Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2014-жылдын 27-ноябрындагы № 53\8 токтому 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин: 

- 2005-жылдын 18-мартындагы №5/5 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктардын, айрым банктык операцияларды жүзөгө ашырган уюмдардын жана алардын уюштуруучуларынын (катышуучулардын) юридикалык жактардын жана жеке адамдардын ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу”; 

- 2006-жылдын 23-мартындагы №7/5 “Кредиттик союздарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу”; 

- 2005-жылдын 19-майындагы №16/3 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан микрофинансылык уюмдарга карата колдонулуучу эскертүү чаралары жана санкциялар жөнүндө” жобону бекитүү туралуу”; 

- 2010-жылдын 17-февралындагы №2/3 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө”; 

- 2009-жылдын 23-сентябрындагы №38/3 “Коммерциялык банктарга жана депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларга карата консервация чарасын колдонуу жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу”; 

- 2000-жылдын 30-ноябрындагы №42/1 “Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу”; 

- 2006-жылдын 2-мартындагы №5/7 “Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу”. 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, алмашуу бюролорун, микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды тааныштырсын. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Орозбаевага ыйгарылсын. 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2014-жылдын «30»- октябрындагы 

47\8 токтомуна карата 

Тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 18-мартындагы №5/5 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктардын, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырышкан уюмдардын жана алардын уюштуруучуларынын (катышуучулардын), юридикалык жактардын жана жеке адамдардын ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктардын, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырышкан уюмдардын жана алардын уюштуруучуларынын (катышуучулардын), юридикалык жактардын жана жеке адамдардын ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө” жобонун: 

- 1.2-пунктунун бешинчи абзацындагы “Тышкы көзөмөл башкармалыгы,” сөздөр “Инспектирлөө башкармалыгы,” деген сөздөр менен толукталсын;  

- 3.2-пунктунун “з” пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“з) апеллянттын кол тамгасы (эгерде апеллянт банк болсо, апелляцияга Башкарманын Төрагасы же Директорлор кеңешинин төрагасы, ал эми алар жок учурда банктын атынан кол коюу укугуна ээ алардын орун басарлары; эгерде банк-резидент эместин филиалы болсо - филиалдын жетекчиси, ал жок учурда филиалдын атынан кол коюу укугуна ээ анын орун басары; эгерде юридикалык жак болсо анын жетекчиси, ал жок учурда юридикалык жактын атынан кол коюу укугуна ээ жетекчинин орун басары кол коюуга укуктуу).”; 

- 5.1-пунктундагы “банктык көзөмөл” деген сөздөр “көзөмөл блогу” дегенге алмаштырылсын;  

- 8.7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

8.7. Улуттук банк апеллянттан таасир этүү чараларынын колдонулушуна тиешелүү нааразычылыгын билдирген катын алгандан кийинки 20 жумуш күнү ичинде, Улуттук банк Башкармасы төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат: 

1) Улуттук банк Башкармасынын мурда кабыл алынган чечимдерин толугу менен алардын бөлүгүн алып салуу жөнүндө

2) Улуттук банк Башкармасынын мурда кабыл алган чечимдерин өзгөртүү жөнүндө

3) Улуттук банк Башкармасынын мурда кабыл алган чечимдерин күчүндө калтыруу жөнүндө

Улуттук банк Башкармасынын чечими аны кабыл алган күндөн тартып 3 жумуш күнү ичинде апеллянтка маалымдалууга тийиш.”.  

2. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 23-мартындагы №7/5 “Кредиттик союздарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кредиттик союздарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө” жобонун: 

- бүтүндөй тексти боюнча кездешип калышын мүмкүн болгон “КРУБ" деген аббревиатуралар, тиеешлүү жөндөмөдөгү “Улуттук банк” деген сөздөргө алмаштырылсын

- 1.2-пунктунун “Кредиттик союздарга карата” деген сөздөр “, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган” деген сөздөр менен толукталсын;”; 

- 1.4-пункту төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: 

“ - Шариат стандарттарына ылайык келбеген операцияларды жүргүзүү (ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздар үчүн);”; 

- 2.1-пунктунун “г” пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“г) кредиттик союздун бардык же айрым кызмат адамдарын алмаштыруу же убактылуу четтетүү жөнүндө талап коюу;”; 

- 2.2-пунктундагы “пунктчаларда көрсөтүлгөн” деген сөздөр “б),” тамгасы менен толукталсын;  

- төмөнкү мазмундагы 2.5-1-пункт менен толукталсын: 

“2.5-1. Улуттук банктын областтык башкармалыктары жана Баткен областындагы өкүлчүлүгү Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин отурумуна документтердин долбоорлорун даярдайт жана андан ары Көзөмөл боюнча комитеттин кароосуна сунуштоо үчүн аларды Улуттук банктын көзөмөл блогунун тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө жөнөтөт: 

- Тышкы көзөмөл башкармалыгына тышкы көзөмөлдүн жана инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдүн, талаптардын/жазма буйруктардын аткарылышына мониторинг жүргүзүүнүн алкагында кемчиликтерге жол берилгендиги фактылары аныкталган учурда;  

- Инспектирлөө башкармалыгына инспектордук текшерүүлөрдүн жүрүшүндө кемчиликтерге жол берилгендиги фактылары аныкталган учурда;  

- Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгына лицензиялоо маселелери боюнча мыйзам талаптарын бузууга жол бергендиги фактылары аныкталган учурда.”; 

- 2.8-пункттагы “(мындан ары ыйгарым укуктуу жак)” деген сөздөрдөн кийинки “жана Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн директору” деген сөздөр алынып салынсын; 

- 3-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“3. Таасир этүү чараларын колдонуу”; 

- 3.3-пунк төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: 

“ - Шариат стандарттарына ылайык келбеген операцияларды жүргүзүү (ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздар үчүн);”; 

-3.4-пункттун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“3.4 Кредиттик союздун бардык же айрым кызмат адамдарын алмаштыруу же убактылуу четтетүү жөнүндө талап Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан кабыл алынат. Кредиттик союздун бардык же айрым кызмат адамдарын алмаштыруу же убактылуу четтетүү үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:”; 

төртүнчү абзацтагы “атайылап” деген сөз алынып салынсын; 

төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: 

“ - кызматтык милдеттерин аткаруусуна байланыштуу кредиттик союздун кызмат адамына карата кылмыш ишин козгоо (экономикалык жана кызматтык ишинде кылмыштуулукка жол бергендиги боюнча);”; 

- 3.5-пунктундагы “белгиленген экономикалык ченемдердин” деген сөздөр “, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүргүзүүдө Шариат стандарттарын,” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 3.7-пункттун: 

биринчи абзацындагы “үч айга чейинки мөөнөткө” деген сөздөр алынып салынсын; 

төртүнчү абзацындагы “атайылап” деген сөз алынып салынсын; 

- 3.8-пунктунун тогузунчу абзацындагы “кредиттер” деген сөздөр төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: 

“(ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздар үчүн анын шарттары боюнча акча каражаттары сунушталган бүтүмдөр)”; 

- 3.10-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“3.10. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети лицензияны кайтарып алуу чечимин кабыл алгандан кийинки үч күн ичинде кредиттик союз лицензиялардын (кошумча лицензияны кошо алганда) түп нускасын Улуттук банкка тапшырууга милдеттүү, ал эми бир ай ичинде соттук эмес тартипте жоюу жол-жобосу башталууга тийиш.”. 

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-майындагы №16/3 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан микрофинансылык уюмдарга карата колдонулуучу эскертүү чаралары жана санкциялар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан микрофинансылык уюмдарга карата колдонулуучу эскертүү чаралары жана санкциялар жөнүндө” жобонун: 

- бүтүндөй тексти боюнча кездешип калышы мүмкүн болгон “КРУБ" деген аббревиатуралар, тиеешлүү жөндөмөдөгү “Улуттук банк” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 1.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

“1.2. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамына ылайык, Улуттук банктын лицензиясынын жана/же каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн (мындан ары текст боюнча “лицензия”) негизинде иш алып барган микрофинансылык уюмдарга (мындан ары текст боюнча “МФУ”) жана алардын кызмат адамдарына карата Улуттук банктын (мындан ары текст боюнча Улуттук банк) эскертүү чараларын жана санкцияларды колдонуу тартибин белгилөө ушул жобонун максаты болуп саналат.”; 

- 2.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

“2.1. Бул Жободо МКА жана МККларга, алардын кызмат адамдарына карата колдонулуучу төмөнкүдөй эскертүү чаралары жана санкциялар аныкталган: 

- эскертүү

- жазма буйрук; 

- кызмат адамдарынан акчалай айыптык төлөм өндүрүү

- дивиденддерди чегерүүнү жана төлөөнү кошо алганда, операциялардын жана бүтүмдөрдүн айрым түрлөрүн жүзөгө ашырууга чектөөлөрдү киргизүү

- карыздык милдеттенмелерди сатуу жана сатып алуу боюнча банк операцияларын (факторинг) жүзөгө ашыруу укугуна лицензияны кайтарып алуу; 

- каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү кайтарып алуу.”; 

2.2 -пунктунун он биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

операциялардын, бүтүмдөрдүн айрым түрлөрүн жүргүзүүгө, дивиденддерди чегерүүнү жана төлөөнү кошо алганда, чегерүүлөрдү жана төлөөлөрдү токтотуу, чектөө же аларга тыюу салуу;”; 

- 2.3-пунктунун онунчу абзацындагы “МФУлардын чыгымдарынын өлчөмдөрү” деген сөздөр “, анын ичинде потенциалдуу чыгымдар” деген сөздөр менен толукталсын;  

- 3.2-пунктунун экинчи абзацындагы “айрым операциялар” деген сөз “, бүтүмдөр, чегерүүлөр жана төлөөлөр” деген сөздөр менен толукталсын; 

- төмөнкү мазмундагы 3.2-1-пункт менен толукталсын: 

“3.2-1. Улуттук банктын областтык башкармалыктары жана Баткен областындагы өкүлчүлүгү Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин отурумуна документтердин долбоорлорун даярдайт жана андан ары Көзөмөл боюнча комитеттин кароосуна сунуштоо үчүн аларды Улуттук банктын көзөмөл блогунун тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө жөнөтөт: 

- Тышкы көзөмөл башкармалыгына тышкы көзөмөлдүн жана инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдүн, талаптардын/жазма буйруктардын аткарылышына мониторинг жүргүзүүнүн алкагында кемчиликтерге жол берилгендиги фактылары аныкталган учурда;  

- Инспектирлөө башкармалыгына инспектордук текшерүүлөрдүн жүрүшүндө кемчиликтерге жол берилгендиги фактылары аныкталган учурда;  

- Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгына лицензиялоо маселелери боюнча мыйзам талаптарын бузууга жол бергендиги фактылары аныкталган учурда.”; 

- 3.7-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

Жогоруда белгиленген операцияларды жүргүзүүгө байланыштуу келип чыккан кемчиликтерди четтетүү максатында Улуттук банктын сунуш-көрсөтмөлөрү, жазма буйруктары жана/же башка талаптары сакталбаган учурда”; 

- 3.8-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“ - МКА/МККлар тарабынан Улуттук банктын сунуш-көрсөтмөлөрү, жазма буйруктары жана/же башка талаптары дайыма (эки же андан көп жолу) сакталбаган учурда;”; 

- 4.3-пункттун жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

операциялардын, бүтүмдөрдүн айрым түрлөрүн, чегерүүлөрдү жана төлөөлөрдү токтотуу, чектөө же аларга тыюу салуу;”; 

ушул пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

МФКнын ишин тескөө боюнча убактылуу жетекчиликти киргизүү.”; 

- 4.4-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 4.9-пункттагы: 

“кат жүзүндөгү келишим”, “келишим” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү “милдеттенме-кат” дегенге алмаштырылсын; 

бешинчи абзацтын экинчи жана үчүнчү сүйлөмдөрү төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Милдеттенме-кат МФК тарабынан даярдалып, макулдашуу үчүн Улуттук банкка жөнөтүлөт, ага бир тараптан МФКнын Директорлор кеңеши, экинчи тараптан - Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөл блогунун ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басары кол коюшат. Милдеттенме-катта МФКнын орун алган кемчиликтерди четтетүү жана финансылык абалды жакшыртуу боюнча иш-чаралар планы камтылууга тийиш.”; 

- 4.11-пункттун: 

биринчи абзацынын экинчи сүйлөмүндөгү “талап кылынган деңгээлге чейин” деген сөздөр “айкын аткаруу мөөнөттөрүн көрсөтүү менен” деген сөздөр менен толукталсын; 

биринчи абзацтын үчүнчү сүйлөмү алынып салынсын; 

- 4.16-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“ - МФК Улуттук банктын сунуш-көрсөтмөлөрүн, жазма буйруктарын жана/же башка эскертүү чараларын жана санкцияларын сактабагандыгы менен;”; 

- жобого карата 1-тиркеменин бүтүндөй тексти боюнча кездешкен “МФК” аббревиатурасы “МФУга” алмаштырылсын. 

 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 17-февралындагы №2/3 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Консолидацияланган көзөмөлдүк жөнүндө” жобонун: 

- 61-пунктундагы «105» деген сан «180» деген санга алмаштырылсын.  

 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-сентябрындагы №38/3 "Коммерциялык банктарга жана депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларга карата консервация чарасын колдонуу жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Коммерциялык банктарга жана депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларга карата консервация чарасын колдонуу жөнүндө " жобонун: 

- 1.1- пунктундагы: 

“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жана депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялар” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялар жана өз катышуучуларынан депозиттерди тартуу укугуна лицензияга ээ кредиттик союздар” дегенге алмаштырылсын.  

 

6. Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 30-ноябрындагы №42/1 “Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобону бекитүү туралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө ” жобонун: 

- 7.6 -пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“7.6. Нак чет өлкө валютасы менен ишке ашырылган алмашуу операциялары боюнча такталбаган маалыматтар берилген учурда, нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартибин, ошондой эле ыйгарым укуктуу банктардын, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялардын, кредиттик союздардын жана алмашуу бюролорунун (пункттардын) ишин жөнгө салган ченемдик документтердин башка талаптарын бузууга жол берүүлөр аныкталган учурда Улуттук банк төмөнкүлөргө укуктуу”.  

 

7. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы №5/7 “Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөргөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Банк ишин лицензиялоо жөнүндө” жобонун: 

- 11.2-пунктунун 3)-пунктчасынын “ж” абзацынын бешинчи абзацындагы “105” деген сан “180” деген санга алмаштырылсын.