Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 11-апрелиндеги 17/3 токтому 

 

Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат

 

1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунушталган толуктоолор жана өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин

- 2015-жылдын 26-августундагы  49/9 «Банктык мыйзамдар чөйрөсүндө администрациялык укук бузууларга тиешелүү иштерди (дело) кароого алуу жөнүндө» нускоо тууралуу»; 

- 2004-жылдын 4-февралындагы  2/2 «Жеринде барып инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу». 

2. Юридика башкармалыгы

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын

расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, адистештирилген финансы-кредит мекемесиКредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды, алмашуу бюролорун, «Кыргыз банктар бирлиги» юридикалык жактар бирикмесин, Кредиттик союздар ассоциациясын, Микрофинансылык уюмдар ассоциациясын, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

4. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Дж. Джусупов мырзага жүктөлсүн

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 11-апрелиндеги  17/3 токтомуна 

тиркеме 

 

  

Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоолор жана өзгөртүүлөр  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 26-августундагы  49/9 «Банктык мыйзамдар чөйрөсүндө администрациялык укук бузууларга тиешелүү иштерди (дело) кароого алуу жөнүндө» нускоо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктык мыйзамдар чөйрөсүндө администрациялык укук бузууларга тиешелүү иштерди (дело) кароого алуу жөнүндө» нускоонун

- 1-пунктундагы «363» деген сандар «, 505-17, 505-18, 505-19, 505-20» сандары менен толукталсын

- 2-пунктунун

1-пунктчасындагы «357-362» деген сандар «, 505-17505-20» сандар менен толукталсын

4-пунктчадагы «357-363» деген сандар «, 505-17505-20» сандар менен толукталсын.  

2. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 4-февралындагы  2/2 «Жеринде барып инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Жеринде барып инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоонун:  

- 1.9-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын

«- Коммерциялык банктардын ишинде орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди аныктоого багытталган көзөмөлдүк, коммерциялык банктардын иш коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылуу максатында, алардын иш тажрыйбасында кездешкен негизги тобокелдиктерди аныктоо үчүн каралган көзөмөлдөө ыкмасы болуп саналат, демек, көзөмөлдүк коммерциялык банк ошол тобокелдиктерди кандай жөнгө салып жаткандыгына баа берүүгө багытталат.»;  

- 3.3-пункттун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Улуттук банктын саясатына ылайык, ар бир банктын ишине комплекстүү текшерүүлөр банктын жалпы абалына рейтингдик системанын (САМЕLS) компоненттери боюнча баа берүү үчүн жүргүзүлөт. Мындан тышкары, Улуттук банк көзөмөлдөө максатында орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди аныктоого багытталган инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү чечимин да кабыл алышы мүмкүн. Жеринде барып комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча отчетто, төмөнкү маселелерди кошо алганда (бирок алар менен гана чектелбестен) төмөнкүлөр камтылат:»;  

төмөнкү мазмундагы 4.9-пункт менен толукталсын:   

«4.9. Текшерүүнүн жүрүшүндө текшерип жаткандар банктын кызматкерлери менен биргеликте кардардын ишкердигине мониторинг жүргүзүү максатында, кардар иштеп жаткан жерге, ошондой эле күрөөлүк мүлк жайгашкан жерге барышы мүмкүн.»;  

- 10.3-пункттун биринчи жана экинчи абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Зарылчылык келип чыккан учурда Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/Башкарманын мүчөсү төмөндө келтирилген шарттардын бири орун алган болсо, жолугушууларга катышуусу мүмкүн:  

банктын жыйынтык рейтинги начарлап кетсе;».