Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 15-июнундагы 25/6 токтому 

 

 

 

«Электрондук цифралык кол тамганын ачык ачкычын тастыктоочу борбор катары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иши жөнүндө»  

жобону бекитүү тууралуу 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине жана «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат

 

1. «Электрондук цифралык кол тамганын ачык ачкычын тастыктоочу борбор катары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иши жөнүндө» жобо (кошо тиркелет) бекитилсин

2. 2005-жылдын 25-апрелиндеги 11/2 Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Электрондук санарип кол тамганы тастыктоочу борбор катары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иши жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому күчүн жоготкон катары таанылсын

3. Юридика башкармалыгы

токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын

расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Юстиция министирлигине жөнөтсүн

4. Ушул токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

5. Документ менен иш алып баруу башкармалыгы ушул токтом менен тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдү, областтык башкармалыктарды жана Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын

6. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын, төлөм системасынын операторлорун жана төлөм уюмдарын тааныштырсын

7. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары айым Л.Дж. Орозбаевага ыйгарылсын.  

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 15-июнундагы 25/6 токтомуна карата 

тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

электрондук цифралык кол тамга ачык ачкычын  

тастыктоо борбору катары иш алып баруусу жөнүндө  

ЖОБО  

 

1-глава. Жалпы жоболор  

 

1. Ушул жобонун максаттарынан болуп төмөнкүлөр саналат

ачкычтарды сертификациялоо боюнча тастыктоо борбору (мындан ары - Борбор) катары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо, ошондой эле Борбор тарабынан электрондук цифралык кол тамга ачык ачкычтарын тастыктоо боюнча укуктук шарттарды камсыз кылуу;  

Кыргыз Республикасында электрондук билдирүүлөрдү алмашуу процессинде электрондук цифралык кол тамганы колдонуу үчүн укуктук шарттарды камсыз кылуу, алар сакталган шартта электрондук цифралык кол тамга өз колу менен коюлган кол тамга катары таанылат.  

2. Бул жобонун талаптары, өз ишинде Борбордун электрондук цифралык кол тамга ачкычынын сертификаттарын колдонгон бардык катышуучуларга таркатылат.  

3. Бардык катышуучулар анда электрондук цифралык кол тамга белгиленген электрондук документти таанууга милдеттенет, анткени ал жооптуу адамдын өз колу менен коюлган кол тамгасы катары кабыл алынат. Электрондук цифралык кол тамганы түзүү жана аны текшерүү иши Борбор тарабынан топтоштурулган жабык жана ачык ачкычтардын жардамы менен жүзөгө ашырылууга тийиш.  

4. Катышуучулар ортосунда электрондук билдирүүлөрдү берүү учурунда электрондук цифралык кол тамганын колдонулушу Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары, Улуттук банктын ченемдик актылары, төлөм системасынын катышуучулары ортосундагы макулдашуулары жана башка ченемдик актылары аркылуу жөнгө салынат.  

 

  2-главаТерминдер жана аныктамалар  

 

5. Жободо колдонулган терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө», «Электрондук документ жана электрондук цифралык кол тамга жөнүндө» мыйзамдарында жана Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленген терминдерге жана аныктамаларга дал келет.   

6. Буга кошумча аталган жободо төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:  

1) катышуучу кол тамга ачкычынын сертификатынын ээси (сертификаттын ээси) юридикалык жак, ага Борбор кол тамга ачкычынын сертификатын берет;  

2) катышуучунун жооптуу адамы катышуучунун ишенимдүү адамы, анын атына кол тамга ачкычынын сертификаты берилет жана ал сертификатта көрсөтүлгөн ачык ачкычка ылайык келген маалыматты жеке камтыган электрондук цифралык кол тамганын жабык ачкычына ээ.  

 

 

 

 

3-глава. Борбордун иши  

§ 1. Борбордун иши жана укуктук статусу  

 

7. Улуттук банк, алардын ишин лицензиялаган жана жөнгө салган банктар жана башка финансы-кредит мекемелери, ошондой эле алардын оператору катары Улуттук банк саналган системанын башка катышуучулары үчүн тастыктоо борбору болуп эсептелинет

8. Борбор электрондук цифралык кол тамга ачык ачкычын тастыктайт. Аны тастыктоо иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.  

9. Борбор, жободо белгиленгендердин алкагында катышуучунун жооптуу адамынын сертификатынын тиешелүүлүгүн жана аныктыгын тастыктайт.  

10. Борбор электрондук цифралык кол тамганы колдонуу менен республикалык деңгээлде катышуучулар менен өз ара иш алып барууну камсыз кылат.  

11. Борбордун катышуучулар жана башка тастыктоо борборлору менен өз ара иш алып баруусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик актыларына ылайык жүзөгө ашырылат

12. Борбор, катышуучулардын атынан электрондук билдирүүлөргө кол коюуга ыйгарым укуктуу катышуучулардын жооптуу адамдарынын толук тизмесин жүргүзөт.  

13. Катышуучунун ар бир жооптуу адамы Борбордо каттоо жол-жобосунан өтүүгө жана электрондук билдирүүлөргө кол коюу жана аларды текшерүү үчүн колдонула турган, зарыл маалыматка ээ өздүк негизги маалымат камтуучуну алууга тийиш. 

14. Ар бир катышуучу Борборго жабык ачкычты жана кол тамга ачык ачкыч сертификатын алууга билдирме сунуштайт. Билдирмеде Борбор өз милдеттерин аткаруусу үчүн зарыл болгон көлөмдө өтүнүч кат ээси жөнүндө туура маалымат камтылууга тийиш. Мында, Борбор өтүнүч кат ээсинен тиешелүү маалыматтын аныктыгын тастыктоону талап кылууга укуктуу.  

15.  Кол тамга ачкычынын сертификатын берүү учурунда Борбор төмөнкү гарантияларды сунуштайт:  

- сертификатта камтылган маалыматтардын катышуучунун билдирмеде көрсөтүлгөн маалыматтарына толук дал келүүсү

- сертификаттын Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзам актыларынын талаптарына дал келүүсү, анын ичинде ишенимдүү болушу үчүн сертификатта бардык зарыл маалыматтын болушу; 

- электрондук цифралык кол тамга жабык ачкычынын сертификатты берүү учурунда Борбор тарабынан тастыкталган ачык ачкычка дал келүүсү

- Борбордо Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында жана Улуттук банктын ченемдик актыларында каралган сертификаттын алуучусу жөнүндө такталган маалыматтын болушу

 

  § 2. Борбордун милдеттери жана жоопкерчилиги  

 

16. Борбор өзүнө төмөнкү милдеттерди алат

- Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына жана Улуттук банктын ченемдик актыларына ылайык талаптагыдай негизде иш алып баруу; 

- катышуучунун жооптуу адамынын кол тамга ачкычынын сертификатын колдонуу мөөнөтүн белгилөөгө жана ага көз салуу

- катышуучунун электрондук дарегине электрондук билдирүүлөр түрүндө кол тамга ачкычынын сертификатын колдонуу мөөнөтү аяктагандыгы жөнүндө катышуучунун жооптуу адамына маалымдоо

- катышуучунун сертификатынын ачкычынын аныктыгына таасирин тийгизиши мүмкүн болгон, Борборго бардык белгилүү болгон фактылар жөнүндө сертификат ээсине бир күн ичинде билдирүү (алмаштырып алуу мүмкүнчүлүгү, жасалма, санкциясыз өзгөртүү, бузуу ж.б.). 

17. Борбор бардык катышуучулар үчүн Улуттук банктын төлөм, маалымат жана башка автоматташтырылган системаларынын иши үчүн зарыл болгон ачык ачкычтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.  

18. Катышуучунун ачык ачкычынын аныктыгы Борбордун тиешелүү электрондук сертификаты менен тастыкталат.  

19. Борбор сертификаттардын кагаз түрүндө (көчүрмөлөрү) тастыктамасын берүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына жана Улуттук банктын ченемдик актыларына ылайык тариздейт. 

20. Борбор системанын кайсыл болбосун катышуучусуна электрондук цифралык кол тамга ачык ачкычынын сертификатынын анын ээсине таандык экендигине ынануу мүмкүнчүлүгүн сунуштоого милдеттүү

21. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык Борбор электрондук цифралык кол тамга тарабынан кол тамга коюлган электрондук билдирүүлөрдүн кагаз жүзүндөгү көчүрмөлөрүн ачык ачкычка тастыктоого милдеттүү

22. Борбор төмөнкүлөр үчүн жооптуу

- алынган билдирмеге ылайык кол тамга ачкычынын сертификатын берүүгө жана электрондук цифралык кол тамга жабык ачкычынын ээсин каттоо;  

- белгиленген жол-жоболорго ылайык күбөлөндүрүлгөн жабык ачкыч менен жеке маалыматты катышуучунун жооптуу адамына берүү;  

сертификаттар базасын аппараттык жана программалык камсыздоо;  

сертификаттар маалымат базасына өзгөртүүлөрдү өз убагында киргизүү;  

Борбордун ыйгарым укуктуу адамдарынын жабык ачкычтары менен иш алып баруу учурунда коопсуздук жана купуялуулук шарттарын, аларды коргоого алуу жана колдонуу эрежелерин так сактоо; 

Борбордун персоналынын сертификаттын бүтүндүгүнүн өзгөртүлүшүнө жана алардын алмаштырылышына алып келген атайлап жасаган иш-аракеттери үчүн.  

23. Борбордун жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат. 

24. Борбор, жабык ачкыч каралган жеке маалымат камтылган каражат иштен чыккан учурда жабык ачкычты алмаштырат. Жабык ачкычтын маалымат камтылган каражатын алмаштыруу жол-жобосу ченемдик документтерде, төлөм системасынын катышуучулары ортосунда түзүлгөн макулдашууларда жана келишимдерде макулдашылат. 

25. Борбор тастыктоо борборлорунун бардык аккредитацияланган ачык ачкычтардын сертификаттарынын жана ачык ачкычтардын кайтарылып алынган тизмелеринин чыгарылышын, таркатылышын жана сакталышын камсыз кылат. 

26. Борбор өз милдеттерин жүзөгө ашырууда тоскоолдук жараткан, төмөнкүдөй күтүүсүз жагдайлар: өрт, авария, табият кырсыктары ж.б. сыяктуу жагдайлар келип чыккан учурда, өз милдеттерин аткарбай койгондугу жана/же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт. 

27. Борбор, эгерде туура эмес же жасалма электрондук цифралык кол тамгага ишеним көрсөткөндүгүнүн натыйжасында Борбор туура эмес же жасалма электрондук цифралык кол тамгага карата бардык олуттуу талаптарды Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына жана Улуттук банктын ченемдик актыларына ылайык аткарган болсо, Борбор келип чыккан зыян үчүн жоопкерчилик тартпайт

 

§ 3. Катышуучунун милдеттери жана жоопкерчилиги  

 

28. Борбор тарабынан катталган жана берилген кол тамга ачкычынын сертификатын алуу учурунда катышуучу төмөнкү милдеттерди өзүнө алат жана жоопкерчилик тартат: 

- Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларын жана Улуттук банктын ченемдик актыларын сактоо; 

- кол тамга ачкычынын сертификатын алуу үчүн билдирмеде сунушталган маалыматтын аныктыгы; 

- кол тамга ачкычынын сертификатында көрсөтүлгөн электрондук цифралык кол тамга ачык ачкычына тиешелүү жабык ачкычка ээ болууга жана аны пайдаланууга укуктуу;  

- катышуучунун ыйгарым укуктуу адамдары тарабынан жабык ачкыч менен иш алып барууда коопсуздук жана купуялуулук шарттарын сактоо, алардын сактоо жана пайдалануу эрежелерин аткаруу; 

- электрондук билдирүүлөр менен алмашуу ишине байланыштуу компьютердик программалардын үзгүлтүкүсз иши үчүн маалымат коопсуздугун камсыз кылуу (вирусту четтетүү, түйүндүн коргоого алынышы ж.б.); 

- сертификатты колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн Борборго өз убагында кайрылуу

- катышуучунун жооптуу адамы иштен бошонгондугу жөнүндө Борборго өз убагында билдирүү

- катышуучунун жооптуу адамынын каза болгондугу жөнүндө Борборго өз убагында билдирүү

- жабык ачкычтын сактагычын колдонуу учурунда келип чыккан проблемалар же болбосо аны алмаштыруу же жокко чыгаруу зарылчылыгы тууралуу Борборго өз убагында маалымдоо

- катышуучунун ачкычынын сертификатынын аныктыгына (алмаштыруу, жасалма, санкцияланбаган өзгөрүү ж.б. аракеттерди жасоо мүмкүнчүлүгү) таасирин тийгизе турган катышуучуга белгилүү болгон бардык фактылар жөнүндө бир күн ичинде Борборго билдирүү

29. Катышуучу электрондук билдирүүлөр менен алмашууга байланыштуу маалыматтык коопсуздук чараларын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат (маалыматтык кылмыштар, жабык ачкычты пайдалануу менен системага кокустан же атайлап кирүү, компьютердик вирустардын жана/же хакердик аракеттердин таасири ж.б.). 

 

§ 4. Кол тамга ачкычынын сертификатын блокировкалоо (жокко чыгаруу)  

 

30. Борбор сертификатта көрсөтүлгөн электрондук цифралык кол тамга ачкычынын мыйзамдуу ээсинин же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын же соттун тиешелүү акты же болбосо өтүнүч каттын негизинде блокко коюуга (жокко чыгарууга) ыйгарым укуктуу катышуучунун өкүлүнүн талабы боюнча дароо сертификатты блокировкалоого (жокко чыгарууга) милдеттүү

31. Борбор кол тамга ачкычынын сертификатын жокко чыгарууга же сертификатта көрсөтүлгөн кол тамга ачкычынын ээсинин макулдугусуз эле сертификаттын аракетин токтотууга милдеттүү, эгерде Борбор

- юридикалык жак болуп саналган сертификаттын ээсин жокко чыгарууну же кайра өзгөртүп түзүүнү тастыктоочу документтерди же болбосо аны кайра өзгөртүп түзүү же жокко чыгаруу фактыларынын башка далилдерин алган болсо;  

- катышуучунун жооптуу адамынын иштен бошогондугун тастыктаган документтерди алган болсо; 

катышуучунун жооптуу адамынын каза болгондугун тастыктаган документтерди алган болсо

мыйзам күчүнө кирген сот актыларын алган болсо

- кол тамга ачкычы сертификатынын ээсинин ыйгарым укуктары өзгөргөндүгүн тастыктаган Улуттук банктын документтерин (Башкарманын токтому, Көзөмөл боюнча комитеттин токтому) алган болсо

- сертификат ээсинин Кыргыз Республикасынын «Электрондук документ жана электрондук цифралык кол тамга жөнүндө» мыйзамында каралган өз милдеттерин аткарбай койгондугун же талаптагыдай аткарбагандыгын белгилесе

32. Борбор, ачкыч сертификатын блокировкалоо (жокко чыгаруу) күчүнө киргенден кийин сертификатта көрсөтүлгөн ачкыч ээсине дароо ал тууралуу билдирүүгө милдеттүү.  

33. Борбор ачкыч сертификаты жокко чыгарылгандан кийин бир күндөн кечиктирбестен ачык ачкычтар сертификатынын маалымат базасына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө милдеттүү

34. Борбор ушул жобонун 16-пунктунда каралган милдеттенмелердин аткарылышын катышуучунун кол тамга ачкычынын сертификатынын аракетин ошол катышуучуга карата блокировкалоо мезгилине токтотот.  

 

§ 5.  Борбордун ишин токтотуу  

 

35. Борбордун иши Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык токтотулат. 

36. Борбор электрондук цифралык кол тамга ачык ачкычын тастыктоо боюнча иштин токтотулушу жөнүндө чечимди кабыл алуу учурунда кеминде бир ай ичинде бул чечим тууралуу Борбор тарабынан берилген кол тамга ачкычынын сертификаттарынын бардык ээлерине маалымдоого милдеттүү

37. Иштин токтотулушу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда Борбор тарабынан берилген кол тамга ачкычтарынын сертификаттары Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына жана Улуттук банктын ченемдик актыларына ылайык блокировкаланат (жокко чыгарылат). 

 

§ 6. Персоналдык маалыматтарды коргоо жана маалыматты сактоо  

 

38. Борбор Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына жана Улуттук банктын ченемдик актыларына ылайык өтүнүч ээси тарабынан берилген документтерде камтылган сертификат ээсинин идентификацияланган персоналдык маалыматтарынын купуя сакталышын камсыз кылат. 

39. Борбор тарабынан сертификат ээсинин персоналдык маалыматтарын чечмелөөгө сертификат ээсинин макулдугу менен гана же Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык жол берилет

40. Борбор катышуучулардын бардык колдонуудагы жана блокировкаланган кол тамга ачкычтарынын сертификаттарын сактоого милдеттүү

41. Кол тамга ачкычтарынын сертификаттарын сактоо мөөнөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленет