Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 27-апрелиндеги № 19/13 токтому 

 

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн номиналы чет өлкө валютасында көрсөтүлгөн мамлекеттик казына облигацияларын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайра сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кароого сунушталган «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн номиналы чет өлкө валютасында көрсөтүлгөн мамлекеттик казына облигацияларын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайра сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н. Жениш мырзага жүктөлсүн.  

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 19/13 токтомуна карата 

тиркеме 

 

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чет өлкө валютасында номинацияланган мамлекеттик казына облигацияларын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайра сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобо 

1-глава. Жалпы жоболор 

 

1. Жобо Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы №566 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө” жобого ылайык иштелип чыккан жана анда Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мындан ары Финансы министрлиги, Эмитент) тарабынан республика аймагында чыгарылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чет өлкө валютасында номинацияланган мамлекеттик казына облигацияларын (мындан ары МКО(в)) жайгаштыруу, кайра сатып алуу жана эсептешүү операцияларын жүзөгө ашыруу тартиби аныкталган. 

2. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы №556 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө” жөнүндө жобого ылайык, Финансы министрлиги менен түзүлгөн келишимдин негизинде тооруктарды уюштуруучу, депозитарий жана эсептешүүлөр боюнча оператор катары иш алып барат жана Эмитенттин позициясын эске алат (Финансы министрлигинин 2016-жылдын 15-мартындагы № 10-1-2/3009 каты). 

3. МКО(в) Финансы министрлигинин валюта түрүндөгү карыздык милдеттенмеси болуп саналат. 

4. МКО(в)нынар бир чыгарылышынын көлөмү, МКО(в) номинацияланган валюта, номинал жана купондук чен Эмитент тарабынан аныкталат. 

5. Улуттук банкка МКО(в), анын ичинде аларды тейлөөгө байланыштуу кредиттик жана башка тобокелдиктер боюнча милдеттенме жүктөлбөйт. 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы №556 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө” жөнүндө жобого ылайык Эмитент чет өлкө валютасында номинацияланган мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө боюнча оперцияларды жүзөгө ашыруу үчүн Улуттук банктан башка тооруктарды уюштуруучуну, депозитарийди жана эсептешүүлөр боюнча операторду ишке тартууга укуктуу. 

7. МКО(в)ны жайгаштыруу Улуттук банк тарабынан аукциондук негизде жүзөгө ашырылат. Аукцион билдирүүдө көрсөтүлгөн баада канааттандырыла турган ыкмада өткөрүлөт.  

8. МКО(в)ны кайра сатып алууну Эмитент Улуттук банк аркылуу жүзөгө ашырат жана Эмитент тарабынан жарыяланган МКО(в)ны кайра сатып алуу көлөмүнүн алкагында ал тарабынан белгиленген баада жүргүзүлөт. 

9. МКО(в)га каттоо номерин ыйгаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Улуттук банктын 2010-жылдын 13-сентябрындагы №201 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздарга каттоо номерин ыйгаруу жана Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздардын реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобого ылайык жүзөгө ашырылат. 

10. МКО(в)ны биринчи жайгаштыруу жана кайра сатып алуу боюнча аукциондорго катышуу укугуна ушул жобонун талаптарына жооп берген тике катышуучулар ээ болушат. Кыйыр катышуучулар тике катышуучу болуп саналышкан коммерциялык банктар (мындан ары банктар) аркылуу билдирмелерди берүү менен аукциондорго катыша алышат жана/же МКО(в)ны экинчилик рынокто сатып алышат. 

 

2-глава. Аныктамалар жана атоолор 

 

Ушул жобонун максаттарында төмөнкү аныктамалар жана атоолор колдонулат.  

11. Аукцион МКО(в) тооругунун формасы, мында билдирмелерди канааттандыруу атаандаштык негизде канааттандырылат. 

12. Атаандашуу шартында сатуу көрсөтүлгөн (жарыяланган) баада сатылып алынган МКО(в)нын баасын жана санын көрсөтүү менен сатуу.  

13. Атаандашуусуз сатуу МКО(в)ны аукциондо түптөлгөн орточо алынган баада сатуу. 

14. Кыйыр катышуучу МКО(в)ны сатып алууга билдирмени тике катышуучу болуп саналган банк аркылуу берген, тике катышуучу болуп саналбаган жеке адам, юридикалык жак. 

15. Кайра сатып алуу Эмитенттин жүгүртүүдөгү МКО(в)ны сатып алуусу боюнча операция.  

16. Чыгаруу параметрлери МКО(в)ны чыгаруу жөнүндө маалыматтар: МКО(в)нын валютасынын аталышы, номери, чыгарылган күнү, көлөмү, төлөө күнү жана бул облигацияларды мүнөздөөчү башка маалыматтар. 

17. МКО(в)ны төлөө төлөнүүчү чыгарылыштагы МКО(в) ээлеринин эсептерине номиналдык наркты чегерүү

18. Тике катышуучу Улуттук банк тарабынан лицензияланган жана чет өлкө валютасында банк операцияларын жүргүзүү укугуна ээ коммерциялык банк (мындан ары Банк). 

19. Чектүү баа билдирмелер канааттандырылган акыркы баа. 

20. Эмитент Финансы министрлиги, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан иш алып барат. 

 

3-глава. МКО(в) рыногунда тике катышуучу статусун ыйгаруу шарттары 

 

21. МКО(в) рыногунда тике катышуучу катары иш алып барууга ниеттенген Банк кеминде төмөнкү критерийлерге жооп берүүгө тийиш: 

- улуттук валютада банк операцияларын жүргүзүүгө Улуттук банктын чектөөлөр белгиленбеген лицензиясы болууга; 

- чет өлкө валютасында банк операцияларын жүргүзүү укугуна Улуттук банктын чектөөлөр белгиленбеген лицензиясы болууга; 

- чет өлкө валютасында корреспонденттик эсеби болууга; 

- Кыргыз Республикасынын “Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө” мыйзамында каралган процесстер жана жол-жоболор (консервация, санация, реабилитация, өз ыктыярдыгы боюнча же мажбурлап жоюу, реструктуризация жана кайра өзгөртүп түзүү) ага карата колдонулбашы; 

- МКО(в) менен иштөө учурунда тобокелдиктерди тескөө саясатын, МКО(в)нын депозитардык эсебин жүргүзүү тартибин жана аталган облигациялар менен иштөөдө ички контролдук системасын аныктаган документтер болууга;  

- Улуттук банк аркылуу жайгаштырылган МКО(в) рыногунда иш жүргүзүү тууралуу Улуттук банк менен келишилген келишим (1-тиркеме) болууга. 

22. Банк тике катышуучу катары Улуттук банк тарабынан белгиленген форматта отчетторду, ошондой эле тике катышуучу катары жүргүзгөн башка маалыматты Улуттук банктын жана/же Финансы министрлигинин талап кылуусу боюнча өз убагында сунуштап турууга милдеттүү

4-глава. Чет өлкө валютасында номинацияланган мамлекеттик казына  

облигацияларын МКО(в) баштапкы жайгаштыруу шарттары жана тартиби 

 

23. Улуттук банк Эмитенттен алган тапшырманын жана белгиленген формада МКО(в)ны жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүүгө тиешелүү сертификаттын негизинде аукцион өткөрөт. МКО(в)ны чыгаруу жана жайгаштыруу боюнча документтердин түзүлүшү жана формасы Улуттук банкка макулдашылат жана Эмитенттин буйругу менен бекитилет. МКО(в) аукционун өткөрүү үчүн зарыл болгон документтер аукцион өткөрүлчү күнгө чейинки эки күндөн кечиктирилбестен Эмитент тарабынан Улуттук банкка берилет. МКО(в)ны чыгаруу параметрлери Эмитент тарабынан анын веб-сайтына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат. Улуттук банк МКО(в)ны чыгаруу параметрлерин өзүнүн веб-сайтына жарыялайт. 

24. МКО(в)ны жайгаштыруу боюнча аукционго катышууга билдирме тике катышуучу тарабынан ушул Жобого карата 2-тиркемедеги формага ылайык документ түрүндө Улуттук банкка берилет. Билдирме калың конвертке салынып, чапталууга тийиш. Тике катышуучу аукционго бир гана билдирме бере алат. Тике катышуучудан бир аукционго бир нече билдирме келип түшкөн шартта, анын бул аукционго катышуусуна жол берилбейт, ал эми берилген бардык билдирмелер жараксыз деп таанылат.  

25. Документ түрүндөгү билдирме Улуттук банктын Документ менен иш алып баруу башкармалыгынын Иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо бөлүмүнүн кабинетинде жайгаштырылган “МБК аукциондоруна билдирмелер үчүн” жазуусу бар ящикке салынууга тийиш. Тике катышуучу билдирменин берилгендигин каттоо журналында чагылдыруусу зарыл. 

26. Билдирме аукцион өткөрүлчү күнү саат 12:00го чейин Улуттук банкка берилүүгө тийиш. Берилген билдирме кайтарылгыс болуп саналат.  

27. Билдирменин ар бир барагы ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасы жана тике катышуучунун мөөрү менен тастыкталууга тийиш. Билдирмеде тике катышуучунун расмий аталышы, билдирме берилген күн, аукцион өткөрүлчү күн, жайгаштырылуучу чыгарылыштын номери, сатып алынуучу баалуу кагаздардын саны, сатып алуу баасы жана наркы камтылуусу зарыл.  

28. Банктардын билдирмелеринде өз атынан берилген (өздүк билдирмелер) билдирмелер сыяктуу эле, кардарларынын тике катышуучулардын атынан берилген иргелген билдирмелер (кардардын билдирмелери) да камтылышы мүмкүн. 

29. Тике катышуучулар атаандашуусуз сунуштагы өздүк билдирмелерди бере алышпайт.  

30. Тике катышуучунун атаандашуу сунуштары менен өздүк билдирмеси төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

- лоттордун саны 5тен ашпоого,  

- лоттордун жайгаштырылышысатып алуу баасынан азаюу тартибинде; 

- ар бир билдирме боюнча баалуу кагаздардын саны 100гө барабар,  

- бир билдирмедеги баалуу кагаздардын минималдуу саны - 1000 даанадан кем эмес.  

31. Тике катышуучунун өздүк билдирмелериндеги баалуу кагаздардын саны жайгаштырылуучу баалуу кагаздар санынан ашпоого тийиш, б.а. өздүк билдирмелердин номиналы боюнча суммардык көлөмү чыгарылыштын жарыяланган көлөмүнөн ашпоого тийиш.   

32. Атаандашуу сунуштары менен кардардын билдирмеси төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

- ар бир лот боюнча баалуу кагаздардын саны - 10го барабар,  

- бир лоттогу баалуу кагаздардын минималдуу саны - 100 даанадан кем эмес.  

33. Атаандашуусуз сунушу менен бир кардардан берилген билдирменин минималдуу көлөмүнө чектөөлөр белгиленген эмес.  

34. Атаандашуу жана атаандашуусуз шартында бир кардардан берилген билдирмелердин максималдуу көлөмү чыгарылыштын жарыяланган көлөмүнөн ашпоого тийиш.  

35. Белгиленген тариздөө тартибин бузуу менен берилген билдирмелер жараксыз деп таанылат жана аукционго катышууга жол берилбейт.  

36. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте маалыматтарды ачып көрсөтүү учурларын эске албаганда, аукционго катышуучунун билдирмесинде көрсөтүлгөн маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылат. 

37. Атаанташуусуз сунуштары менен билдирмелер биринчи кезекте канаттандырылат. Канаттандыруунун максималдуу чеги номиналдык нарк боюнча чыгаруу көлөмүнүн 30% түзөт. Эгерде, атаандашуусуз сунуштар менен берилген билдирмелердин суммардык көлөмү  МКО(в)ны номиналдык нарк боюнча чыгаруу көлөмүнүн 30% ашып кетсе, анда алар пропорционалдык негизде канааттандырылат.  

38. Атаандашуусуз сунуштары менен билдирмелер канааттандырылгандан кийин калган чыгаруу көлөмү, атаандашуу сунуштары менен билдирмелер ортосунда бөлүштүрүлөт. Билдирмелердин лоттору сатып алуу баасы боюнча азаюу тартибинде жайгаштырылат жана максималдуу лоттон баштап, андан кийин чектүү баага жеткенге чейин төмөндөө баасы боюнча канааттандырылат. Эгерде чектүү баада бирден ашык билдирме берилген болсо, анда бул билдирмелердин ортосунда баалуу кагаздарды бөлүштүрүү пропорционалдуу негизде жүргүзүлөт. 

39. Эгерде чектүү баада банктын өздүк билдирмеси сыяктуу эле, анын кардарларынын билдирмелери да берилген болсо, анда баалуу кагаздарды бөлүштүрүү ушул эки билдирменин ортосунда пропорционалдуу негизде жүзөгө ашырылат. 

40. Атаандашуусуз билдирме орточо алынган баада канааттандырылат.  

41. Аукционго катышууга жол берилген билдирмелерди алдын ала иргөө аукцион жүргүзүлгөн күнү саат 13:00 дон 14:30га чейин жүзөгө ашырылат. 

42. Аукциондун алдын ала натыйжалары аукцион өтүүчү күнү саат 15:00дон кечиктирилбестен Эмитентке чечим кабыл алуу үчүн берилет.  

43. Эмитент төмөнкү чечимдердин бирин кабыл ала алат: аукциондун натыйжаларын бекитүү же аукционду өткөрүлбөгөн катары таануу. 

44. Эмитент аукциондун натыйжаларын төмөнкү чекте бекитет:  

- билдирмелерди максималдуу канааттандыруу чыгаруу көлөмүнүн 25% чектелет;  

- билдирмелерди минималдуу канааттандыруу төмөнкү чекте камсыз кылынат:  

эгерде берилген билдирмелердин суммасы жарыяланган эмиссиянын көлөмүнө барабар болсо же ашса - билдирмелерди минималдуу канааттандыруу жарыяланган эмиссиянын 25% түзөт; 

эгерде берилген билдирмелердин суммасы жарыяланган эмиссиядан аз болсо канааттандырылган билдирмелердин минималдуу көлөмү берилген билдирмелердин чегинде белгиленет. 

45. Эмитент төмөнкү учурларда аукционду өткөрүлбөгөн катары таануу укугуна ээ болот:  

- аукционго үчтөн кем катышуучу катышса;  

- эгерде кабыл алынган билдирмелердин орточо алынган кирешелүүлүгү, акыркы аукциондо түптөлгөн орточо алынган кирешелүүлүктөн 15% ашса.  

46. Эмитент аукциондун натыйжаларын аукцион өткөрүлгөн күнү саат 16.00го чейин бекитет.  

47. Эмитент аукциондун натыйжаларын бекиткенден кийин билдирмелер акыркы жолу иргөөдөн өткөрүлүп, аукциондун жыйынтыкталган натыйжалары жарыяланат. 

48. Эмитент аукциондун натыйжаларын бекиткен шартта, тике катышуучуларга аукциондун жыйынтыкталган маалыматтары: суроо-талаптын жана жайгаштыруулардын көлөмү, орточо алынган баа, билдирмелердин максималдуу баасы жана чектүү баа маалымдалат; аукционго катышуунун натыйжалары боюнча ал же анын кардарлары тарабынан сатылып алынган МКО(в) саны жана наркы ар бир тике катышуучуга өзүнчө маалымдалат. 

49. Аукциондун жыйынтыкталган натыйжалары Улуттук банктын веб-сайтында жарыяланат. 

 

5-глава. МКО(в)ны кайра сатып алуу шарттары жана тартиби 

 

50. Кайра сатып алуу сунушталган МКО(в)ны кайра сатып алуу шарттары (сатып алынуучу МКО(в)нын баасы, көлөмү жана катталган номери) жана кайра сатып алуу жүргүзүлчү күн тууралуу маалымат Эмитент тарабынан анын веб-сайтында, ошондой эле Улуттук банк тарабынан Улуттук банктын веб-сайтында жарыяланат. МКО(в)ны кайра сатып алуу ушул жобонун талаптарына жооп берген тике катышуучулар ортосунда жүзөгө ашырылса, кыйыр катышуучулар билдирмелерин банк аркылуу берүү менен катышышат. 

51. МКО(в)ны кайра сатып алууга катышууга билдирме тике катышуучу тарабынан ушул Жобого карата 3-тиркемедеги формага ылайык документ түрүндө Улуттук банкка берилет. Билдирме калың конвертке салынып чапталган болууга тийиш. Тике катышуучу аукционго бир гана билдирме бере алат. Тике катышуучудан бир аукционго бир нече билдирме келип түшкөн шартта, анын бул аукционго катышуусуна жол берилбейт, ал эми берилген бардык билдирмелер жараксыз деп таанылат. 

52. Документ түрүндөгү билдирме Улуттук банктын Документ менен иш алып баруу башкармалыгынын Иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо бөлүмүнүн кабинетинде жайгаштырылган “МБК аукциондоруна билдирмелер үчүн” жазуусу бар ящикке салынууга тийиш. Тике катышуучу билдирме берилгендигин каттоо журналына чагылдыруусу зарыл. 

53. Билдирме аукцион өткөрүлчү күнү саат 12:00го чейин Улуттук банкка берилүүгө тийиш. Берилген билдирме кайтарылгыс болуп саналат. 

54. Билдирменин ар бир барагы ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасы жана тике катышуучунун мөөрү менен тастыкталууга тийиш. Билдирмеде тике катышуучунун расмий аталышы, билдирме берилген күн, кайра сатып алуу жүргүзүлчү күн, сатып алынуучу МКО(в)нын каттоо номерин камтууга тийиш. 

55. Банктардын билдирмелеринде өз атынан берилген (өздүк билдирмелер) билдирмелер сыяктуу эле, кардарларынын кыйыр катышуучулардын атынан берилген агрегирленген билдирмелер (кардардын билдирмелерин) да камтылышы мүмкүн. 

56. Тике катышуучунун кайра сатып алууга өздүк билдирмесинде баалуу кагаздардын минималдуу саны төмөнкү талапка жооп берүүгө тийиш: баалуу кагаздардын саны 100 даанадан кем болбоого жана 10го барабар болууга тийиш. 

57. Тике катышуучунун билдирмесинде баалуу кагаздардын саны кайра сатып алынуучу баалуу кагаздардын санынан ашпоого тийиш, б.а. өздүк билдирменин номинал боюнча көлөмү кайра сатып алуунун жарыяланган көлөмүнөн ашпоого тийиш. 

58. Бир кардар тарабынан берилген баалуу кагаздардын минималдуу саны талапка ылайык келүүгө 10 даанадан кем болбоого жана 10го барабар болууга тийиш. 

59. Бир кардардан берилген баалуу кагаздардын саны кайра сатып алуунун жарыяланган көлөмүнөн ашпоого тийиш. 

60. Тариздөө тартибин бузуу менен толтурулган билдирмелер жараксыз болуп таанылышат жана кайра сатып алууга жол берилбейт.  

61. Улуттук банк маалыматтардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ачыкка чыгарылышын эске албаганда, кайра сатып алууга катышуучунун билдирмесинде көрсөтүлгөн маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылат. 

62. Кайра сатып алууга катышуучулардын билдирмелери аларда көрсөтүлгөн баалуу кагаздардын саны боюнча аткарылат. Билдирменин наркы билдирмеде көрсөтүлгөн баалуу кагаздардын санын Эмитент тарабынан белгиленген баага көбөйтүү аркылуу эсептелет. Эгерде кайра сатып алууга сунуштары менен билдирмелердин суммардык көлөмү номиналдык нарк боюнча Эмитент тарабынан белгиленген кайра сатып алуу көлөмүнөн ашса, аларды канааттандыруу пропорционалдуу негизде жүзөгө ашырылат. 

63. Кайра сатып алууга уруксат берилген билдирүүлөрдү иргөө кайра сатып алуу жүргүзүлгөн күнү саат 13:00дон 14:00го чейин жүзөгө ашырылат. Кайра сатып алуу жүргүзүлгөн күнү саат 14:30да кайра сатып алуу натыйжалары Эмитентке берилет.  

64. Акыркы натыйжалар кайра сатып алуу жүргүзүлгөн күнү саат 15:00дон кечиктирилбестен жарыяланат.  

65. Кайра сатып алуунун жыйынтыкталган натыйжалары Улуттук банктын мезгилдүү басылмаларында жана веб-сайтында жарыяланат. 

 

6-глава. Эсептөөлөр 

 

66. Тике катышуучу МКО(в)ны жайгаштыруу аукционунун натыйжалары боюнча сатып алынган МКО(в)га төлөө үчүн (жайгаштыруу боюнча аукционго катышууга канаттандырылган билдирмеге ылайык) каражаттарды МКО(в) чыгарылган күнгө чейинки 1 (бир) күн ичинде Эмитенттин Улуттук банктагы чет өлкө валютасындагы тиешелүү эсебине толук көлөмдө чегерүүнү жүзөгө ашырат. Тике катышуучу чет өлкө валютасындагы каражаттарды которууда каражат алуучуну (Эмитентти), анын Улуттук банктагы чет өлкө валютасындагы эсебинин номерин, толук жана так негизин жана төлөм багытын милдеттүү түрдө көрсөтүүгө тийиш.  

67. Сатып алынган МКО(в)га бөлүп-бөлүп төлөөгө жол берилбейт. Эгерде аукциондун тике катышуучусу МКО(в)нын чыгаруу күнү, сатып алынган МКО(в)га төлөө үчүн Эмитенттин Улуттук банктагы чет өлкө валютасындагы тиешелүү эсебине каражаттарды толук көлөмдө жана өз убагында (ушул Жобонун 66-пунктуна ылайык) чегербесе, анда анын билдирмеси жокко чыгарылат. Бул учурда аукциондун тике катышуучусу Эмитентке сатып алынган МКО(в)нын номиналдык наркынан 1 пайыз өлчөмдө, МКО(в) чыгарылган күнгө карата Улуттук банк тарабынан белгиленген расмий курс боюнча, улуттук валютада үстөк айыптык төлөм төлөөгө милдеттүү болот. Аукциондун тике катышуучусу үстөк айыптык төлөмдү төлөмөйүнчө кийинки аукционго катышпайт.  

68. Тике катышуучу ушул Жобонун 66-пунктунда көрсөтүлгөн операцияларда келип чыгышы мүмкүн болгон, банк-корреспонденттердин которуулары үчүн бардык тике жана кыйыр чыгашаларды өз алдынча төлөөгө милдеттенет.  

69. МКО(в) чыгарылган күнү Улуттук банк анын корреспондент банкынан чет өлкө валютасындагы каражаттарды толук көлөмдө Улуттук банктын корреспонденттик эсебине чегерилгендиги тууралуу тастыктамасын (эсеп боюнча көчүрмө) алгандан кийин тике катышучунун депо эсебине МБКларды которууну жүзөгө ашырат.  

70. Жайгаштыруу боюнча аукциондун натыйжалары боюнча эсептешүүлөр аяктагандан кийин Улуттук банк аукциондун тике катышуучусуна сатып алынган МКО(в)на менчик укугун тастыктаган квитанция берет (4-тиркеме). 

71. Кайра сатып алуунун натыйжалары боюнча эсептешүүлөр МКО(в) кайра сатып алынган күндөн кийинки 5 жумуш күнү ичинде жүзөгө ашырылат.  

72. Эмитент МКО(в)ны кайра сатып алуу жүргүзүлгөндөн кийинки иш күнү Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын Улуттук банктагы күндөлүк эсебинде чет өлкө валютасындагы акча каражаттардын жеткиликтүү деңгээлде болушун камсыз кылат, ал аркылуу кайтарым сатып алуу жүргүзүүнүн натыйжаларына ылайык сатып алынган МКО(в)га төлөө жүргүзүлөт. 

73. Улуттук банк Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын төлөм тапшырмасынын негизинде өзүнчө келишимдердин шарттарына ылайык аныкталган күнү, Эмитенттин атынан МКО(в)ны кайра сатып алуу боюнча каражаттарды чегерүүнү жүргүзөт. Которуулардын көрсөтүлгөн суммасынын тууралыгына, каражаттардын тике катышуучуга өз убагында чегерилиши үчүн төлөм тапшыруусунун өз убагында берилиши, банктык төлөм реквизиттеринин тууралыгына Эмитент жооп берет.  

74. Купондук төлөмдөрдү төлөө жана МКО(в)нын ордун жабуу боюнча эсептешүүлөр МКО(в)ны чыгаруу шарттарына ылайык, тиешелүүлүгүнө жараша, купондук төлөмдөр күнү жана ордун жабуу күнү жүргүзүлөт. Эгерде, купондук төлөм күнү жана ордун жабуу күнү Кыргыз Республикасында жана/же корреспондент өлкөдө дем алыш күнүнө туура келип калса, анда эсептешүүлөр кийинки жумуш күнү ишке ашырылат. 

75. Эмитент купондук төлөмдөрдү төлөө күнүнө жана ордун жабуу күнүнө карата Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын Улуттук банктагы күндөлүк эсебинде чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын жеткиликтүү көлөмдө болушун камсыз кылат, ал аркылуу купондук төлөмдөрдү төлөө жана МКО(в)нын орду жабылуучу номиналдык наркын чегерүү жүзөгө ашырылат.  

76. Улуттук банк Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын төлөм тапшырмасынын негизинде МКО(в)ны чыгаруу шарттарына ылайык Эмитент тарабынан аныкталган күнү МКО(в) боюнча купондук төлөмдөр жана/же МКО(в)нын ордун жабуу каражаттарын Эмитенттин атынан чегерүүнү жүзөгө ашырат. Которулчу сумманын туура көрсөтүлүшү, тике катышуучуга каражаттардын өз убагында чегерилиши үчүн төлөм тапшырмалардын өз убагында сунушталышы, ошондой эле банктык төлөм реквизиттеринин тууралыгы үчүн Эмитент жооп берет.  

77. Эмитент корреспондент банктардын которуулары үчүн ушул Жобонун 73 жана 76 пункттарында көрсөтүлгөн операцияларда келип чыгышы мүмкүн болгон бардык тике жана кыйыр чыгашаларын өз алдынча төлөөгө милдеттенет. 

 

7-глава. Корутунду жоболор 

 

78. МКО(в) менен жүргүзүлгөн операциялар боюнча тобокелдиктерди тескөө ыкмалары аукциондун катышуучусунун ички ченемдик документтери менен аныкталат.  

79. Улуттук банк Эмитент менен макулдашуу аркылуу Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга (мындар ары Уюм) экинчилик рыногунда сатылып алынган МКО(в)ны эсепке алуу үчүн депо-эсеп ачууга укуктуу. Улуттук банкта депо-эсеп ачуу үчүн Уюм Улуттук банк менен МКО(в)ны эсепке алуу үчүн депо-эсеп ачуу жөнүндө келишим түзүүгө тийиш (5-тиркеме). 

 

 

 

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чет өлкө валютасында номинацияланган мамлекеттик казына облигацияларын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайра сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобого карата 1-тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чет өлкө валютасында номинацияланган жана Улуттук банк аркылуу жайгаштырылган мамлекеттик казына облигациялары рыногунда __________банкынын иши тууралуу  

№____________________келишим 

 

 Бишкек ш. 20___-ж "____" _________ 

 

Мындан ары «Улуттук банк» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан, 20___-жылдын “____”________ №____ буйруктун негизинде иш алып барган Төраганын орун басары ____________________________ бир тараптан жана мындан ары «Банк» деп аталуучу _____________________ атынан, Уставдын негизинде иш алып барган Башкарманын Төрагасы __________________________ экинчи тараптан, мындан ары биргелешип «Тараптар» деп аталуучулар Улуттук Банк Башкармасынын 20___-жылдын «___»_______ №___ токтому менен бекитилген, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чет өлкө валютасында номинацияланган мамлекеттик казына облигацияларын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайра сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобого (мындан ары Жобо) таянуу менен төмөнкүлөр боюнча ушул Келишимди түзүштү

 

1. Келишим предмети 

 

1.1. Банктын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чет өлкө валютасында номинацияланган жана Жобого ылайык Улуттук банк аркылуу жайгаштырылган мамлекеттик казына облигациялары (мындан ары - МКО(в)) рыногунда тике катышуучу катары ишин жүзөгө ашыруусу ушул Келишим предмети болуп саналат.  

 

2. Банкка коюлуучу талаптар 

 

2.1. Тике катышуучу катары иш алып барууну каалаган Банк, кеминде төмөнкү критерийлерге ылайык келүүгө тийиш: 

· банк операцияларын улуттук валютада чектөөсүз жүргүзүүгө Улуттук банктын лицензиясынын болушу; 

· банк операцияларын чет өлкө валютасында чектөөсүз жүргүзүү укугуна Улуттук банктын лицензиясынын болушу; 

· чет өлкө валютасында корреспонденттик эсебинин болушу; 

· Кыргыз Республикасынын “Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө” мыйзамында каралган процесстер жана жол-жоболор (консервация, санация, реабилитация, ыктыярдуу же мажбурлап жоюу, реструктуризация жана кайра өзгөртүп түзүү) ага карата колдонулбашы; 

· МКО(в) менен иш алып баруу учурунда тобокелдиктерди тескөө саясатын, МКО(в) депозитардык эсебин жүргүзүү тартибин жана аталган облигациялар менен иш алып барууда ички контролдук системасын аныктаган документтердин болушу.  

2.2. Ушул Келишимге кол коюу менен банк Келишимдин 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн критерийлерге ылайык келээрин тастыктайт.  

 

3. Банктын укугу 

 

Банк төмөнкүлөргө укуктуу:  

3.1. МКО(в) жайгаштыруу жана кайра сатып алуу боюнча аукциондорго өз атынан жана кардарларынын тапшырмасы боюнча тике катышууга.  

3.2. Өз атынан жана кардарларынын тапшырмасы боюнча сатылып алынган МКО(в) боюнча депозитардык ишти жүзөгө ашырууга.  

3.3. МКО(в) жайгаштыруу жана кайра сатып алуу боюнча алдыда боло турган аукциондордун параметрлери жана өткөрүлгөн аукциондордун натыйжалары тууралуу маалымат алууга. 

3.4. Сый акылардын өлчөмү жана Банк кардарларынын билдирмелерин кабыл алуу тартиби Банк тарабынан өз алдынча аныкталат. 

 

4. Банктын милдеттери 

 

Банк төмөнкүлөргө милдеттүү:  

4.1. МКО(в) рыногунда ишин Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырууга.  

4.2. Жайгаштыруу боюнча аукционго катышууга берилген канааттандырылган билдирмелерге ылайык, сатып алынган МКО(в)га төлөө үчүн МКО(в) чыгарылган күнгө чейинки 1 (бир) жумуш күнү ичинде Эмитенттин Улуттук банктагы чет өлкө валютасындагы тиешелүү эсебине каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө чегерүүнү жүргүзүү. Тике катышуучу чет өлкө валюталарындагы каражаттарды которууда каражат алуучуну (Эмитентти), анын Улуттук банктагы чет өлкө валютасындагы эсебинин номерин, төлөмдүн негизин жана багытын милдеттүү түрдө толук жана так көрсөтүүгө тийиш. Эгерде аукциондун тике катышуучусу сатып алынган МКО(в)га төлөө үчүн Эмитенттин Улуттук банктагы чет өлкө валютасындагы тиешелүү эсебине чет өлкө валютасындагы каражаттарды толук көлөмдө жана өз убагында чегербесе, анын билдирмеси жокко чыгарылат. Бул учурда аукциондун тике катышуучусу Эмитентке сатып алынган МКО(в)нын номиналдык наркынан 1 пайыз өлчөмдө, МКО(в) чыгарылган күнгө карата Улуттук банк тарабынан белгиленген расмий курс боюнча, улуттук валютада үстөк айыптык төлөм төлөөгө милдеттүү болот. Аукциондун тике катышуучусу үстөк айыптык төлөмдү төлөмөйүнчө кийинки аукционго катышпайт. 

4.3. Банк-корреспонденттердин которуулары үчүн ушул Жобонун 4.2-пунктунда көрсөтүлгөн операцияларда келип чыгышы мүмкүн болгон бардык тике жана кыйыр чыгашаларды өз алдынча төлөөгө

4.4. Банк кардарларын МКО(в)ны жайгаштыруу жана кайра сатып алуу боюнча ауциондорго катышуусу үчүн зарыл шарттар менен камсыз кылуу. 

4.5. Эсепке алуунун эки деңгээлдүү системасынын алкагында (Улуттук банк Башкы депозитарий; Банк Субдепозитарий) Улуттук банк тарабынан белгиленген эрежелерге ылайык МКО(в) боюнча депозитардык ишти жүзөгө ашырууга: 

· МКО(в)нын биринчи жайгаштырылышында (МКО(в) аукционунун жыйынтыгы боюнча) алардын өз депоненттеринин эсептерине чегерүүнү жүзөгө ашырууга;  

· төлөө мөөнөтү келип жеткен шартта, МКО(в)нын тиешелүү чыгарылыштарынын эсептерин жабууга;  

· депоненттерге таандык МКО(в) сакталышын камсыз кылууга жана укуктун эсебин жүргүзүүгө

· ар бир депонентке тиешелүү МКО(в) өз-өзүнчө эсепке алынат;  

· депо-эсептер боюнча жазууларды жүргүзүү үчүн негиз болуп саналган, документтердин эсебин жүргүзүү;  

· Банк кардарынын Банктын Субдепозитарийинде эске алынган МКО(в)га менчик укугун тастыктоо. 

4.6. Өз кардарларына МКО(в) рыногу тууралуу так маалыматты, анын ичинде МКО(в) рыногунда түптөлгөн баалар, пайыздык чендер, тенденциялар жана башка зарыл маалыматтарды сунуштоо.  

4.7. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык маалыматтын ачыка чыгарылышын эске албаганда, өз кардарларынын МКО(в) боюнча маалыматтарынын купуялуулугун камсыз кылуу. 

4.8. Улуттук банк тарабынан белгиленген форматта отчетторду, ошондой эле тике катышуучу катары Банк ишине байланыштуу башка маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана/же Финансы министрлигинин талап кылуусу боюнча өз убагында берүү

4.9. Ушул Келишимге кол коюлгандан кийинки 2 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка ишеним катты жана МКО(в) аукциондоруна билдирмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адамдардын тизмесин берүү. Эгерде ушул пунктта көрсөтүлгөн ыйгарым укуктар башка адамга өткөрүлүп берилсе, анда бул ыйгарым укуктар өткөрүп берилген учурдан тартып эки жумуш күнү ичинде Улуттук банкка жаңы тизме жана ишеним катты сунуштоо. 

4.10. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле Улуттук банк Башкармасынын “___”_______№_______токтому менен бекитилген, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чет өлкө валютасында номинацияланган мамлекеттик казына облигацияларын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайра сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобого ылайык МКО(в) менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу. 

 

5. Улуттук банктын укугу. 

 

Улуттук банк төмөнкүлөргө укуктуу:  

5.1. МКО(в) рыногунда Банктын ишине, анын ичинде жеринде барып текшерүүлөрдү жүргүзүү аркылуу көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу.  

5.2. МКО(в)нын Башкы депозитарийи катары иш жүргүзүүгө.  

5.3. Отчеттордун, ошондой эле Банктын ишине байланыштуу Улуттук банкка жана/же Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине зарыл болгон башка маалыматтардын белгиленген формада, өз убагында берилишин талап кылуу.  

5.4. Банкка карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чараларды кабыл алуу.  

 

6. Улуттук банктын милдеттери 

 

Улуттук банк төмөнкүлөргө милдеттүү:  

6.1. Жүгүртүүдөгү МКО(в)нын так жана толук эсепке алынышын камсыз кылууга.  

6.2. МКО(в) аукциондорунун параметрлерин жарыялоого жана Улуттук банктын сайтына жайгаштырууга. 

6.3. МКО(в) аукциондору ишке ашырылгандан кийин Банкка МКО(в) аукциондорунун натыйжалары тууралуу маалыматты белгиленген тартипке ылайык сунуштоо.  

6.4. МКО(в), ошондой эле купондук төлөмдөр төлөнгөн күнү Эмитенттин төлөм тапшырмасынын негизинде жана анда көрсөтүлгөн реквизиттер боюнча Банктын корреспонденттик эсебине чет өлкө валютасындагы каражаттарды чегерүү. Которулган сумманын туура көрсөтүлүшүнө, Банкка каражаттардын өз убагында чегерилиши үчүн төлөм тапшырмасынын өз убагында берилишине, банктык төлөм реквизиттеринин тууралыгына Эмитент жооп берет.  

6.5. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык маалыматтардын ачыка чыгарылышын эске албаганда, Банктын МКО(в) менен операциялары боюнча маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу.  

 

7. Тараптардын жоопкерчиликтери жана талаш маселелерди чечүү тартиби 

 

7.1. Банк тарабынан акча каражаттары Эмитенттин Улуттук банктагы эсебине ашыкча же жаңылыш которулган учурда, Улуттук банк жаңылыш чегерилген сумма тууралуу Банкка маалымдоого жана аны кайтарып берүүгө милдеттүү. Мында банк-корреспонденттердин которуулары үчүн кандайдыр бир тике жана/же кыйыр чыгашалар келип чыккан шартта, алар Банк тарабынан төлөнөт. 

7.2. Улуттук банк тарабынан МКО(в) боюнча купондук төлөмдөрдүн ордун жабууда же төлөөдө тиешелүү сумманын кечиктирилип же туура эмес төлөнүшүндө, Улуттук банк Банктын пайдасына кечиктирилген ар бир күн үчүн кем чегерилген сумманын 0,1% өлчөмүндө туум төлөйт.   

7.3. Банк жаңылыш чегерилген сумма тууралуу Улуттук банкка маалымдоого жана кайтарып берүүгө милдеттүү. Жаңылыш чегерилген сумма кайтарып берилбеген учурда Банк жаңылыш чегерилген сумманын 0,1% өлчөмүндө ар бир кечиктирилген календардык күн үчүн Улуттук банкка туум төлөйт.  

7.4. Тараптар өз милдеттерин аткарбагандыгы же талапка ылайыксыз аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.  

7.5. Ушул Келишим талаптарын аткаруу процессинде келип чыккан талаш маселелер, өз ара алгылыктуу чечимди иштеп чыгуу максатында, Тараптардын сүйлөшүүлөрү аркылуу жөнгө салынат.  

7.6. Жөнгө салынбаган талаш маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.  

7.7. Улуттук банк милдеттердин аткарылбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт, эгерде бул Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эмитирленген МКО(в) боюнча милдеттерин аткарбагандыгынын натыйжасынан улам орун алса. 

 

8. Келишимдин аракеттенүү мөөнөтү жана аны токтотуу тартиби 

 

8.1. Келишим ага кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана бир календардык жыл ичинде колдонууда болот.   

8.2. Эгерде Тараптардын бири дагы ушул Келишимдин аракеттенүү мөөнөтү бүткөнгө чейинки 30 календардык күн ичинде аны токтотуу тууралуу кат жүзүндө билдирбесе, анда Келишимдин аракеттенүү мөөнөтү ар бир кийинки календардык жыл үчүн дароо узартылат.  

8.3. Келишимдин аракети Улуттук банктын сыяктуу эле, Банктын демилгеси боюнча да токтотулушу мүмкүн.  

8.4. Улуттук банк төмөнкү учурларда Банкка алдын ала билдирүүсүз эле, Келишимди бир тараптуу негизде токтотууга укукту:  

- Банк ушул Келишим боюнча өз милдеттерин аткарбаса же талапка ылайыксыз аткарган болсо;  

- эгерде Банкка карата жоюу жол-жобосу башталса;  

- эгерде Банктын лицензиясынын аракети токтотулса же кайтарылып алынган болсо.  

 

9.Башка шарттар  

 

9.1. Банк МКО(в) аукциондоруна катышуусунун натыйжасында анын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен акча каражаттарын акцепциз алып салууну жүргүзүү укугун берет. 

9.2. Келишим шарттарына Тараптардын өз ара макулдашуулары боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.  

9.3. Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген же жаңы редакциясы кабыл алынган шартта, Келишимди Жобонун жаңы нормаларына ылайык келтирүү максатында, Келишим шарттары кайра каралууга тийиш. 

9.4. Келишимге кат жүзүндө кошумча келишим менен таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, ага эки Тараптын тең колу коюлат жана ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.  

9.5. Келишим Тараптардын ар бири үчүн бирден, эки нускада түзүлгөн.  Эки нускасы тең бирдей юридикалык күчкө ээ.  

 

Тараптардын реквизиттери: 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкы 

720040, Бишкек ш, Үмөталиев атындагы көчө 101 

 

(Кызматы) 

 

(Аты-жөнү

________________________ 

(кол тамгасы) 

МО 

Банктын аталышы 

 

 

(Почта индекси, дареги) 

 

(Кызматы) 

 

(Аты-жөнү

________________________ 

(кол тамгасы) 

МО 

 

 

 

 

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чет өлкө валютасында номинацияланган мамлекеттик казына облигацияларын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайра сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобого карата 2-тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

МКО(в) жайгаштыруу боюнча аукционго катышууга 

БИЛДИРМЕ 

 

Ушул аркылуу [аукционго тике катышуучунун аты], мындан ары “Катышуучу” деп аталуучу _______________________ каттоо номериндеги МКО(в)ны [аукцион өткөрүлчү күн], өткөрүлүп жаткан аукциондо төмөнкү шарттарда сатып алууга макулдугун билдирет: 

 

Өз атынан: 

 

Өздүк билдирме 

Атаандашуу шартында берилген билдирме 

Лот № 

Сатып алуу баасы 

МКО(в) саны (даана) 

Сатып алуу наркы 

4 = 2 * 3 

 

 

 

 

 

Өз кардарларынын атынан (1): 

Кардардык билдирме 

Атаандашуу шартында берилген билдирме 

Лот № 

Сатып алуу баасы 

МКО(в) саны (даана) 

Сатып алуу наркы 

4 = 2 * 3 

 

 

 

 

Атаандашуусуз билдирме 

МКО(в) саны (даана) 

 

 

Катышуучу аукцион өткөрүү эрежелери менен таанышты жана андан келип чыккан бардык милдеттенмелерди өзүнө алат. 

 

______________________ _______________ _______________________ 

(Кызматы) (кол тамгасы) (аты-жөнү

Күнү М.П. 

 

Аткаруучу Аты-жөнү 

Тел.: ____________ 

 

(1) кардардын билдирмеси болгон шартта, тике катышуучу тарабынан толтурулат.  

 

 

 

 

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чет өлкө валютасында номинацияланган мамлекеттик казына облигацияларын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайра сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобого карата 3-тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

 

МКО(в)ны кайра сатып алууга катышууга 

БИЛДИРМЕ 

 

 

Ушул аркылуу [кайра сатып алуучу тике катышуучунун аты], мындан ары “Катышуучу” деп аталуучу _______________________ каттоо номериндеги МКО(в)ны [кайра сатуу өткөрүлчү күн] [XXXX] баада, төмөнкү шарттарда кайра сатууга даяр экендигин билдирет: 

 

 

өз атынан: 

Өздүк билдирме 

МКО(в) саны (даана) 

 

 

өз кардарларынын атынан (1): 

 

Кардардык билдирме 

МКО(в) саны (даана) 

 

 

Катышуучу аукцион өткөрүү эрежелери менен таанышты жана андан келип чыккан бардык милдететнмелерди өзүнө алат. 

 

______________________ _______________ _______________________ 

(Кызматы) (кол тамгасы) (аты-жөнү.) 

 

Күнү М.О. 

 

Аткаруучу Аты-жөнү

Тел.: ____________ 

 

(1) кардардын билдирмеси болгон шартта, тике катышуучу тарабынан толтурулат.  

 

 

 

 

 

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чет өлкө валютасында номинацияланган мамлекеттик казына облигацияларын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайра сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобого карата 4-тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

 

КВИТАНЦИЯ 

 

Ушул аркылуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы МКО(в)ны жайгаштыруу боюнча [өткөрүлчү күн] өткөн аукциондун жыйынтыгы боюнча, [тике катышуучунун аты-жөнү] төмөнкү чыгарылыштагы МКО(в)га ээлик кылуучу катары таанылаарын тастыктайт: 

 

 

МКО(в) каттоо номери 

МКО(в) саны (даана) 

Суммасы 

Купондук чен % 

Купонду төлөө шарттары (төлөө мезгилдүүлүгү

Өздүк 

Кардардын 

Өздүк 

Кардардын 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын кайра каржылоо жана баалуу кагаздарды кайра жайгаштыруу бөлүмүнүн начальниги ________________ ______________ 

(кол тамгасы) (аты-жөнү

 

Аткаруучу аты-жөнү 

Тел.: ____________ 

 

 

 

 

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чет өлкө валютасында номинацияланган мамлекеттик казына облигацияларын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайра сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобого карата 5-тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чет өлкө валютасында номинацияланган мамлекеттик казына облигацияларын эсепке алуу үчүн депо-эсеп ачуу жөнүндө №_____келишим 

 

Бишкек ш. 20___-ж"____" _________ 

 

Мындан ары «Улуттук банк» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан, 20___-жылдын “____”________ №____ буйруктун негизинде иш алып барган Төраганын орун басары ____________________________ бир тараптан жана мындан ары «Катышуучу» деп аталуучу _____________________ атынан, Уставдын негизинде иш алып барган Башкарманын Төрагасы __________________________ экинчи тараптан, мындан ары биргелешип «Тараптар» деп аталуучулар Улуттук Банк Башкармасынын 20___-жылдын «___»_______ №___ токтому менен бекитилген, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чет өлкө валютасында номинацияланган мамлекеттик казына облигацияларын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайра сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобого (мындан ары Жобо) таянуу менен төмөнкүлөр боюнча ушул Келишимди түзүштү

 

1. Келишим предмети 

 

1.1. Катышуучуга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чет өлкө валютасында номинацияланган мамлекеттик казына облигацияларын (мындан ары МКО(в)) экинчилик рыногунда Катышуучу тарабынан сатып алынган МКО(в)ны эсепке алуу жана депо-эсеп боюнча Катышуучунун тапшыруусунун негизинде операцияларды ишке ашыруу үчүн Улуттук банкта депо-эсеп ачуу ушул Келишим предмети болуп саналат.  

1.2. Катышуучуга кызмат көрсөтүү учурунда МКО(в)нын Башкы депозитарийи катары иш жүргүзүүгө тартиби Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары аркылуу аныкталат. 

 

2. Катышуучунун укуктары жана милдеттери 

 

Катышуучу төмөнкүлөргө укуктуу:  

2.1. МКО(в) экинчилик рыногунда өз атынан сатып алынган МКО(в)нын Башкы депозитарийде ачылган депо-эсептеги жылышын контролдоо. 

Катышуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:  

2.2. МКО(в) рыногунда ишин, анын ичинде МКО(в) менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырууга. 

2.3. Отчетторду Улуттук банк тарабынан белгиленген форматта, ошондой эле МКО(в) рыногунда Катышуучунун ишине байланыштуу башка маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана/же Финансы министрлигинин талап кылуусу боюнча өз убагында берүүгө.  

 

 

3. Улуттук банктын укуктары жана милдеттери. 

 

Улуттук банк төмөнкүлөргө укуктуу:  

3.1. Отчеттордун, ошондой эле Катышуучунун МКО(в) рыногунда ишине байланыштуу Улуттук банкка жана/же Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине зарыл болгон башка маалыматтардын өз убагында берилишин талап кылуу.  

3.2. Катышуучуга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чараларды кабыл алуу.  

Улуттук банк төмөнкүлөргө милдеттүү:  

3.3. Катышуучунун депо-эсебиндеги МКО(в)нын так жана толук эсепке алынышын камсыз кылуу.  

3.4. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык маалыматтардын ачып чыгарылышын эске албаганда, Катышуучунун МКО(в) менен операциялары боюнча маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу.  

 

4. Тараптардын жоопкерчиликтери жана талаш маселелерди чечүү тартиби 

 

4.1. Тараптар өз милдеттерин аткарбагандыгы же талапка ылайыксыз аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.  

4.2. Ушул Келишим талаптарын аткаруу процессинде келип чыккан талаш маселелер, өз ара алгылыктуу чечимди иштеп чыгуу максатында, Тараптардын сүйлөшүүлөрү аркылуу жөнгө салынат.  

4.3. Жөнгө салынбаган талаш маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.  

4.4. Улуттук банк милдеттердин аткарылбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт, эгерде бул Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эмитирленген МКО(в) боюнча милдеттерин аткарбагандыгынын натыйжасынан улам орун алса.  

 

5. Келишимдин аракеттенүү мөөнөтү жана аны токтотуу тартиби 

 

5.1. Бул Келишим ага кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана бир календардык жыл ичинде колдонууда болот.  

5.2. Эгерде Тараптардын бири дагы ушул Келишимдин аракеттенүү мөөнөтү бүткөнгө чейинки 30 календардык күн ичинде аны токтотуу тууралуу кат жүзүндө билдирбесе, анда Келишимдин аракеттенүү мөөнөтү ар бир кийинки календардык жыл үчүн дароо узартылат.  

5.3. Келишимдин аракети Улуттук банктын сыяктуу эле, Катышуучунун демилгеси боюнча да токтотулушу мүмкүн.  

5.4. Улуттук банк Катышуучу ушул Келишим боюнча өз милдеттерин аткарбаса же талапка ылайыксыз аткарган болсо Катышуучуга алдын ала билдирүүсүз эле, Келишимди бир тараптуу негизде токтотууга укукту. 

 

6. Башка шарттар 

 

6.1. Ушул Келишим шарттарына Тараптардын өз ара макулдашуулары боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.  

6.2.Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген же жаңы редакциясы кабыл алынган шартта, Жобонун жаңы нормаларына ылайык келтирүү максатында, Келишим шарттары кайра каралууга тийиш.  

6.3. Келишимге кат жүзүндө кошумча келишим менен таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, ага эки Тараптын тең колу коюлат жана ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.  

6.4. Келишим Тараптардын ар бири үчүн бирден, эки нускада түзүлгөн.  Эки нускасы тең бирдей юридикалык күчкө ээ.  

 

Тараптардын реквизиттери: 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкы 

720040, Бишкек ш,, Үметалиев атындагы көчө 101 

 

(Кызматы) 

 

(Аты-жөнү

________________________ 

(колтамгасы) 

МО 

Катышуучунун аталышы 

 

(Почта индекси, дареги) 

 

 

(Кызматы) 

 

(Аты-жөнү

________________________ 

(колтамгасы) 

МО