Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 6-мартындагы № 15/1 токтому 

 

 

“Кредиттик союздардын финансы компаниясы” ачык акционердик коомуна убактылуу жетекчилик киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, Тышкы көзөмөл башкармалыгынын 2015-жылдын 6-мартындагы “Кредиттик союздардын финансы компаниясы” ачык акционердик коомунда (мындан ары Компания) түптөлгөн жагдай тууралуу маалыматын карап көрүп, ал боюнча төмөнкүлөрдү билдирет. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына (мындан ары Улуттук банк) Директорлор кеңешинин Төрагасынан жана Компаниянын Башкармалыгынын Төрагасынан кайрылуу каттар келип түшүп (2015-жылдын 24-февралындагы №01-5/129 каты), анда учурда Компаниянын башкаруу органдары, ошондой эле Директорлор кеңеши менен Компаниянын башкармалыгынын арасында пикир келишпестиктер келип чыккандыгы маалымдалган. 

Улуттук банка Компаниянын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2015-жылдын 2-мартындагы М.А. Фаттаховдун Компаниянын Директорлор кеңешинин Төрагасынын кызмат ордуна кайра коюу боюнча арызы тууралуу аныктамасы менен Компаниянын 2015-жылдын 5-мартындагы №01-5/181 каты келип түшкөн, ал боюнча Компаниянын Директорлор кеңешинин компетенциясына кирген маселе боюнча отурум өткөрүүгө тыюу салынат. 

Жогоруда белгиленген фактылар, Компаниянын Директорлор кеңеши анын мүчөлөрү ортосунда, ошондой эле Директорлор кеңеши менен Башкарма ортосунда келип чыккан жаңжалдарга шайкеш контролдукту жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес экендигин жана Башкаруу органдары ортосунда компаниянын ишине кедергисин тийгизген пикир келишпестиктердин келип чыккандыгын тастыктайт. 

Компаниянын тийиштүү ишмердүүлүгүн камсыздоо жана акционерлердин жалпы жылдык жыйынынын өз убагында өткөрүлүшүн камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 30, 32, 43-беренелерине, “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамдын 24, 25, 39, 45-беренелерине, Улуттук банктын Башкармасынын 2005-жылдын 19-майындагы №16/2 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган банктарга жана айрым башка финансы-кредит мекемелерине карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун 6.11-пунктуна, Улуттук банктын Башкармасынын 2008-жылдын 30-сентябрындагы №36/5 токтому менен бекитилген “Банкты тескөө боюнча убактылуу жетекчилик жөнүндө” жобонун 2-пунктуна таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. 2015-жылдын 10-мартынын саат 8.00дөн тартып “Кредиттик союздардын финансы компаниясы» ААКсына убактылуу жетекчилик киргизилсин. 

2. Убактылуу жетекчи катары Абдулдабеков Рустам Аскарбекович дайындалсын. 

3. 2015-жылдын 10-мартынын саат 8.00дөн тартып “Кредиттик союздардын финансы компаниясы» ААКсынын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын ыйгарым укуктары токтолсун. 

4. “Кредиттик союздардын финансы компаниясы» ААКсына убактылуу жетекчилик киргизилгенден тартып убактылуу жетекчиге Директорлор кеңешинин жана Башкарманын ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилсин.  

5. “Кредиттик союздардын финансы компаниясы» ААКсынын убактылуу жетекчиси жума сайын Улуттук банкка отчет сунуштап турсун.  

6. Уюштуруу-бюджеттик башкармалыгы “Кредиттик союздардын финансы компаниясы» ААКсына убактылуу жетекчилик жүргүзүү кызматын көргөзүүгө Абдулдабеков Рустам Аскарбекович менен 2015-жылдын 10-мартынан тартып келишим түзсүн. 

7. Тышкы көзөмөл башкармалыгы ушул токтом менен “Кредиттик союздардын финансы компаниясы» ААКсынын акционерлерин жана анын кызмат адамдарын тааныштырсын.  

8. Юридика башкармалыгы бул токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын.  

9. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж.Орозбаевага ыйгарылсын. 

 

Төрага Т. Абдыгулов