Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2015-жылдын 4-майындагы №26/9 токтому 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы №5/7 “Банктардын ишин лицензиялоо жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

1. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы №5/7 “Банк ишин лицензиялоо жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет).  

2. Токтом расмий жарыялангандан кийинки он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

3. Юридика башкармалыгы

- токтом Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жарыялансын

- токтом расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн аны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен республиканын коммерциялык банктарын тааныштырсын.  

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л. Орозбаевага ыйгарылсын.  

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2015-жылдын 4-майындагы №26/9 токтомуна  

Тиркеме  

 

 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында кабыл алынган 5/7  

“Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” 

токтомуна толуктоолор жана өзгөртүүлөр  

 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында кабыл алынган №5/7 “Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген “Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө” жобосуна: 

 

14.1-пунктунун

1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) жогорку билимге ээ экендигин тастыктаган дипломунун болушу;»; 

14-1.1-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) жогорку билимге ээ экендигин тастыктаган дипломунун болушу;»; 

14-1.1-пунктунун 4-пунктчасында “толук” деген сөз алынып салынсын;  

15.1-пункту төмөнкү мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын

Ушул жобонун максаттарында жетекчи кызмат орду дегенден улам, иш чөйрөсү ушул жобонун 1.11-пунктуна туура келген финансы-кредит мекемесинин жана/же компаниянын жана/же финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү уюмдардын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинен төмөн болбогон кызмат ордун түшүнүү зарыл. Мында чарбалык ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу жогоруда аталган уюмдардын/компаниялардын бөлүмдөрүндө иштеген учурлар иш стажына кошулбайт. 

15.2-пунктунун 1)-пунктчасынын биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин

«1) башкы бухгалтер - бухгалтердик эсепке алуу жана финансы отчеттуулугунун эл аралык стандарттарын жана ал боюнча тиешелүү сертификаттарынын болуусу жана жогоруда көрсөтүлгөн багыттардагы курстарды ийгиликтүү аяктаганын (экзамен/тесттен өтүү ж.б.у.с.) жана квалификациясын жогорулаткандыгын тастыктаган талапкерди макулдашуу тууралуу өтүнүчтүн күнүнө карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты\лицензиясы бар билим берүү уюмдарынан акыркы беш жыл ичинде алынган сертификаттар же башка документтердин болуусу.»; 

15.2-пунктунун 2)-пунктчасынын биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин

«2) Ички аудит кызматынын жетекчиси - Кыргыз Республикасынын аудит боюнча мыйзамдарын, аудиттин эл аралык стандарттарын жана банктардагы ички аудиттин эл аралык стандарттарын билүүгө, көрсөтүлгөн багыттар боюнча тереңдетилген окутуудан өткөндүгү жөнүндө сертификаты (күбөлүгү) болууга жана жогоруда көрсөтүлгөн багыттардагы курстарды ийгиликтүү аяктаганын (экзамен/тесттен өтүү ж.б.у.с.) жана квалификациясын жогорулаткандыгын тастыктаган талапкерди макулдашуу тууралуу өтүнүчтүн күнүнө карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты\лицензиясы бар билим берүү уюмдарынан акыркы беш жыл ичинде алынган сертификаттар же башка документтердин болуусу, ошондой эле тиешелүү сертификаттар менен тастыкталган (Банктык окуу борбору, Бухгалтерлер жана аудиттер бирикмеси жана башка окуу борборлору) Финансы отчеттуулугунун эл аралык стандарттарын билүү менен аны ишинде колдонуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болууга тийиш.»; 

17.10-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

Документтердин белгиленген талаптарга ылайык келбеген жана документтерин толук эмес топтомун сунуштаган учурда, алар жеткире иштеп чыгууга кайра жөнөтүлөт. Банк сын-пикирлерди эске алуу менен жеткире иштелип чыккан документтерди 20 календардык күндөн кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын резидент эместери менен учурда 30 календардык күндөн кечиктирбестен Улуттук банкка сунуштоого тийиш. Ушул жобонун талаптарына ылайык келбеген же толук эмес көлөмдө эки жолдон ашык документтерди сунуштаган учурда, талапкердин документтери Улуттук банк тарабынан кароого алынышына кабыл алынбайт.»;  

19.2-пункт төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын

«Банк, филиалдын ачылышынан кийин өткөрүлгөн акционерлердин биринчи жалпы чогулушунда филиал тууралуу тиешелүү маалыматтарды Банктын уставына камтылгандарды бекитүүгө милдеттүү.» 

19.4-пункт төмөнкү мазмундагы 8)-пунктча менен толукталсын

«8) банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн филиал жайгаштырылуучу жайга менчик укугун тастыктаган ижара келишиминин же документтин көчүрмөсү.”; 

- 19.8-пунктунун 13-абзацы алынып салынсын

- 21.5-пунктунун 11-абзацы алынып салынсын

- 22.1-пунктунунда: 

төртүнчү абзацындагы “он” деген сөз “жыйырма” деген сөзгө алмаштырылсын

- 7-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;  

- 17-абзацы алынып салынсын;  

22.10-пунктунун 4) жана 5)-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын

22.13-пунктундагы “жана/же анын жетекчиси алмашкан учурда банк, бул тууралуу чечимин кабыл алынган жана “жана/же 4,5” деген сөздөр алынып салынсын

22.23-пунктунун 1-пунктчасындагы текст боюнча “жана көчмө” жана “N көчмө кассасы” деген сөздөр алынып салынсын

23-тиркемедеги “Жетекчи/кассир тарабынан дайындалган” деген сөздөр алынып салынсын:».