Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2015-жылдын 23-декабрынын 78/\23 токтому 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк БашкармасыКыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөмыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык токтом кылат

 

1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин

· 2004-жылдын 21-июлундагы 18/1 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик мекемелер милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгүжобону бекитүү тууралуу”;  

· 2004-жылдын 21-июлундагы 18/2 “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын адекваттулугунун (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнчанускоонун жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө”; 

· 2009-жылдын 28-декабрындагы 51/4 “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү тууралуу”; 

· 2004-жылдын 21-июлундагы 18/3 “Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгүжобонун жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө”; 

· 2009-жылдын 28-декабрындагы 51/6 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө”; 

· 2005-жылдын 25-августундагы  26/5 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө”; 

· 2011-жылдын 30-мартындагы 20/4 “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө”. 

2. Бул токтом, Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы 26/5 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндөтоктомуна жана 2011-жылдын 30-мартындагы 20/4 “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндөтоктомуна сунушталган, 2016-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кире турган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске албаганда, расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы 18/3 “Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгүжобонун жаңы редакциясын бекитүү жөнүндөтоктомуна ылайыкАктивдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөжобонун 4.3.5-пункту, ушул токтом күчүнө кирген күндөн кийинки алты ай ичинде күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы

токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын

токтом расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, “Кыргыз банктар бирлигиюридикалык жактар бирикмесин, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л. Орозбаевага ыйгарылсын

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 23- декабрындагы  78/23 токтомуна 

тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы 18/1 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик мекемелер милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгүжобону бекитүү тууралуутоктомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилгенКыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик мекемелер милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгүжобонун

1) 1.1-пунктундагыбардык коммерциялык банктаргадеген сөздөр “, анын ичинде банк операцияларын жүзөгө ашырууда колдонулган атайы терминдерди эске алуу менен ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктаргадеген сөздөр менен толукталсын

2) 4.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

“4.1. Ликвиддүүлүк ченеми (К3.1) 45%дан төмөн болбогон деңгээлде колдоого алынып турууга тийиш.”; 

3) 4.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

“4.2. Ликвиддүүлүк ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат

К3.1 = (ЛА / ОБ)*100%, мында

1) ЛА ликвиддүү активдер, аларга төмөнкүлөр кирет

- банктын кассасындагы улуттук жана чет өлкө валютасындагы нак акча каражаттары

- Улуттук банктагы корреспонденттик эсептердеги каражаттар

- банктардагы корреспонденттик эсептердеги каражаттар

- төлөө мөөнөтү 7 күндү түзгөн банктар аралык депозиттер

- мамлекеттик казына векселдери жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуттук банк тарабынан чыгарылган башка жогорку ликвиддүү баалуу кагаздар (мындан ары жогорку ликвиддүү баалуу кагаздар”). Бул баалуу кагаздар ликвиддүүлүк ченемин эсептөөдө сый акыны (дисконтту) жана өздөштүрүлбөгөн (реализацияланбаган) пайданы (чыгымды) минуска чыгаруу менен эсепке алынат

- репо-келишими боюнча сатылып алынган жогорку ликвиддүү баалуу кагаздар

2) БМ банктын милдеттенмелери, ликвиддүүлүк ченемин эсептөөдө аларга төмөнкүлөр кирет

- юридикалык жактардын жана жеке адамдардын улуттук жана чет өлкө валютасындагы талап боюнча төлөнүүчү депозиттери, ошондой эле эсептешүүдөгү акча каражаттары

- эгерде келишим шарттарында акча каражаттарын бөлүп толуктоо жана/же азайтылбаган калдыкты эске албаганда, келишимди токтотуусуз жана айыптык пайыздык чендерди төлөөсүз эле, кардар тарабынан мөөнөтү бүткөнгө же башка милдеттенмелер келип чыкканга чейин эле акча каражаттарын алуу мүмкүнчүлүгү каралган болсо, мөөнөттүү аманат (депозит) суммасы

- банк тарабынан чыгарылган векселдерди жана башка баалуу кагаздарды кошо алганда, кайсы болбосун башка милдеттенмелер, кайтарым репо-келишими боюнча сатылган баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелер, ошондой эле алар боюнча эсептешүү отчеттук күндөн кийинки 30 күн ичинде келип жеткен, баланстан тышкаркы милдеттенмелер.”; 

4) 4.4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

“4.4. Банктын милдеттенмелери боюнча камсыздоо болуп саналган кайсы болбосун ликвиддүү активдер, ошондой эле репо-келишими боюнча сатылган жогорку ликвиддүү баалуу кагаздар ликвиддүү активдердин курамынан чыгарылат.”; 

5) жобо төмөнкү мазмундагы 4.8.- 4.17-пункттар менен толукталсын

“4.8. Кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк ченемин (К3.2) 35%дан төмөн болбогон деңгээлде колдоп туруу зарыл

4.9. Кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк ченеми (К3.2) төмөнкү формула боюнча аныкталат

К3.2 = (ВЛА / КОБ)*100, мында

1) ВЛА жогорку ликвиддүү активдер, аларга төмөнкүлөр кирет

а) банктын кассасындагы улуттук жана чет өлкө валютасындагы нак акча каражаттары

б) Улуттук банктагы корреспонденттик жана башка эсептердеги каражаттар

в) аффилирленген банктарды эске албаганда, “Standard & Poor's” (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган, “BB” категориясынан төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге же башка эл аралык рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган ушундай эле рейтингге ээ банктардагы корреспонденттик эсептердеги каражаттар

г) эгерде келишим шарттарында депозитти 7 күн ичинде алуу каралса, аффилирленген банктарды эске албаганда, “Standard & Poor's” (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган, “BB” категориясынан төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге же башка эл аралык рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган ушундай эле рейтингге ээ банктардагы депозиттер

д) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталары

е) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган, төлөө мөөнөтү 7 күнгө чейин каралган мамлекеттик баалуу кагаздар;  

ж) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган, мамлекеттик баалуу кагаздардын (ушул жобонун 4.9-пунктунунепунктчасында көрсөтүлгөн мамлекеттик баалуу кагаздарды эске албаганда) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун алдындагы милдеттенмелеринин жалпы суммасынын 50%ынан ашпаган өлчөмдөгү үлүшү;  

з) репо-келишими боюнча сатылып алынган жогорку ликвиддүү баалуу кагаздар

2) КОБ кыска мөөнөттүү милдеттенмелер:  

а) юридикалык жактардын жана жеке адамдардын улуттук жана чет өлкө валютасындагы талап боюнча төлөнүүчү депозиттери, эсептешүүдөгү акча каражаттары;  

б) эгерде келишим шарттарында акча каражаттарын бөлүп толуктоо жана/же азайтылбаган калдыкты эске албаганда, келишимди токтотуусуз жана айыптык пайыздык чендерди төлөөсүз эле, кардар тарабынан мөөнөтү бүткөнгө же башка милдеттенмелер келип чыкканга чейин эле акча каражаттарын алуу мүмкүнчүлүгү каралган болсо, мөөнөттүү аманат (депозит) суммасы

в) башка милдеттенмелер, анын ичинде алар боюнча эсептешүүлөр 7 күн ичинде жүзөгө ашырылууга тийиш болгон баланстан тышкаркы милдеттенмелер

г) ушул пунктчанынавабзацтарына кирбеген, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусу алдындагы милдеттенмелердин жалпы суммасынын 50%ы.  

4.10. Банктын милдеттенмеси боюнча камсыздоо болуп саналган, кандай болбосун ликвиддүү активдер, ошондой эле репо-келишими боюнча сатылган жогорку ликвиддүү баалуу кагаздар, ликвиддүү активдердин курамынан чыгарылат

4.11. Кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк тобокелдигин басаңдатуу максатында, банк жетекчилиги активдерди жана милдеттенмелерди күн сайын тескөөгө алып турууга тийиш. Банк, орточо жумалык маалыматтардын негизинде (7 календардык күн) иш күндөрүн, эс алуу күндөрүн жана майрам күндөрүн кошо алганда, отчеттук жума ичинде кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк ченемин сакталышын камсыз кылууга тийиш. Орточо жумалык маалыматтарды эсептөөдө, операциялык күндүн акырына карата абал боюнча күндөлүк маалыматтар эсепке алынат. Орточо көрсөткүчтөр орточо арифметикалык маалыматтарды эсептөө ыкмасында эсептелинет.  

4.12. Ликвиддүүлүктү дароо толуктоо ченемин (К3.3) депозиттик базасы (юридикалык жактардын, жеке адамдардын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун эсептери) бүтүндөй банк тутумунун депозиттик базасынын 8%ын жана андан көбүрөөгүн түзгөн банктар колдоого алып турууга тийиш.  

4.12. Ликвиддүүлүктү дароо толуктоо ченеми (К3.3) төмөнкү формула боюнча аныкталат

К3.3 = (ВЛА / КОБ)*100%, мында

1) ВЛА жогорку ликвиддүү активдер:  

- банкоматтардагы акча каражаттарын кошпогондо, банктын кассасындагы улуттук жана чет өлкө валютасындагы нак акча каражаттары

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы корреспонденттик жана башка эсептердеги каражаттар

- аффилирленген банктарды эске албаганда, “Standard & Poor's” (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган, “BB” категориясынан төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге же башка эл аралык рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган ушундай эле рейтингге ээ банктардагы корреспонденттик эсептердеги каражаттар

2) КОБ кыска мөөнөттүү милдеттенмелер:  

- юридикалык жактардын жана жеке адамдардын улуттук жана чет өлкө валютасындагы талап боюнча төлөнүүчү депозиттери, эсептешүүлөрдөгү акча каражаттар

- башка милдеттенмелер, анын ичинде алар боюнча эсептешүүлөр отчеттук операциялык күн ичинде ишке ашырылган баланстан тышкаркы милдеттенмелер

4.14. Кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк тобокелдигин басаңдатуу максатында, банк жетекчилиги активдерди жана милдеттенмелерди күн сайын тескөөгө алып турууга тийиш. Банк дароо толуктоо ченемин отчеттук операциялык күндүн акырына карата да так сактоого тийиш

4.15. Банктын тобокелдикти тескөө саясаты кыска мөөнөттүү жана дароо толукталчу ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө жөнүндө жобону камтууга тийиш, анда эң аз дегенде төмөнкүлөр камтылуусу зарыл

- каражаттардын күндөлүк агылып кирүүсүн жана агылып чыгуусун өлчөө жана ага мониторинг жүргүзүү, ошондой эле кыска мөөнөттүү жана дароо толукталчу ликвиддүүлүккө болгон күндөлүк керектөөнү контролдоо үчүн банктын жогорку ликвиддүү активдеринин жана кыска мөөнөттүү милдеттенмелерин ордун жабуу мөөнөттөрүндөгү ажырымга күндөлүк мониторинг жүргүзүүнү

- зарыл болгон кыска мөөнөттүү жана дароо толукталчу ликвиддүүлүктү болжолдоону

- депозиттик базанын түзүмүнө жана туруктуулугуна баа берүүнү

- ресурстардын наркын

- акча рыногунда карыз алуу жөндөмдүүлүгүн

- активдердин сапатын

- баланстан тышкаркы милдеттенмелердин аткарылышын

- ликвиддүүлүккө байланыштуу кооптуу жагдайлар келип чыккан шартка карата пландаштырууну

- чет өлкө валютасындагы ликвиддүүлүктү тескөөнү

- кыска мөөнөттүү жана дароо толукталчу ликвиддүүлүк тобокелдигинин тескөөгө алынышына ички контролдукту

- жетекчиликке сунушталуучу отчетторду

4.16. Дароо толукталчу ликвиддүүлүк ченемин (К3.3) сактоого тийиш болгон банктардын тизмеги, ошондой эле айкын бир банк үчүн ченемдин (К3.3) мааниси Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан белгиленет.  

4.17. (К3.1), (К3.2) жана (К3.3) ченемдери Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына таркатылбайт. ”; 

6) 11.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

“11.1. Банктын Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөттөрүнүн жана Борбордук банктарынын баалуу кагаздарына инвестициялоосунун жалпы өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын 100% өлчөмүнөн ашпоого тийиш. Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмуна мүчө-мамлекеттердин тизмеги www.oecd.org. дареги боюнча расмий сайтында жайгаштырылган.”; 

7) 13-бөлүктүн аталышындагыэкономикалык ченемдердеген сөздөржана банктын капиталынын кошумча запасын колдоо (“капитал буферикөрсөткүчү)” деген сөздөр менен толукталсын

8) 13.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

“13.1. Банктар бардык экономикалык ченемдерди күндөлүк негизде (ликвиддүүлүк ченемин, кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк ченемин жана жеке адамдардын талап боюнча төлөнгөн депозиттери боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эске албаганда) сактоого тийиш. Ликвиддүүлүктүн жана жеке адамдардын талап боюнча төлөнгөн депозиттери боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемдери отчеттук мезгил ичинде (бир ай) сакталат. Кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк ченеми отчеттук мезгил ичинде (бир жума) сакталууга тийиш. Банктар күн сайын капиталдын кошумча запасын колдоп турушу зарыл (“капитал буферикөрсөткүчү). 

Экономикалык ченемдердин жана талаптардын банктар тарабынан сакталышын, капиталдын кошумча запасынын колдоого алынышын (“капитал буферикөрсөткүчү) текшерүү бухгалтердик баланстын негизинде кайсы болбосун күнгө карата абал боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн. Алар күндөлүк/жумалык негизде эсептеленүүгө тийиш.”; 

9) жобого карата 4-эскертүү күчүн жоготкон катары таанылсын;  

10) 1-тиркеменин

- 1-таблицасынын

- Экономикалык ченемдер жана талаптардеп аталган сабы төмөнкү редакцияда берилсин

“ 

Экономикалык ченемдердин жана талаптардын аталышы, банк капиталынын кошумча запасы (“капитал буферикөрсөткүчү)  

Белгилөөлөр 

Ченемди жана банктын капиталынын кошумча запасын (“капитал буферикөрсөткүчүн) эсептөө 

Ченемдин жана банктын капиталынын кошумча запасынынын (“капитал буферикөрсөткүчүнүн) айкын мааниси 

Ченемдин жана банктын капиталынын кошумча запасынынын (“капитал буферикөрсөткүчүнүн) маанисин белгилөө 

Ченемдин жана банктын капиталынын кошумча запасынынын (“капитал буферикөрсөткүчүнүн) белгиленген маанисинен четтөөлөр 

”; 

-  “Ликвиддүүлүк ченемисабы төмөнкү редакцияда берилсин

“ 

Ликвиддүүлүк ченеми 

К3.1 

ЛА 

----- 

ОБ 

 

----- 

  

кеминде 45%  

 

  

”; 

төмөнкү редакциядагы 10-сап менен толукталсын:  

“ 

Банк капиталынын кошумча запасы (“капитал буферикөрсөткүчү)  

 

ЧСК 

------ 

ЧРА 

 

----- 

 

кеминде __% 

(маанисин көрсөткүлө)  

 

  

”; 

- 2-таблицанын

- К3 ченеми = ЛА/ОБдеген сапК3.1 ченеми = (ЛА / ОБ)*100%” деген сап менен алмаштырылсын

- төмөнкү мазмундагыГ жана Дтаблицалары менен толукталсын

Г. Кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк (К3.2) ченеминин сакталышы жөнүндө отчет 

Күнү  

К3.2 

ВЛА 

КОБ 

Айкын мааниси 

дд.мм.гггг 

  

 

  

дд.мм.гггг 

  

 

  

дд.мм.гггг 

  

 

  

... 

  

 

  

жума ичинде орточо алганда 

 

 

 

 

кызмат орду  

кол тамгасы 

аты -жөнү 

___________________ 

___________________ 

_____________________ 

Д. Дароо толукталуучу ликвиддүүлүк (К3.3) ченеминин сакталышы жөнүндө күндөлүк отчет 

Күнү  

К3.3 

ВЛА 

КОБ 

Айкын мааниси 

20__ ж. 1-октябры 

  

  

  

20__ ж. 2-октябры 

  

  

  

20__ ж. 3-октябры 

  

  

  

... 

  

  

  

... 

  

  

  

... 

  

  

  

20_ ж. 30-октябры 

  

  

  

 

кызмат орду  

кол тамгасы 

аты -жөнү 

___________________ 

___________________ 

_____________________”; 

 

11) 2-тиркеменин

- таблицанын аталышындагыэкономикалык ченемдердеген сөздөржана банк капиталынын кошумча запасын колдоо (“капитал буферикөрсөткүчү)” деген сөздөр менен толукталсын

- таблицанын

“ 

Банктын ликвиддүүлүк ченеми (К3) 

кеминде 30%  

  

деген сабы төмөнкү редакцияда берилсин

“ 

Банктын ликвиддүүлүк ченеми (К3.1) 

кеминде 45%  

  

”; 

- төмөнкү мазмундагы 12-сап менен толукталсын

“ 

Банк капиталынын кошумча запасы ( «капитал буфери» көрсөткүчү

 

ЧСК 

------ 

ЧРА 

 

----- 

 

кеминде __% 

(маанисин көрсөткүлө)  

 

  

”. 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы 18/2 “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын адекваттулугунун (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнчанускоонун жаңы редакциясын бекитүү жөнүндөтоктомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилгенКыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын адекваттулугунун (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнчанускоо

- төмөнкү мазмундагы 2.4.-2.6-пункттар менен толукталсын

“2.4. Банктын финансылык туруктуулугун жана анын иш ыргагын сактоо максатында, дивиденддерди төлөө үчүнбанк капиталынын кошумча запасын” (“капитал буферикөрсөткүчүн) колдоого алуу жөнүндө талап белгиленет. “Капитал буферикөрсөткүчү суммардык капиталдын шайкештик коэффициентин эсептегендей эле аныкталат. “Капитал буферимааниси 18% өлчөмүндө белгиленет. Кардарларынын депозиттеринин жана кредиттеринин үлүшү бүтүндөй банк тутумунун депозиттеринин жана кредиттеринин жалпы суммасынын, тиешелүүлүгүнө жараша 8% жана көбүрөөгүн түзгөн банктар үчүнкапитал буферинкеминде 20% деңгээлинде колдоп туруу зарылчылыгы жөнүндө талап Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан белгиленет

Ушул пункттун максаттарындадепозиттердегенден улам, юридикалык жактардын, жеке адамдардын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун эсептерин түшүнүүгө болот.  

2.5. Банктынкапитал буферикөрсөткүчүнүн белгиленген маанисине жеткенге чейин дивиденддерди төлөөгө укугу жок.  

2.6. Банккапитал буферикөрсөткүчүнүн белгиленген маанисине жеткен шартта да Улуттук банктын кат жүзүндөгү макулдугун алуусуз дивиденддерди төлөөгө укугу жок.”.  

3. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы 51/4 “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү тууралуутоктомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилгенИслам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо боюнчанускоо

- төмөнкү мазмундагы 9-1.-9-3-пункттар менен толукталсын

“9-1. Банктын финансылык туруктуулугун жана анын иш ыргагын сактоо максатында, дивиденддерди төлөө үчүнбанк капиталынын кошумча запасын” (“капитал буферикөрсөткүчүн) колдоого алуу жөнүндө талап белгиленет. “Капитал буферикөрсөткүчү суммардык капиталдын шайкештик коэффициентин эсептегендей эле аныкталат. “Капитал буферимааниси 18% өлчөмүндө белгиленет. Кардарларынын депозиттеринин жана кредиттеринин үлүшү бүтүндөй банк тутумунун депозиттеринин жана кредиттеринин жалпы суммасынын, тиешелүүлүгүнө жараша 8% жана көбүрөөгүн түзгөн банктар үчүнкапитал буферинкеминде 20% деңгээлинде колдоп туруу зарылчылыгы жөнүндө талап Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан белгиленет

Ушул пункттун максатындадепозиттердегенден улам, юридикалык жактардын, жеке адамдардын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун эсептерин түшүнүүгө болот.  

9-2 Банктынкапитал буферикөрсөткүчүнүн белгиленген маанисине жеткенге чейин дивиденддерди төлөөгө укугу жок.  

9-3. Банккапитал буферикөрсөткүчүнүн белгиленген маанисине жеткен шартта да Улуттук банктын кат жүзүндөгү макулдугун алуусуз дивиденддерди төлөөгө укугу жок.”.  

3. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы 18/3 “Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгүжобонун жаңы редакциясын бекитүү жөнүндөтоктомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилгенАктивдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгүжобонун

1) 4.3.2-пункту төмөнкү мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын

“- эгерде кредит буга чейинклассификацияланган кредиттеркатегориясына кирбесе жана реструктуризациялоо кардардын финансылык абалынын начарлоосуна байланыштуу келип чыкпаса, андай мындай кредитти чет өлкө валютасынан улуттук валютага которуу аркылуу кайталап реструктуризациялоо.”; 

2) жобо төмөнкү мазмундагы 4.3.5-пункт менен толукталсын

“4.3.5. Эгерде өздөштүрүлүп жаткан кредитти төлөө графигинде негизги сумманы ай сайын төлөнүшү каралбаса жана мында кредитти төлөө мөөнөтү эки жылдан ашса (ушул ченем күчүнө кирген күндөн тартып) жана мындай кредитти пролонгациялоо орун алса (ушул ченем күчүнө кирген күндөн тартып), анда мындай кредитти, активдин сапатынын начарлоосу байкалбаган шартта Улуттук банк Башкармасынын токтому (ушул ченемди бекитүүгө тиешелүү) күчүнө киргенден кийинки 6 ай ичинде 15% өлчөмүндө РППУну түзүү мененбайкоого алынган активкатары классификациялоо зарыл. Мында төмөнкү кредиттер эске алынбайт

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кредитти жеңилдетилген шарттарда төлөөнү караган максаттуу мамлекеттик программасы боюнча берилген;  

-ЧСКнын кеминде 1% суммасында берилген, негизги сумманын олуттуу бөлүгүн (80%ынан көбүрөөгүн) кредитти төлөө мөөнөтүнүн акырында (кредиттин жалпы мөөнөтүнүн 7/8) төлөө каралган;  

-банктар аралык жайгаштыруулар, анын ичинде микро каржылоо уюмдарына берилген кредиттер

- “классификацияланганактивдер категориясына киргендер

Ушул ченем күчүнө киргенден кийин, ага чейин берилген бардык кредиттер, анын ичинде бир кредиттик линиянын алкагында сунушталган бардык транштар, жогоруда белгиленген талапка ылайык классификацияланууга тийиш.”; 

3) жобо төмөнкү мазмундагы 5.1.3-пункт менен толукталсын

“5.1.3. Эгерде жаңыдан берилген кредитти төлөө графигинде негизги сумманын ай сайын төлөнүшү каралбаса, анда мындай кредит төмөнкү кредиттерди эске албаганда, 25% өлчөмүндө РППУну түзүү мененсубстандарттыккатары классификацияланууга тийиш

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кредитти жеңилдетилген шарттарда төлөөнү караган максаттуу мамлекеттик программасы боюнча берилген;  

-ЧСКнын кеминде 1% суммасында берилген, негизги сумманын олуттуу бөлүгүн (80%ынан көбүрөөгүн) кредитти төлөө мөөнөтүнүн акырында (кредиттин жалпы мөөнөтүнүн 7/8) төлөө каралган;  

-банктар аралык жайгаштыруулар, анын ичинде микрокаржылоо уюмдарына берилген кредиттер

- “классификацияланганактивдер категориясына киргендер

Ушул ченем күчүнө киргенден кийин, ага чейин берилген бардык кредиттер, анын ичинде бир кредиттик линиянын алкагында сунушталган бардык транштар, жогоруда белгиленген талапка ылайык классификацияланууга тийиш.”; 

4) 7.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

“7.1. Кайталап реструктуризацияланган кредиттер, акыркы алты ай ичинде ушул кредит боюнча төлөмдөр дайыма төлөнүп турган шартта, алар дароо элесубстандарттыккатары классификацияланууга жана мында төмөнкүлөр тастыкталганга чейин РППУ өлчөмү 15%ды түзүүгө тийиш

- активдин негизги суммасы боюнча төлөмдөр жана алар боюнча пайыздар агымы реструктуризациялоонун айкын планында камтылган шарттарга ылайык 180 күн аралыгында туруктуу төлөнүп турган шартта

- реструктуризациялоо планына ылайык карыздын төлөнүшүн камсыз кылган карыз алуучунун абалынын канааттандырарлык болсо

Ушул жобонун 4.3.2-пунктунда көрсөтүлгөн кайталап реструктуризациялоо шарты жогоруда көрсөтүлгөндөргө таркатылбайт.”; 

5) 13.4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

“13.4. Улуттук банк активдер боюнча РППУга чегерүүлөрдүн төмөнкүдөй өлчөмдөрүн белгилейт

 

Жалпы камдар 

 

Атайын камдар  

Нормалдуу 

0 % 

Субстандарттык 

15 %/25%; 

Канааттандырарлык  

2/2,5 %  

Шектүү  

50 %; 

Байкоого алынган активдер  

5/10/15 % 

Жоготуу катары каралгандар 

100 %. 

 

Банкканааттандырарлыкактивдер боюнча РППУну 2% өлчөмдө түзүүгө тийиш, мында ушул жобонун 4.2-пунктунун 4.2.3-пунктчасында көрсөтүлгөн, алар боюнча РППУ өлчөмү 2,5%ды түзүүгө тийиш болгон активдер эске алынбайт.  

Банкбайкоого алынган активдербоюнча РППУну 5% өлчөмүндө түзүүгө тийиш. Мында ушул жобонун 4.3.-пунктунун 4.3.4-пунктчасында көрсөтүлгөн, алар боюнча РППУ өлчөмү 10%ды түзүүгө тийиш болгон активдер эске алынбайт.  

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкыКыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндөмыйзамына ылайык РППУну түзөт жана ага чегерүүлөрдү ишке ашырып турат.”. 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы 51/6 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндөтоктомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдарга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөжобонун:  

23-пункту төмөнкү мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын

1) “- эгерде актив буга чейинклассификацияланган активдеркатегориясына кирбесе жана аны реструктуризациялоо кардардын финансылык абалынын начарлоосуна байланыштуу келип чыкпаса, анда мындай активди чет өлкө валютасынан улуттук валютага которуу аркылуу кайталап реструктуризациялоо.”; 

2) жобо төмөнкү мазмундагы 23-3-пункт менен толукталсын

“23-3. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган, өздөштүрүлүп жаткан активди төлөө графигинде негизги сумманын ай сайын төлөнүшү каралбаса жана мында активди төлөө мөөнөтү эки жылдан ашса (ушул ченем күчүнө кирген күндөн тартып) жана мындай активди пролонгациялоо орун алса (ушул ченем күчүнө кирген күндөн тартып), анда мындай актив, активдин сапатынын начарлоосу байкалбаган шартта Улуттук банк Башкармасынын токтому (ушул ченемди бекитүүгө тиешелүү) күчүнө кирген учурдан тартып ар бир жарым жылда РППУну 2% өлчөмүндө көбөйтүп туруу зарыл. Мында төмөнкү активдер эске алынбайт

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн активди жеңилдетилген шарттарда төлөөнү караган максаттуу мамлекеттик программасы боюнча сунушталган;  

- алар боюнча негизги сумманын олуттуу бөлүгүн (80%дан көбүрөөгүн) активдин мөөнөтү акырында (активдин жалпы мөөнөтүнүн 7/8) төлөө каралган ЧСКнын кеминде 1%ы суммасында берилген активдер

- алар боюнча негизги сумманын олуттуу бөлүгүн (80%дан көбүрөөгүн) активдин мөөнөтү акырында (активдин жалпы мөөнөтүнүн 7/8) төлөө каралган мудараба, шарика жана истиснаа келишимдери боюнча ЧСКнын кеминде 10%ы суммасында берилген активдер

- банктар аралык жайгаштыруулар, анын ичинде микрокаржылоо уюмдарына сунушталган активдер

- “классификацияланганактивдер категориясына киргендер

Ушул ченем күчүнө киргенден кийин, бардык активдер, анын ичинде ал күчүнө киргенге чейинки бир кредиттик линиянын алкагында сунушталган бардык транштар боюнча жогоруда көрсөтүлгөн талапка ылайык РППУ түзүлүүгө тийиш.”; 

3) жобо төмөнкү мазмундагы 24-1-пункт менен толукталсын

“24-1. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган, жаңыдан сунушталган активдин төлөө графигинде мындай актив боюнча негизги сумманы ай сайын төлөө шарты каралбаса жана активдин сапатынын начарлоосу байкалбаса, төмөнкү активдерди эске албаганда, ар бир жарым жылда РППУну 2% өлчөмүндө көбөйтүп туруу зарыл

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн активди жеңилдетилген шарттарда төлөөнү караган максаттуу мамлекеттик программасы боюнча сунушталган;  

- алар боюнча негизги сумманын олуттуу бөлүгүн (80%дан көбүрөөгүн) активдин мөөнөтү акырында (активдин жалпы мөөнөтүнүн 7/8) төлөө каралган ЧСКнын кеминде 1%ы суммасында берилген активдер

- алар боюнча негизги сумманын олуттуу бөлүгүн (80%дан көбүрөөгүн) активдин мөөнөтү акырында (активдин жалпы мөөнөтүнүн 7/8) төлөө каралган мудараба, шарика, истиснаа келишимдери боюнча ЧСКнын кеминде 10%ы суммасында берилген активдер

- банктар аралык жайгаштыруулар, анын ичинде микрокаржылоо уюмдарына сунушталган активдер

- “классификацияланганактивдер категориясына киргендер

Ушул ченем күчүнө киргенден кийин, бардык жаңыдан берилген активдер боюнча, анын ичинде бир кредиттик линиянын алкагында сунушталган транштар боюнча жогоруда көрсөтүлгөн талапка ылайык РППУ түзүлүүгө тийиш.”; 

жобонун 33-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

4) “33-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

“33. Кайталап реструктуризацияланган активдер, акыркы алты ай ичинде ошол актив боюнча төлөмдөр дайыма төлөнүп турган шартта, алар дароо элесубстандарттыккатары классификацияланууга жана мында төмөнкүлөр тастыкталганга чейин РППУ өлчөмү 15%ды түзүүгө тийиш

- активдин негизги суммасы боюнча төлөмдөр жана алар боюнча пайыздар агымы реструктуризациялоонун айкын планында камтылган шарттарга ылайык 180 күн аралыгында туруктуу төлөнүп турган шартта

- реструктуризациялоо планына ылайык карыздын төлөнүшүн камсыз кардардын абалы канааттандырарлык болсо

Ушул жобонун 23-пунктунда көрсөтүлгөн кайталап реструктуризациялоо шарты жогоруда көрсөтүлгөндөргө таркатылбайт.”. 

5) жобонун 47- пункту төмөнкү редакцияда берилсин

“47. Улуттук банк активдер боюнча РППУга чегерүүлөрдүн төмөнкүдөй өлчөмдөрүн белгилейт

Жалпы камдар 

Атайы камдар  

Нормалдуу 

0 % 

Субстандарттык 

15%/25 %; 

Канааттандырарлык  

2/2,5 %  

Шектүү  

50 %; 

Байкоого алынган активдер  

5/10 % 

Жоготуу катары каралгандар 

100 %. 

 

Банкканааттандырылган активдербоюнча 2% өлчөмдө РППУ түзүүгө тийиш, мында ушул жобонун 22-1 пунктунда көрсөтүлгөн РППУ өлчөмү 2,5 % түзгөн активдер эске алынбайт

Банкбайкоого алынган активдербоюнча 5% өлчөмдө РППУ түзүүгө тийиш, мында ушул жобонун 23-1-пунктунда көрсөтүлгөн, алар боюнча РППУ өлчөмү 2,5% түзүүгө тийиш болгон активдер эске алынбайт.  

Банкбайкоого алынган активдербоюнча 5% өлчөмдө РППУ түзүүгө тийиш, мында ушул жобонун 23-2-пунктунда көрсөтүлгөн, алар боюнча РППУ өлчөмү 10% түзүүгө тийиш болгон активдер эске алынбайт.”. 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы 26/5 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндөтоктомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилгенМезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндөжобого карата

1) 1-тиркеменин

- Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун курамыдеп аталган таблицасынын 18-сабы төмөнкү редакцияда берилсин:  

 

 

“  

18 

14-бөлүк  

Экономикалык ченемдердин сакталышы жана банк капиталынын кошумча запасын (“капитал буферикөрсөткүчүн) колдоого алынышы жөнүндө маалыматтар  

Ай сайын  

Отчеттук мезгил бүткөн күндөн кийинки 12 календардык күн ичинде  

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 21-июлунда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2004-жылдын 23-августундагы N 93-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн, 18/1 токтому менен бекитилгенКыргыз Республикасынын Улуттук банк тарабынан лицензияланган коммерциялык банктар жана финансы-кредит мекемелери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндөжобого карата 1-тиркеме  

А. Жеке адамдар алдында мөөнөттүү депозиттер жана башка милдеттенмелер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн сакталышы жөнүндө күндөлүк отчет (К5.1) 

Күн сайын 

Акыркы операциялык күндүн акырына карата абал боюнча кийинки күндүн саат 9.00 чейин 

  

Б. Жеке адамдардын талап боюнча төлөнгөн депозиттери боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченеминин сакталышы жөнүндө отчет (К5.2) 

Ай сайын 

  

  

В. Улуттук банктын талаптарынын аткарылгандыгы жөнүндө отчет  

Ай сайын  

  

  

 

 

Г. Кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүктүн ченеминин сакталышы жөнүндө отчет (К3.2) 

Жума сайын 

Отчеттук жумадан кийинки жуманын алгачкы жумуш күнү саат 9.00 чейин  

 

 

 

Д. Ликвиддүүлүктү дароо толуктоо ченемин сакталышы жөнүндө күндөлүк отчет (К3.3)  

Күн сайын 

Акыркы операциялык күндүн акырына карата абал боюнча кийинки күндүн саат 9.00 чейин  

 

”; 

1) 2-тиркеменин

- 14-бөлүгүнүн аталышындагыэкономикалык ченемдердеген сөздөржана банк капиталынын кошумча запасын (“капитал буферикөрсөткүчүн) колдоодеген сөздөр менен толукталсын

-14-бөлүктүн

- “Ликвиддүүлүк ченемидеген сабы төмөнкү редакцияда берилсин

“ 

Ликвиддүүлүк ченеми 

К3.1 

ЛА 

----- 

ОБ 

 

----- 

  

кеминде 45% -  

 

  

”; 

төмөнкү мазмундагы онунчу сап менен толукталсын:  

“ 

Банк капиталынын кошумча запасы (“капитал буферикөрсөткүчү

 

ЧСК 

------ 

ЧРА 

 

----- 

 

кеминде __% 

(мааниси көрсөтүлсүн)  

 

  

”; 

- төмөнкү мазмундагы “14Г бөлүгү. Кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк ченеминин (К3.2.) сакталышы жөнүндө отчет” 14Г бөлүгү жана “14Д бөлүгү. Ликвиддүүлүктү дароо толуктоо ченеминин (К3.3) сакталышы жөнүндө күндөлүк отчет” 14Д бөлүгү менен толукталсын

“14Г БӨЛҮГҮ. КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ ЛИКВИДДҮҮЛҮК ЧЕНЕМИНИН (К3.2) САКТАЛЫШЫ ЖӨНҮНДӨ ОТЧЕТ”  

Күнү  

К3.2 

ВЛА  

КОБ  

Айкын мааниси 

дд.мм.гггг 

  

 

  

дд.мм.гггг 

  

 

  

дд.мм.гггг 

  

 

  

... 

  

 

  

Жума ичинде орточо алганда 

 

 

 

 

кызмат орду  

кол тамгасы 

аты-жөнү 

___________________ 

___________________ 

_____________________ 

“14Д БӨЛҮГҮ. ЛИКВИДДҮҮЛҮКТҮ ДАРОО ТОЛУКТОО ЧЕНЕМИНИН (К3.3)САКТАЛЫШЫ ЖӨНҮНДӨ КҮНДӨЛҮК ОТЧЕТ”  

Күнү 

К3.3 

ВЛА  

КОБ  

Айкын мааниси 

20__ -ж. 1-октябры 

  

  

  

20__ -ж. 2-октябры 

  

  

  

20__ -ж. 3-октябры 

  

  

  

... 

  

  

  

... 

  

  

  

... 

  

  

  

20__ -ж. 30-октябры 

  

  

  

 

кызмат орду 

кол тамгасы 

аты-жөнү  

___________________ 

___________________ 

_____________________». 

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-мартындагы 20/4 “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндөжобону бекитүү жөнүндөтоктомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилгенИслам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндөжобонун

1) 1-тиркеменин 18-сабы төмөнкү редакцияда берилсин:  

“ 

18  

14-бөлүк 

Экономикалык ченемдердин сакталышы жана банк капиталынын кошумча запасын (“капитал буферикөрсөткүчүн) колдоого алуу жөнүндө маалыматтар  

 

А. Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченеминин сакталышы жөнүндө күндөлүк отчет  

  

Б. Капиталдын шайкештиги жана ликвиддүүлүк ченеми экономикалык ченемдеринин сакталышы жөнүндө отчет  

  

В. Жеке адамдар алдында мөөнөттүү эсептер жана башка милдеттенмелер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченеминин сакталышы жөнүндө күндөлүк отчет  

 

 Г. Жеке адамдардын талап боюнча төлөнгөн эсептери боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченеминин сакталышы жөнүндө отчет   

 

Д. Улуттук банктын талаптарынын аткарылышы жөнүндө отчет 

  

Е. Кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк ченеминин (К3.2) сакталышы жөнүндө отчет   

 

Ж. Ликвиддүүлүктү дароо толуктоо ченеминин (К3.3)  сакталышы жөнүндө күндөлүк отчет  

  

 

 

  

 

 

 

 

күн сайын 

  

  

  

 

 

 

ай сайын  

  

  

 

 

 

 күн сайын  

  

  

  

  

 

 

 ай сайын  

 

 

 

 

 

 

ай сайын  

 

 

 

жума сайын 

 

 

 

 

күн сайын 

   

 

 

 

 

 

 

 

Акыркы операциялык күндүн акырына карата абал боюнча кийинки күндүн саат 9.00 чейин  

 

Отчеттук мезгил бүткөн күндөн кийинки 12 календардык күн ичинде  

 

Акыркы операциялык күндүн акырына карата абал боюнча кийинки күндүн саат 9.00 чейин  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

отчеттук жумадан кийинки жуманын алгачкы жумуш күнүнүн саат 9.00 чейин  

 

Акыркы операциялык күндүн акырына карата абал боюнча саат 9.00 чейин  

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 21-июлунда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2004-жылдын 23-августундагы N 93-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн, 18/1 токтому менен бекитилгенКыргыз Республикасынын Улуттук банк тарабынан лицензияланган коммерциялык банктар жана финансы-кредит мекемелери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндөжобого карата 1-тиркеме 

”; 

1) 2-тиркеменин

- 14-бөлүктүн аталышындагыэкономикалык ченемдердиндеген сөздөржана банк капиталынын кошумча запасын колдоо (“капитал буферикөрсөткүчү)” деген сөздөр менен толукталсын

- 14-бөлүктүн Б таблицасынын аталышындагыликвиддүүлүк ченемидеген сөздөржана банк капиталынын кошумча запасын колдоо (“капитал буферикөрсөткүчү)” деген сөздөр менен толукталсын

- 14-бөлүктүн Б таблицасындагыЛиквиддүүлүк ченемидеп аталган сап төмөнкү редакцияда берилсин

“ 

Ликвиддүүлүк ченеми 

К3.1 

ЛА 

----- 

ОБ 

 

----- 

  

Кеминде 45%  -  

  

  

”; 

- 14-бөлүктүн Б таблицасы төмөнкү мазмундагы алтынчы сап менен толукталсын

“ 

Банк капиталынын кошумча запасы (“капитал буферикөрсөткүчү

 

ЧСК 

------ 

ЧРА 

 

----- 

 

кеминде __% 

(маанисин көрсөтүлсүн)  

 

  

”; 

- төмөнкү мазмундагыКыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк ченеминин (К3.2.) сакталышы жөнүндө отчетдеп аталган 14 Е жанаЛиквиддүүлүктү дароо толуктоо ченеминин (К3.3.) сакталышы жөнүндө күндөлүк отчетдеп аталган 14 Ж таблицалары менен толукталсын

“14.Е. КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ ЛИКВИДДҮҮЛҮК ЧЕНЕМИНИН САКТАЛЫШЫ ЖӨНҮНДӨ ОТЧЕТ (К3.2)” 

Күнү  

К3.2 

ВЛА 

КОБ  

Айкын мааниси  

дд.мм.гггг 

  

 

  

дд.мм.гггг 

  

 

  

дд.мм.гггг 

  

 

  

... 

  

 

  

Жума ичинде орточо алганда  

 

 

 

 

кызмат орду  

кол тамгасы 

аты-жөнү  

___________________ 

___________________ 

_____________________ 

14.Ж

ЛИКВИДДҮҮЛҮКТҮ ДАРОО ТОЛУКТОО ЧЕНЕМИН (К3.3) САКТАЛЫШЫ ЖӨНҮНДӨ КҮНДӨЛҮК ОТЧЕТ”  

Күнү  

К3.3 

ВЛА 

КОБ  

Айкын мааниси  

20__ -ж. 1-октябры 

  

  

  

20__ -ж. 2-октябры 

  

  

  

20__ -ж. 3-октябры 

  

  

  

... 

  

  

  

... 

  

  

  

... 

  

  

  

20__ -ж. 30-октябры 

  

  

  

 

кызмат орду 

кол тамгасы 

аты-жөнү 

___________________ 

___________________ 

_____________________”.