Кайта келүү

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 29-июнундагы 27/2 токтому 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы 5/7 «Банктардын ишин лицензиялоо жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы 5/7 «Банктардын ишин лицензиялоо жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

3. Юридика башкармалыгы

токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын

расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен республиканын коммерциялык банктарын тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Дж. Джусупов мырзага жүктөлсүн.  

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2016-жылдын 29-июнундагы 27/2 токтомуна 

тиркеме 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы 5/7 

«Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө» Жобону  

бекитүү тууралуу токтомуна толуктоолор  

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы 5/7 «Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин

 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө» Жобонун

3.4-пункту төмөнкү мазмундагы 19-пунктча менен толукталсын

«19) Кыргыз Республикасындагы «Элкарт» банктык төлөм картын колдонуу менен нак эмес эсептешүүлөрдүн улуттук системасына туташуу/кошулуу жөнүндө милдеттенме кат жана пландаштырылып жаткан көрсөткүчтөр (региондорду кошо алганда, карттарды чыгаруу, аралыкта орнотулуучу жабдуулардын саны) чагылдырылган бизнес-план.»; 

6.4-пункту төмөнкү мазмундагы 13-пунктча менен толукталсын

«13) Кыргыз Республикасындагы «Элкарт» банктык төлөм картын колдонуу менен нак эмес эсептешүүлөрдүн улуттук системасына туташуу/кошулуу жөнүндө милдеттенме каттын жана пландаштырылып жаткан көрсөткүчтөр (региондорду кошо алганда, карттарды чыгаруу, аралыкта орнотулуучу жабдуулардын саны) чагылдырылган бизнес-пландын болушу.»; 

7.1-пункту төмөнкү мазмундагы 13-1-пунктча менен толукталсын

«13-1) Кыргыз Республикасындагы «Элкарт» банктык төлөм картын колдонуу менен нак эмес эсептешүүлөрдүн улуттук системасына туташуу/кошулуу жөнүндө милдеттенме каттын жана пландаштырылып жаткан көрсөткүчтөр (региондорду кошо алганда, карттарды чыгаруу, аралыкта орнотулуучу жабдуулардын саны) чагылдырылган бизнес-пландын жоктугу;».