Кайта келүү

Улуттук банк Башкармасынын  

2015-жылдын 11- мартындагы № 16\2 токтому 

 

 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна 

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин:  

2003-жылдын 19-февралындагы №4/2 “Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуунун Убактылуу эрежелери жөнүндө”;  

2009-жылдын 27-майындагы №25/3 “Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин жана ломбарддын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жана "Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жоболорду бекитүү тууралуу”;  

2007-жылдын 31-январындагы №5/1 “Кыргыз Республикасынын аймагындагы микрофинансылык компанияларды лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндөгү" Жобо тууралуу”; 

2013-жылдын 25-сентябрындагы N35/14 “Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу”; 

2011-жылдын 14-сентябрындагы N52/4 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө”; 

2013-жылдын 23-декабрындагы N52/6 “Депозиттерди тартпаган МФУлардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү” жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу”; 

2014-жылдын 30-майындагы N24/8 “Микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө" Нускоону бекитүү тууралуу”.  

2. Микрокредиттик компаниялар, анын ичинде дүңүнөн кредиттөө менен иш алып барган компаниялар үчүн: 

уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү ченеми өздүк капиталдын 100% ашпаган өлчөмдө

уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү ченеми өздүк капиталдын 100% ашпаган өлчөмдө белгиленсин. 

Микрокредиттик компаниялардын өздүк капиталын эсептөө (баа берүү күнүнө карата) төмөнкү көрсөткүчтөрдүн негизинде ишке ашырылсын:  

төлөнгөн уставдык капиталдын (жөнөкөй жана артыкчылыктуу акциялардын наркы же үлүштүк капитал); 

номиналдан үстөк салынган капиталдын (акционердик коомдор үчүн); 

жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан салынган кошумча капиталдын; 

келечектеги керектөөлөр үчүн каралган камдардын;  

өткөн жылдардын бөлүштүрүлбөгөн пайдасынын/чыгымынын;  

өтүп жаткан жыл ичиндеги чыгымдын;  

башка микрофинансылык уюмдардын, лизинг компаниялардын жана банктардын капиталына (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестицияларды кемитүү менен. 

Мында, капиталга (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестициялар дегенден улам, микрофинансылык уюмдардын, лизинг компанияларынын жана банктардын капиталына айкын салынган каражаттардын калдыгын түшүнүү зарыл.  

3. Юридика башкармалыгы:  

бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Токтом расмий жарыялангандан эки ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

5. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен микрофинансылык уюмдарды, микрофинансылык уюмдар ассоциациясын, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л. Орозбаевага ыйгарылсын.  

 

Төрага Т.Абдыгулов  

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 

11-мартындагы№ 16\2 токтомуна тиркеме 

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2015-жылдын 11-мартындагы 

№ 16\2 токтомуна карата тиркеме 

 

Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 19-февралындагы №4/2 “Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуунун Убактылуу эрежелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагындагы микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуунун Убактылуу эрежелеринин: 

 

1) аталышындагы жана бүтүндөй тексти боюнча ар кандай жөндөмөлөрдө кездешкен “Убактылуу эрежелер” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү “эрежелер” дегенге алмаштырылсын; 

 

2) 2.1-пункт төмөнкү мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын: 

“Дүңүнөн кредиттөөнү ишке ашырган микрофинансылык компаниялар үчүн бир эле жакка берилүүчү микрокредиттин максималдуу өлчөмү өздүк капиталдын өлчөмүнүн 10% ашпоого тийиш.”; 

 

3) 2.1.-1-пункттун биринчи абзацындагы “Жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашырышкан, дүңүнөн кредит берүү менен иш алып барган микрофинансылык уюмдарды эске албаганда,” деген сөздөр “Жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алууну ишке ашырышкан жана/же дүңүнөн кредиттөө менен иш алып барган микрофинансылык компанияларды эске албаганда,” дегенге алмаштырылсын; 

 

4) 2.3.1-пунктчанын: 

сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

“- башка микрофинансылык уюмдардын, лизинг компаниялардын жана банктардын капиталына (акцияларына, үлүштүк катышуусуна) инвестицияларды кемитүү менен.”;  

пунктча төмөнкү мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын: 

“Мында, капиталга (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестициялар дегенден улам, микрофинансылык уюмдардын, лизинг компанияларынын жана банктардын капиталына айкын салынган каражаттардын калдыгын түшүнүү зарыл.”; 

 

5) 2.4.1-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

“2.4.1. Микрофинансылык компаниялар микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга гана инвестиция жумшоого укуктуу. Мында, МФКнын микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга инвестициялары Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамында аныкталган, микрофинансылык уюмунун иш максаттарына ылайык келүүгө тийиш.”; 

 

6) 2.4.2-пунктчанын: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“2.4.2. МФКнын микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга инвестицияларынын (капиталга (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестицияларынын, карыздык милдеттенмелеринин, лизинг жана факторинг боюнча финансылык салымдарынын, кредиттеринин жана ушундай эле башка финансылык салымдарынын) максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү МФКнын өздүк капиталынын өлчөмүнүн 30% ашпоого тийиш жана ал төмөнкү формула боюнча аныкталат:”; 

пунктча төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: 

“Ушул ченемди эсептөөдө алардын капиталына (акцияларына, үлүштүк катышуусуна) МФКнын инвестициялары жайгаштырылган микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга берилген кредиттер эсепке алынат.”; 

 

7) 2-глава төмөнкү мазмундагы 2.4.-1 2.4.-2-пункттар менен толукталсын: 

“2.4.-1. Уюштуруучулардан (акционерлерден)-жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү

МФК, анын ичинде дүңүнөн кредиттөө менен иш алып барган компаниялар тарабынан уюштуруучулардан (акционерлер)-жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү өздүк капиталдын өлчөмүнүн 100% ашпоого тийиш жана ал төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

 

СЗФЛ / СК * 100% 50%, мында: 

 

СЗФЛ 

МФКнын уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын баалоо күнүнө карата чогуу алгандагы өлчөмү

СК 

МФКнын баалоо күнүнө карата өздүк капиталы (2.3-пункттун 2.3.1-пунктчасын карагыла). 

2.4.-2. Уюштуруучулардан (акционерлерден)-юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү

МФК, анын ичинде дүңүнөн кредиттөө менен иш алып барган компаниялар тарабынан уюштуруучулардан (акционерлер)-юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү өздүк капиталдын өлчөмүнүн 100% ашпоого тийиш жана ал төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

 

СЗЮЛ/ СК * 100% 50%, мында: 

 

СЗЮЛ 

МФКнын уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын баалоо күнүнө карата чогуу алгандагы өлчөмү

СК 

МФКнын баалоо күнүнө карата өздүк капиталы (2.3-пункттун 2.3.1-пунктчасын карагыла).”; 

 

8) 2.5.1-пунктчанын б) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«б) төмөнкүлөрдү

- башка микрофинансылык уюмдардын, лизинг компанияларынын жана банктардын капиталына (акцияларына, үлүштүк катышуусуна) инвестициялар тууралуу маалыматтарды, алардын ар бирине инвестициялардын тизмегин жана өлчөмүн көрсөтүү менен; 

- МФКнын башка микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга инвестицияларынын (капиталга (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестицияларынын, карыздык милдеттенмелеринин, лизинг жана факторинг боюнча финансылык салымдарынын, кредиттеринин жана ушундай эле башка финансылык салымдарынын) максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү жөнүндө маалыматтарды, алардын ар бирине инвестициялардын тизмегин жана өлчөмүн, 2.4-пункттун 2.4.2-пунктчасында келтирилген көрсөткүчтөрдү эсептөөлөрдү чагылдыруу менен; 

- уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын өлчөмү жөнүндө маалыматтарды, уюштуруучулардын (акционерлердин) жеке адамдардын тизмегин, алардын ар биринен карызга алынган каражат өлчөмүн, 2.4-1-пунктта келтирилген көрсөткүчтөрдү эсептөөнү чагылдыруу менен; 

- уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын өлчөмү жөнүндө маалыматтарды, уюштуруучулардын (акционерлердин) юридикалык жактардын тизмегин, алардын ар биринен карызга алынган каражат өлчөмүн, 2.4-2-пунктта келтирилген көрсөткүчтөрдү эсептөөнү чагылдыруу менен.”;  

 

9) 2.5.2-пунктчадагы “инвестициялар жөнүндө маалыматтарга” деген сөздөр “инвестициялар, уюштуруучулардан алынган каражаттар жөнүндө маалыматтарга” дегенге алмаштырылсын; 

 

10) 4.2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“4.2. Аманаттарды кабыл алуу операцияларын жүзөгө ашыруу укугуна ээ микрофинансылык компаниялар төмөнкүлөрдү кошо алганда, Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди сактоого милдеттүү

төлөнгөн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү

минималдуу өздүк капитал ченеми; 

капиталдын шайкештиги (жетиштүүлүгү); 

бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү

ликвиддүүлүк ченеми; 

аманаттарды кайтарып берүүдөгү тобокелдикти чектөө ченеми; 

инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү

микрофинансылык компаниянын кызматчыларынын компания тарабынан сунушталган керектөө кредиттери боюнча максималдуу чогуу алгандагы карызы; 

микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга инвестициялардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү

мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарга инвестициялардын өлчөмү

уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү

уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү »; 

 

11) 5.4.2-пунктчанын:  

үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«СЗ карыз алуучунун кредиттер (мөөнөтүнө карабастан), факторинг жана финансы лизинги боюнча баалоо күнүнө карата чогуу алгандагы карызы;»; 

пунктча төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: 

«Бул ченем дүңүнөн кредиттөө менен иш алып барган МФКга таркатылбайт.»;  

 

12) 5.8-пункттун: 

5.8-пункттагы “Башка уюмдарга инвестициялардын максималдуу” деген сөздөр “Микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга инвестициялардын максималдуу чогуу алгандагы” дегенге алмаштырылсын; 

5.8.1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“5.8.1. МФК микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга гана инвестиция жумшоого укуктуу. Мында, МФКнын микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга инвестициялары Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамында аныкталган, микрофинансылык уюмдардын иш максаттарына ылайык келүүгө тийиш”.”; 

5.8.2-пунктча күчүн жоготкон катары таанылсын; 

5.8.3-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

“5.8.3. МФКнын микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга инвестицияларынын (капиталга (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестицияларынын, карыздык милдеттенмелеринин, лизинг жана факторинг боюнча финансылык салымдарынын, кредиттеринин жана ушундай эле башка финансылык салымдарынын) максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү МФКнын өздүк капиталынын өлчөмүнүн 30% ашпоого тийиш жана ал ушул эрежелердин 2.4-пунктунун 2.4.2-пунктчасына ылайык аныкталат. 

Ушул ченемди эсептөөдө алардын капиталына (акцияларына, үлүштүк катышуусуна) МФКнын инвестициялары жайгаштырылган микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга берилген кредиттер эсепке алынат.”; 

 

13) 5-глава төмөнкү мазмундагы 5.10-5.11-пункттар менен толукталсын:  

«5.10. Уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү

5.10.1. МФКлар каражаттарды уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карызга алууга укуктуу. 

5.10.2. МФКнын уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү МФКнын өздүк капиталынын өлчөмүнүн 100% ашпоого тийиш жана ал төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

 

СЗФЛ / СК * 100% 100%, мында: 

СЗФЛ 

МФКнын уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын баалоо күнүнө карата чогуу алгандагы өлчөмү

СК 

МФКнын баалоо күнүнө карата өздүк капиталы (2.3-пункттун 2.3.1-пунктчасын карагыла). 

5.11. Уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү

5.11.1. МФК уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан каражаттарды карызга алууга укуктуу. 

5.11.2. МФКнын уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү МФКнын өздүк капитал өлчөмүнүн 100% ашпоого тийиш жана ал төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

 

СЗЮЛ/ СК * 100% 100%, мында: 

 

СЗЮЛ 

МФКнын уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын баалоо күнүнө карата чогуу алгандагы өлчөмү

СК 

МФКнын баалоо күнүнө карата өздүк капиталы (2.3-пункттун 2.3.1-пунктчасын карагыла).”; 

14) 6.3-пункттyн: 

а) пунктчасы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

б) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“б) Ушул эрежелерге карата Тиркемеге ылайык, төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен “Улуттук банктан лицензия алган МФКлар үчүн экономикалык нормативдердин аткаруу боюнча формасын”: 

- башка микрофинансылык уюмдардын, лизинг компанияларынын жана банктардын капиталына (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестициялардын тизмегин жана өлчөмүн; 

- МФКнын микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга инвестицияларынын (капиталга (акцияларга, үлүштүк катышууга) карыздык милдеттенмелерге, лизинг жана факторинг боюнча финансылык салымдарга, кредиттерге жана ушундай эле башка финансылык салымдарга) инвестицияларынын тизмегин жана өлчөмүн; 

- уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карызга алынган каражат өлчөмүн, алардын ар биринен алынган каражат өлчөмүн 5.10-пункттун 5.10.2-пунктчасында келтирилген көрсөткүчтү эсептөөнү

- уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардын карызга алынган каражаттардын өлчөмүн, алардын ар биринен алынган каражат өлчөмүн 5.11-пункттун 5.11.2-пунктчасында келтирилген көрсөткүчтү эсептөөнү.”; 

 

15) Тиркемедеги “Улуттук банктан лицензия алган МФКлар үчүн экономикалык нормативдердин аткаруу боюнча формасы” таблицасынан: 

төмөнкү сап алынып салынсын:  

Ар бир МФУга (1) жана банкына инвестициялардын максималдуу өлчөмү 

 

И * 100% 

 

5%тен ашпайт 

 

ӨК 

тогузунчу абзацтагы “МФУга жана банктарга инвестициялардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү”, деген сөздөр “Микрофинансылык уюмдарга (1), лизинг компанияларына жана банктарга инвестициялардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү” дегенге алмаштырылсын; 

таблица төмөнкү мазмундагы он экинчи жана он үчүнчү абзацтар менен толукталсын: 

Уюштуруучулардан (акционерлерден)-жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү 

 

 

СЗФЛ * 100% 

 

100% ашпаган чекте 

 

СК 

Уюштуруучулардан (акционерлерден)-юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү 

 

 

СЗЮЛ *100% 

СК 

 

100% ашпаган чекте 

 

 

“И ар бир микрофинансылык уюмга же банкка инвестициялар;” абзацы алынып салынсын; 

“СИ микрофинансылык уюмдарга жана банктарга чогуу алгандагы инвестициялар;” деген абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

“СИ микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга чогуу алгандагы инвестициялар;”. 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы №25/3 “Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин жана ломбарддын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жана "Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жоболорду бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө” жобого карата 1-тиркеменин: 

“Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун курамы” таблицасынын:  

- “14” сабындагы “... бекитилген, МФКнын ишин жөнгө салуунун Убактылуу эрежелери” деген сөздөр “... бекитилген, Кыргыз Республикасынын аймагындагы МФКлардын ишин жөнгө салуу эрежелери” дегенге алмаштырылсын; 

 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө” жобого карата 2-тиркеменин: 

 

1) “Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет” деп аталган 1-бөлүктүн “Б. Милдеттенмелер” деген бөлүкчөсүнүн “17. Алынган кредиттер” деп аталган статьясындагы “д) мамлекеттик бийлик органдарынан” деген сабы төмөнкү мазмундагы “17-1 - 17-4” саптар менен толукталсын:  

“17-1 МФКнын уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карызга алынган каражаттары 

17-2 анын ичинде чет өлкө валютасында; 

17-3 МФКнын уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан карызга алынган каражаттары; 

17-4 анын ичинде чет өлкө валютасында”; 

 

2) “Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет” деп аталган 1-бөлүктүн “Г. Милдеттенмелерди чечмелөө” деген бөлүкчөсүдөгү “3. Башка милдеттенмелер” деген сап төмөнкү мазмундагы “4-5” саптар менен толукталсын:  

“4. МФКнын уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карызга алынган каражаттары; 

5. МФКнын уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан карызга алынган каражаттары”; 

 

3) “Чогуу алгандагы кирише тууралуу отчет” деп аталган 2-бөлүктүн “Б. Пайыздык чыгашалар” бөлүкчөсүнүн “11. Эл аралык финансылык институттардан (каржылоонун башка булактары) алынган кредиттер боюнча пайыздык чыгашалар” сабы төмөнкү мазмундагы “11-1. 11.2.” саптар менен толукталсын:  

“11-1. МФКнын уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карызга алынган каражаттары боюнча пайыздык чыгаша. 

11-2. МФКнын уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан карызга алынган каражаттары боюнча пайыздык чыгаша”; 

 

4) 6-бөлүктүн “Милдеттенмелер” бөлүкчөсүнүн “6.А. Активдердин жана милдеттенмелердин пайыздык чендердин өзгөрүүсүнө таасирленүүсүнө (ийкемдүүлүгүнө) талдап-иликтөөлөр (ГЭП_АНАЛИЗ)” деп аталган бөлүкчөсүнүн “9. Алынган кредиттер” статьясындагы “анын ичинде чет өлкө валютасында” деген сабынан кийинки “д) мамлекеттик бийлик органдарынан” деген саптар төмөнкү мазмундагы “9-1. - 9-2” саптар менен толукталсын: 

“9-1 МФКнын уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карызга алынган каражаттары боюнча милдеттенмелери 

анын ичинде чет өлкө валютасында; 

9-2 МФКнын уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан карызга алынган каражаттары боюнча милдеттенмелери 

анын ичинде чет өлкө валютасында”; 

 

5) “Экономикалык ченемдердин сакталышы тууралуу маалымат” деп аталган 10-бөлүктүн “Депозиттерди тартпаган МФК үчүн экономикалык ченемдер” бөлүкчөсү төмөнкү мазмундагы саптар менен толукталсын: 

Бир эле жакка, дүңүнөн кредиттөө менен иш алып барган МФКнын берилүүчү микрокредиттин максималдуу өлчөмү  

 

 

МК *100% 

 

10% ашпаган чекте 

 

СК 

Уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү 

 

 

СЗФЛ * 100% 

 

100% ашпаган чекте 

 

СК 

Уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу Алгандагы өлчөмү 

 

 

СЗЮЛ *100% 

 

100% ашпаган чекте 

 

СК 

 

 

 

6) “Экономикалык ченемдердин сакталышы тууралуу отчет” деп аталган 10-бөлүктүн “Депозиттерди тартуу менен иш алып барган МФКлар үчүн экономикалык ченемдер” бөлүкчөсү төмөнкү мазмундагы саптар менен толукталсын: 

Уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү 

 

 

СЗФЛ * 100% 

 

100% ашпаган чекте 

 

СК 

Уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү 

 

 

СЗЮЛ *100% 

 

100% ашпаган чекте 

 

СК 

 

 

 

7) “Кардарларга берилген кредиттер боюнча маалымат” деп аталган 11-бөлүктүн “Кредит берүү шарттары тууралуу маалымат” бөлүкчөсү төмөнкү мазмундагы сап менен толукталсын: 

“бир эле жакка берилген микрокредиттин максималдуу өлчөмү”; 

 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө” жобонун 1-тиркемесиндеги: 

“Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун курамы” таблицасы төмөнкү мазмундагы “11” сап менен толукталсын: 

11 

7-бөлүк  

МКК тарабынан экономикалык ченемдердин сакталышы жөнүндө маалымат 

Жыл сайын  

 

 

Чейрек сайын  

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

 

Отчеттук мезгилден кийинки 12 календардык күн ичинде 

 

 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө” жобонун 2-тиркемесинин: 

1) “Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет” деп аталган 1-бөлүктүн “Милдеттенмелер” бөлүкчөсүндөгү “21. Субординацияланган карыздык милдеттенмелер” сабы төмөнкү мазмундагы “21-1 21-2” саптар менен толукталсын: 

“21-1 МККнын уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карызга алынган каражаттары; 

21-2 МККнын уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан карызга алынган каражаттары”; 

 

2) “Чечмелөө” деп аталган 6-бөлүктүн “А. Милдеттенмелер” бөлүкчөсүнүн “2. Субординацияланган карыздык милдеттенмелер” сабы төмөнкү мазмундагы “2-1 2-2” саптар менен толукталсын: 

“21-1 МККнын уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карызга алынган каражаттары; 

21-2 МККнын уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан карызга алынган каражаттары”; 

 

3) Тиркеме төмөнкү мазмундагы “Экономикалык ченемдердин сакталышы жөнүндө маалымат” деп аталган 7-бөлүк менен толукталсын:  

«7-БӨЛҮК. Экономикалык ченемдердин сакталышы жөнүндө маалымат 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Экономикалык ченемдердин жана талаптардын аталышы 

Белгилениши  

Ченемди эсептөө 

Ченемдин айкын мааниси  

Ченемдин белгилен 

ген мааниси 

Белгилен 

ген ченемден  

четтөөлөр 

МКК ҮЧҮН ЭКОНОМИКАЛЫК ЧЕНЕМДЕР 

МККнын уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карызга алынган каражаттарынын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү 

 

СЗФЛ*100%  

 

СК 

 

100% ашпаган чекте 

 

МККнын уюштуруучулардан (акционерлерден)-юридикалык жактардан карызга алынган каражаттарынын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү 

 

СЗЮЛ*100%  

 

СК 

 

100% ашпаган чекте 

 

 

СЗФЛ МККнын уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карызга алынган каражаттарынын чогуу алгандагы өлчөмү 

СЗЮЛ МККнын уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан карызга алынган каражаттарынын чогуу алгандагы өлчөмү 

СК МККнын өздүк капиталы. 

 

Кызмат орду: ___________________ аты-жөнү: кол тамгасы:  

 

 

  

  

  

Кызмат орду: ___________________ аты-жөнү: кол тамгасы:». 

 

 

  

  

  

  

 

  

  

  

  

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 31-январындагы №5/1 “Кыргыз Республикасынын аймагындагы микрофинансылык компанияларды лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндөгү" Жобо тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда белгиленген токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын аймагындагы микрофинансылык компанияларын лицензиялоо, өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө” жобонун: 

- (1) шилтемесиндеги “Убактылуу эрежелерине” деген сөздөр “эрежелерине” дегенге алмаштырылсын; 

- (3) шилтемесиндеги “Убактылуу эрежелерине” деген сөздөр “эрежелерине” дегенге алмаштырылсын. 

 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы N35/14 “Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобонун: 

- 1-пунктундагы “убактылуу эрежелерине” деген сөздөр “эрежелерине” дегенге алмаштырылсын. 

 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы N52/4 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Банктардын баалуу кагаздар менен иш алып баруусу жөнүндө” жобонун  

- 28-пунктундагы “убактылуу эрежелерине” деген сөздөр “эрежелерине” дегенге алмаштырылсын. 

 

6. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы N52/6 “Депозиттерди тартпаган МФУлардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү" жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө нускоонун: 

- 1-пунктундагы “убактылуу эрежелерине” деген сөздөр “эрежелерине” дегенге алмаштырылсын. 

 

7. Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы N24/8 “Микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө" Нускоону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Микрофинансылык компаниялар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттерин сактоо тартиби жөнүндө нускоонун: 

3-пунктундагы убактылуу эрежелерине” деген сөздөр “эрежелерине” дегенге алмаштырылсын.