Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 25-ноябрындагы № 71/12 токтому 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдорун күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдору күчүн жоготкон катары таанылсын: 

- 1999-жылдын 25-мартындагы №20/7 «Кыргыз Республикасында төлөм системасын жөнгө салуу боюнча негизги жоболор жөнүндө»; 

- 2001-жылдын 16-февралындагы №3/6 «Кыргыз Республикасында төлөм системасын жөнгө салуу боюнча негизги жоболор жөнүндө» документке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө». 

2. Юридика башкармалыгы: 

- бул токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомдун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен республиканын коммерциялык банктарын, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Жеенбаевага ыйгарылсын.  

 

 

Төрага Т. Абдыгулов