Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын  

2014-жылдын 14-ноябрындагы № 50/1 токтому 

 

 

 

Банктардын милдеттүү камдарынын минималдуу деңгээли жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7, 22 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Ар бир коммерциялык банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебиндеги күндөлүк негизде милдеттүү камдык талаптарды аткаруу үчүн каражаттарынын өлчөмү банктын тиешелүү мезгилге белгиленген милдеттүү камдар көлөмүнүн кеминде 80,0 пайызын түзүүгө тийиш.  

2. Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 23-апрелиндеги №16/5 "Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы №8/2 " Милдеттүү камдар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Экономика башкармалыгы бул токтом менен түзүмдүк бөлүмдөрдү жана коммерциялык банктарды тааныштырсын. 

5. Токтом 2014-жылдын 18- ноябрынан тартып күчүнө кирет.  

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н.Жеңиш мырзага жүктөлсүн.  

 

 

Төрага үчүн  

Төраганын орун басары Жениш Н.