Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2016 жылдын 5 февралындагы № 5/4 токтому 

 

 

 

 

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктарга чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо үчүн кредиттерди берүүсү жөнүндө" убактылуу жобону бекитүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 28 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кароого сунушталган "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктарга чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо үчүн кредиттерди берүүсү жөнүндө" убактылуу жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.  

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н. Жениш мырзага жүктөлсүн.  

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 05-февралындагы 

№5/4 токтомуна карата  

тиркеме 

 

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктарга чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо максатында кредиттерди сунуштоосу жөнүндө" убактылуу жобо 

 

1. Жалпы жоболор 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктарга чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо максатында кредиттерди сунуштоосу жөнүндө" ушул убактылуу жободо (мындан ары-Убактылуу жобо) Улуттук банктын лицензиясын алышкан коммерциялык банкка (мындан ары-банк) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү актысында аныкталган шарттарда жана тартипте жеке адамдарга чет өлкө валютасында берилген кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары –Улуттук банк) улуттук валютада кредит берүүсүнүн жалпы шарттары жана тартиби аныкталат.  

2. Чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо максаты үчүн кредит (мындан ары-кредит) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 28-беренесине ылайык сунушталат.  

3. Кредит кредиттөөнүн мөөнөттүүлүк, төлөөгө жөндөмдүүлүк, кайтарымдуулук жана камсыздалгандык сыяктуу жалпы принциптерин сактоо менен улуттук валютада берилет.  

4. Кредит банкка Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү актысында аныкталган шарттарда жана тартипте, жеке адамдарга чет өлкө валютасында берилген кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо максатында берилет.  

5. Ушул Убактылуу жобонун 4 жана 13-пункттарынын талаптарына жооп берген банктар катышуучулар болуп саналышат. 

6. Кредит берүү шарттары, ал боюнча пайыздык чен жана кредиттин көлөмү Улуттук банк Башкармасы тарабынан аныкталат. 

7. Улуттук банк кредитти мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгү менен алты айга чейинки мөөнөттө берет.  

8. Банктын кредитти кайтарып берүү милдеттенмеси күрөө менен камсыз болот. Улуттук банктагы пайызсыз депозиттик эсепте турган акча каражаттарына карата талап кылуу укугу түрүндөгү нак эмес чет өлкө валютасы гана (АКШ доллары) күрөө предмети болуп саналат. Күрөөнүн жеткиликтүүлүк көлөмүнө (пайыздык мааниде) жана башка параметрлерине карата талаптар Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленет. 

9. Банктын Улуттук банк менен кредит боюнча өз ара мамилеси ушул Убактылуу жобо жана тиешелүү эки тараптуу Кредиттик келишим менен ушул Убактылуу жобого карата 1-тиркемеге жана Күрөө жөнүндө келишимге ылайык, ошондой эле ушул Убактылуу жобого карата 2-тиркемеге ылайык жөнгө салынат.  

 

2. Атоолор жана аныктамалар 

10. Күрөө жөнүндө келишим – бул Улуттук банк менен банктын ортосунда Убактылуу жобонун алкагында түзүлгөн келишим, анын негизинде банктын кредиттик каражаттарды кайтарып берүү боюнча милдеттенмеси күрөө менен камсыздалат. Келишимде күрөөнү сунуштоо шарттары жана тартиби аныкталат жана ал Убактылуу жобонун ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат.  

11. Кредиттик келишим- бул, Улуттук банк менен банктын ортосунда Убактылуу жобонун алкагында түзүлгөн келишим, анын негизинде Улуттук банк банкка кредит берет. Келишимде кредит берүү шарттары жана анын ордун жабуу тартиби аныкталат жана ал Убактылуу жобонун ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат.  

12. Улуттук банктын операциялык күн боюнча регламентине ылайык ар бир иш күнүнүн саат 8:30дан 16:30 га чейинки убакыт аралыгы операциялык күн болуп саналат. 

 

3. Кредит алуу шарттары жана тартиби 

13. Улуттук банктан кредит алуу үчүн банк, төмөнкү шарттарга жооп берүү менен төмөнкүлөрдү сунуштоого тийиш:  

улуттук жана чет өлкө валюталарында банк операцияларын жүргүзүүгө Улуттук банктын лицензиясынын болушу;  

Улуттук банкта улуттук валютадагы корреспонденттик эсебинин болушу;  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында күрөөлүк камсыздоо үчүн чет өлкө валютасында депозиттик эсептерди ачуу жана аларды тейлөө жөнүндө кол коюлган келишимдин болушу; 

ушул Убактылуу жободо жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга жооп берген, жеткиликтүү күрөөлүк камсыздоону сунуштоого тийиш;  

банктын тиешелүү башкаруу органдарынын кредит алуу жана суралып жаткан кредитти камсыздоого активдерди сунуштоо жөнүндө чечими (банктын уставына ылайык) жана банктын ыйгарым укуктуу адамынын колу коюлган, кредиттин жана күрөөлүк камсыздоонун көлөмү, кредит алуу максаты көрсөтүлгөн, кредит берүү жөнүндө өтүнүч катты берүүгө тийиш; 

банктын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү актысына ылайык чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо (ушул Убактылуу жобого карата 3-тиркеме) боюнча планын берүүгө тийиш; 

банктын кредиттерди конвертациялоо банктын карыз алуучусунун каалоосу боюнча ыктыярдуу негизде жүзөгө ашырыла тургандыгы (ушул Убактылуу жобого карата 4-тиркеме) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү актысына ылайык келээри тууралуу милдеттенмесин берүүгө тийиш; 

банкроттук жана башка негиздер боюнча консервациялоо, санациялоо, реабилитациялоо, өз калоосу менен же мажбурлап жоюу сыяктуу банк ишин тескөөнүн убактылуу режими колдонулбашы; 

банктын көчүрмөлөрүн, банктын төлөм тапшырмаларын жана башка документтерди алуу үчүн жоопкерчиликтүү адамга банктын атынан жазылган Улуттук банкка бериле турган ишеним катты берүүгө тийиш.  

14. Банк чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоону банктын чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо боюнча планына, ошондой эле ушул Убактылуу жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актысына ылайык жүргүзүүгө милдеттенет.  

15. Банктын ушул Убактылуу жобонун 4, 13 жана 14-пункттарынын талаптарына ылайык келбеши, ага кредиттин суралып жаткан суммасын берүүдөн баш тартуусу үчүн негиз болуп саналат.  

16. Контролдук кылуу максатында, Улуттук банк банк тарабынан жүргүзүлгөн конвертациянын ушул Убактылуу жобонун 13 жана 14-пункттарында көрсөтүлгөн шарттарга ылайык келүүсүнө текшерүү жүргүзүүгө укуктуу.  

17. Коммерциялык банктарг бериле турган кредиттердин максималдуу көлөмү Улуттук банк Башкармасы тарабынан аныкталат.  

18. Банк ушул Убактылуу жобонун 17-пунктунда көрсөтүлгөн Улуттук банк Башкармасынын чечими күчүнө кирген кийин кредит алуу үчүн Улуттук банкка кайрылууга укуктуу.  

 

4. Кредит боюнча пайыздарды эсептөө 

19. Улуттук банк тарабынан банкка кредит берүү учурунда банктын Улуттук банктагы улуттук валютадагы эсебине акча каражаттарынын чегерилиши, Улуттук банк менен банктын ортосунда тиешелүү Кредиттик келишим жана Күрөө жөнүндө келишим тариздетилип, кол коюлгандан кийинки жана Күрөө жөнүндө келишим ыйгарым укуктуу органда катталган күндөн кийинки иш күнүнөн кечиктирилбестен жүзөгө ашырылат.  

20. Улуттук банк менен банктын ортосундагы Кредиттик келишимди жана Күрөө жөнүндө келишимди тариздөө банктын ушул Убактылуу жобонун 18-пунктуна ылайык Улуттук банкка кайрылуусунан кийин 3 жумуш күнү ичинде, ал эми Күрөө жөнүндө келишимди ыйгарым укуктуу органдан каттоодон өткөртүү – 1 жумуш күнү ичинде жүзөгө ашырылат. Күрөө катары каралган чет өлкө валютасы боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү шарттары жана мөөнөттөрү, күрөөлүк камсыздоо алдында чет өлкө валютасындагы депозиттик эсептерди ачуу жана тейлөө жөнүндө келишим менен жөнгө салынат. 

21. Кредит боюнча пайыздык чендин өлчөмү Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленет. Кредиттин ар бир траншынын суммасына пайыздар берилген траншты айкын пайдаланган мезгил ичиндеги жөнөкөй пайыздар формуласы боюнча, жылдагы 360 календардык күндүн санына жараша, төмөнкү формула боюнча чегерилет: 

P = (C x I x T)/360/100, мында 

Р – транш боюнча пайыздардын суммасы; 

С – транштын суммасы (сом); 

I – пайыздык чен (жылдык %); 

Т – траншты пайдалануу мөөнөтү. 

22. Банк берилген кредитти колдонгон календардык күндөрдү айкын эсептөөгө мыйзамдарда белгиленген же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жарыяланган дем алыш жана майрам күндөр да кошулат. 

 

5. Кредитти камсыздоо 

23. Күрөө сунушталган шартта гана банкка кредит берилет. Банктын Улуттук банктагы пайызсыз депозиттик эсебиндеги акча каражаттарын талап кылуу укугу түрүндөгү нак эмес чет өлкө валютасы (АКШ доллары) гана банктын кредит боюнча күрөөсү катары колдонулат. 

24. Кредитти камсыздоого сунушталган күрөө Улуттук банктын кат жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү жакка күрөөгө берилбейт жана кайра күрөөгө коюлбайт. Банктын Улуттук банктагы пайызсыз депозиттик эсебиндеги күрөөлүк камсыздоо катары сунушталган акча каражаттарын талап кылуу укугу, Күрөө жөнүндө келишимде башкаса каралбаса, менчик укугунда банкка таандык болууга тийиш. 

25. Күрөөлүк камсыздоонун жетишсиз деңгээлде сунушталышы, Улуттук банктын банкка кредит берүүдөн баш тартуусу үчүн негиз болуп саналат.  

26. Банк тарабынан Кредиттик келишим боюнча өз милдеттенмелери аткарылбаган же талапка ылайыксыз аткарылган шартта, ошондой эле Кредиттик келишим жана Күрөө жөнүндө келишимде каралган башка учурларда Улуттук банк өз талаптарын соттон тышкары күрөөдөн өндүрүүнү жүргүзүү же аны күрөө жөнүндө келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган шарттарга жана талаптарга ылайык соттон тышкаркы тартипте сатып өткөрүү аркылуу, күрөөнүн эсебинен толук көлөмдө канааттандырууга укуктуу.  

27. Банк кредит жана ага кошуп эсептелген пайыздар боюнча өз милдеттенмелерин өз убагында жана толугу менен аткарган шартта Улуттук банк күрөөнү 5 жумуш күнү ичинде бошотот.  

 

6. Кредитти жана ага кошуп эсептелген пайыздарды төлөө мөөнөтүн узартуу 

28. Банк тарабынан ушул Убактылуу жобонун жана Кредиттик келишимдин талаптары, ошондой эле Улуттук банктын башка талаптары аткарылган шартта, анын ичинде кредит боюнча милдеттенмелери өз убагында жана толугу менен аткарылган, ошондой эле банктын өтүнүч катынын негизинде алынган кредиттер боюнча кандайдыр бир бузууларга жол берилбеген болсо, Улуттук банк банктын кредиттик ресурстарды төлөө мөөнөтүн 6 айдан ашпаган мөөнөткө узартууга укуктуу.  

29. Пролонгациялоо шарттары, анын ичинде пролонгациялоолордун саны, ошондой эле пролонгациялоодо пайдаланылган пайыздык чен Улуттук банк Башкармасы тарабынан аныкталат.  

30. Кредиттик ресурстарды төлөө мөөнөтүн узартуу үчүн банк кредитти төлөө мөөнөтү бүткөнгө чейинки кеминде 1 ай ичинде кредитти пролонгациялоо жөнүндө өтүнүч катты, жаңы Кредиттик келишимди жана Күрөө жөнүндө келишимди же болбосо Кредитти пролонгациялоо жөнүндө кошумча келишимди түзүү үчүн Улуттук банкка жөнөтөт. 

 

7. Кредиттин ордун жабуу тартиби  

31. Кредиттин негизги суммасынын ордун жабуу кредиттин мөөнөтү бүткөн күнү, операциялык күндүн акырына чейин акча каражаттарынын суммасын улуттук валютадагы өз корреспонденттик эсебинен Улуттук банктын тиешелүү эсебине чегерүү аркылуу ишке ашырылат. Кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздарды кошуп эсептөө жана төлөө Кредиттик келиишмге ылайык, банк тарабынан ай сайын жүргүзүлөт. 

32. Кредиттин негизги суммасынын ордун жабуу жана/же ал боюнча кошуп эсептелинген пайыздарды төлөө күнү майрам күнүнө, иштебеген күнгө же дем алуу күнүнө туура келип калса, кредиттин негизги суммасын жана/же ал боюнча кошуп эсептелген пайыздарды ордун жабуу кийинки жумуш күнү ишке ашырылат.  

33. Кредиттин орду жабылчу күнү анын негизги суммасынын жана/же ал боюнча кошуп эсептелген пайыздардын орду толук көлөмдө жабылууга тийиш, бөлүп-бөлүп төлөөгө жол берилбейт.  

34. Банк негизги карызды жана ал боюнча пайыздарды Кредиттик аралган тартипте мөөнөтүнөн мурда жарым жартылай же толугу менен төлөөгө укуктуу, мында ла бул тууралуу Улуттук банкка ордун жабуу пландаштырылган күнгө чейинки 3 жумуш күнүнөн кечиктирбестен алдын-ала маалымдоого тийиш.  

35. Банк кредит жана ал боюнча кошуп эсептелген пайыздар боюнча өз милдеттенмелерин өз убагында жана толук көлөмдө аткарган шартта, күрөөнү бошотуу ушул Убактылуу жобонун 27-пунктуна ылайык жүзөгө ашырылат.  

36. Эгерде кредитти төлөө мөөнөтү өткөрүлүп жиберилсе, анда төлөөнү ишке ашыруу кийинкиге жылдырылбайт. Банктын кредит боюнча жоопкерчилиги Кредит келишиминде каралган. 

37. Улуттук банк банкка ушул Убактылуу жобого ылайык сунушталган кредиттин төлөө мөөнөтү өткөрүлүп жиберилген шартта:  

кредиттин негизги суммасына, кошуп эсептелген пайыздарга жана айып санкцияларына барабар өлчөмдө акча каражаттарды кредиттин ордун жабуу эсебине банктын улуттук валютадагы корреспонденттик эсебинен акцептсиз тартипте алып сала алат;  

кредиттин, ал боюнча кошуп эсептелген пайыздардын, туумдардын жана айыптын ордун ушул Убактылуу жобого, Кредиттик келишимге жана Күрөө жөнүндө келишимге ылайык күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүүнүн эсебинен жаба алат. 

 

8. Жоопкерчилик жана укукка жатпаган аракеттер 

38. Банк күрөөнүн болушуна жана өз убагында сунушталышына, Кредиттик келишимдин жана Күрөө жөнүндө келишимдин таризделишине жана берилишине жана анын ушул Убактылуу жобонун 20-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө каттоодон өткөртүлүшүнө жооп берет. 

39. Банк ушул Убактылуу жобонун жана кол коюлган келишимдердин, макулдашуулардын, ошондой эле аларга карата кошумча келишимдердин бардык шарттарынын жана талаптарынын так сакталышы үчүн жооп берет. Банк тарабынан ушул Убактылуу жобонун 14-пунктундагы шарттар аткарылбаган учурда Улуттук банк банктын корреспонденттик эсебинен кредиттин негизги сумммасынын 1% өлчөмүндөгү бир жолку айыпты акцептсиз тартипте эсептеп алып салат жана ал берилген кредиттин негизги суммасын же анын бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда талап кылууга укуктуу. Банктын аткаруу органынын жетекчиси чет өлкө валютасындагы кредиттердин улуттук валютага, кредиттерди конвертациялоо планына ылайык конвертацияланышы үчүн жекече жооп берет. Улуттук банк банктын аткаруу органынын жетекчисине карата таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.  

40. Банк кредиттин негизги суммасынын жана ал боюнча кошуп эсептелген пайыздардын суммасынын өз убагында жана толук төлөнүп берилишине жооп берет.  

41. Банк тарабынан кредит боюнча карыз жана ал боюнча пайыздар белгиленген мөөнөттөрдө төлөнбөгөн шартта, өндүрүү банктын корреспонденттик эсебинен каражаттардын Улуттук банк тарабынан акцептсиз алынып салынышы аркылуу, кошумча билдирүүсүз жүргүзүлөт.  

42. Кредиттин негизги суммасынын жана ал боюнча пайыздардын жана Кредиттик келишимде каралган башка төлөмдөрдүн ордун жабууга кайсы болбосун төлөм толук көлөмдө жана/же тиешелүү мөөнөт ичинде ишке ашырылбаса, бул карыз мөөнөтү өткөрүлгөн катары саналат жана банкка карата Кредиттик келишимде каралган айып санкциялары колдонулат.  

43. Банк кредиттерди конвертациялоо боюнча сунушталуучу маалыматтын аныктыгына жооп берет. Эгерде, 13 жана 14-пункттардын банк тарабынан бузууга жол берилиши аныкталса, Улуттук банк андан кредиттик ресуртарды мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүүнү, кредитти жана Улуттук банкка таандык болгон башка суммаларды пайдаланган айкын убакыт үчүн кошуп эсептелген пайыздардын төлөнүшүн талап кылууга укуктуу.  

44. Улуттук банктын талап кылуусу боюнча банк, кредиттик каражаттарды пайдалангандыгы тууралуу отчетту жана башка зарыл документтерди Улуттук банк тарабынан белгиленген формада жана мөөнөттө сунуштайт.  

 

 

 

 

 

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык 

банктарга чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук  

валютага конвертациялоо максатында кредиттерди сунуштоосу  

жөнүндө" убактылуу жобого карата 

1-тиркеме 

 

20____-жылдын "__"_________ №_____ 

Кредиттик келишим 

 

Бишкек шаары 20__-ж."__"_________ 

 

Мындан ары "Улуттук банк" деп аталуучу, Кыргыз РеспубликасынынУлуттук банкынын атынан ____________________ негизинде иш алып барган_________________________________ бир тараптан, жана мындан ары "Банк" деп аталуучу____________________атынан ________________________негизинде иш алып барган_________________________________ экинчи тараптан, мындан ары биргелешип "Тараптар" деп аталуучулар төмөнкүлөр боюнча ушул келишимди (мындан ары – келишим) түзүштү. 

 

1. КРЕДИТТИК КЕЛИШИМ ПРЕДМЕТИ 

1.1. Улуттук банк, Улуттук банк Башкармасынын ____-жылдын "__"_______ №____ "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктарга чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо максатында кредиттерди сунуштоосу жөнүндө" убактылуу жобонун негизинде (мындан ары – убактылуу жобо) жана ушул кредиттик келишимге ылайык Банкка ушул кредиттик келишимде жана убактылуу жободо каралган шарттарда ________ сом суммасында (суммасы жазуу жүзүндө) кредит сунуштайт.  

1.2. Кредит чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо максатында сунушталат.  

 

2. КРЕДИТТИ СУНУШТОО ШАРТТАРЫ 

 

2.1. Кредит алуу үчүн Банк, кредит берилген күнгө карата Убактылуу жобонун 13-пунктунда белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш. 

2.2. Кредит ____-жылдын "___"_________ тартып "____"_________ чейин, _______ мөөнөткө сунушталат. 

2.3. Кредит берилген күн катары кредит боюнча акча каражаттары Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине чегерилген күн саналат.  

2.4. Улуттук банк кредит боюнча акча каражаттарды,ушул келишимге кол коюлгандан кийинки жана Банктынушул Кредиттик келишимге ылайык Улуттук банктан талап кылган кредит боюнча күрөө келишими Күрөөнү каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдарда каттоодон өткөртүлгөндөн кийинки жумуш күнү чегерет. 

2.5. Кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздык чен ушул Кредиттик келишимдин 2.2-пунктунда белгиленген бүтүндөй мөөнөт ичинде жылдык ______ (жазуу жүзүндө) пайыз өлчөмүндө белгиленет. Кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздарды чегерүүнү жана төлөөнү Банк ай сайын, ушул Кредиттиккелишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган карызды төлөө графигине ылайык (ушул кредиттик келишимге карата 1-тиркеме) жүзөгө ашырат.Пайыздар ушул келишимдин 2.7-пунктуна ылайык эсептелинет. 

2.6. Пайыздар, кредит сунушталган күндөн тартып (ошол күн кошо эсептелет) кредиттин орду жабылган күнгө чейин (ошол күн эсептелинбейт) жыл ичиндеги 360 күнгө жана ай ичинде айкын күндөрдүн санына жараша кредит боюнча айкын карыз калдыгына эсептелет.  

2.7. Кредит суммасына пайыздарды эсептөө, төмөнкүдөйжөнөкөй пайыздар формуласыбоюнча кредитти айкын пайдалануу мезгили үчүн жыл ичиндеги 360 күнгө жана ай ичинде айкын күндөрдүн санына жараша жүзөгө ашырылат: 

P = (C x I x T)/360/100, мында: 

Р – транш боюнча пайыздар суммасы; 

С –транш суммасы(сом); 

I – пайыздык чен (жылдык % менен); 

Т – траншты пайдалануу мөөнөтү. 

2.8. Кредит боюнча карыздын негизги суммасын жана кредитти пайдалануу үчүн чегерилген пайыздарды төлөө, ушул Кредиттик келишимге жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган карызды төлөө графигине ылайык (ушул Кредиттик келишимге карата 1-тиркеме) ишке ашырылат.  

2.9. Эгерде, кредиттин негизги суммасын жана/же ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө күнү майрам күнүнө, иштебеген күнгө же дем алыш күнгө туура келип калса, кредиттин негизги суммасын жана/же ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө кийинки жумуш күнү ишке ашырылат. 

2.10. Кредиттин негизги суммасын жана/же ал боюнча чегерилген пайыздар үчүн төлөмдөрдү Банк Улуттук банктагы тиешелүү эсепке чегерет (негизги карыз боюнча сумманы №______________ эсепке, пайыздык төлөмдөрдү №________________ эсепке). 

2.11. Банкчет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоонуБанктынкредиттердиконвертациялоопланынаылайыкгана жүзөгө ашырууга милдеттенет.  

2.12. Тараптар убактылуу жобонун жана ушул Кредиттик келишимдин бардык талаптарынын аткарылышын гарантиялайт.  

 

3. КРЕДИТТИ ТӨЛӨӨ ШАРТТАРЫ 

3.1. Кредиттин негизги сумасын төлөөнү Банк кредиттин мөөнөтү бүткөн күн ичинде операциялык күндүн акырына чейин улуттук валютадагы акча каржаттар суммасынөз корреспонденттик эсебинен Улуттук банктын тиешелүү эсебине чегерүү аркылуу жүзөгө ашырат. Кредитти пайдалангандык үчүн пайыздарды чегерүүнү жана төлөөнү Банк ар айлык негизде ушул кредиттик келишимдин 2.5, 2.8, 2.9 жана 2.10-пункттарына ылайык жүргүзөт. 

3.2. Кредиттин негизги суммасы жана/же ал боюнча чегерилген пайыздар толук көлөмдө төлөнүүгө тийиш, анын бир бөлүгүн гана төлөөгө жол берилбейт. 

3.3. Банк, Убактылуу жободо жана Кредиттик келишимде каралганнегизги карыздын жана пайыздардын бир бөлүгүн же толугу менен мөөнөтүнөн мурда төлөөнү, төлөө пландаштырылган күнгө чейинки 3 жумуш күнүнөн кечиктирбестен Улуттук банкка ал тууралуу алдын ала маалымдоо менен ишке ашырууга укуктуу.  

3.4. Банк кредиттин негизги суммасы жана/же чегерилген пайыздар боюнча милдеттенмелерин өз убагында жана толугу менен аткарган шартта, Улуттук банк күрөөлүк камсыздоону 5 жумуш күнү ичинде бошотот.  

3.5. 3.4-пунктту аткарууда, Банктын Улуттук банктагы пайызсыз депозиттик эсебинде турган акча каражаттарын талап кылуу укугу түрүндөгүнак эмес чет өлкө валютасы формасындагы күрөөлүк каражаттарын бошотууда Банк милдеттүү түрдө төлөм негиздемесин жана багытын так жана туура көрсөтүү менен SWIFT системасы боюнча төлөм нускоосун (МТ 202 форматында)SWIFT эл аралык стандарттарына ылайык Улуттук банкка сунуштоого милдеттүү. Мында Улуттук банкка саат 12:00 чейин келип түшкөн төлөм нускоолору учурдагы валюталоо күнү аткарылат, ал эми Улуттук банкка саат 12:00дөн кийин келип түшкөн төлөм нускоолору кийинки валюталоо күнүнөн кечиктирилбестен аткарылат. Мында, эгерде валюталоо күнү Кыргыз Республикасында жана/же Улуттук банктын банк-корреспондентинин өлкөсүндө жумуш эмес күнгө туш келип калса, күрөөлүк каражаттарды бошотуу кийинки жумуш күнү ишке ашырылат.  

3.6. Эгерде Банк Кредиттик келишимде белгиленген мөөнөттөрдө кредиттин негизги суммасы жана/же ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаса, Банк өз милдеттенмелерин аткарбаган учурдан тартып Улуттук банктагы өзүнүн улуттук валютадагы корреспонденттик эсебинен кредиттин негизги суммасы жана/же ал боюнча чегерилген пайыздарды, туумдарды, айыптык төлөмдөрдү төлөө үчүн зарыл болгон акча каражаттар суммасын акцептсиз тартипте алууга Улуттук банкка укук чегерет. 

3.7. Банктын Улуттук банктагы улуттук валютадагы корреспонденттик эсебинде акча каражаттарынын жетишсиздигинен улам, кредиттин негизги суммасы жана/же ал боюнча чегерилген пайыздарды жана туумдарды төлөө милдеттенмелери аткарылбаган шартта, Банк кредит боюнча аткарылбаган милдеттенмелерди кредиттин камсыздоосу катары сунушталган күрөө предметинин эсебинен,кийинкиге калтыруусуз соттон тышкаркы тартипте өндүрүүнү жүргүзүү аркылуу ордун жабууну жүзөгө ашырууга Улуттук банкка укук чегерет.Мында Улуттук банк,белгиленген мөөнөттө кредит боюнча милдеттенмелер аткарылбагындыгы жана күрөө предметинен соттон тышкаркы тартипте өндүрүүнүжүргүзүү жол-жобосу башталгандыгы тууралуу Банкка жазуу жүзүндө маалымдайт.  

3.8. Анын менчик укугу Улуттук банкка Банктын кредит боюнча аткарылбаган милдеттенмелеринин ордун жабуунун эсебинен өткөн күрөө, акча каражаттары алынып салынган/алынган күнгө карата Улуттук банк тарабынан белгиленген расмий курска ылайык Улуттук банктын балансына кабыл алынат.  

3.9. Банктын Улуттук банк алдындагыкредитинин негизги суммасы, ал боюнча чегерилген пайыздар жана туумдар жана боюнча карызынын орду өндүрүлгөн күрөөнүн эсебинен жабылууга тийиш.  

3.10. Улуттук банктын Банкка карата тиешелүү талаптарын эсепке алуу аркылуу алынган сумма жетишсиз болгон учурда, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, Банктын кайсыл болбосун башка мүлкүнүн эсебинен жетпеген сумманы алууга укуктуу.  

3.11. Улуттук банктын бардык талаптары канааттандырылгандан кийин калган сумма Банктын Улуттук банктагы улуттук валютадагы корреспонденттик эсебине чегерилет.  

 

4. КҮРӨӨ 

4.1. Банктын ушул кредиттик келишим боюнча негизги карыз суммасын, ал боюнча чегерилген пайыздарды, айыптык төлөмдөр, туумдар жана башка төлөөлөр түрүндөгү кошумча айыптык төлөмдөрдү кайтаруу боюнча өзүнө алган милдеттенмелерин аткаруунун камсыздалышы катарыБанкка таандык болгон анын Улуттук банктагы пайызсыз депозиттик эсебинде жайгашкан акча каражаттарын талап кылуу укугу түрүндөгү нак эмес чет өлкө валютасы (АКШ доллары) саналат.  

4.2. Банктын ушул Кредиттик келишим боюнча өз милдеттенмелеринин камсыздоосу катары Улуттук банкка өткөрүлүп берилип жаткан күрөөлүк камсыздоону сунуштоо шарттары жана тартиби Банк менен Улуттук банк ортосунда түзүлүп жаткан тиешелүү күрөө келишиминде белгиленет.  

 

5. ТАРАПТАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА ЖООПКЕРЧИЛИГИ  

5.1. БанкУбактылуу жобого жана ушул Кредиттик келишимге ылайык кредит боюнча өз милдеттенмелери үчүн толук жоопкерчилик тартат. 

5.2. Банк Убактылуу жобонун бардык шарттарынын жана талаптарынын так аткарылышы үчүн жоопкерчиликтүү. Эгерде Банк ушул Кредиттик келишимдин 2.11-пунктунун жана Убактылуу жобонун 14-пунктунун шарттарын аткарбаса, Улуттук банк кредиттин баштапкы суммасынын 1% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдү акцептсиз тартипте банктын корреспонденттик эсебиненалуугажана сунушталган кредиттин негизги суммасын же анын бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда кайтарууну талап кылууга укуктуу.  

5.3. Эгерде ушул Кредиттик келишимде каралган, кредит боюнча негизги сумманын жана/же чегерилген пайыздардын ордун жабуу каралган кайсыл болбосун төлөм толук көлөмдө жана тиешелүү мөөнөттө төлөнбөсө, мындай карыз мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз болуп саналат жана ага мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз суммасынын 0,1% өлчөмүндө туум эсептелинет. Туум, мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз келип чыккан күндөн тартып ал толук төлөнгөнгө чейин,мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздын ар бир күнү үчүн төлөнбөгөн суммага кошупэсептелинет. 

5.4. Улуттук банк Убактылуу жобонун жана ушул Кредиттик келишимдин талаптарын бузууга жол бергендигинен улам Банкка карата келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартпайт.  

5.5. Банк кредиттерди конвертациялоо боюнча сунушталган маалыматтардын аныктыгы үчүн жооптуу болуп саналат. Банк тарабынан Убактылуу жобонун 13 жана 14-пункттарынын талаптарын бузууга жол бергендиги аныкталган шартта, Улуттук банк Банктан кредиттик ресурстардын мөөнөтүнөн мурда кайтарылышын, кредитти пайдаланган айкын мезгил үчүн эсептелинген пайыздарды жана Улуттук банкка төлөнүүгө тийиш болгон башка суммаларды төлөөнү талап кылууга укуктуу.  

5.6. Улуттук банктын талабы боюнча Банк кредитти пайдалангандыгы жөнүндө отчетту жана башка зарыл документтерди Улуттук банк тарабынан белгиленген формада жана мөөнөттөрдө сунуштайт.  

 

6. ӨЗГӨЧӨ ШАРТТАР 

6.1. Ушул Кредиттик келишим Тараптарынын контролдугунда болбогон жана ал боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга тоскоолдук кылган, анын ичинде жердин силкинишин жана башка жаратылыш кырсыктарын, мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин жана чечимдерин, согуш аракеттерин жана массалык баш аламандыктарды кошо алганда, тике же кыйыр түрдө күтүүсүз жагдайлар келип жеткен шартта (форс-мажордук жагдайлар),бул милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү мындай форс-мажордук жагдайлар орун алган мезгилге жараша, бирок бүтүндөй ушул Кредиттик келишимдин же форс-мажордук жагдайлардан кийин аткарылууга тийиш болгон бөлүгүн аткарууга олуттуу таасирин тийгизген чекте гана кийинкиге жылдырылышы мүмкүн.  

6.2. Ушул Кредиттик келишим боюнча Тараптар Кредиттик келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга тоскоолдуктарды жараткан форс-мажордук жагдайлардын башталгандыгы жана алардын аяктагандыгы тууралуу 2 (эки) жумуш күн ичинде токтоосуз бири-бирине оозеки түрүндө жана жазуу жүзүндө маалымдоого тийиш.  

6.3. Эгерде форс-мажордук жагдайларга туш болгон Тарап мындай жагдайдарды четтетүү үчүн бардык зарыл чараларды өз убагында көргөн болсо жана мамлекеттик органдын тиешелүү актысын сунуштаган шартта, Тараптардын биринин ушул Кредиттик келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарбашы Кредиттик келишимди бузууга жол берген катары каралбайт.  

 

7. ТАЛАШ МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЕЧҮҮ  

7.1. Ушул Кредиттик келишимди аткаруу процессинде келип чыккан талаш маселелер жана пикир келишпестиктер өз ара алгылыктуу болгон чечимдерди кабыл алуу максатында Тараптардын сүйлөшүүсү аркылуу жөнгө салынууга тийиш.  

7.2. Жөнгө салынбаган талаш маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарында белгиленген тартипте жөнгө салынат.  

 

8. БАШКА ШАРТТАР 

8.1. Ушул Кредиттик келишимде каралбаган башка шарттар, Тараптардынукуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери Убактылуу жобо аркылуу жөнгө салынат.  

8.2. Ушул Кредиттик келишимге карата өзгөртүүлөр жана толуктоолоржазуу жүзүндө, анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган кошумча келишимди түзүү аркылуу киргизилет. 

8.3. Кредиттик келишим бирдей юридикалык күчкө ээ орус тилинде 3 (үч) түп нускада жана кыргыз тилинде 3 (үч) анык нускада, Тараптардын ар бири үчүн экиден түзүлөт, анын эки нускасы – күрөөнү каттоодон өткөрткөн ыйгарым укуктуу органга берилет.  

 

9. ТАРАПТАРДЫН ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕКТЕРИ, РЕКВИЗИТТЕРИ ЖАНА КОЛ ТАМГАЛАРЫ 

 

Улуттук банк: 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкы  

Бишкек шаары, Т.Үмөталиев атындагы көчө, 101. 

 

 

 

 

Кызмат орду__________________ 

(кол тамгасы)______________М.О. 

Банк: 

"Коммерциялык банк" ААКсы/ЖАК 

Бишкек шаары, ____________ көчөсү. 

Улуттук банктагы корэсеп №1010126_______  

Улуттук банктын БИК №_____ 

ИНН №_____________ 

ОКПО №___________ 

Мамлекеттик салык кызматынын коду: _____ 

Кызмат орду_________________ 

(кол тамгасы)__________________М.О. 

 

 

 

 

Кредиттик келишимге карата  

1-тиркеме 

20______-жылдын "____"______ №_____ 

 

Кредиттин ордун жабуу графиги 

 

Кредиттин суммасы: _______________сом 

Пайыздык чен (жылдык):_____% 

Пайыздардын ордун жабуу: ай сайын 

Эсептешүү жылы: 360 күн 

Кредиттин мөөнөтү:_____күн 

Кредит берилген күн: "__"______20__ж. 

Кредиттин орду жабылган күн: "__"______20__ж. 

 

 

Айлар  

Ордун жабуу күнү 

Пайыздардын ордун жабуу* 

Негизги сумманын ордун жабуу 

Бардыгы болуп, ордун жабууга 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйнтыгында  

 

 

 

 

* пайыздарды эсептөөдө кредитти пайдалануу күндөрүнүн айкын саны колдонулат 

 

Улуттук банк: 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкы 

 

Кызматы__________________ 

 

(кол тамгасы)______________М.О. 

Банк: 

"Коммерциялык банк" ААКсы/ЖАК 

 

 

 

Кызматы _________________ 

 

(кол тамгасы)__________________М.О. 

 

 

 

 

 

 

 

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктарга чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо максатында кредиттерди сунуштоосу жөнүндө" убактылуу жобого карата 2-тиркеме 

 

20__-ж "____"_______№______ 

 

КҮРӨӨ ЖӨНҮНДӨ КЕЛИШИМ № ________ 

20__-ж "__"_________.№ ___________ кредиттик келишимге карата 

 

Бишкек ш. 20__-ж "__"_________. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, мындан ары "Улуттук банк" же "Күрөө кармоочу" деп аталуучунун атынан _________________________негизинде иш алып барган ________________________ бир тараптан, жана мындан ары "Банк" же "Күрөө коюучу" деп аталуучунун атынан _______________________________негизинде иш алып барган________________________экинчи тараптан, биргелешип "Тараптар" деп аталуучулар, банктык аманат келишими боюнча талап кылуу укугу каралган, төмөнкүлөр тууралуу ушул күрөө келишимин (мындан ары -Келишим) түзүштү. 

 

1. КЕЛИШИМ ПРЕДМЕТИ 

1.1. Күрөө кармоочу Күрөө коюучуга _________ сом өлчөмүндө (суммасы жазуу менен) кредит берди. Кредиттин жана ал боюнча кошуп эсептелген пайыздардын ордун жабуунун акыркы мөөнөтү, Улуттук банк Башкармасынын ____жылдын "___"________ №______ токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктарга чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо максатында кредит сунуштоосу жөнүндө" Убактылуу жобонун алкагында бекитилген, ____-жылдын "___"______ №________ Кредит берүү жөнүндө кредиттик келишимде (мындан ары-Кредиттик келишим) көрсөтүлгөн мөөнөттө келип жетет.  

1.2. Күрөө коюучунун Кредиттик келишим боюнча милдеттенмелеринин аткарылышын камсыздоого, Күрөө коюучу Күрөө кармоочуга Күрөө коюучу менен Улуттук банктын ортосунда түзүлгөн ____-жылдын "____"_______№_____ Банктык аманат келишими (мындан ары "күрөө предмети" же "Банктык аманат келишими") боюнча акча каражаттарын талап кылуу укугун толук көлөмдө өткөрүп берет. 

1.3. Банктык аманат келишими боюнча акча каражаттары Улуттук банкта Күрөө кармоочунун атына ачылган ___________ эсепте (мындан ары-депозиттик эсеби) жайгаштырылган, анын өлчөмү ____________ (суммасы жазуу жүзүндө) АКШ долларын түзөт. Банктык (депозиттик) аманатты кайтарып берүү мөөнөтү Кредиттик келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин келип жетет.  

1.4. Күрөө коюучу ушул Келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн күрөө предметин Күрөө кармоочунун уруксатысыз аны кийинки күрөөгө коюуну, каражаттарды эсептен алуу/чегерүүнү кошо алганда, аны пайдаланууга укугу жок.  

1.5. Күрөө коюучу күрөө предмети мурда эч жерде күрөөгө коюлбагандыгын жана үчүнчү жактардын карызынан жана укуктарынан эркин экендигин гарантиялайт. 

 

2. ТАРАПТАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ 

2.1. Күрөө кармоочунун укуктары жана милдеттери: 

2.1.1. Банктык аманат (депозит) жайгаштырылган валютанын расмий курсунун төмөндөөсүнүн натыйжасында күрөө предметинин наркы төмөндөгөн шартта, Күрөө коюучудан аны алмаштырууну же кошумча камсыздоону сунуштоосун талап кылууга. 

2.1.2. Күрөө коюучудан Кредиттик келишимде жана ушул Келишимдин 1.1-пунктунда берилген милдеттенмелердин мөөнөтүнөн мурда аткарылышын талап кылууга, ал эми эгерде анын талабы канааттандырылбаса төмөнкү учурларда күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүүгө: 

1) Күрөө коюучу тарабынан Кредиттик келишимдин шарттары, талаптары жана жоболору бузууга жол берилсе; 

2) Күрөө коюучу кредиттин негизги суммасы, ал боюнча кошуп эсептелген пайыздар, кошумча айыптар (айыптар жана туумдар) жана башка төлөөлөр боюнча карызын кошо алганда, Кредиттик келишим боюнча карызын төлөбөсө же төлөө мөөнөтүн бузууга жол берсе; 

3) Күрөө коюучу тарабынан ушул келишимдин талаптарын же жоболорун бузууга жол берилсе; 

4) Күрөө коюучу Убактылуу жобонун талаптарын бузууга жол берсе; 

5) ушул келишимде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.  

2.1.3. Күрөө предметин сатып өткөрүүдөн алынган сумма Күрөө кармоочунун талаптарын толук канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, жетпеген сумманы Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык Күрөө коюучунун өндүрүүнү жүргүзүүгө боло турган башка мүлкүнөн алууга. 

2.1.4. Күрөө коюучу же үчүнчү тарап күрөө предметинин Күрөө кармоочуга берилишине тоскоолдук жаратса, Күрөө коюучудан же үчүнчү тараптан мүлктү алуу үчүн зарыл болгон мыйзамдуу аракеттерди көрүүгө. 

2.1.5. Ушул Келишим боюнча өз укуктарын үчүнчү жактарга (кайтарымдуу жана кайтарымсыз) өткөрүп берүүгө. 

2.1.6. Күрөө кармоочу ушул келишимдин аткарылышына контролдукту жүзөгө ашырууга жана контролдук функцияларды ишке ашыруу үчүн ага зарыл болгон маалыматтарды талап кылууга, күрөө предметинин бар экендигин жана абалын текшерүүгө укуктуу. 

2.1.7.Ушул Келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарга да ээ. 

2.2. Күрөө коюучунун укуктары жана милдеттери: 

2.2.1. Банктык аманат келишими боюнча акча каражаттарын кандай түрдө болбосун Күрөө кармоочунун кат жүзүндөгү макулдугусуз өткөрүп бербөөгө, күрөөгө койбоого жана пайдаланбоого. 

2.2.2. Күрөө кармоочунун макулдугусуз күрөө предметинин кемишине, түрүнүн өзгөрүшүнө, токтотулушуна, жоголушуна алып келген аракеттердин жасалышына жол бербөө. 

2.2.3. Күрөө менен болгон өзгөрүүлөр, үчүнчү жактар тарабынан жол берилиши мүмкүн болгон бузуулар же алардын мындай аракеттерге катыштыгы бар экендиги Күрөө коюучуга маалым болгондон тартып үч күндүк мөөнөт ичинде бул тууралуу Күрөө кармоочуга маалымдоого. 

2.2.4. Күрөө кармоочунун талап кылуусу боюнча ага үч күндүк мөөнөт ичинде күрөө предметине тиешелүү кайсы болбосун документти таанышуу үчүн сунуштоого жана күрөө предмети тууралуу Күрөө кармоочуга зарыл болгон кайсы болбосун маалыматты берүүгө. 

2.2.5. Банктык аманат келишимине Күрөө кармоочунун кат жүзүндөгү макулдугун албай туруп, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизбөө.  

2.2.6. Ушул Келишимде каралган бакша милдеттенмелерди мойнуна алат; 

2.2.7. Күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү соттон тышкаркы тартипте ушул келишим шарттарына ылайык жүргүзүлөт. Күрөө коюучу күрөө предметинен соттон тышкаркы тартипте өндүрүү жүргүзүлүшүн жана Кредит берүү жөнүндө кредиттик келишим жана ушул Келишим боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбаган жана талапка ылайыксыз аткарган шартта, күрөө предметинин мүнөздөмөсүнө жана курамына көз карандысыз, аны соттон тышкаркы тартипте сатып өткөрүүнү гарантиялайт жана буга өзүнүн толук макулдугун берет. 

2.2.8. Күрөө коюучу күрөө предмети ушул келишимге ылайык сатып өткөрүлгөнгө чейинки кайсы болбосун мезгилде, ушул күрөө менен камсыздалган милдеттенмесин же анын мөөнөтүндө аткарылбаган бөлүгүн аткарууга укуктуу 

 

3. КҮРӨӨ ШАРТТАРЫ 

3.1. Тараптар, Күрөө коюучунун Банктык аманат (депозит) келишими боюнча Улуттук банкта ачылган депозиттик эсебинде кайра баалоо күнүнө карата Улуттук банктын расмий курсу боюнча АКШ долларына эквиваленттүүсом түрүндө (сом түрүндө эсептелген) жайгаштырылган учурдагы акча каражаттарынын калдыгы, Күрөө кармоочунун тиешелүү ордун жабуу коэффициентин (күрөө коэффициенти) эске алуу менен кредитти сунуштоо жөнүндө Кредиттик келишимдин негизинде алынган кредит боюнча Күрөө коюучунун Күрөө кармоочу алдындагы учурдагы карыз калдыгынан төмөн болбоого тийиш экендигин макулдашышты.  

Күрөө кармоочу Күрөө коюучунун Улуттук банкта ачылган депозиттик эсебинде жайгаштырылган акча каражаттарынын калдыктарына алардын ушул пункттун биринчи абзацында каралган жоболорго ылайык келүүсүнө карата Улуттук банктын расмий курсу боюнча АКШ доллары боюнча кайра баалоону мезгил-мезгили менен жүргүзүп турат жана Күрөө коюучуга кошумча күрөөлүк камсыздоону сунуштоо зарылчылыгы же болбосо, Кредит берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча кредиттик каражаттар боюнча карыздын тиешелүү бөлүгүн төлөө зарылчылыгы тууралуу талап-билдирүүнү жөнөтөт. 

Ушул Келишимдин колдонуудагы мөөнөтү бүткөнгө чейин Күрөө коюучунун Улуттук банкта ачылган депозиттик эсебинде жайгаштырылган сомго эквиваленттүү акча каражаттарынын күндөлүк калдыгы ушул пункттун биринчи абзацына ылайык эсептелген суммага караганда 5 (беш) пайыздан көбүрөөккө азайган шартта, Күрөө коюучу ага Күрөө кармоочунун тиешелүү талап-билдирүүсү келип түшкөн күндөн кийинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде Күрөө коюучунун Улуттук банкта ачылган депозиттик эсебинде жайгаштырылган АКШ долларындагы акча каражаттарынын суммасын Күрөө кармоочунун талап–билдирүүсүндө көрсөтүлгөн суммага чейин жеткирүүгө, же болбосо Күрөө коюучунун Күрөө кармоочудан Кредит берүү жөнүндө Кредиттик келишимге ылайык алган кредиттин тиешелүү бөлүгүн кайра баалоо күнүнө карата АКШ долларынын Улуттук банктын расмий курсу боюнча сомго эквиваленттүү күрөөнүн суммасы Күрөө коюучунун Күрөө кармоочу алдындагы Кредит берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча карызынын күндөлүк калдыгын жапкыдай тартипте тиешелүү күрөөлүк коэффициентти эске алуу менен жабууга милдеттенет. 

Мында АКШ долларынын Улуттук банк тарабынан белгиленген расмий курсу жогорулаган шартта, күрөөнүн кандайдыр бир бөлүгү бошотулбайт жана Күрөө коюучуга кайтарылбайт.  

3.2. Күрөө коюучу ушул Келишимдин 3.1.-пунктунда каралган шарттар сакталган учурда, Кредит берүү жөнүндө Кредиттик келишимге ылайык Күрөө коюучудан алган кредити боюнча өз милдеттенмелерин толугу менен же жарым-жартылай аткарган шартта,  

Күрөө кармоочунун кат жүзүндөгү макулдугу менен анын Улуттук банкта ачылган депозиттик эсебине жайгаштырылган акча каражаттарын толугу менен же бөлүп-бөлүп алууга укуктуу. 

 

4. КҮРӨӨ ПРЕДМЕТИНЕН ӨНДҮРҮҮНҮ ЖҮРГҮЗҮҮ ЖАНА АНЫ САТП ӨТКӨРҮҮ ТРАТИБИ  

4.1. Кредиттик келишимге ылайык күрөө менен камсыздалган милдеттенме аткарылбай калган учур орун алган, ошондой эле ушул келишимдин 2.1.2-пунктунда каралган шарттар келип жеткен жана күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү башталган учурда, Күрөө коюучу анын банктык аманат (депозит) келишими боюнча Улуттук банкта ачылган депозиттик эсебинен акча каражаттарын акцепциз (талашсыз) тартипте алып салууга жана аларды Күрөө кармоочунун эсебине которуу укугун Улуттук банкка берет.  

4.2. Чет өлкө валютасындагы акча каражаттары акцептциз (талашсыз) тартипте чегерилген/алынып салынган учурда, алынып салынган/чегерилген акча каражаттарын Күрөө кармоочу тарабынан Күрөө коюучуга берилген валютага конвертациялоо (которуу) акча каражаттарын чегерилген/алып салынган күнгө карата Улуттук банк тарабынан белгиленген расмий курска ылайык жүргүзүлөт. 

4.3. Күрөө предметинен өнүдүрүүнү жүргүзүүдө Күрөө коюучу да ушул келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн жана күрөө предмети болуп саналган, Банктык аманат (депозит) келишими боюнча талап кылуу укугун ыйгарып өткөрүп берүүгө милдеттенет.  

4.4. Күрөө предмети болуп саналган, Банктык аманат келишими боюнча талап кылуу укугун ыйгарып өткөрүп берүү боюнча, ушул Келишим Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 18-главасынын 173-беренесине ылайык кийинкиге калтыруу шарты менен түзүлгөн. Көрсөтүлгөн Банктык аманат келишими боюнча талап кылуу укугу, ушул келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү башталган күндөн кийинки күнү Күрөө кармоочуга өтөт.  

 

5. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ 

5.1. Ушул келишим боюнча милдеттенмелер аткарылбаган же талапка ылайыксыз аткарылган шартта, Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык келтирилген чыгымдарды бири-бирине төлөп беришет.  

5.2. Күрөө коюучу ушул Келишимдин 3.1-пунктунда каралган милдеттенмелерин аткарбаган шартта, ушул келишимдин 1.3-пунктуна ылайык күрөө предметинин жалпы наркынан 0,05 пайыз өлчөмдө, милдеттенмелер аткарылбаган ар бир күн үчүн Күрөө кармоочуга туум төлөп берет.  

5.3. Келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу жана туумдарды төлөө күнөөкөр тарапты ушул Келишимде жана Кредит берүү жөнүндө Кредиттик келишимде каралган милдеттенмелерди аткаруудан бошотпойт. 

 

6. БАШКА ШАРТТАР 

6.1. Күрөө кармоочунун ушул Келишим боюнча укуктарын ыйгарып өткөрүп берүү Күрөө коюучунун макулдугусуз эле, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. 

6.2. Күрөө коюучу ушул Келишим боюнча өз укуктарын жана милдеттенмелерин Күрөө кармоочунун кат жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү жактарга ыйгарып өткөрүп берүүгө укугу жок.  

6.3. Ушул Келишим талаптарын аткарууга байланыштуу келип чыккан талаш маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте чечилүүгө тийиш. 

6.4. Ушул Келишим шарттары Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча гана өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн. 

6.5. Ушул Келишимди тариздөөгө жана каттоого кеткен сарптоолор Күрөө коюучунун эсебинен жүзөгө ашырылат. 

6.6. Ушул Келишим Кыргыз Республикасынын күрөөлүк каттоо конторасынан катталууга тийиш.  

6.7. Ушул Келишим анын 6.6-пунктуна ылайык тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарында катталгандан тартып күчүнө кирет. 

6.8. Келишим Күрөө коюучу Кредит берүү жөнүндө Кредиттик келишим боюнча өз милдеттенмелерин толук аткарганга чейин күчүндө болот.  

6.9. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ орус тилинде 3 (үч) түп нускада жана кыргыз тилинде 3 (үч) анык нускада түзүлүп, анын 2 (эки) нускасы – Күрөө коюучуга, 2 (эки) нускасы тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга каттоо үчүн берүүгө, 2 (эки) нускасы – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында сактоо үчүн түзүлгөн. 

 

7. ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕКТЕР, ТАРАПТАРДЫН РЕКИЗИТТЕРИ ЖАНА КОЛ ТАМГАЛАРЫ 

 

КҮРӨӨ КАРМООЧУ: КҮРӨӨ КАРМООЧУ: 

 

УЛУТТУК БАНК: 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

Бишкек ш. Уметалиев көч., 101. 

 

 

 

 

 

Кызматы__________________ 

 

(Кол тамгасы)______________М.О  

Банк: 

"Коммерциялык банк" ААК/ЖЧК 

Бишкек ш., ____________ көч. 

Улуттук банктагы корр. Эсеби №1010126_______  

Улуттук банктын БИК №_____ 

ИНН №_____________ 

ОКПО №___________ 

МСИ коду: _____ 

Кызматы _________________ 

 

Кол тамгасы)__________________М.О. 

 

 

 

 

"Кыргыз Республикасынын Улуттукбанкынын коммерциялык 

банктарга чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук  

валютага конвертациялоо максатында кредиттерди сунуштоосу  

жөнүндө" убактылуу жобого карата 

3-тиркеме 

 

(коммерциялык банктын фирмалык бланкыначыгарылат) 

 

Банктын чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук  

валютага конвертациялоо планы 

 

Банктын чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо планында кеминде төмөнкү маалымат камтылууга тийиш: 

 

1. Карыз алуучу жөнүндө маалымат: 

жеке адам үчүн – аты-жөнү, инсандыгын тастыктаган документтеги маалыматтар; мында инсандыгын тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү жеке адамдын кредиттик таржымалына тиркелүүгө жана талап келип түшкөн учурда Улуттук банкка сунушталууга тийиш; 

2. Карыз алуучу менен түзүлгөн,чет өлкө валютасында алынган кредиттик келишимдин/макулдашуунун номери жана күнү; мында чет өлкө валютасында алынган кредиттик келишимдин/макулдашуунункөчүрмөлөрү жеке адамдын кредиттик таржымалына тиркелүүгө жана талап келип түшкөн учурда Улуттук банкка сунушталууга тийиш; 

3. Чет өлкө валютасында алынган кредиттик келишимде/макулдашууда көрсөтүлгөн чет өлкө валютасындагы кредиттин баштапкы суммасы (суммасы АКШ долларындасан менен жана жазуу жүзүндө); 

4. Чет өлкө валютасында алынган кредиттик келишимде/макулдашууда көрсөтүлгөн чет өлкө валютасындагыбаштапкы пайыздык чен. 

5. Кредиттик келишимде/макулдашууда конвертациялоо күнүнө карата көрсөтүлгөнчет өлкө валютасындагы кредиттин негизги карыз калдыгы (суммасы АКШ долларында сан менен жана жазуу жүзүндө); 

6. 5-пунктта көрсөтүлгөн кредиттин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү актысына ылайык Улуттук банктын 2015-жылдын 1-июлундагы расмий алмашуу курсу боюнча улуттук валютага кайра эсептелинген негизги карыз калдыгы; 

7. 6-пунктта көрсөтүлгөн кредиттин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү актысына ылайык Улуттук банктын 2016-жылдын 1-февралындагы расмий алмашуу курсу боюнча улуттук валютага кайра эсептелинген негизги карыз калдыгы; 

8. 6-пунктта көрсөтүлгөн кредиттин негизги карыз калдыгын минуска чыгаруу менен 7-пунктта көрсөтүлгөн кредиттин негизги карыз калдыгы субсидиялоо суммасын түзгөн; 

9. Конвертацияланган кредит боюнча пайыздык чен (улуттук валютадагы кредит үчүн); 

10. Мындай карызды улуттук валютага конвертациялоо планын кошо алганда, конвертациялоокүнүнө карата кредит боюнча чегерилген, бирок төлөнбөгөн пайыздар суммасы (суммасы АКШ долларында сан менен жана жазуу жүзүндө); 

11. Мындай карызды улуттук валютага конвертациялоо планын кошо алганда, конвертациялоо күнүнө карата кредит боюнча чегерилген, бирок төлөнбөгөн айыптык төлөмдөр суммасы (суммасы АКШ долларында сан менен жана жазуу жүзүндө); 

12. Улуттук банктын талабы боюнча чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоого байланыштуу башка милдеттенмелер.  

 

Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилгенчет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо критерийлерине жана/же шарттарына ылайык, конвертациялоо планына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.  

 

 

 

 

 

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык  

банктарга чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук  

валютага конвертациялоо максатында кредиттерди сунуштоосу  

жөнүндө" убактылуу жобого карата 

4-тиркеме 

(коммерциялык банктын фирмалык бланкына чыгарылат) 

 

 

 

 

Милдеттенме 

(коммерциялык банктын аталышы) 

20__-ж."___" ______________  

 

Ушул аркылуу (коммерциялык банктын толук аталышы) атынан __________________ негизинде иш алып барган ________________________ (кызмат орду, аты-жөнү) 20____-жылдын "__"__________ тартып кредиттерди конвертациялоо карыз алуучунун каалоосу боюнча (коммерциялык банктын толук аталышы) өз ыктырдыгы менен жүзөгө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү актысына ылайык ашырыла тургандыгы жөнүндө милдеттенмени өзүнө алат.  

 

 

 

М.О. 

Аты-жөнү, кызмат орду, кол тамгасы