулат: 

- Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, каражаттарды тартуу боюнча инструмен катары (акча каражаттарын тартууга Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы болгон шартта КСтер үчүн гана); 

- каржылоо инструменти катары. 

Айрым учурларда ФКМдер кард хасан келишими шартында кардарга займ (насыя) берүү мүмкүнчүлүгүн караштырышы мүмкүн.".  

- 114-пункттун үчүнчү абзацындагы "корреспонденттик" деген сөз "эсептешүү" деген сөзгө алмаштырылсын; 

- 114-пункттун төртүнчү абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 115-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

6) II бөлүк төмөнкү мазмундагы 7-глава менен толукталсын: 

 

"7-глава 

Гарантиялар 

1541. Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы болгон шартта МФК, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген чектөөлөрдүн чегинде гарантияларды берүү укугуна ээ болот. 

1542. Гарантияларда алардын колдонуу мөөнөтү жана гарантия берилген сумма белгиленет. 

1543. Кредитор карызгерден сыяктуу эле, гаранттан да карыз суммасын талап кылууга укуктуу. 

1544. Өтүнүч ээсинин пайдасына гарантиялык катты берүүгө уруксат берилбейт, анткени ал гарантиялык катты пайыздык насыяны алуу же тыюу салынган бүтүмдөргө келишүү үчүн пайдаланышы мүмкүн.".