Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2014-жылдын 24-декабрындагы № 58/9 токтому 

 

 

 

 

 

“Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин 

лицензиялоо жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине, “Кыргыз Республикасында лицензиялоо-уруксат берүү системасы жөнүндө” мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кароого сунушталган “Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө” жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Токтом расмий жарыялангандан отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомдун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн, төлөм системасынын операторлорун жана төлөм уюмдарын, республиканын коммерциялык банктарын тааныштырсын.  

5. Токтом күчүнө кирген учурда иштеп жаткан, “Төлөм системасынын оператору” жана “Төлөм уюму” аныктамасында камтылган юридикалык жактар төлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмдарынын ишин жүзөгө ашырууга лицензия алуу үчүн тиешелүү документтерди, ушул токтом күчүнө киргенден кийинки эки ай ичинде кароого сунуштоого милдеттүү

6. Кыргыз  Республикасынын аймагында төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишмердүүлүгүн лицензиялоо Төлөм системалар башкармалыгына жүктөлсүн. 

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж.Жеенбаевага ыйгарылсын. 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

 

  

 Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2014-жылдын 24-декабрындагы 

№ 58/9 токтомуна карата 

тиркеме 

 

 

 

“Төлөм системаcынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин  

лицензиялоо жөнүндө” жобо 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

 

1. Бул жобо, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана анда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) тарабынан төмөнкү иш багыттарын лицензиялоо тартиби белгиленген: 

1) өз иш натыйжасынан болуп саналбаган, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызматтарды үчүнчү жактардын пайдасына, маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системасы аркылуу көрсөтүү

2) үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо боюнча кызматтарды төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына көрсөтүү

2. Жободо ошондой эле, уюштуруу документтерин макулдашуу жана кайра өзгөртүп түзүү тартиби, төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын кызмат адамдарына карата талаптар, төлөм системасынын катышуучулары ортосунда өз ара мамилеси аныкталат.  

3. Бул жободо төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылган: 

1) агент бул, төлөм системасынын оператору жана/же төлөм уюму (лицензиат) менен кызмат көрсөтүүнү сунуштоочунун атынан жеке адамдардын жана юридикалык жактардын төлөмдөрүн кабыл алуу ишин жүзөгө ашыруу боюнча агенттик келишим түзгөн юридикалык жак же жеке ишкер; 

2) лицензиат Улуттук банктан ишкердикти жүргүзүү укугуна лицензия алган төлөм системасынын оператору жана/же төлөм уюму; 

3) агенттик келишим лицензиат менен агент ортосунда ушул Жободо көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү агент тарабынан лицензиаттын атынан көрсөтүүгө түзүлгөн келишим. Мында агенттер тарабынан кызмат көрсөтүүнү сунуштоочулар (үчүнчү жактар) алдында милдеттенмелердин аткарылышы үчүн лицензиат жооп берет; 

4) кызмат адамдары Төрага же Директорлор кеңешинин башка мүчөлөрү, Башкы директор, Башкарманын төрагасы, Башкарма мүчөлөрү, финансы боюнча башкы кызматкерлер жана акысыз негизде иштегендигине же сый акы алгандыгына карабастан, лицензиаттын саясатын аныктаган башка адамдар; 

5) өтүнүч ээси Улуттук банкка төлөм системасынын операторунун жана/же төлөм уюмунун ишин жүзөгө ашыруу үчүн лицензия алууга кайрылган юридикалык жак; 

6) клиринг эки же андан көп тараптар ортосунда бирдей талаптарды чегеришүү жана чегеришүүнүн натыйжасында ошол тараптар ортосунда жыйынтык милдеттенмелерди аныктоо боюнча ишкердик

7) клиринг борбору клирингди жүргүзүү үчүн каралган компьютер менен жабдылган жана адистештирилген программалык камсыздоодон турган аппараттык-программалык комплекс; 

8) төлөм системасынын оператору төлөм системасынын ишин камсыздаган жана катышуучулар менен төлөм системасына катышуу келишимин түзгөн юридикалык жак, Кыргыз Республикасынын резиденти же резидент эмеси. Мында оператор жана катышуучулар өз ишин төлөм системасынын алкагында, төлөм системасынын операторунун ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилген эрежелерге ылайык жүргүзүүгө милдеттенет. Төлөм системасынын операторунун күндөлүк ишин тескөө, анын катышуучуларынын жалпы жыйынына же Директорлор кеңешине отчет берүүчү коллегиалдуу аткаруу органы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш; 

9) төлөм уюму Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул жободо белгиленген тартипте, төлөм уюму жана кызмат көрсөтүүнү сунуштоочулар ортосунда түзүлгөн келишимге жана төлөм уюму менен банк ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык үчүнчү жактардын-кызмат көрсөтүүнү сунуштоочулардын пайдасына жеке адамдардан жана юридикалык жактардан төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча кызмат көрсөтүүнү жүзөгө ашырган коммерциялык уюм; 

10) төлөм системасы акча жүгүртүлүшүн камсыз кылган технологиялардын, жол-жоболордун, эрежелердин, төлөм инструменттеринин жана акча каражаттарын которуу системаларынын өз ара байланыштуу системасы; 

11) төлөм нак жана нак эмес акча каражаттарын пайдалануу менен акчалай милдеттенмелерди аткаруу; 

12) төлөөчү сунуштоочу алдында жеке адамдын жана/же юридикалык жактын акчалай милдеттенмелерин аткаруу максатында төлөм уюмуна акча каражатын салууну жүзөгө ашырган жеке адам жана/же юридикалык жак;  

13) сунуштоочу сатылган товарлар (аткарылган иштер, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн төлөөчүдөн акча каражаттарын алуучу юридикалык жак же жеке ишкер; 

14) субагент агент менен субагенттик келишим түзгөн юридикалык жак же жеке ишкер; 

15) субагенттик келишим лицензиаттын агенти менен башка жак (субагент) ортосунда лицензиаттын атынан ушул жободо көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жөнүндө келишим. Мында субагенттер тарабынан кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу алдында (үчүнчү жактар) милдеттенмелердин аткарылышына жоопкерчилик лицензиатка жүктөлөт;  

16) төлөмдү иштеп чыгуу эсептешүүнү жүргүзүү жана ишке ашыруу максатында, төлөм жөнүндө маалыматтарды алуу, топтоо, салыштырып текшерүү, корректировкалоо жана жөнөтүү боюнча иш-аракеттеринин ырааттуулугу

17) процессинг бул, өзүндө эсептешүү катышуучуларына транзакциялар боюнча маалыматты топтоону, иштеп чыгууну жана жөнөтүүнү, ошондой эле системанын катышуучулары ортосунда түзүлгөн тиешелүү келишимдерде каралган башка милдеттерди аткарууну камтыган ишкердик; 

18) процессинг борбору (же төлөмдөрдү иштеп чыгуу борбору) процессинг жүргүзүү же төлөмдөрдү иштеп чыгуу үчүн каралган компьютердик жабдуулар жана адистештирилген программалык камсыздоо менен жабдылган аппараттык-программалык комплекс; 

19) төлөм системасынын катышуучулары төлөм системасынын оператору жана жеке ишкерлер менен түзүлгөн келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагындагы калкка төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо максатында, төлөм системасынын эрежелерине кошулган юридикалык жактар жана жеке ишкерлер. Эгерде төлөм системасынын иши төлөм системасынын катышуучусу тарабынан камсыздалса, ал төлөм системасынын оператору да болушу мүмкүн; 

20) электрондук акча бул, программалык-техникалык түзүлүштө (алдын ала төлөнгөн карттар, виртуалдык алдын ала төлөнгөн карттар жана электрондук капчык, электрондук акча инструменттери (өзүндө камтыган) болуп саналат) электрондук түрдө сакталган акчалай нарк жана алар электрондук акча уюму-эмитентинин жана акцептанттар уюмунун товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө каражаты катары кабыл алынат; 

21) электрондук капчык электрондук акча инструменти (өзүндө камтыган). 

4. Төлөм системасынын оператору жана төлөм уюму өз ишин, анын ичинде Улуттук банк тарабынан берилген лицензияда көрсөтүлгөн операцияларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.  

5. Бул жобо, коммерциялык банктар менен түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде калкка чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган агенттерге, Улуттук банктын банктык же башка лицензиясынын негизинде банктардын жана финансы-кредит мекемелеринин ишине, ошондой эле лицензиаттардын агенттери менен субагенттерге таркатылбайт.  

6. Улуттук банк лицензиаттардан алардын ишине тиешелүү маалыматтарды, ошондой эле алардын кызмат адамдары, агенттери менен субагенттери тууралуу маалыматтарды талап кылууга укуктуу. 

7. Лицензиаттар Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары обочолонгон бөлүкчөлөрдү жана туунду юридикалык жактарды түзүүгө укуктуу. 

8. Лицензиаттар обочолонгон бөлүкчөлөрүнүн жана туунду юридикалык жактарынын саны жөнүндө маалыматтарды ушул жободо белгиленген тартипте Улуттук банкка жөнөтүүгө милдеттүү

9. Лицензиаттар Кыргыз Республикасынын аймагында, агенттер менен субагенттик келишимди түзүү мүмкүнчүлүгү каралган, ушул жободо белгиленген кызматтарды агенттердин атынан сунуштоону жүзөгө ашыруу үчүн алар менен келишим түзүүгө укуктуу. Төлөм системасынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына агенттер жана субагенттер менен лицензиясыз келишим түзүүгө тыюу салынат.  

10. Төлөм уюму менен келишим түзгөн агент жана/же субагент, оператор же төлөм уюму өз ишин лицензиясыз ишке ашырган шартта, жоопкерчилик тартпайт. Лицензиясыз ишкердикти жүргүзгөндүгү үчүн жоопкерчилик операторлор жана/же төлөм уюмдарына жүктөлөт. 

11. Лицензиаттар өз агенттери жана алардын субагенттери жөнүндө төмөнкү актуалдуу маалыматтарга ээ болууга тийиш: 

1) эгерде агент же субагент юридикалык жак болсо аталышы, юридикалык дареги (жайгашкан жери), байланышуу маалыматтары (телефон, факс, электрондук почта). 

2) эгерде агент же субагент жеке ишкер болсо жеке ишкердин мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнө же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген патентине тиешелүү маалыматтар. 

 

2-глава. Лицензиаттардын кызмат адамдарына карата талаптар 

 

12. Лицензиаттын ишин талаптагыдай уюштуруу максатында, анын штатында төраганын (жетекчинин), техникалык директордун, башкы бухгалтердин кызмат орду каралууга тийиш. Зарылчылыкка жараша төраганын жана техникалык директордун кызматын бириктирүүгө жол берилет.  

13. Төлөм системасынын операторунун коллегиалдуу органынын төрагасы же төлөм уюмунун жетекчиси төмөнкүдөй талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- жогорку билимдүү

- жетекчи кызматында кеминде 3 жылдык иш тажрыйбасы бар; 

- соттук ишке тартылбаган; 

Техникалык директор төмөнкүдөй талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- жогорку техникалык билимге ээ; 

- ITтехнологиялар чөйрөсүндө билимге ээ, сертификаттардын көчүрмөлөрү кошо тиркелет; 

14. Башкы бухгалтер (штатта башкы бухгалтер кызматы жок болгон учурда бухгалтер) төмөнкүдөй талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- жогорку же орто-кесиптик билиминин болушу; 

- бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчетту түзүү чөйрөсүндө билимге ээ, экзаменди ийгиликтүү тапшыргандыгын тастыктаган сертификаттардын көчүрмөлөрү кошо тиркелет; 

- аталган ишкердик түрү менен алектенүүгө тыюу салган соттун чечиминин жок болушу; 

- сот ишине тартылбаган. 

15. Лицензиаттар 5 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка бардык өзгөртүүлөр, анын ичинде уставдык капитал өлчөмүнүн, коллегиалдуу орган, уюштуруучулар жана лицензиаттын катышуучулар курамынын өзгөргөндүгү, ошондой эле кайра өзгөртүп түзүүгө байланыштуу өзгөрүүлөр, жайгашкан жеринин өзгөрүшү, обочолонгон бөлүкчөлөрдү жана лицензиаттын агенттерин каттоодон/кайра каттоодон өткөртүүгө байланыштуу өзгөртүүлөр тууралуу (ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен) маалымдоого милдеттүү

 

3-глава. Лицензиялоо тартиби 

 

§1. Лицензия алуу үчүн зарыл документтер  

 

16. Ушул жобонун 1-пунктунда көрсөтүлгөн ишти жүзөгө ашырууга лицензия алуу үчүн өтүнүч ээси Улуттук банкка төмөнкү документтерди бир нускада мамлекеттик же расмий тилдерде сунуштайт: 

 

1) ушул жобого карата 1-тиркемеде белгиленген форма боюнча, өтүнүч ээсинин жетекчисинин кол тамгасы коюлган лицензия берүү жөнүндө өтүнүч кат; 

2) өтүнүч ээсинин тиешелүү башкаруу органы тарабынан бекитилген, жетекчинин колу жана өтүнүч кат ээсинин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн уставдын көчүрмөсү

3) уюштуруучулар-юридикалык жактардын төмөнкү документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү: ошол юридикалык жактын мөөрү менен тастыкталган уюштуруу документтери, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, ошол юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, акыркы күнгө карата түзүлгөн, салык органына тапшырылган финансылык отчет; 

4) документтерди тапшыруу учурунда ыйгарым укуктуу салык органдарынан салыктык карызынын жок экендигин тастыктаган маалымкат; 

5) жаңыдан түзүлүп жаткан уюмдар үчүн кеминде төмөнкүлөр камтылган бизнес-план:   

- операцияларды ишке ашырууда алдыга коюлган максаттарды аныктоо;   

- мындай операцияларды ишке ашыруудан күтүлгөн экономикалык натыйжалардын болжолдуу эсептери;   

6) чарба иш каражаттарын сактоо жана пайдалануу үчүн коммерциялык банкта эсептешүү эсебин ачууга түзүлгөн келишимдердин көчүрмөлөрү

7) кызмат көрсөтүүнү сунуштоочулары көрсөткөн кызматтар үчүн калктан жана өз агенттеринен түшкөн акча каражаттарын сактоо жана пайдалануу үчүн коммерциялык банкта эсептешүү эсебин ачууга түзүлгөн келишимдердин көчүрмөлөрү

8) сунуштоочуга акча каражаттардын өткөрүлүп берилишин же алардын сатып алуучуга кайтарылып берилишин гарантиялаган төмөнкү келишимдердин биринин көчүрмөсү

- мүмкүн болуучу тобокелдиктер жана жоготуулар үчүн каралган камды сактоо боюнча банктык аманат жөнүндө келишимдер;  

- сунуштоочуну алдын ала төлөө формасында тейлөө каралган келишимдер; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мүмкүн болуучу тобокелдиктер менен жоготуулардын ордунун жабылышын камсыздаган банктык гарантия же башка келишимдер. 

9) коммерциялык банктагы эсепке каражаттардын 100% уставдык капитал (1 000 000 сомдон кем эмес) катары салынгандыгын тастыктаган документ; 

10) уставдык капиталды түзүүгө багытталган уюштуруучулардын акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар

11) системада жөнөтүүчүлөр жана алуучулардын маалымдамаларын тескөө механизмдеринин болушун камсыздаган техникалык мүмкүнчүлүктү тастыктаган, ошондой эле кардарларды эл аралык уюмдар тарабынан чыгарылган террористтер тизмеги, улуттук террористтер тизмеги жана терроризмге катыштыгы бар катары шектелгендердин улуттук тизмеги боюнча текшерилгендигин тастыктаган документ; 

12) коллегиалдуу башкаруу органына кирген адамдардын тизмеги; 

13) төлөм системасында ишке ашырылып жаткан операцияларга финансылык мониторинг жүргүзүү тартибин жөнгө салган ички документтердин көчүрмөлөрү

14) акча каражаттарын инкассациялоо жана сактоо тартибин жөнгө салган ички документтердин көчүрмөлөрү

15) жетекчи тарабынан кол коюлган жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн төлөм системасынын иштөө эрежелери; 

16) лицензияны алууга төлөм төлөнгөндүгүн ырастаган документ; 

17) ушул жобого карата 2-тиркемеге ылайык, коллегиалдуу башкаруу органынын мүчөлөрү тарабынан өз колу менен толтурулган жана кол тамгалары коюлган анкета; 

18) коммерциялык банк менен электрондук акчаларды сактоо, пайдалануу жана алар менен ишке ашырылган операцияларды эсепке алуу боюнча эсептешүү эсептерин ачууга түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү

19) электрондук акча эмитенти менен аларды даярдоого түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү

20) өтүнүч ээсинин өкүлү ишеним каттын негизинде анын атынан иш алып барган учурда, лицензияны алууга анын өкүлүнө берилген ишеним кат.  

 

17. Улуттук банкка ушул жобого ылайык сунушталуучу жана бир барактан ашкан бардык документтердин ар бир барагы бирден сыпатталууга, жетекчинин кол тамгасы коюлуп, өтүнүч кат ээсинин мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Улуттук банктын талабы боюнча айрым документтер электрондук формада берилиши мүмкүн.  

18. Улуттук банк тарабынан документтерди кароо мөөнөтү 30 (отуз) календардык күндү түзөт.  

19. Эгерде документтер ушул жободо белгиленген талаптарга жооп бербесе же болбосо өтүнүч катты жана документтерди кароо мезгили ичинде кошумча документтер сунушталса, анда ушул жобонун талаптарын канааттандырган кошумча документтерди кароо мөөнөтү өтүнүч кат жана документтер кабыл алынган күндөн тартып эсептелет.    

20. Лицензияны алууга берилген өтүнүч кат жана документтер кайтарылып алынган шартта, же болбосо лицензияны берүүдөн баш тарткан учурда же ушул жобонун чегинде мурда берилген лицензия кайтарылып алынган учурда Улуттук банкка сунушталган документтер кайтарылып берилбейт. 

 

§2. Лицензия берүү 

 

21. Лицензиялар ушул жобонун 1-пунктунда көрсөтүлгөн ар бир ишкердик түрүнө өз-өзүнчө берилет (лицензиянын формалары жобого карата 3 жана 4-тиркемелерде келтирилген).  

22. Лицензия эки нускада таризделет. Биринчи нускасы өтүнүч кат ээсине тапшырылат, ал эми экинчи нускасы Улуттук банкта сакталат. Лицензияны берүүдө аны алууга ишеним көрсөтүлгөн адам лицензия берүү журналында лицензияны алгандыгын тастыктаган кол тамгасын коёт. 

23. Лицензияланып жаткан уюмдун ыйгарым укуктуу адамынын ким экендигин тастыктаган документ көрсөтүлгөндөн кийин гана ага лицензия берилет. 

24. Лицензияларды берүү жөнүндө маалыматтар Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүндө жүргүзүлгөн реестрге киргизилет. 

25. Улуттук банктын областтык башкармалыктары лицензия алуу үчүн сунушталган документтерди текшергенден кийин, аларга номер ыйгаруу жана маалыматтарды реестрге киргизүү үчүн Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнө кайрылат. 

26.  Лицензиянын түп нускасын жоготуп же бузуп алган учурда лицензиат аны жоготкондугун (бузгандыгын) тастыктаган документтерди (жалпыга маалымдоо каражаттарына кулактандыруу берүү, “жоготкон буюмдар пунктунан” маалым кат алуу) тиркөө менен лицензиянын жуп нускасын (дубликат) берүү өтүнүчү менен Улуттук банкка кайрылат. Жуп нуска өтүнүч кат берилген күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде берилет. 

 

§3. Лицензия берүүдөн баш тартуу 

 

27. Лицензия берүүдөн баш тартууга негиз катары төмөнкүлөр саналат:  

1) лицензия алуу үчүн берилген документтердин ушул жобонун же Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келбесе;  

2) Улуттук банкка лицензия алуу үчүн такталбаган же толук эмес маалыматтар берилсе; 

3) өтүнүч кат ээсине иштин ушул түрү менен иш алып барууга тыюу салынган соттун чечими болсо. 

28. Лицензияны берүүдөн баш тартылган учурда Улуттук банк, Төраганын орун басарынын атынан баш тартуу себептерин көрсөтүү менен кат жүзүндө жооп жөнөтөт. 

Өтүнүч кат ээси кабыл алынган чечимге макул эместигин негиздеп, аны кайра кароо өтүнүчү менен Улуттук банктын Төрагасынын орун басарынын атына даттануу жөнөтүүгө укуктуу. Даттануу, кабыл алынган чечим жөнүндө расмий жооп алган күндөн тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде сунушталат. Чечим менен макул эместигин билдирген өтүнүч катты карап чыгуунун жыйынтыгында Улуттук банк 20 (жыйырма) жумуш күнү ичинде лицензияны берүү чечимин кошо тиркөө менен даттануу канааттандырылгандыгы тууралуу же даттанууну канааттандыруудан баш тартуу тууралуу кат жүзүндө жооп берет.  

 

4-глава. Лицензияны кайтарып алуу  

 

29. Лицензиат төмөнкүлөрдү бузууга жол берген шартта, лицензия кайтарылып алынат: 

1) Улуттук банктын жазма буйруктары боюнча кемчиликтерди системалуу түрдө (эки же андан көп жолу) четтетпесе;  

2) эгерде талап кылынган маалыматтарды берүүгө Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттөр негизсиз системалуу түрдө (12 ай ичинде экиден көп жолу) бузууга жол берилсе;  

3) эгерде Улуттук банкка такталбаган, толук эмес маалыматтар берилсе;  

4) лицензиат Улуттук банктын текшерүү ишине каршылык көрсөтсө;  

5) лицензия берүүгө негиз болгон маалыматтардын анык эместиги табылса; 

6) лицензия алган учурдан тартып бир жылдан ашык мөөнөт ичинде ишкердик жүргүзүлбөсө

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган ишкердиктерди жүзөгө ашырса; 

8) лицензиат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банкрот деп табылса; 

9) Монополияга каршы жөнгө салуунун мыйзам талаптарын бузууга жол берсе; 

10) терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарын бузууга жол берсе; 

11) такталбаган отчеттор жана маалыматтар сунушталса же алар сунушталбаса; 

12) төрагага (жетекчиге) же техникалык директорго же болбосо башкы бухгалтерге карата экономика, финансы жана банк ишкердиги чөйрөсүндө жол берген кылмыш иши үчүн өкүм чыгарылса, ошондой эле кызматтык иш боюнча кылмыш иши үчүн айыпка тартылса; 

13) ушул жободо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка учурларда. 

  

30. Лицензияны кайтарып алуу чечими кабыл алынган учурда Улуттук банк беш жумуш күнү ичинде кайтарып алуу себептерин көрсөтүү менен кабыл алынган чечим тууралуу кат жүзүндө билдирет жана лицензияны кайтарып алуу боюнча чараларды баштоону демилгелейт.  

31. Лицензия кайтарылып алынган шартта лицензиат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кабыл алынган чечимге даттанууга укуктуу. Даттануу, ал Улуттук банкка келип түшкөндөн кийинки 30 күндүк мөөнөт ичинде кароого алынат.  

 

 

 

 

 

1-тиркеме  

 

   

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

Төлөм системалары башкармалыгы 

 

ӨТҮНҮЧ КАТ 

   

(__________________________________________________________________________________________________________________________________________________________) 

(толук аталышы жана юридикалык дареги) 

төмөнкү иштерди жүзөгө ашыруу үчүн лицензия берүүнү өтүнөм: 

1) өз иш натыйжасынан болуп саналбаган, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызматтарды үчүнчү жактардын пайдасына, маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системасы аркылуу көрсөтүү

(кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги көрсөтүлөт) 

 

2) үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо боюнча кызматтарды төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына көрсөтүү.  

( кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги көрсөтүлөт) 

 

Ушул өтүнүч катты толтуруу менен мен, өтүнүч кат ээсинин жетекчиси катары, Улуттук банктын төлөм системалары боюнча ченемдик укуктук актылары менен таанышкандыгымды тастыктайм жана жогоруда белгиленген ишкердик түрлөрү үчүн талап кылынган бардык маалыматтарды жана документтерди, тактап айтканда төмөнкүлөрдү сунуштаймын: 

 

1.  Уюштуруучулар тууралуу маалыматтар:   

___________________________________________________________________________________ ___________________________________________________________________________________ _________________________________________________________________  

Коллегиалдуу башкаруу органынын курамы (Төраганын, техникалык директордун, башкы бухгалтердин аты-жөнү):   

___________________________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ 

   

2. Документтер: 

2.1. Коллегиалдуу органдын төрагасынын анкетасы  

2.2. Техникалык директордун анкетасы  

2.3. Башкы бухгалтердин анкетасы 

 

 

Төраганын кол тамгасы жана уюмдун мөөрү 

   

20__ -жылдын  "____" _____________  

   

 

 

 

   

2-тиркеме   

   

АНКЕТА 

     

үрөт үчүн)   

   

   

   

(кызмат орду) ____________________________________________________________________________    

_____________________________________________________________________________ (төлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун аталышы)   

   

Аты-жөнү ______________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________ 

   

Туулган күнү жана жери ________________________________________________________ _____________________________________________________________________________ 

Паспортунун сериясы __________ N ________ ким тарабынан берилген________________ 

Берилген күнү ________________________________________________________________  

Жарандыгы _________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________   

  

Документ боюнча үй дареги, телефон номери _____________________________________ _____________________________________________________________________________ Анкетаны толтуруу учурунда айкын жашаган жеринин дареги, телефон номери __________________________________________________________________________________________________________________________________________________________ 

 

Үй-бүлөлүк абалы __________________________________________________________  

Билими________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________ 

(жогорку)   

дипломунун № ________________________ берилген күнү ___________________________ ким тарабынан берилген _______________________________________________________ 

   

Окуу жайынын аталышы жана ал жайгашкан жер  

Факультет    

же бөлүм   

Тапшырган жылы   

Аяктаган жыл   

Окууну аяктабаса, канча курс окуду  

Алган дипломго ылайык адистиги  

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

 

Курстарда окуу 

   

Семинардын  

же курстун темасы    

Семинарды уюштуруучу   

Өткөрүлгөн жери    

Өткөрүлгөн күнү 

Сертификаттын болушу   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

Эмгек жолу башталгандан тартып аткарылган иштер:   

   

Жалпы эмгек стажы: 

     

Жумушка кабыл алынган күн    

Жумуштан бошогон күн   

Ээлеген кызматы  

Мекеменин аталышы, жайгашкан жери  

Жумуштан кетүү себеби   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

Сиз кызматкери же мүчөсү болуп саналган бардык башка уюмдарды, ассоциацияларды, юридикалык жактын мекемелерин көрсөтүңүз.   

     

Уюмдун аталышы   

Уюм жайгашкан жер   

Ээлеген кызмат орду   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

Төлөм системасынын оператору же төлөм уюмунун кызматкерлери менен туугандык мамилеңизди, төлөм системасынын операторун же төлөм уюмун контролдукка алган жактар же компаниялар менен байланышыңызды, бардык өз ара милдеттенмелерди жана келишимдерди ж.б. көрсөтүңүз. 

_________________________________________________________________________________ _________________________________________________________________________________ _________________________________________________________________________________ _________________________________________________________________________________ __________________________________________   

 

Акырына чыгарылбаган сот иши же сизге иштин кайсыл бир түрү менен иш алып барууга тыюу салган соттун чечими барбы  

_____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

   

Сизге Улуттук банк тарабынан эскертүү чаралары жана санкциялары колдонулганбы _____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

   

 

Мен, ________________________________________________________________________   

(аты-жөнү)   

жогоруда берилген маалыматтардын аныктыгын жана толук берилгендигин тастыктайм жана бардык өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтарды мындан ары Улуттук банкка сунуштап турууга милдеттенем. Мен калпыстыктарга жана каталарга жол берген учурда, мага, төлөм системасынын операторуна жана төлөм уюмуна карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, санкциялар колдонула тургандыгын түшүнөм.   

   

20__ -жылдын "____" ___________  ___________________  

(кол тамгасы)   

   

   

   

 

 

3-тиркеме 

  

Лицензия 

Бул лицензия _________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ (төлөм уюмунун юридикалык дарек боюнча катталган толук аталышы) __________________________________________________________________________________________________________________________________________________________ 

(шаардын, райондун, конуштун жана көчөнүн аталышы, үй, телефон номери) 

___________________________________________________________________________________ берилди 

(юридикалык жактын/филиалдын/өкүлчүлүктүн мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө  

күбөлүгүнүн номери жана ИНН) 

 

жана ал төлөм уюму катары иш алып барууга, ошондой эле операциялардын төмөнкү түрлөрүн (тизмеги көрсөтүлөт) ишке ашырууга укук берет: 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Лицензия берилген күн: 20__ -жылдын "____" ___________  

   

Төраганын орун басары 

(Улуттук банктын областтык башкармалыгынын начальниги)      

 

 

 

 

 

4-тиркеме 

 

Лицензия 

Бул лицензия _________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ (төлөм системасынын юридикалык дарек боюнча катталган толук аталышы) __________________________________________________________________________________________________________________________________________________________ 

(шаардын, райондун, конуштун жана көчөнүн аталышы, үй, телефон номери) 

___________________________________________________________________________________ берилди 

(юридикалык жактын/филиалдын/өкүлчүлүктүн мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө  

күбөлүгүнүн номери жана ИНН) 

 

жана ал төлөм системасы катары иш алып барууга, ошондой эле операциялардын төмөнкү түрлөрүн (тизмеги көрсөтүлөт) ишке ашырууга укук берет: 

 

1.  

2.  

3.  

4.  

 

 

Лицензия берилген күн: 20__ -жылдын "____" ___________  

   

Төраганын орун басары 

(Улуттук банктын областтык башкармалыгынын начальниги)