Кайта келүү

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2016-жылдын 14-июлундагы  

29/5 токтому 

 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы  18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» Жобонун жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, токтом кылат

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы  18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» Жобонун жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин

2. Юридика башкармалыгы

токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын

расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, адистештирилген финансы-кредит мекемеси «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

4. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т. Джусупов мырзага жүктөлсүн

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2016-жылдын 14-июлундагы  

29/5 токтомуна 

тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы  18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы  18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун

1) 4.3.5-пунктчаcы төмөнкү редакцияда берилсин

«4.3.5. Эгерде өздөштүрүлүп жаткан кредитти төлөө графигинде кредиттин негизги суммасын ай сайын төлөп туруу каралбаса, ал эми кредитти төлөө мөөнөтү эки жылдан көп убакытты түзсө (2016-жылдын 20-январынан тартып) жана мында негизги сумманын 80%ынан көбүрөөгүн мөөнөт акырында төлөө каралган болсо

кредиттин жалпы мөөнөтүнүн ѕ, мында кредиттик мезгилдин жалпы мөөнөтү 3 жылдан азды түзсө

кредиттин жалпы мөөнөтүнүн Ѕ, мында кредиттик мезгилдин жалпы мөөнөтү 3 жылдан ашса

анда мындай кредиттерди, активдердин сапатынын начарлоосу байкалбаса, төмөнкү кредиттерди эске албаганда, 15% өлчөмүндө РППУ түзүү менен «байкоого алынган актив катары» классификациялоо зарыл

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кредитти жеңилдетилген шарттарда төлөөнү караган максаттуу мамлекеттик программасы боюнча берилген кредиттерди

банктар аралык жайгаштырууларды, анын ичинде микрокаржылоо уюмдарына берилген кредиттерди

- «классификацияланган» активдер категориясына киргендерди

бир карыз алуучуга берилген чогуу алгандагы кредиттердин суммасы таза суммардык капиталдын 1% жетпеген суммадагы кредиттерди

Ушул ченем күчүнө киргенге чейин сунушталган бир кредиттик линиянын алкагында берилген бардык кредиттер, анын ичинде бардык транштар, бул ченем күчүнө киргенден кийин жогоруда көрсөтүлгөн талапка ылайык классификацияланууга тийиш

Ушул пунктчанын талабы жобонун 4.1.1-пунктчасына ылайык, Өнүктүрүү фондусунун алкагында берилген жеңилдетилген кредиттерге да таркатылбайт.»; 

2) 5.1.3-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин

«5.1.3. Эгерде жаңыдан берилген кредитти төлөө графигинде кредиттин негизги суммасын ай сайын төлөп туруу каралбаса жана мында негизги сумманын 80%ынан көбүрөөгүн мөөнөт акырында төлөө каралган болсо

кредиттин жалпы мөөнөтүнүн ѕ, мында кредиттик мезгилдин жалпы мөөнөтү 3 жылдан азды түзсө

кредиттин жалпы мөөнөтүнүн Ѕ, мында кредиттик мезгилдин жалпы мөөнөтү 3 жылдан ашса

анда мындай кредиттерди, төмөнкүлөрдү эске албаганда, 25% өлчөмүндө РППУ түзүү менен «субстандарттык» катары классификациялоо зарыл

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кредитти жеңилдетилген шарттарда төлөөнү караган максаттуу мамлекеттик программасы боюнча берилген кредиттерди

банктар аралык кредиттерди, анын ичинде микрокаржылоо уюмдарына берилген кредиттерди

бир карыз алуучуга берилген чогуу алгандагы кредиттердин суммасы таза суммардык капиталдын 1% жетпеген суммадагы кредиттерди

Бир кредиттик линиянын алкагында бардык жаңыдан берилген кредиттерди, анын ичинде бардык транштар ушул ченем күчүнө киргенден кийин жогоруда көрсөтүлгөн талапка ылайык классификацияланууга тийиш

Ушул пунктчанын талабы жобонун 4.1.1-пунктчасына ылайык, Өнүктүрүү фондусунун алкагында берилген жеңилдетилген кредиттерге да таркатылбайт.»; 

3) 7.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«7.1. Кайталап реструктуризацияланган кредиттер 25 % өлчөмүндө РППУ түзүү менен «субстандарттык» катары дароо классификацияланууга тийиш. Мында РППУ өлчөмү 15% түзүшү мүмкүн (кайталап реструктуризациялоо күнүнө карата реструктуризациялануучу кредит боюнча төлөө графигине ылайык акыркы алты ай ичинде төлөмдөр дайыма төлөнүп турган шартта). Карыз алуучунун абалы канааттандырарлык экендиги далилденип, реструктуризациялоонун айкын планынын шарттарына ылайык 90 күн аралыгында активдин негизги суммасы боюнча төлөмдөрдүн жана ал боюнча пайыздардын туруктуу агымы камсыз кылынган шартта гана кредит кайрадан классификацияланышы мүмкүн.».