Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 11-апрелиндеги 17/2 токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз РеспубликасынынКыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөмыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат

 

1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунушталган толуктоолор жана өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин

- 2003-жылдын 19-февралындагы 4/2 “Кыргыз Республикасынын аймагындагы микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелери жөнүндө”; 

- 2009-жылдын 27-майындагы  25/3 “Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндөжана "Микрофинансылык компаниясынын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндөжоболорду бекитүү тууралуу”.  

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы

токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын

расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен Микрофинансылык уюмдар ассоциациясын, микрофинансылык уюмдарды, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т. Дж. Джусупов мырзага жүктөлсүн

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 11-апрелиндеги  17/2 токтомуна 

тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

1.  Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 19-февралындагы 4/2 “Кыргыз Республикасынын аймагындагы микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелери жөнүндөтоктомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагындагы микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин

7.8.1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин

“7.8.1. Микрокредиттик агенттик тарабынан ошол эле бир карыз алуучуга же байланыштуу адамдар тобуна берилген кредиттин жана лизингдин чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү 500 миң сомдон ашпаган өлчөмдө аныкталууга тийиш

Мында ошол эле бир карыз алуучуга же байланыштуу адамдар тобуна 100 миң сомдон ашпаган өлчөмдө берилген микрокредиттер МКАнын жалпы кредит портфелинин 20 же андан көбүрөөк пайызын түзүүгө тийиш.”; 

- төмөнкү редакциядагы 7.8.2-пунктча менен толукталсын

“7.8.2. Кыргыз РеспубликасынынКыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндөмыйзамынын 2-беренесинин максаттарын эске алуу менен МКАнын ошол эле бир карыз алуучуга же байланыштуу адамдар тобуна ушул эрежелердин 7.8.1-пунктчасында белгиленген микрокредиттин максималдуу өлчөмүнөн жогору өлчөмдө берилүүчү микрокредитти жана лизингди төмөнкү максаттарга МКАнын өздүк капиталынын 2 пайызынан ашпаган өлчөмдө сунуштоого жол берилет

а) бизнести (ишкердик ишин уюштуруу үчүн негизги жана жүгүртүү каражаттарын сатып алуу) же жаңы ишкердик багытын түзүү

б) төмөнкү маселелердин бири аткарылган учурда, иштеп жаткан бизнести/ишкердикти кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө

- технологияны жаңыртууга багытталган жаңы технологияларды ишке киргизүү, инновациялык жабдууларды жана техниканы ишке киргизүү

- бизнес-процесстерди автоматташтыруу

- кошумча жумуш орундарын түзүү

- өндүрүштүн масштабын кеңейтүү

Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн микрокредиттерди жана лизингдерди берүүдө микрокредиттик агенттик төмөнкү шарттарды аткарууга тийиш

1) микрокредиттик агенттикте продукттун белгилүү бир түрүн жана сунушталып жаткан каржылоонун максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү тартибин аныктоо менен микрокаржылоо максаттарына жана милдеттерине ылайык иштелип чыккан каржылоо саясатынын болушу;  

2) Кредиттик маалымат бюросунан өтүнүч ээсинин кредиттик таржымалы, анын ичинде өтүнүч ээси тарабынан буга чейин алынган, бирок мөөнөтүндө төлөнбөгөн, ошондой эле өтүнүч ээсинин кайсы бир башка кредиттер боюнча кепилдик берүүчү катары катышкандыгы же катышпагандыгы тууралуу маалыматтын болушу;  

3) өтүнүч ээсинин төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган документтин болушу (өтүнүч ээсинин киреше алып келүүчү активдерге ээлик кылуу укугу, иштеген жеринен эмгек акысы тууралуу маалымкат, патент, күбөлүк ж.б), ошондой эле өтүнүч ээсинин төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берилип, ал микрокредиттик агенттиктин кредиттик саясатына жана/же башка ички документтерине ылайык, жооптуу кредит менен иш алып барган адисинин же кызматкеринин корутундусу менен тастыкталышы зарыл

4) өтүнүч ээси кредит алууга бизнес-планды сунуштоого тийиш, бул бизнес-планда тиешелүү эсептөөлөр жана болжолдоолор менен бирге кредитти пайдалануу максаттары көрсөтүлүүгө тийиш.  

Мында, МКАнын кредит портфелинде жогоруда көрсөтүлгөн кредиттердин үлүшү 70 же андан көп пайызды ээлесе, анда 7.8.1-пунктта көрсөтүлгөн чектөөлөр бул МКАга таркатылбайт.  

Эгерде МКАнын кредит портфелинде жогоруда көрсөтүлгөн кредиттердин үлүшү 70 пайыздан азды түзсө, 100 миң сомго чейинки өлчөмдөгү микрокредиттер МКАнын жалпы кредит портфелинин 20 же андан көбүрөөк пайызын түзүүгө тийиш.”. 

2.  Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы 25/3 “Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндөжобону жанаМикрофинансылык компаниясынын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндөжобону бекитүү тууралуутоктомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин

1) Жогоруда аталган токтом менен бекитилгенМикрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндөжобонун

- 2-тиркемесинин

Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчетдеп аталган 1-бөлүгүнүнБ. Милдеттенмелербөлүкчөсүндөгү 17-статья төмөнкү редакцияда берилсин

“17 Алынган кредиттер жана насыялар

а) Кыргыз Республикасынын банктарынан 

б) Кыргыз Республикасынын башка финансы-кредит мекемелеринен 

в) эл аралык финансылык уюмдардан жана донорлордон 

г) эл аралык финансы-кредит мекемелеринен 

д) мамлекеттик бийлик органдарынан 

е) уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан 

ж) уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан 

з) башка юридикалык жактардан.”; 

2) Жогоруда аталган токтом менен бекитилгенМикрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндөжобонун

- 2-тиркемесинин: 

“Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет” деген 2-бөлүгүнүн

“В. Кредит портфелин тармактар жана региондор боюнча бөлүштүрүүдеген бөлүкчөсүндөгү “Республика боюнча”, “Бишкек боюнча”, “Чүй областы боюнча”, “Ысык-Көл областы боюнча”, “Талас областы боюнча”, “Нарын областы боюнча”, “Жалал-Абад областы боюнча”, “Ош областы боюнча”, “Баткен областы боюнча” таблицанын “Жеке адамдар (керектөө кредиттери)” жана “анын ичинде, факторинг операциялары” деген саптар төмөнкү мазмундагы саптар менен толукталсын

“Финансы-кредит мекемелерине кредиттер 

анын ичинде, факторинг операциялары.”