Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 25-ноябрындагы 71/6 токтому 

 

 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы 10/15 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо» эрежелерин бекитүү тууралуу»  

токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7, 17 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы 10/15 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо» эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо эрежелерине карата 2-тиркемедеги

- Кыргыз сомуна карата расмий курстары Улуттук банк тарабынан жума сайын белгиленүүчү чет өлкө валюталарынын тизмеги төмөнкү мазмундагы 40-пункт менен толукталсын

“40. Сауд риялы”.  

2. Токтом 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет

3. Юридика башкармалыгы

- ушул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен республиканын коммерциялык банктарын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетин, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н. Жеңиш мырзага жүктөлсүн

 

Төрага Т. Абдыгулов