Кайта келүү

Кыгыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2015 - жылдын 26 - августундагы № 49\9 токтому  

 

 

 

 

 

 

 

 

«Банктык мыйзамдар чөйрөсүндө администрациялык укук бузууларга тиешелүү иштерди (дело) карап чыгуу жөнүндө» нускоо туралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Кароого сунушталган «Банктык мыйзамдар чөйрөсүндө администрациялык укук бузууларга тиешелүү иштерди (дело) карап чыгуу жөнүндө» нускоо (кошо тиркелет) бекитилсин.  

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы: 

бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Күчүн жоготкон катары таанылсын: 

- Улуттук банк Башкармасынын 1999 - жылдын 15 - апрелиндеги № 31/8 «Банктык мыйзамдар чөйрөсүндө администрациялык укук бузууларга тиешелүү иштерди (дело) карап чыгуу жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтому

- Улуттук банк Башкармасынын 2012 - жылдын 25 - апрелиндеги 18/9 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомуна карата тиркеменин 29-пункту; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2013 - жылдын 25 - сентябрындагы 35/16 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомуна карата тиркеменин 1-пункту.  

5. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, адистештирилген финансы-кредит мекемеси « Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды жана алмашуу бюролорун тааныштырсын

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л. Дж. Орозбаевага ыйгарылсын.  

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

Улуттук банк Башкармасынын 

2015жылдын 26августундагы № 49\9 токтомуна 

Тиркеме 

 

 “Банктык мыйзамдар чөйрөсүндө администрациялык укук бузууларга тиешелүү иштерди (дело) кароо жөнүндө” 

нускоо 

 

Бул нускоо Кыргыз Республикасынын “Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө” кодексине, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамга ылайык иштелип чыккан. Нускоодо банктык мыйзамдар чөйрөсүндө администрациялык укук бузууларга тиешелүү иштерди жүргүзүү жол-жобосу жөнгө салынган. 

1. Жалпы жоболор 

1. Банктык мыйзамдар чөйрөсүндө администрациялык укук бузууларга жол бергендик үчүн жоопкерчилик “Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө” кодекстин (мындан ары - Кодекс) 357, 358, 359, 360, 361, 362, 363-беренелеринде каралган учурларда жана чектерде кызмат адамдарына же башка жеке адамдарга, ошондой эле юридикалык жактарга жүктөлөт. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк)администрациялык укук бузууларга тиешелүү иштерди козгоого ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдөрү (мындан ары ыйгарым укуктуу бөлүм) болуп төмөнкүлөр саналат: 

1) Көзөмөл блогунун түзүмдүк бөлүмдөрү - Кодекстин 357-362-беренелеринде каралган укук бузууларга жол берүү фактысы үчүн; 

2) Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгы - Кодекстин 361-беренесинде каралган укук бузууларүчүн

3) Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы - Кодекстин 362-363-беренелеринде каралган укук бузуулар үчүн; 

4) Улуттук банктын областтык башкармалыктары жана Баткен областындагы өкүлчүлүгү Кодекстин 357-363-беренелеринде каралган укук бузуулар үчүн.  

3. Улуттук банктынбуйругуна ылайык Улуттук банктын Төрагасы жана анын орун басары администрациялык укук бузууларга тиешелүү токтом чыгаруу аркылуу администрациялык укук бузууларга тиешелүү иштерди кароого жана администрациялык айыптык төлөмдү белгилөөгө ыйгарым укуктуу (мындан ары ыйгарым укуктуу адам) болуп саналат. 

4. Төмөнкүлөргө администрациялык айыптык төлөмдөр белгилениши мүмкүн: 

- кызмат адамдарына же башка жеке адамдаргаадминистрациялык укук бузууларга жол берилген күндөн тартып 6 айдан кечиктирилбеген мөөнөттө, ал эми укук бузуулар созулуп кеткен шартта администрациялык укук бузуулар аныкталган күндөн кийинки алты айдан кечиктирбестен; 

- юридикалык жактарга администрациялык укук бузуулар аныкталган күндөн тартып бир жылдан кечиктирбестен. 

 

2. Администрациялык укук бузууларга тиешелүү ишти козгоо тартиби 

5. Ыйгарым укуктуу бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан администрациялык укук бузуулар орун алгандыгын тастыктаган фактыларды аныктоо администрациялык укук бузууга тиешелүү ишти козгоо үчүн негиз болуп саналат. 

Укук коргоо органдарынан, ошондой эле башка мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук бирикмелерден администрациялык укук бузуулар жагдайынын орун алып жатышын көрсөткөн маалыматтар камтылган материалдардын; жеке адамдардын жана юридикалык жактардын билдирүүлөрүнүн жана өтүнүч каттарынын, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын (анын ичинде интернеттеги) администрациялык укук бузуулар орун алып жаткандыгын жетиштүү чагылдырган билдирүүлөрдүн негизинде администрациялык укук бузуулар аныкталышы мүмкүн. 

Банктык мыйзамдар чөйрөсүндө администрациялык укук бузуу фактысы аныкталган учурда ыйгарым укуктуу бөлүм тарабынан тиешелүү протокол (мындан ары - протокол) түзүлөт. 

Администрациялык укук бузууларга тиешелүү иш төмөнкү учурдан тартып козголгон катары эсептелинет: 

-администрациялык укук бузууларга тиешелүү протокол түзүлгөн; 

-администрациялык укук бузууларга тиешелүү ишти козгоо жөнүндө аныктама чыгарылган учурдан тартып.Администрациялыкукук бузуулар жөнүндө протокол жана бул боюнча ишти козгоо аныктамасы ушул нускоого кошо тиркелет (1-4-тиркемелер). 

6. Администрациялык жоопкерчиликке тартылган адам администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколго кол коюудан баш тарткан шартта,протоколдо анын себептери көрсөтүлүүгө тийиш. Администрациялык жоопкерчиликке тартылган адам түзүлгөн протокол боюнча түшүндүрмөлөрдү берип, сын-пикирин айтууга, ошондой эле кол коюудан баш тартууга түрткү берген себептерди көрсөтүүгө укуктуу. 

7. Ыйгарым укуктуу бөлүм администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколду,администрациялык укук бузууларга жол берилгендигинин далилдерин камтыган башка материалдарды (документтер) жоопкерчиликке тартылган адамдын түшүндүрмөлөрү менен бирге бир күн ичинде ыйгарым укуктуу адамдын кароосуна жөнөтөт. 

8. Ыйгарым укуктуу адам администрациялык укук бузууларга тиешелүү ишти кароого даярдоонун жүрүшүндө ал боюнча протоколдун туура эмес толтурулушун жана/же администрациялык укук бузууларды кароо үчүн зарыл болгон башка материалдарды тариздетүүдөгү кемчиликтерди аныктаган шартта, ыйгарым укуктуу бөлүм протокол жана/же башка материалдар боюнча аныкталган бардык кемчиликтерди ыйгарым укуктуу адамдан аларды алгандан кийинки үч күн ичинде четтетүүгө тийиш. Ыйгарым укуктуу бөлүм администрациялык укук бузуулар боюнча протоколдо жана башка материалдарда орун алган кемчиликтер четтетилгенден кийинки бир күн ичинде аларды ыйгарым укуктуу адамга кайталап жөнөтүшү зарыл. 

9. Кодекстин 363-беренесинде каралган укук бузуулар аныкталган учурда ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм Кодекстин 508 жана 556-1-беренелерине ылайык, Кодексте жана ушул нускоодо белгиленген тартипте администрациялык укук бузуулар жөнүндө протокол түзөт. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө протокол жана тиешлүү материалдар түзүлгөндөн кийинкикүнү Кодексте каралган тартипте сотко өткөрүлөт.  

 

3. Администрациялык укук бузууларга тиешелүү ишти кароого даярдоо 

10. Ыйгарым укуктуу адам администрациялык жоопкерчиликке тартылган адамдын администрациялык укук бузууларына тиешелүү ишти кароого даярдоодо төмөнкү маселелердитактоого тийиш: 

- ошол ишти кароого ким компетенттүү экендигин; 

- ыйгарым укуктуу адамдыношол ишти кароо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган жагдайлардын бар же жоктугун; 

- протоколдун, ошондой эле ишке тиешелүү материалдардынтак/туура толтурулгандыгынжана тариздетилгендигин; 

- ишти териштирүүнү жокко чыгарган жагдайлардын бар же жоктугун; 

- ишти кылдат кароого алуу үчүн материалдардын жетиштүү экендигин; 

- жолдомо каттар же аларды кароодон баш тартууга түрткү берген далилдердин бардыгын/жоктугун. 

11. Ыйгарым укуктуу адам администрациялык укук бузууларга тиешелүү ишти кароодо төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алат: 

- ишти кароо убактысын жана ордун белгилөөжөнүндө

- тиешелүү адамдарды чакыртуу, зарыл кошумча материалдарды талап кылуу, экспертиза өткөртүү

- ишти кароону кийинкиге калтыруу; 

- эгерде администрациялык укук бузуулар жөнүндө протокол же башка материалдар аларды даярдоого ыйгарым укугу жок адамдар тарабынан туура эмес түзүлгөн же тариздетилген болсо же ишти кароо учурунда аларды толуктоо мүмкүн болбогон материалдар толук эмес сунушталган шартта администрациялык укук бузуулар тууралуу протоколду жана башка материалдардыыйгарым укуктуу бөлүмгө кайтаруу жөнүндө

- эгерде тиешелүү ишти кароо алардын компетенциясына кирбесе же ыйгарым укуктуу адамды четтетүүтууралуу аныктама чыгарылса администрациялык укук бузууларга тиешелүү протоколду жана башка материалдарды ведомствого караштуу деңгээлде чечүүгөөткөрүп берүү жөнүндө

12. Ыйгарым укуктуу адам администрациялык укук бузууларга тиешелүү ишти кароого даярдоодо Кодекстин 549-беренесинде каралган жагдайлар орун алган болсо,токтом түрүндө ишти токтотуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. 

13. Ыйгарым укуктуу адам, эгерде ал администрациялык жоопкерчиликке тартылган адамдын, жабырлануучунун тууганы алардын мыйзамдуу өкүлү болуп саналса жана ушул Кодексте каралган башка жагдайлар орун алган шартта администрациялык укук бузууларга тиешелүү ишти кароого алууга укугу жок. 

 

4. Администрациялык укук бузууларга тиешелүү ишке катышкан адамдар 

14. Администрациялык укук бузуулар тууралуу протокол түзүлгөн учурдан тартып, мындай ишти териштирүүгө төмөнкүлөр катыша алышат: 

- администрациялык жоопкерчиликке тартылган адамга юридикалык жактан жардам көрсөтүү үчүн коргоочу, өкүл (жактоочу); 

- жабыр тарткан адамга юридикалык жактан жардам көрсөтүү үчүн жабырлануучунун өкүлү (“жабырлануучу” бул, администрациялык укук бузууларга жол берүүнүн кесепетинен мүлктүк же моралдык жактан зыян тарткан жеке адам же юридикалык жак). 

15. Коргоочу жана өкүл ишке тиешелүү бардык материалдар менен таанышып чыгууга, далилдерди келтирип, жолдомо каттарды сунуштоого, жокко чыгарууга, ишти кароого катышууга жана ушул Кодексте камтылган бардык процесстик эрежелерди колдонууга укуктуу. 

16. Администрациялык укук бузууларга тиешелүү ишти кароого Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте күбөлөр, эксперттер жана башка адамдар катыша алат. 

Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери эксперт катары тартылышы мүмкүн.  

5. Администрациялык укук бузууларга тиешелүү ишти кароо тартиби 

17. Администрациялык укук бузууларга тиешелүү иш ыйгарым укуктуу адамдан администрациялык укук бузуулар тууралуу протокол жана башка материалдар алынгандан кийинки он күндүк мөөнөт ичинде администрациялык жоопкерчиликке тартылган адамдын же алардын өкүлүнүн катышуусунда кароого алынат. 

Администрациялык жоопкерчиликке тартылган адам же анын өкүлү жок болсо администрациялык укук бузууларга тиешелүү иш, эгерде аны кароо орду жана убактысы тууралуу өз учурунда маалымдалып, ишти кийинкиге калтыруу тууралуу ал өтүнүч менен кайрылбаган болсо, кароого алынышы мүмкүн. 

18. Ыйгарым укуктуу адам эгерде администрациялык укук бузууларга тиешелүү ишти териштирүүгө катышкандардан өтүнүчтөр келип түшсө же иш жагдайын кошумча териштирүү зарылчылыгы келип чыкса, он күндөн ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн. 

19. Администрациялык укук бузууларга тиешелүү ишти кароодо милдеттүү түрдө тиешелүү протокол түзүлөт, ага администрациялык укук бузууларга тиешелүү ишти кароого алган отурумдун катчысы жана ыйгарым укуктуу адам кол коет. 

Администрациялык укук бузууларга тиешелүү ишти кароонун жүрүшүндө толтурулган протоколдо төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 

- ишти кароо күнү жана орду

- ыйгарым укуктуу адамдын аты-жөнү, ээлеген кызмат орду

- кайсы иш кароого алынгандыгы

- ишти кароого катышкан адамдардын келгендиги жөнүндө маалымат

- ишти кароодон баш тартуу, жолдомо каттар жана териштирүү жыйынтыктары

- ишти кароого катышкан тиешелүү адамдардын түшүндүрмөлөрү, көрсөтмөлөрү, чечмелөөлөрү жана корутундулары

- ишти кароо учурунда иликтөөгө алынган документтер

20. Ыйгарым укуктуу адам администрациялык укук бузууларга тиешелүү ишти кароону баштоо алдында

- ишти ким кароого алаарын, кайсы иш кароого алына тургандыгын, ким жана ал кайсы ченемдик актынын негизинде жоопкерчиликке тартылып жаткандыгын жарыялайт

- администрациялык жоопкерчиликке тартылган адамдын, ошондой эле ишти кароого катышкан башка адамдардын катышып жаткандыгына ынанат

- ишти кароого катышкандардын ким экендигин аныктап, администрациялык жоопкерчиликке тартылган адамдын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн (өкүлдөрүнүн), коргоочунун ыйгарым укуктарын текшерет

- ишти кароого катышуучулардын келбей калышы себептерин териштирип, алардын катышуусуз ишти кароо же аны кийинкиге калтыруу чечимин кабыл алат; 

- ишти кароого катышкан адамдарга алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт; 

- баш тартуулар жана өтүнүч каттар боюнча чечим кабыл алат

- администрациялык укук бузуулар тууралуу протокол, зарылчылык келип чыкса башка материалдар менен тааныштырат

21. Администрациялык укук бузууларга тиешелүү ишти кароо учурунда ыйгарым укуктуу адам туура чечим кабыл алуу максатындамилдеттүү түрдө төмөнкүлөрдү териштирип алууга тийиш:  

- администрациялык укук бузууга жол берилгенби; 

- ошол адам ага күнөөлүбү

- ал администрациялык жоопкерчиликке тартылууга тийишпи; 

- жоопкерчиликти жеңилдетүүчү жагдайлар барбы; 

- материалдык зыян келтирилгенби жана иш боюнча туура чечим кабыл алуу үчүн зарыл башка жагдайлар барбы;  

- администрациялык жоопкерчиликке тартылган адамдын түшүндүрмөлөрү жана ишти кароого катышып жаткан башка адамдардын көрсөтмөлөрү кароого алынгандыгы угулат, башка далилдер текшерилет. 

6. Администрациялык укук бузууларга тиешелүү иш боюнча токтом чыгаруу тартиби 

22. Ыйгарым укуктуу адам администрациялык укук бузууларга тиешелүү ишти кароонун жыйынтыгына ылайык төмөнкүлөр боюнча токтом чыгарат: 

- айыптык төлөмдү белгилөө жөнүндө

- ишти токтотуу жөнүндө

- ишти ведомствого караштуу деңгээлдерге (сотторго же ошол административдик укук бузуулар үчүн администрациялык өндүрүүнү жүргүзүүгө, алардын өлчөмүн белгилөөгө ыйгарым укуктуу органга, кызмат адамына) өткөрүп берүү жөнүндө

Токтомдордун, аныктамалардын формалары ушул нускоого кошо тиркелет (1-6 тиркемелер)

Токтом, ишти карап бүткөндөн кийин дароо жарыяланат

23. Администрациялык укук бузууларга тиешелүү иш боюнча токтомдун көчүрмөсү ага карата токтом чыгарылган адамга тилкат жаздырып алуу менен тапшырылууга же үч күн ичинде (бул тууралуу ошол ишке тиешелүү көктөмөдө чагылдырылат) ага жөнөтүлүүгө тийиш. Токтом, белгиленген тартипте ага даттануулар келип түшпөсө, даттануу мөөнөтү бүткөндөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет. 

Токтомдун көчүрмөсү жабырлануучуга да анын өтүнүчү боюнча берилиши мүмкүн. 

7. Администрациялык укук бузуулар боюнчаиштин жүрүшүнө жана токтомго карата даттануу тартиби 

24. Администрациялык укук бузууларга тиешелүү ага карата иш жүргүзүлүп жаткан адам ал боюнча Улуттук банктын Төрагасына (эгерде ошол ишти кароо Улуттук банктын Төрагасынын орун басарына тапшырылган болсо) же сотко даттанууга укуктуу. 

Ага карата иш жүргүзүлүп жаткан адам даттанууну кароо учурунда өз укугун коргоо үчүн ошол ишке байланыштуу протоколдордун жана материалдардын көчүрмөсүн алууга укуктуу. 

25. Улуттук банктын Төрагасы даттанууларды кароонун жыйынтыгы боюнча аны канааттандыруу же аны канааттандыруудан баш тартуу тууралуу токтом түрүндө чечим кабыл алат. 

26. Администрациялык укук бузууларга тиешелүү иш боюнча кабыл алынган токтомго карата даттануулар, токтом көчүрмөсү тапшырылган же ага карата администрациялык жаза чарасын белгилөө жөнүндө токтом чыгарылган адамга маалымдалгандан кийинки он күн ичинде Улуттук банктын Төрагасына (эгерде администрациялык укук бузууларга тиешелүү иш боюнча токтом Улуттук банктын Төрагасынын орун басары тарабынан чыгарылган болсо) же сотко жөнөтүлүшү мүмкүн. 

Эгерде Улуттук банктын Төрагасы ага карата токтом чыгарылган адамдын арызы боюнча даттанууну жүйөлүү себептерден улам убагында карай албай калган болсо, ал даттануумөөнөтүн калыбына келтирүүгө укуктуу. 

Даттануунун келип түшүүсү, администрациялык укук бузууларга тиешелүү иш боюнча токтомдун аткарылышын даттанууну кароого чейин токтотот. 

27.Администрациялык укук бузууларга тиешелүү иш боюнча токтомго даттануу келип түшкөн күндөн кийинки он күн ичинде каралууга тийиш. 

28. Улуттук банктын Төрагасы администрациялык укук бузууларга тиешелүү иш боюнча токтомго карата даттанууну кароо учурунда төмөнкүлөргө укуктуу: 

- токтомду өзгөртүүсүз, даттанууну канааттандыруусуз калтырууга; 

- администрациялык жаза чарасын колдонуусуз жана/же ага карата токтом чыгарылган адамдын абалынынначарлап кетишине жол бербестен токтомду өзгөртүүгө

- токтомду жокко чыгарып, администрациялык ишти кароо талаптарын олуттуу бузууга жол берилген шартта, ишти кайрадан кароого жөнөтүүгө

- токтомду жокко чыгарып, иштин жүрүшүндө Улуттук банктын ал ишти кароого укугу жоктугу аныкталса, ишти ведомствого караштуу деңгээлде кароого жөнөтүүгө

- токтомду жокко чыгарып,Кодекстин 549-беренесинде каралган жагдайлар орун алган шартта ишти токтотууга. 

Даттанууну кароонун жыйынтыгы боюнча чечим токтом түрүндө чыгарылат. 

Администрациялык укук бузууларга тиешелүү иш боюнча токтомго даттанууга карата чыгарылган токтомдун көчүрмөсү, ага карата токтом чыгарылган адамга жана анын өтүнүчү боюнча жабырлануучуга үч күн ичинде жөнөтүлөт. 

29. Администрациялык укук бузууларга тиешелүү токтом боюнча Кодексте белгиленген мөөнөттө жана тартипте сотко даттанууга болот.  

8. Жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтом талабын аткаруу 

30. Администрациялык жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтом талабын аткаруу Улуттук банктын ушул маселе анын компетенциясына кирген ыйгарым укуктуу бөлүмүнө жүктөлөт.  

31. Жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтом талабы, ал мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн кийинки алты ай ичинде аткарылууга тийиш. Администрациялык жоопкерчиликке тартылган адам жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтом талабын аткаруудан баш тарткан же аткаруу мөөнөтү жылдырылган шартта, мөөнөт аралыгы үзгүлтүккө учурайт.  

32. Администрациялык жоопкерчиликке тартылган адам жаза чарасын колдонуунун алкагында белгиленген айыптык төлөмдү тиешелүү токтом ага тапшырылган күндөн кийинки бир айдан кечиктирлбестен төлөөгө тийиш. 

33. Жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтомго карата даттануу келип түшсө жана даттануу канааттандырылбай тургандыгы ага маалымдалган болсо, айыптык төлөм администрациялык жоопкерчиликке тартылган адам тарабынан маалымат алынгандан кийинки он беш күндөн кечиктирбестен төлөнүүгө тийиш. 

34. Жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтом талабын ушул нускоонун 32-пунктунда каралган мөөнөттө аткаруу мүмкүн эместигин шарттаган жагдайлар орун алган учурда ыйгарым укуктуу адам аткаруу мөөнөтүн бир айга чейин кийинкиге жылдырууга укуктуу. 

35. Администрациялык жоопкерчиликке тартылган адам белгиленген айыптык төлөмдү ушул нускоонун 32-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө төлөй албай калган шартта жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтом, администрациялык жоопкерчиликке тартылган адам иштеген же ал сый акы алган юридикалык жактын администрациясынын дарегине айыптык төлөм суммасын анын эмгек акысынан же башка кирешесинен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мажбурлап өндүрүү үчүн жөнөтүлөт. Администрациялык айыптык төлөмдү кармап калуу,жаза чарасын колдонуу токтому тапшырылгандан кийинки бир айдан ашпаган мөөнөттө жүргүзүлөт. 

Администрациялык жоопкерчиликке тартылган адамдын эмгек акысынан же кирешелеринин башка түрлөрүнөн айыптык төлөмдү өндүрүү мүмкүн болбогон шартта тиешелүү токтом, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте мажбурлап аткартуу үчүн сот аткаруучусуна жөнөтүлөт.  

36. Администрациялык айыптык төлөм ушул нускоонун 32-пунктунда каралган мөөнөттө төлөнбөгөн шартта Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү административдик жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтомду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошол адамдын эсептеринен эсептеп алып коюу жолу аркылуу юридикалык жактын акча каражаттарынан же башка кирешелеринен өндүрүп алуу үчүн банкка же башка кредиттик мекемеге жөнөтөт. 

Банк же башка кредиттик мекеме администрациялык айыптык төлөм суммасын жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтомдо көрсөтүлгөн банктын тиешелүү мекемесине жөнөтүүгө милдеттүү. Юридикалык жактын эсептеринде акча каражаттары жок болсо, айыптык төлөм суммасын мажбурлап өндүрүү жөнүндө токтом Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, юридикалык жактын мүлкүнөн өндүрүүнү жүргүзүү үчүн сот аткаруучусуна жөнөтүлөт. 

Улуттук банктын ушул маселе анын компетенциясына кирген ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү айыптык төлөмдү өндүрүү жөнүндө токтомду Кодекске жана “Кыргыз Республикасында аткаруу иши жана сот аткаруучуларынын статусу жөнүндө” мыйзамга ылайык, анын талабынын аткарылышы максатында сот аткаруучусуна жөнөтөт.  

7. Айыптык төлөм анын негизинде толук өндүрүлгөн тиешелүү токтом, аткарылгандыгы тууралуу белги коюу менен ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмгө сактоого кайтарылып берилет. 

 

1-тиркеме 

 

Администрациялык укук бузуулар тууралуу 

ПРОТОКОЛ 

 

______________ 20 _____-жылдын « ____ » ____________. 

(түзүлгөн жери

_____________________________________________________________________________ 

(Улуттук банктын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн аталышы) атынан 

 

 

_____________________________________________________________________________ 

(Улуттук банктын кызматкеринин аты-жөнү, ээлеген кызмат орду, кызматтык күбөлүгүнүн номери)  

 

_____________________________________________________________________________ 

(администрациялык жоопкерчиликке тартылган _________________________ жүзөгө ашырган адамдын аты-жөнү) тарабынан Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдар чөйрөсүндө администрациялык укук бузууларга жол берилгендиги тууралуу ушул протоколду түзгөн 

Бул, Кыргыз Республикасынын Администрациялык Кодексинин _____ беренесинин талабын бузуу болуп саналат. 

Укук бузууга жол берген адам жөнүндө кошумча маалыматтар: 

Паспорттук маалыматтар: ___________________________ 

туулган жылы: ________________ 

Туулган жери: _________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

Катталган жери: _______________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

Айкын жашап турган жери: _____________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

Укук бузууга жол берген жердин дареги___________________________________________ 

Укук бузууга жол бергенкүн жана анын убактысы: _________________________________ 

Эскертүү:___________________________________________________________________(түшүндүрмө кат, кол коюудан баш тарткандыгы тууралуу акт

_____________________________________________________________________________ 

Байланыш маалыматтары: _____________________________________________________________________________ 

Улуттук банк тарабынан

_________________________ ______________________________ ________________ 

(аты-жөнү) (кызматы) (кол тамгасы

_________________________ _______________________________ ________________ 

(аты-жөнү) (кызматы) (кол тамгасы

 

Администрациялык жоопкерчиликке тартылган адам

_________________________ _______________________________ ________________ 

(аты-жөнү) (кызматы) (кол тамгасы

 

 

Эскертүү

1. Администрациялык жоопкерчиликке тартылган адам ишти кароого катышууга, тиешелүү материалдар менен таанышып чыгууга, түшүндүрмө берип, далилдерди келтирүүгө, жолдомо кат сунуштоого, жактоочунун юридикалык жардамынан пайдаланууга, өз эне тилинде же жакшы өздөштүргөн башка тилде түшүндүрмө берүүгө, тил билбеген шартта тилмечтин кызматынан пайдаланууга, иш боюнча кабыл алынган токтомго даттанууга (Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодекстин 570-беренеси) укуктуу; 

2. Ушул протоколду түзүүдө укук бузуучуга Кодекстин 570-беренесинде каралган анын укуктары жана милдеттери боюнча түшүндүрмө берилген, атап айтканда: 

570-берене. Укук бузуучунун укуктары жана милдеттери 

Администрациялык жоопкерчиликке тартылган адам иштин материалдары менен таанышууга, түшүндүрмөлөрдү берүүгө, далилдерди келтирүүгө, өтүнүч кат менен кайрылууга, администрациялык кармоо жөнүндө туугандарына жана жакындарына маалымдоого, жактоочунун юридикалык жардамынан пайдаланууга, эне тилинде же билген тилде чыгып сүйлөөгө жана тергөө жүргүзүлүп жаткан тилди билбесе, тилмечтинкызматын пайдаланууга, иш боюнча токтомго даттанууга укуктуу. 

Администрациялык укук бузууларга тиешелүү иш администрациялык жоопкерчиликке тартылган адамдын катышуусу менен каралат. Ал ушул Кодекстин 559-беренесинин 3-пунктунда каралган же адам жокто ишти кароонун орду жана убактысы жөнүндө ага өз убагында кабарлоо тууралуу маалыматтар болгон учурларда жана эгерде ишти кароону кийинкиге калтыруу жөнүндө андан өтүнүч келип түшпөгөн учурларда гана иш каралышы мүмкүн. Ал соттун же ички иштер органынын чакыруусу боюнча келүүдөн баш тарткан учурда ушул Кодекстин 561-беренесинде каралгандай келүүгө мажбурланууга тийиш

 

 

Укук бузуучунун укуктары жана милдеттери менен таанышып чыктым:  

________________________________ ________ 

(кол тамга, күн

 

2-тиркеме 

 

Айыптык төлөм өндүрүү жөнүндө 

ТОКТОМ  

 

_______________ 20__ -жылдын “_____” 

(токтом чыгарылган жер) 

Мен, ___________________________________________________________________ 

(ыйгарым өкүлдүн аты-жөнү

_____________________________________________________________________________ 

 

_____________________________________________________________________________ 

 

_____________________________________________________________________________ 

(администрациялык жоопкерчиликке тартылган адамдын аты-жөнү/ жактын аталышы) 

 

________________-жылы туулган «____»__________________ туулган жери___________ 

 

_____________________________________________________________________________ 

иштеген жери  

 

Кыргыз Республикасынын банктык мыйзам чөйрөсүндө администрациялык укук бузууларга тиешелүү № _______ иштин материалын карап көрүү менен:  

______________________________________________________фактыларды аныктаган.  

(ишти кароо учурунда бузууга жол берилген беренелер

_____________________________________________________________________________ 

(аты-жөнү, паспорттук маалыматтар, катталган жери, айкын жашап турган жери

 

Кыргыз Республикасынын “Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө” Кодексинин _______беренесине ылайык __________________________сом өлчөмүндө айыптык төлөм  

(сумма сандар менен

 

белгилөөгө тиешелүү токтом кабыл алат. 

Мамлекеттик бюджеттин пайдасына айыптык төлөмдүн суммасын чегерилген.____________________________________________________________________ 

(суммасы жазуу жүзүндө

Эгерде Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодекстин 589-беренесинин 8-пунктуна ылайык доо арызы менен кайрылбаган учурда, бул токтом даттануу мөөнөтү бүткөндөн кийин күчүнө кирет. Токтомдун даттануу мөөнөтү аталган кодекстин 597-беренесине ылайык белгиленет. 

___________________________________ Төраганын орун басары  

____________________________________________ токтомдун көчүрмөсүн алдым. 

(укук бузуучунун аты-жөнү, (кол тамгасы)(күнү

 

 

3-тиркеме 

Администрациялык укук бузууларга тиешелүү ишти токтотуутууралуу 

ТОКТОМ 

___________________________ 

  

«____» __________ 20___ 

(чыгарылген жери) 

  

(чыгарылган күнү

  

Мен, ___________________________________________________________________ 

(токтом чыгарган адамдын аты-жөнү, кызматы) 

______________________________тарабынан (администрациялык жоопкерчиликке тартылган адамдын аты-жөнү, дареги) банктык мыйзам чөйрөсүндө администрациялык укук бузууларга тиешелүү № _______ иштин материалдарын карап көрүү менен: 

________________________________________________ белгилеген (ишти кароо учурунда белгиленген жагдайлар)  

бул_______________________________________ бузгандыгы катары саналбагандыктан (берене, ченемдик акт) 

________________________________________________ Кыргыз Республикасынын банк мыйзамынын талаптарын бузбагандыгы үчүн ________________________________ карата (аталышы же администрациялык жоопкерчиликке тартылган адамдын аты-жөнү)администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти токтотуу тууралуу токтом чыгарат. 

  

_________________________________ (токтом чыгарган адамдын аты-жөнү) ____________________ (кол тамга

  

 

 

 

4-тиркеме 

 

АНЫКТАМА  

________________________ ____ -жылдын "____""__________"  

(чыгарылган жери) (чыгарылган күнү

 

Мен, _____________________________________________________________________________ 

(аныктама чыгарган адамдын аты-жөнү, кызмат орду) 

______________________________ ______________________________________тарабынан  

(администрациялык жоопкерчиликке тартылган адамдын аты-жөнү, дареги) (берене, ченемдик акт) Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексинин 363-беренеси боюнча администрациялык укук бузуулар боюнча ишти тиешелүү корутундуну/кызматтык иш боюнча тил катты жана башка документтерди карап көрүп, аталган кодекстин 363, 547-1-беренелерине таянуу менен төмөнкүдөй аныктама чыгарган: 

 

1. Административдик укук бузууларга тиешелүү иш козголсун; 

2. Ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм административдик териштирүүлөрдү жүргүзсүн. 

(кызмат адамынын аты-жөнү, кол тамгасы)  

 

5-тиркеме 

Администрациялык укук бузууларга тиешелүү ишти кароону өткөрүп берүү жөнүндө 

АНЫКТАМА  

___________________________ 

  

_____ -жылдын "____""__________". 

(чыгарылган жер

  

(чыгарылган күнү

  

Мен, ___________________________________________________________________ 

(аныктама чыгарган кызмат адамынын аты-жөнү, кызмат орду

______________________________тарабынан ______________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

(администрациялык жоопкерчиликке тартылган адамдын аты-жөнү, дареги) 

банктык мыйзамдар чөйрөсүндө администрациялык укук бузууларга тиешелүү №_______ иштин материалдарын карап көрүү менен _____________________________________________________________________________ 

(ишти кароо учурунда аныкталган жагдайлар) төмөнкүлөрдү аныктаган. 

Бул ____________________________________________________________________ 

(берене, ченемдик акт) 

(бузуу болуп саналгандыктан, администрациялык укук бузууларга тиешелүү №_____ ишти _____________________________________________________________________________ 

(соттун, ошол укук бузуулар үчүн жаза чарасын колдонууга укуктуу органдын аталышы) 

 

кароосуна өткөрүп берүү жөнүндө токтом чыгарат. 

 

 

 

_______________________________________________ 

(аныктаманы чыгарган адамдын аты-жөнү

_______________________________________________ ( 

кол тамгасы

 

 

 

 

6-тиркеме 

Администрациялык укук бузууларга тиешелүү ишти кароону кийинкиге калтыруу жөнүндө 

АНЫКТАМА  

 

 

___________________________ 

  

_____ -жылдын «____»__________". 

(чыгарылган жери

  

(чыгарылган күнү

  

Мен, ____________________________________________________________________ 

(аныктама чыгарган кызмат адамынын аты-жөнү, кызмат орду

 

______________________________тарабынан ______________________________________ 

(администрациялык жоопкерчиликке тартылган адамдын аты-жөнү

 

банктык мыйзамдар чөйрөсүндө администрациялык укук бузууларга тиешелүү №_______  

 

иштин материалдарын карап көрүү менен _________________________________________ 

 

_____________________________________________________________________________ 

(ишти кароо учурунда аныкталган жагдайлар) 

төмөнкүлөрдү аныктады (кийинкиге калтыруу себептери баяндалат:тараптардын өтүнүч каттары, кошумча материалдарды талап кылуу зарылчылыгы, тиешелүү жактарды ишке тартуу ж.б.): 

1. №______иш боюнча угууну кийинкиге калтыруу; 

2. №______иш 20____-жылдын “____”-_________карала тургандыгын белгилөө

3. 20____-жылдын “____”-_________чейинки мөөнөттө кошумча документтерди берүү

4. Ишти кароого ____________________тартуу. 

____________________________________ _____________ 

(аныктаманы чыгарган адамдын аты-жөнү) (кол тамгасы)