Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2016-жылдын 14-июлундагы 29/4 токтому 

 

 

 

 

"Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү  

укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө" жобонун пунктунун  

аракетин токтотуу тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-июлундагы 40/4 «Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген «Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө» Жобонун

- 9-пунктунун «б» пунктчасынын аракети ушул токтом күчүнө киргенден тартып 2016-жылдын 31-декабрына чейин токтотулсун

2. Юридика башкармалыгы

токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн

3. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен алмашуу бюролорун тааныштырсын.   

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Дж. Джусупов мырзага жүктөлсүн

 

 

Төрага Т. Абдыгулов