Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 

2015-жылдын 9-декабрындагы 76/7 токтому 

 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы 25/11 «Кыргыз Республикасында Эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу айкын убакыт ыргагында электрондук билдирүүлөрдү өткөрүү тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө  

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы 25/11 «Кыргыз Республикасында Эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу айкын убакыт ыргагында электрондук билдирүүлөрдү өткөрүү тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.  

2. Юридика башкармалыгы:  

бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын

расмий жарыялангандан кийин бул токтомдун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасы Юстиция министрлигине жөнөтсүн

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен республиканын коммерциялык банктарын тааныштырсын

5. Документ менен иштөө жана коммуникация башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым ЛОрозбаевага ыйгарылсын.  

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 9-декабрындагы 

76\7 токтомуна карата тиркеме 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы 25/11 «Кыргыз Республикасында Эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу айкын убакыт ыргагында электрондук билдирүүлөрдү өткөрүү тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы 25/11 «Кыргыз Республикасында Эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу айкын убакыт ыргагында электрондук билдирүүлөрдү өткөрүү тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин

1. токтомдун аталышындагы жана бүтүндөй текстиндеги «гросстук системасы аркылуу айкын убакыт ыргагында электрондук билдирүүлөрдү өткөрүү» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «гросстук системасы аркылуу айкын убакыт ыргагында төлөмдөрдү өткөрүү жана эсетешүүлөрдү жүргүзүү» дегенге алмаштырылсын

2. жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында Эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу айкын убакыт ыргагында электрондук билдирүүлөрдү өткөрүү тартиби жөнүндө» нускоонун

1) аталышындагы жана бүтүндөй текстиндеги «гросстук системасы аркылуу айкын убакыт ыргагында электрондук билдирүүлөрдү өткөрүү» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «гросстук системасы аркылуу айкын убакыт ыргагында төлөмдөрдү өткөрүү жана эсетешүүлөрдү жүргүзүү» дегенге алмаштырылсын

2) бүтүндөй текст боюнча «банк-төлөөчү» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «катышуучу-төлөөчү» дегенге алмаштырылсын

3) 1.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«1.1. Бул нускоо Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө», «Электрондук документ жана электрондук цифралык кол тамга жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдарына, Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы 38/4 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) жүргүзүү саясатына», Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуттук банктын 2005-жылдын 9-сентябрындагы 420/21/4 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында нак эмес эсептешүүлөр жөнүндө» жана Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 1-июнундагы 29/3 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы жөнүндө» жоболоруна жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башка ченемдик укуктук актыларына (мындан ары Улуттук банк) ылайык иштелип чыккан.»; 

4) 1.2-пункттагы «берүү жана иштеп чыгуу» деген сөздөр «кагаз бетине чыгарылган төлөм документтерин жана» деген сөздөр менен толукталсын

5) 1.3-пункттагы «келишим» деген сөз «Башкы келишим» дегенге алмаштырылсын

6) 1.4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«1.4. Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасында тобокелдиктерди тескөө принциптери жана ыкмалары, Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-майындагы 16/4 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын төлөм системасында тобокелдиктерди тескөө саясатында» жана Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 1-июнунда кабыл алынган 29/3 «Кыргыз Республикасында айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы жөнүндө» жободо келтирилген.»; 

7) 1.6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«1.6. Ушул нускоодо пайдаланылган терминдер жана аныктамалар, ченемдик укуктук актыларда келтирилген, ушул нускоонун 1.1-пунктунда белгиленген терминдерге жана аныктамаларга дал келет. Буга кошумча бул нускоодо төмөнкү терминдер жана аныктамалар пайдаланылат.  

Баштапкы төлөм документи Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик актыларына ылайык таризделинген, төлөм жүргүзүлгөндүгүн тастыктаган кагаз бетине чыгарылган же электрондук формадагы төлөм документи.  

Эсептешүү мезгил аралыгы системанын катышуучулары ортосунда милдеттенмелерди жөнгө салуу жана кезекте турган төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн каралган системанын операциялык күн аралыгы.»; 

8) 1.8-пункттагы жана бүтүндөй текст боюнча «Катышуучу» деген сөз тиешелүү жөндөмөдө «катышуучу» дегенге алмаштырылсын

9) 2-бөлүктүн аталышы төмөнкү редакцияда берилсин

«2. Катышуучу-төлөөчүнүн айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасында төлөм документтерин даярдоо жана өткөрүп берүү»; 

10) 2.1-пункттун төртүнчү сүйлөмүндөгү «кайтарылып алынгыс жана» деген сөздөр «кардар-төлөөчүнүн эсебинен каражаттар алынып салынган учурдан тартып бул төлөм ал үчүн саналат» деген сөздөр менен толукталсын;  

11) 3-бөлүктүн аталышы төмөнкү редакцияда берилсин

«3. Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасында төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби»; 

12) 3.1-пункттун 3.1.1-пунктчасынын

таблицанын тогузунчу сабындагы «баштапкы өчүрүү» деген сөздөр «(эсептешүү мезгил аралыгы деген сөздөр менен толукталсын; 

экинчи абзацтагы «КР» аббревиатурасы «Кыргыз Республикасынын» дегенге алмаштырылсын; 

таблицанын экинчи сабындагы «баштапкы өчүрүү» деген сөздөр «(эсептешүү мезгил аралыгы деген сөздөр менен толукталсын

13) 3.4-пунктунун: 

3.4.4-пунктчасындагы жана бүтүндөй тексттеги «КРУБ» аббревиатурасы тиешелүү жөндөмөдөгү «Улуттук банк» деген сөздөргө алмаштырылсын

3.4.7-пунктча төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын

«Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасында жыйынтыктап эсептешүү шартсыз жана кайтаралып алынгыс болуп саналат.»; 

3.4.8-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.4.8. Катышуучу-төлөөчү, ага төлөм аткарууга кабыл алынгандыгы жөнүндө тастыктама берилген жана анын эсебинен каражаттар алынган учурдан тартып төлөм документтери Эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын операторуна өткөрүлүп берилгенге чейин төлөм документтеринин жана билдирмелердин туура өткөрүлүшү үчүн жоопкерчилик тартат.»; 

Төмөнкү мазмундагы 3.4.9 жана 3.4.10-пунктчалар менен толукталсын

«3.4.9. Эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын оператору, катышуучу-төлөөчүгө төлөм аткарууга кабыл алынгандыгы жөнүндө тастыктама берилген учурдан тартып катышуучулардын Улуттук банкта ачылган корреспонденттик (күндөлүк) эсептери боюнча жыйынтыктап эсептешүү жүргүзүлгөнгө чейин төлөмдүн жүргүзүлүшү үчүн жоопкерчилик тартат

3.4.10. Катышуучу-алуучу, анын Улуттук банктагы корреспонденттик (күндөлүк) эсебине каражаттар чегерилген учурдан тартып алынган каражаттар катышуучу-алуучунун эсебине чегерилгенге чейин жоопкерчилик тартат.»; 

14) 3.5-пункттун 3.5.2.-пунктчасындагы жана бүтүндөй текст боюнча «банк-алуучу» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «катышуучу-алуучу» дегенге алмаштырылсын; 

15) 3.9-пункттун 3.9.1-пунктчасынын үчүнчү сүйлөмүндөгү «жана төлөмдөрү кезекте турган катышуучулардын позицияларын жөнгө салуу үчүн каралган» деген сөздөр алынып салынсын

16) 4.1, 4.2-пункттар төмөнкү редакцияда берилсин

«4.1. Эсептешүүлөрдүн гросстук системасында бардык төлөмдөр жана эсептешүүлөр, катышуучу-төлөөчүнүн Улуттук банкта ачылган корреспонденттик (күндөлүк) эсебиндеги кредит калдыгынын чегинде гана жүргүзүлөт

4.2Катышуучу-төлөөчүнүн Улуттук банкта ачылган корреспонденттик (күндөлүк) эсебинде каражат жетишсиз болгон учурда, ал төлөм кезекке жайгаштырылат.»; 

17) 4.3-пунктунун: 

экинчи абзацындагы «өтүшүнө» деген сөз «иштелип чыгышына» дегенге алмаштырылсын; 

үчүнчү абзац төмөнкү редакцияда берилсин

«Улуттук банкта ачылган өз корреспонденттик (күндөлүк) эсебиндеги каражаттарынын калдыгына айкын убакыт ыргагында мониторинг жүргүзөт;»; 

18) 4.4-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин

«Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, бир күндүк кредит жана овернайт кредитин алуу үчүн Улуттук банкка кайрылышат;»; 

19) 5.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«5.1. Улуттук банк тарабынан Эсептешүүлөрдүн гросстук системасында төлөмдөрдү иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтер, Улуттук банк Башкармасынын 2002-жылдын 23-ноябрындагы 45/11 токтому менен бекитилген «Баа түзүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди белгилөө саясатына» ылайык Эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын оператору тарабынан белгиленет, ал Улуттук банк Башкармасы тарабынан бекитилет жана Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланат.»; 

20) 6.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«6.1. Эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын катышуучулары бардык жөнөтүлгөн жана алынган электрондук төлөм документтердин жана билдирмелердин архивин жүргүзөт жана алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөттөрдүн чегинде сакталышын камсыз кылышат.»; 

21) 7.2-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын

22) 7.3-пункттагы «ылайык» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана» деген сөздөр менен толукталсын; 

23) 7.4 жана 7.5-пункттар күчүн жоготкон катары таанылсын.