Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 25-мартындагы № 19/10 токтому 

 

 

«Төлөм системасы операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө”, ”Кыргыз Республикасында лицензиялоо-уруксат берүү иши жөнүндө” мыйзамдарга таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кароого сунушталган «Төлөм системасы операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө” жобо(кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.   

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын. 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Төлөм системасы башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн, төлөм системасы операторлорун жана төлөм уюмдарын, республиканын коммерциялык банктарын тааныштырсын. 

5. “Төлөм системасынын оператору” жана “Төлөм уюму” аныктамасында камтылган юридикалык жактар ушул токтом күчүнө киргенден кийинки алты ай ичинде өз ишин ушул жобонун талаптарына ылайык келтиришсин.  

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж. Жеенбаевага ыйгарылсын. 

 

Төраганын милдетин аткаруучу Н. Жениш 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2015-жылдын 25-мартындагы № 19/10 токтомуна карата тиркеме  

 

 

 

 

“Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин  

жөнгө салуу жөнүндө”  

ЖОБО 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1. Бул жобо, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө”, “Атаандаштык жөнүндө” мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан. 

2. Жободо кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкүдөй түрлөрүн сунуштоого Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) лицензиясына ээ төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон талаптар белгиленген:  

- өз иш натыйжаcы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системасы аркылуу кабыл алуу жана жүргүзүү

- үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо боюнча кызматтарды төлөм системасынын ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына сунуштоо. 

3. Жобонун талаптары Улуттук банк алардын оператору катары иш алып барган төлөм системаларына жана финансылык маалыматтарды өз түзүмүндө иштеп чыгууну ишке ашырган ички чарбалык субъекттер системасына таркатылбайт.  

4. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык системалуу мааниге ээ төлөм системасынын (Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы жана Пакеттик клиринг системасы) оператору болуп саналат.  

5. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык төлөм системасынын туруктуу, ишенимдүү жана коопсуз ишин камсыздоо үчүн төлөм системаларынын, алардын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салат жана ага көзөмөлдүктү жүзөгө ашырат.  

6. Ушул Жобонун талаптарын бузууга жол берилген учурда Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөм системаларынын операторлоруна, төлөм уюмдарына жана төлөм системасынын катышуучуларына карата тиешелүү чараларды жана санкцияларды колдонуу укуктуу. 

 

2. Жободо камтылган түшүнүктөр 

 

7. Төлөм карттары менен эсептешүүлөр системасынын оператору бул, карттарды пайдалануу менен ишке ашырылган транзакциялар боюнча маалыматтарды эсептешүүлөргө катышуучулар үчүн топтоо, иштеп чыгуу жана жөнөтүү, ошондой эле карттарды пайдалануу менен эсептешүүлөр системасынын катышуучулары ортосунда түзүлгөн тиешелүү келишимде каралган башка милдеттерди атаруу (транзакциялар процессинги) үчүн каралган аппараттык-программалык комплекстин оператору.  

8. Системалык тобокелдик бул, төлөм системасынын катышуучуларынын биринин төлөмдөр боюнча өз милдеттенмесин аткарууга жөндөмсүздүгү, төлөм системасынын башка катышуучулары үчүн төлөө мөөнөтү келип жеткен шартта төлөм боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга мүмкүндүк бербеген жагдайдын түптөлүшү тобокелдиги. Милдеттенмелердин ушундан улам аткарылбай калышы кесепети бүтүндөй төлөм системасына, финансы рынокторуна таасир этип, төлөм жана финансы системаларынын туруктуулугуна коркунуч жаратышы мүмкүн. 

9. Операциялык тобокелдик бул, тышкы таасирлерден, персоналдын кетирген каталарынан жана алдамчылыкка жол берүүдөн улам операцияларда үзгүлтүккө учуроонун, ошондой эле процесстердин, жол-жоболордун же контролдоо системасынын шайкеш эмистиги же бузулушу кесепетинен уюм дуушар болушу ыктымал болгон тике же кыйыр чыгымдар тобокелдиги. 

 

3. Төлөм системаларынын операторлорунун ишине карата негизги талаптар 

 

10. Төлөм системасынын оператору өз ишин Улуттук банктын лицензиясына ылайык ишке ашырат. 

11. Оператор тиешелүү лицензияга ээ болгон шартта өз ишин төлөм уюмунун же финансы-кредит мекемесинин иши менен айкалышта алып барууга, ошондой эле алардын ишин камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка зарыл операцияларды ишке ашырууга укуктуу. Төлөм системасынын операторунун ишин уюлдук байланыш операторунун иши менен айкалышта аткарууга тыюу салынат.  

12. Төлөм системасынын оператору ошондой эле, төмөнкүлөрдү да ишке ашырат:  

1) төлөм системасынын оператору алар менен келишим түзгөн кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын ишине байланыштуу товарларды сатып алууга/сатууга жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого;  

2) төлөм системасынын операторунун ишине байланыштуу консультациялык жана маалымат берүү жагында кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо. 

13. Төлөм системасынын оператору иштелип чыккан эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык төлөм системасынын ишин камсыз кылат. Катышуучулар менен өз ара мамилелер системанын эрежелеринде жана келишимдерде белгиленет.  

14. Системанын эрежелери жана жол-жоболору катышуучулар үчүн системага катышуудан улам, алар дуушар болушу мүмкүн болгон финансылык тобокелдиктерге анын таасир этүүсүнө тиешелүү так түшүнүктү камтып, катышуучу тараптардын юридикалык негизин жана алар аткарган ролду айкын түшүндүрүп, системада орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди тескөөнүн улам жаңыртылып турган убакыт аралыгын жана принциптерин камтууга тийиш. 

15. Төлөм системасынын оператору системанын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу, төлөмдөрдүн өз учурунда иштелип чыгышы, системада маалыматтардын толуктугун, коопсуздугун жана купуялуулугун камсыз кылуу үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат. Төлөм системасынын оператору сапаттуу төлөм кызмат көрсөтүүсүн сунуштай албагандыгы же сапатсыз кызмат көрсөтгөндүгү үчүн жоопкерчилик тартат.  

16. Оператор, эгерде келишимде башкасы каралбаса, системанын иши үчүнчү жактардын күнөөсү боюнча үзгүлтүккө учурагандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт. 

17. Төлөм системасынын оператору төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш: 

- колдонуудагы эрежелердин жана жол-жоболордун талаптарынын сакталышына контролдук жүргүзүү;  

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык төлөм системасынын башка катышуучуларынын төлөмдөрүн өткөрүү үчүн техникалык жана программалык каражаттарды сунуштоо; 

- төлөм системасынын катышуучуларынын реестрин жүргүзүү;  

- төлөм системасында орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерге баа берүү жана аларды тескөө

18. Төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туунду ишканага ээ боло алат жана ал тууралуу маалыматты Улуттук банкка милдеттүү түрдө берип турууга тийиш. 

19. Улуттук банк, эгерде оператор Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузууга жол берген болсо гана, төлөм системасынын оператору тарабынан тарифтердин түзүлүшүнө чектөөлөрдү белгилей алат.  

 

4. Төлөм карттары менен эсептешүү системасынын операторуна карата талаптар 

 

20. Төлөм системасынын операторуна карата ушул жободо келтирилген бардык талаптар төлөм карттары менен эсептешүү системасынын операторунун ишине да таркатылат. 

21. Төлөм карттары менен эсептешүү системасынын оператору өз штаттык тизиминде төмөнкү милдеттердин аткарылышы үчүн жоопкерчиликтүү болгон персоналга ээ болууга тийиш: 

- контролдук системасынын шайкештигине баа берүү башкаруу түйүндөрүнө текшерүүнү ишке ашыруу, аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча негиздүү сунуштарды жана иш натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү берүү

- иш натыйжалуулугуна баа берүү уюмдун бардык иш багытына эксперттик баа берүү жана аларды өркүндөтүү жагында негиздүү сунуштарды берүү

- мыйзам талаптарынын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келишин текшерүү;  

- чечим кабыл алууда колдонулган финансылык маалыматтардын ишенимдүүлүгүн, алардын толуктугун жана өз учурунда берилишин, ошондой эле финансылык жана регулятивдик отчетторунун түзүлүшүн камсыз кылуу;  

- тышкы аудиторлорду тандоо боюнча сунуштарды даярдоо, зарылчылык келип чыккан учурда атайын аудитордук текшерүүнү жүргүзүүнү демилгелөө;  

- финансылык отчеттуулуктук эл аралык стандарттарына ылайык бухгалтердик эсептин жүргүзүлүшүн жана финансылык отчеттун түзүлүшүн камсыз кылуу. 

22. Төлөм карттары менен эсептешүүлөр системасынын оператору системанын өзөктүү компоненттерин негизги жана резервдик байланыш каналдары менен камсыз кылууга тийиш. 

23. Төлөм карттары менен эсептешүүлөр системасынын операторунун аппараттык-программалык комплекси төмөнкүлөрдү камсыз кылышы зарыл: 

- маалыматтарды үзгүлтүксүз алмашып туруу жана иштеп чыгуу;  

- маалыматтардын демилгеленген жердеен процессинг борборуна чейин жана тескерисинче, байланыш каналдары аркылуу жөнөтүү учурунда алардын бүтүндүгүн жана аныктыгын; 

- процессинг борборунун аппараттык-программалык комплекси менен иштөөгө мүмкүнчүлүгү бар персоналын идентификациялоо; 

- маалыматтардын купуялуулугун; 

- аппараттык-программалык комплекстин иши үзгүлтүккө учураган шартта, өзгөчө жагдайларда же маалыматтардан санкциясыз пайдалануу ыктымалдыгы орун алган шартта маалыматтарды жана жабдууларды коргоону; 

- процессинг борборуна туташкан объекттердин иш жөндөмдүүлүгүнө, кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр боюнча маалыматтарды жана процессинг борборунун персоналын кошо алганда, системанын маалымат ресурстарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү аралыгына мониторинг жүргүзүү жана контролдоо; 

24. Эгерде төлөм карттары менен эсептешүүлөр системасынын оператору өз алдынча программалык системаны иштеп чыккан болсо, анда ал төмөнкүлөр менен коштолууга тийиш: 

- так иштелип чыккан техникалык тапшырмалар жана талаптар; 

- кызмат орундарын жана атайын билим деңгээлин көрсөтүү менен программалык камсыздоону иштеп чыккан адамдардын-катышуучулардын тизмеги; 

- программа кайсы тилде иштелип чыккандыгын, интерфейс; 

- программанын кодунун жайгашкан жери; 

- программанын кодуна өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүнө ээ кызматкерлердин тизмеси; 

- программалык камсыздоону пайдалануучулар үчүн каралган колдонмо же аны коштогон адабияттар жана документтер. 

25. Эгерде төлөм карттары менен эсептешүүлөр системасынын операторунун программалык камсыздоосу башка уюм тарабынан иштелип чыккан болсо, анда ал төмөнкүлөр менен коштолууга тийиш: 

- программалык камсыздоону иштеп чыккан уюм менен түзүлгөн келишим; 

- программалык камсыздоону иштеп чыккан уюм тарабынан сунушталган кылдат техникалык тапшырмалар жана талаптар; 

- төлөм карттары менен эсептешүүлөр системасынын оператору менен программалык камсыздоону иштеп чыккан уюм кол койгон кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы. 

 

4. Төлөм системасынын операторунун эрежелери 

 

26. Төлөм системасынын операторунун эрежелеринде төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- системанын архитектурасы жана алардын иш схемасы;  

- системага кирүү жана андан чыгуу жол-жобосу; 

- катышуучунун системага туташуу тартиби; 

- процессингди ишке ашыруу тартиби; 

- төлөм системасынын операторунун иши тууралуу анын катышуучуларына маалыматтарды берүү тартиби; 

- тобокелдиктерди тескөөнүн колдонулуп жаткан ыкмасын, тобокелдиктерди тескөө иш-чараларын жана ыкмаларын кошо алганда, төлөм системасында орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөө системасы; 

- маалыматтарды коргоого карата талаптар; 

- талаш маселелерди чечүү тартиби; 

- системада адаттагындан башкача жагдай келип чыккан шартта, катышуучулардын иш алып баруу тартиби; 

- катышуучулардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка талаптар. 

27. Төлөм карттары менен эсептешүүлөр системасынын операторунун эрежелеринде ушул Жобонун 26-пункттунда каралган талаптардан тышкары, төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- системада катышуучуну каттоо жана аны ишке багыттоо; 

- эмитент тарабынан эмиссияны ишке ашыруу тартиби жана ага карата талаптар; 

- эквайер тарабынан эквайрингди ишке ашыруу тартиби жана ага карата талаптар; 

- системада төлөмдөрдү өткөрүү тартиби; 

- банктар аралык тарифтер, сервистик төлөмдөр жана системадагы башка комиссиялык төлөмдөр.  

28. Төлөм системасынын эрежелеринде төмөнкүдөй талаптарды белгилөөгө тыюу салынат: 

- төлөм системасынын катышуучуларына карата башка төлөм системаларына катышпоо жөнүндө (өзгөчө жагдайларда катышуу шарттары);  

- төлөм системасынын катышуучуларына төлөм системасынын катышуучулары ортосунда алардын жоопкерчилиги астында түзүлгөн келишимдин негизинде системанын алкагынан тышкары алардын ортосунда клирингди жана эсептешүүлөрдү ишке ашырууга чектөө (тыюу салуу) тууралуу; 

- төлөм инфраструктурасынын кызмат көрсөтүүлөр операторлоруна карата башка төлөм системаларынын алкагында төлөм инфраструктурасынын кызмат көрсөтүүлөрүнө чектөө (тыюу салуу) жөнүндө (өзгөчө жагдайларда төлөм инфраструктурасынын кызмат көрсөтүү шарттары); 

- төлөм системасынын катышуучуларына карата кызмат көрсөтүү наркын өз алдынча аныктоого алардын укугун чектөө жөнүндө

 

6. Төлөм уюму жана анын ишине карата талаптар 

 

29. Төлөм уюму өз ишин Улуттук банктын лицензиясына ылайык жүзөгө ашырууга тийиш. 

30. Төлөм уюму тиешелүү лицензиясы ээ болгон шартта өз ишин төлөм системасынын операторунун же финансы-кредит мекемесинин иши менен айкалышта жүзөгө ашыра алат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка операцияларды жүргүзүүгө укуктуу.  

31. Төлөм уюму төмөнкүлөрдү ишке ашыра алат:  

1) товарларды сатып алууга/сатууга жана төлөм уюму алар менен келишим түзгөн кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын ишине байланыштуу кызматтарды көрсөтүүгө;  

2) төлөм уюмунун ишине байланыштуу консультациялык жана маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого. 

32. Толугу менен же алардын бөлүгү мамлекеттик менчикте турган жана төлөм уюмдарынын жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын, ошондой эле келишимдик мамилелеринде алдын ала төлөө, камсыздандыруу депозити же төлөм уюмдарынан банктык гарантиялар каралбаган бюджеттик уюмдардын ишкердигине байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерден камсыздандыруу максатында, төлөм уюмдары коммерциялык банктагы эсептерге же баалуу кагаздарга акча каражаттарын депондоштурууга же Улуттук банктын пайдасына кайтарылып алынгыс банктык гарантияны берүүгө тийиш. 

33. Депондоштурулган сумманын, баалуу кагаздын, банктык гарантиянын өлчөмү, келишимдик мамилелерде алдын ала төлөө, камсыздандыруу депозити же төлөм уюмунан банктык гарантия каралбаган, толугу менен же анын бир бөлүгү мамлекеттин жана бюджеттик уюмдардын менчигинде турган кызматтарды сунуштоочулар боюнча төлөм уюмунун акыркы чейреги ичиндеги орточо күндүк жүгүртүү суммасынын 20% түзүүгө тийиш. 

34. Төлөм уюму акча каражаттарынын бүтүндөй төлөөчүдөн алуучуга өткөрүп берүү процессинин контролдукка алынышын камсыздоого милдеттүү

35. Төлөм уюму Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, жеке маалыматтардын жана милдеттүү түрдө коргоого алынууга тийиш болгон башка маалыматтардын корголушун камсыздоого милдеттүү

36. Коопсуздукту камсыздоо үчүн төлөм уюмунун аппараттык-программалык комплекси жайгашкан жай төмөнкүдөй негизги талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- ишенимдүү автоматташтырылган кулпулардын болушу; 

- өрткө каршы жана коргоо сигнализациясынын болушу же аппараттык-программалык комплекс жайгашкан жайдын ичине башка адамдардын кирип кетишине бөгөт койгон жана жайдын ичинде коргоого алынган ресурстардын толук сакталышын камсыздаган күнүүнү коргоо жана байкоо жүргүзгөн каражаттардын болушу; 

- персоналдын мындай жайга кирүүсү функционалдык милдеттерге ылайык так жөнгө салынууга тийиш. 

37. Аппараттык комплекс Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан шартта төлөм уюму, уюмдун аппараттык комплекстин ээсинин атынан ушул Жобонун 37-пунктунда келтирилген талаптардын аткарылгандыгын тастыктаган документти сунуштоого тийиш. 

38. Аппараттык комплекс Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан шартта, төлөм уюму ишке ашырылган операциялар тууралуу маалыматтар архивин Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырууга тийиш. 

39. Төлөм уюму алты айда кеминде бир жолу протокол түзүү менен аппараттык-программалык комплекстин ички эрежелердин жана жол-жоболордун талаптарына ылайык келүүсүнө текшерүү жүргүзүүгө тийиш. 

40. Төлөм уюму өз тескөөсүндө турган финансылык маалыматтардын коргоого алынышын жана алардын купуялуулугун камсыздоого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана аларды үчүнчү жактарга берүүгө тийиш. 

41. Төлөм уюму иштелип чыккан финансылык маалыматтардын Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында төлөм документтерин сактоо үчүн белгиленген мөөнөттөргө ылайык архивде сактоого алынышын жана анын жүргүзүлүшүн камсыз кылууга тийиш. 

42. Төлөм уюму төлөөчүдөн өндүрүлүүчү комиссиялык төлөм өлчөмүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз алдынча белгилөө укугуна ээ. 

 

7. Субагенттер 

 

43. Субагент төлөм уюму (агент) менен төлөмдөрдү үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алуу боюнча ишти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашыруу келишимин түзүүгө тийиш. 

44. Төлөм уюму субагенттерди аткарып жаткан милдеттеринин чегинде системадан пайдалануу принциптерине окутуу документтерине ээ болууга тийиш. Келишим түзүүдө субагентке колдонуудагы жол-жоболорго ылайык түшүндүрмө берилип, ал Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары, анын ичинде терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү мыйзам талаптары менен тааныштырылууга тийиш.  

45. Төлөм уюму же субагент төлөмдөрдү кабыл алууда аларды кабыл алуунун ар бир пункттарында төмөнкү маалыматтардын төлөөчүлөргө сунушталышын камсыздоого тийиш: 

- төлөм уюмунун атылышы, байланышуу үчүн маалыматтар жана жайгашкан жери; 

- төлөм уюмуна берилген лицензиянын номери жана берилген күнү

- төлөөчү тарабынан төлөнүүчү кызмат көрсөтүү наркы;  

- даттануулар менен кайрылуу ыкмасы; 

- call-борборунун, төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча оператордун телефон номерлери. 

 

8. Тобокелдиктерди тескөө 

 

46. Төлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун төлөм системасына катышуу келишиминде, орун алышы мүмкүн болгон форс-мажордук жагдайларды (аскердик кагылышуулар, жаратылыш кырсыктары ж.б.) кошо алганда, штаттан тышкаркы жагдайлар келип чыккан шартта тобокелдиктерди тескөөгө тиешелүү бөлүк каралууга тийиш. 

47. Төлөм системасынын катышуучулары өз милдеттерин аткара албай калган тобокелдик аныкталган учурда, төлөм системасынын оператору жана төлөм уюмдары төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш: 

- тобокелдик аныкталган учурдан тартып 1 (бир) күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмгө электрондук билдирүү жөнөтүү же телефон чалуу аркылуу Улуттук банкка маалымдоого; 

- тобокелдикке дуушар болгон тарапка же тараптарга маалымдоого; 

- башка катышуучуларга өз милдеттерин аткаруу мүмкүнчүлүгүн сунуштоого. 

48. Төлөм системасынын оператору, төлөм уюмдары лицензияга ээ байланыш операторлору тарабынан сунушталуучу коопсуз жана ишенимдүү байланыш каражаттары менен камсыздоого, утурлама төлөмдөрдүн кабыл алынышын, катышуучулар ортосунда милдеттердин аныкталышын жана катышуучулар менен агенттерге маалымдалышын камсыздоого тийиш.  

49. Төлөм системасынын операторунун аппараттык-программалык комплекси жайгашкан жай төлөм системасынын иши боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого байланыштуу бардык бизнес-процесстердин ишенимдүү ишин камсыздоого жана төмөнкү негизги талаптарга ылайык келүүгө тийиш: 

- өзүнчө жайгашууга (имараттын ичинде, бирок курулманын бөлмөлөрүнөн өзүнчө бөлүнүп, кирүү мүмкүнчүлүгү өзүнчө болууга); 

- ишенимдүү автоматташтырылган кулпулардын болушу; 

- өрткө каршы жана коргоо сигнализациясынын болушу же аппараттык-программалык комплекс жайгашкан жайдын ичине башка адамдардын кирип кетишине бөгөт койгон жана жайдын ичинде коргоого алынган ресурстардын толук сакталышын камсыздаган күнүүнү коргоо жана байкоо жүргүзгөн каражаттардын болушу; 

- персоналдын мындай жайга кирүүсү функционалдык милдеттерге ылайык так жөнгө салынууга тийиш. 

50. Эгерде төлөм системасынын оператору аппараттык комплексти колдонуу үчүн ижарага алынган жайды пайдаланса, анда ижара келишиминин мөөнөтү белгиленип, кеминде бир жылды түзүүгө тийиш.  

51. Төлөм системасынын операторунун аппараттык-программалык комплекси менен иш алып барууга уруксаты бар персонал төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:  

- финансылык маалыматтар менен иш алып барууда ички эрежелерде жана жол-жоболордо белгиленген коопсуздукту жана купуялуулукту сактоо нормалары жана талаптары менен таанышып чыгууга; 

- процессинг борборунун аппараттык-программалык комплекси менен иш алып барууда программалык-техникалык каражаттарды тескөө жана ички документтерге ылайык, финансылык маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн зарыл квалификацияга ээ болууга; 

- финансылык маалыматтар менен иш алып барууда коопсуздукту жана купуялуулукту камсыздоо жагында талаптарды бузууга жол бергендиги үчүн жеке жоопкерчилик тартууга. 

52. Төлөм системасынын оператору аппараттык-программалык комплекстин үзгүлтүксүз ишин камсыздоо максатында, альтернативалуу электр энергия булактары менен жабдууга тийиш. 

53. Үзгүлтүккө учуроолор орун алган шартта, төлөм системасынын оператору кепилдик берүү менен программалык комплекстеги маалыматтардын толук сакталышын камсыздоого тийиш.  

54. Төлөм системасынын оператору операциялык системанын, прикладдык программалык камсыздоонун, программалык камсыздоо системасынын, маалыматтар базасынын жана негизги компоненттердин резервдик көчүрмөсүн түзүү жана калыбына келтирүү механизми менен камсыздоого тийиш.  

55. Төлөм системасынын оператору пайдаланылып жаткан аппараттык-программалык комплекстин техникалык камсыздоосун жөнгө салган документтерге ээ болууга тийиш.  

56. Төлөм системасынын оператору тарабынан пайдаланып жаткан программалык камсыздоодо, программа боюнча так маалыматтарды, пайдалануучу жана администратор үчүн колдонмону кошо алганда, зарыл коштомо документтердин, ошондой эле пайдалануу учурунда зарыл болушу мүмкүн башка документтердин болушун камсыз кылууга тийиш.  

57. Маалымат коопсуздугун камсыздоо ишинде, маалымат алуу, аларды иштеп чыгуу, сактоо жана сунуштоо боюнча процесстерге тартылган, уюмдун тескөөсүндө турган бардык иш чөйрөлөр камтылууга тийиш. 

58. Төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү түрдө коргоого алынууга тийиш болгон жеке маалыматтардын жана башка маалыматтардын коргоого алынышын камсыздоого тийиш.  

59. Төлөм системасынын оператору алты айда кеминде бир жолу протокол түзүү менен аппараттык-программалык комплекстин төлөм системасынын ички эрежелерине жана жол-жоболоруна, ошондой эле Улуттук банктын талаптарына ылайык келүүсүнө текшерүү жүргүзүүгө тийиш. 

60. Төлөм системасынын оператору төлөмдөрдү ишке ашырууда төлөм системасынын операторунун аппараттык-программалык комплекси аркылуу берилип жаткан маалыматтардын чечмеленишин камсыздоого тийиш. 

61. Төлөм системасынын оператору өз тескөөсүндө турган финансылык маалыматтардын коргоого алынышын жана купуялуулугун камсыздоого, аларды үчүнчү жактарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана берүүгө тийиш. 

62. Төлөм системасынын оператору системалуу билдирүүлөр (лог) журналынын система жана тиркемелер деңгээлинде бардык операциялар үчүн жүргүзүлүшүн камсыздоого тийиш (пайдалануучунун системага кирүүсү/системадан чыгуусу, маалыматтарды өзгөртүүсү ж.б.). 

63. Төлөм системасынын оператору иштелип чыккан финансылык маалыматтардын Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында төлөм документтерин сактоо үчүн белгиленген мөөнөттөргө ылайык архивде сактоого алынышын жана анын жүргүзүлүшүн камсыз кылууга тийиш. 

64. Төлөм системасынын оператору системанын негизги компоненттерин негизги жана резервдик байланыш түйүндөрү менен камсыздоого тийиш. 

 

9. Төлөм уюмдары тарабынан кызмат көрсөтүү тартиби  

 

65. Төлөм уюму төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн кызматтарды сунуштоочулар менен кызматтардан пайдалануучулардан төлөмдөрдү кабыл алуу ишин жүзөгө ашыруу келишимин түзүүгө тийиш, ал келишим шарттарына ылайык, төлөм уюму сунуштоочунун атынан төлөөчүлөрдөн акча каражаттарын кабыл алуу укугуна ээ, ошондой эле келишимде белгиленген тартипте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, сунуштоочу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө тийиш. 

66. Төлөм уюму төлөмдөрдү кабыл алууда эсептешүүлөрдү ишке ашыруу үчүн атайын банктык эсепти/эсептерди пайдаланууга милдеттүү

 

10. Отчетту жана башка маалыматтарды сунуштоо 

 

67. Кыргыз Республикасынын аймагында акча каражаттардын финансылык агымына жана алар боюнча маалыматтарга контролдук жүргүзүү үчүн төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары Кыргыз Республикасында маалыматтык, финансылык төлөм кызматтары боюнча маалыматтарды ушул жобого карата 1-тиркемеде белгиленген формага жана жобонун 1, 2, 3, 4отчеттук формаларына ылайык сунуштоого тийиш. 

68. Операторлор/төлөм уюмдары айрым кызмат адамдары тууралуу маалыматтарды отчеттук жылдан кийинки жылдын 1 (биринчи) февралына чейин ар жылдык негизде сунуштоого тийиш. Айрым кызмат адамдарына тиешелүү өзгөртүүлөр кабыл алынган шартта, операторлор/төлөм уюмдары өзгөртүү кабыл алынгандан кийинки 10 (он) календардык күн ичинде маалымдоого тийиш. 

69. Оператор/төлөм уюму финансылык абал жөнүндө маалыматтарды Эл аралык финансылык отчеттуулук стандарттарына ылайык, отчеттуулук формасы боюнча чейрек сайын сунуштап турууга милдеттүү.  

70. Оператор/төлөм уюму отчетту Улуттук банктан лицензия алган чейректен кийинки отчеттук чейректен тартып сунуштайт. 

71. Оператор/төлөм уюму тарабынан отчет, отчеттук чейректен кийинки айдын 15инен кечиктирилбестен сунушталат. Отчет белгиленген мөөнөттө электрондук түрдө (документтин сканерден өткөрүлгөн версиясы) берилип, кийин кагаз бетине чыгарылган түрүндө сунушталышы мүмкүн.  

72. Эгерде акыркы отчет берүү күнү эс алуу күнүнө же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аркылуу белгиленген майрам күнүнө туура келсе, отчет берүүнүн акыркы мөөнөтү андан кийинки жумуш күнүнө которулат. 

73. Төлөм уюму кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен жаңыдан түзүлгөн келишим жөнүндө маалыматтарды келишим түзүлгөн учурдан тартып эки жумадан кечиктирбестен Улуттук банкка маалымдоого тийиш. 

74. Улуттук банк, төлөм системасынын операторлорунан жана төлөм уюмдарынан алардын ишине тиешелүү кандай болбосун маалыматтарды кайсыл болбосун убакытта талап кылууга, ошондой эле инспектордук текшерүүлөрдү жеринде барып жүргүзүүгө укуктуу. 

75. Төлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун аткаруу органынын жетекчиси бул жобонун талаптарын аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.  

76. Төлөм системасынын оператору 3 (үч) жылда 1 (бир) жолу көз карандысыз аудиттен өтүүгө милдеттүү. Аудитордук корутундунун көчүрмөсүнө кол коюлган учурдан тартып 1 айдан кечиктирилбеген мөөнөттө ал Улуттук банкка сунушталууга тийиш. Төлөм системасынын операторлоруна аудит кеминде төмөнкүлөргө баа берүү ишин камтууга тийиш: 

- саясатка жана жол-жоболорго; 

- коопсуздукка. 

77. Төлөм карттары менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү системасынын оператору эл аралык программа боюнча сертификациядан өткөн аудиторлорду ишке тартуу менен аппараттык-программалык комплекске аудит жүргүзүүгө тийиш. 

78. Улуттук банкка сунушталуучу бардык отчеттор ушул жобонун 1-тиркемесине ылайык, компаниянын расмий барагына таризделип, жетекчинин жана башкы бухгалтердин кол тамгалары коюлуп, сунушталууга тийиш. 

“Кыргыз Республикасында төлөм системаларынын операторлорунун  

жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө” жобого карата 1-тиркеме 

 

Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгы  

 

Төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан сунушталуучу отчеттун титулдук барагы 

 

 

Ушул аркылуу, Улуттук банктын №_____ лицензиясынын негизинде иш алып барган ____________________________________ (ЖЧК, ААК, ЖАК д.у.с.) (оператордун/төлөм уюмунун аталышы) 201__-жылдын “__”______ үчүн төлөм системасы боюнча отчетту сунуштайт. 

 

Тиркемелер: 

 

№1 отчеттук форманын аталышы 

№2 отчеттук форманын аталышы 

№3 отчеттук форманын аталышы 

 

 

Жетекчи 

(жетекчинин орун басары) ___________________ ___________________ 

(өздүк кол тамгасы) (аты-жөнү

 

 

Аткаруучу ___________________ ___________________ 

(өздүк кол тамгасы) (аты-жөнү

 

Мөөрү 

 

Телефон номери 

 

 

 

 

 

№ 1 отчеттук форма  

 

Уюмдун аталышы 

_____________________ 

 

Төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму жөнүндө маалымат  

 

20_____-жылдын ______________ чейреги үчүн 

 

 

 

Уюмдун аталышы 

Банктын аталышы (ачылган гарантиялык эсеп жана эсептешүү эсеби) (+ /-) 

Кызмат көрсөтүү түрлөрү (лицензияга ээ) 

Келишимдин негизинде кызмат көрсөтүүлөр түрү  

Терминалдар саны 

Pos терминалдар саны  

Төлөм системасынын катышуучуларынын саны 

Субагенттердин саны 

 

 

 

 

 

 

Аткаруучу ___________________ ___________________ 

(өздүк кол тамгасы) (аты-жөнү

 

 

 

 

 

 

 

№ 2 отчеттук форма  

 

Уюмдун аталышы 

_______________________ 

 

Төлөм системасында төлөмдөрдүн (которуулардын) саны жана көлөмү жөнүндө отчет __________төлөмдөрдүн көлөмү (миң сом) 

20_____-жылдын ______________ чейреги үчүн 

 

№ 

Төлөм түрү 

Төлөмдөр саны 

Төлөмдөр көлөмү (миң сом) 

Уюлдук байланыш 

 

 

Катталган телефон байланышы 

 

 

Интернет 

 

 

Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр  

 

 

Салык жыйымдары 

 

 

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кайгуул кызматына айыптык төлөмдөр  

 

 

Мамлекет бюджетине башка төлөмдөр  

 

 

Банктык эсепти толуктоо  

 

 

Финансы-кредит мекемесинен алынган кредит үчүн төлөө  

 

 

10 

Башка банктык кызмат көрсөтүүлөр 

 

 

11 

Электрондук капчыкты толуктоо  

 

 

12 

Интернет - дүкөндөр 

 

 

13 

Социалдык тармактар 

 

 

14 

Интернет оюндар 

 

 

15 

Эсепти башка интернет тиркемелеринен толуктоо  

 

 

16 

Такси кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөө  

 

 

17 

Букмекердик чендер 

 

 

18 

Жарнама кызмат көрсөтүүлөрү 

 

 

19 

Кулактандыруу  

 

 

20 

Кайрымдуулук 

 

 

21 

Билим берүү 

 

 

22 

Туристтик кыдыруу  

 

 

23 

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу «Тышкы соода чөйрөсүндөгү «Бирдиктүү терезе» борбору» мамлекеттик ишканасы  

 

 

24 

Башка төлөмдөр 

 

 

 

 

Бардыгы болуп ай ичинде: 

Январь 

Февраль 

Март 

Апрель 

Май 

Июнь 

Июль 

Август 

Сентябрь 

Октябрь 

Ноябрь 

Декабрь 

Жыйынтыгында жыл ичинде 

Жалпы саны 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жалпы көлөмү 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

№ 3 отчеттук форма 

 

Уюмдун аталышы 

_____________________ 

 

 

 

 

Төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун эрежелердин талаптарын бузууга жол берүүгө байланыштуу аныкталган кемчиликтер жөнүндө маалыматтар  

 

Кемчиликтердин саны ____________________ 

 

Сабынын номери 

Кемчилик аныкталган күнү 

Төлөм системасынын катышуучусунун аталышы (агенттер/субагенттер) 

Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму тарабынан берилген төлөм системасынын катышуучуларынын (агенттер/субагенттер) каттоодон өткөн номерлери 

Кемчиликтердин кесепеттери 

Маалымат инфраструктурасынын объекттери 

Кабыл алынган иш-аракеттерди четтетүү боюнча көрүлгөн иш-аракеттер 

Укук коргоо органдарына кайрылуу фактылары 

Кемчиликке жол берилген аймак/ жери/кызмат көрсөтүү түрү 

 

 

 

 

 

Аткаруучу ___________________ ___________________ 

(өздүк кол тамгасы) (аты-жөнү

 

 

 

№ 4 отчеттук форма 

 

Уюмдун аталышы 

_____________________ 

 

 

 

Бул отчет келишим түзүлгөн учурда сунушталат.  

 

 

Төлөм инфраструктурасынын эл аралык операторлору менен түзүлгөн келишимдер жөнүндө маалыматтар  

 

Оператордун/төлөм уюмунун аталышы 

Процессинг борборунун аталышы (таандык өлкөсү

Эл аралык процессинг борбору менен түзүлгөн келишимдин номери 

Эл аралык процессинг борбору аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган катышуучулардын саны 

 

 

 

 

Аткаруучу ___________________ ___________________ 

(өздүк кол тамгасы) (аты-жөнү