Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

2014-жылдын 16-июлундагы № 32/4 токтому 

 

 

Аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барбаган микрокаржылоо компаниялары үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы №24/8 “Микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө” нускоону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген “Микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө” нускоону  

колдонууга киргизүү жөнүндө  

  

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 4, 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:   

1. Аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барбаган микрокаржылоо компаниялары үчүн Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы №24/8 “Микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө” нускоону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген “Микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө” нускоо 2015-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилсин.   

2. Юридика башкармалыгы:  

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.   

3. Токтом расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.  

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен микрокаржылоо компанияларын, Микрокаржылоо уюмдары ассоциациясын, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.   

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л. Чокоев мырзага жүктөлсүн.  

 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов