Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 24-августундагы 35/3 токтому 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы 35/10 

«Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

Банктык жана микрофинансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону мындан ары күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат

 

1.  Улуттук банк Башкармасынын 24-июнундагы 35/10 «Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин

2. Юридика башкармалыгы

токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын

расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн

3. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана финансылык сабаттуулук бөлүмү ушул токтом менен тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдү, областтык башкармалыктарды, Баткен областындагы өкүлчүлүктү, коммерциялык банктарды, микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды, «Кыргыз банктар бирлиги» жана «МФУлар ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмелерин тааныштырсын

4. Токтом 2016-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет

5. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж.Орозбаевага ыйгарылсын

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу Н. Жениш 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы  35/3 токтомуна 

тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2015-жылдын 24-июнундагы 35/10 «Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы 35/10 «Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин

жогорудагы токтом менен бекитилген «Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:  

- 1-пунктунда «финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн» деген сөздөр «керектөөчүлөрдүн» дегенге алмаштырылсын

- 2-пунктунда «финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү» деген сөздөр алынып салынсын

- 3-пунктунда

3-пунктчасы «сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөр» деген сөздөр «ишке ашырылуучу операциялар жана сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөр» деген сөздөргө алмаштырылсын

4-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин

«4) керектөөчү - финансылык кызматтардан пайдаланган, пайдаланып жаткан же пайдаланууга ниеттенген кайсы болбосун жеке адам (анын ичинде жеке ишкер);» 

5-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин

«5) кайрылуу - керектөөчүнүн финансылык кызмат көрсөтүүлөр боюнча ФКМге оозеки же кат жүзүндө кайрылуусу. Кат жүзүндө кайрылуулар катары даттануу же келишимдин шарттарын өзгөртүү жөнүндө өтүнүч арыз эсептелинет.  

Эскертүү: керектөөчүлөрдү күндөлүк тейлөө менен байланыштуу арыз жана билдирмелер (эсеп ачуу же жабуу, кредит алуу, акча которуу, төлөм картты блокировкалоо же блокировкадан чечүү, маалымкат алуу ж.б. үчүн) ушул пунктчага ылайык кайрылуулар болуп эсептелинбейт;»; 

9-пунктчадагы «жашырын керектөөчү» деген сөздөр «жашыруун керектөөчү» иш-чарасы» дегенге алмаштырылсын

расмий тилдеги текстте 8-пунктунун экинчи сүйлөмүндөгү «оказание» деген сөз «предоставление» дегенге алмаштырылсын

расмий тилдеги текстте 9-пунктунун биринчи сүйлөмүндөгү «оказание» деген сөз «предоставление» дегенге алмаштырылсын

- 10-пунктунун биринчи сүйлөмүндө «Пайыздык чендер жана валютанын алмашуу курсуна» деген сөздөр «Пайыздык чендер, валютанын алмашуу курсу жана керектөөчүлөрдүн жагдайын жакшыртуу шарттарына» дегенге алмаштырылсын

- 11-пунктунда

үчүнчү сүйлөм «расмий тилде» деген сөздөрдөн кийин «, бул тууралуу керектөөчү келишим түзүүгө чейин сөзсүз түрдө маалымдалууга тийиш» деген сөздөр менен толукталсын

пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын

«Керектөөчү келишимге (макулдашууга) кол коюлган учурга чейин келишим (макулдашуу) долбоорун ага карата кошо тиркелген документтер менен бирге ФКМден тышкары таанышуу үчүн бир күндөн үч күнгө чейин убакытка алууга укуктуу, бул тууралуу керектөөчү келишим түзүүгө чейин сөзсүз түрдө маалымдалууга тийиш.»; 

- 12-пунктунун биринчи абзацы «чыгуусу үчүн ага» деген сөздөрдөн кийин «акысыз негизде» деген сөздөр менен толукталсын

- 14-пунктунда

3-пунктчасы «суммасы» деген сөздөн кийин «(минималдуу балансыдеген сөздөр менен толукталсын

8-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин

«8) аманаттын мыйзамда белгиленген гарантияланган суммасы;»; 

пункт төмөнкүдөй мазмундагы 9- жана 10-пунктчалары менен толукталсын

«9) пайыздарды төлөө шарттары

10) аманат боюнча ФКМдин тарифтери жана комиссиялык сый акылары (болгон учурда).»; 

- 15-пунктунда

3-пунктчасында «керектөөчүнүн кайрылган» деген сөздөр «маалыматты берген» дегенге алмаштырылсын

пункт төмөнкүдөй мазмундагы 7-, 8- жана 9-пунктчалары менен толукталсын

«7) кредит боюнча бир жолку кезектеги (эреже катары ай сайын берүүчү) төлөмдөрдүн өлчөмү

8) маалыматты берген күнгө карата абал боюнча негизги сумманы, пайыздарды, комиссияларды жана кредитти алууга жана тейлөөгө байланыштуу башка төлөмдөрдү кошо камтыган кредиттин толук наркы

9) керектөөчүнүн ушул жобого карата 1-тиркемеге ылайык потенциалдуу кредит тууралуунегизги маалыматтар баракчасынын 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн укуктары.»; 

- 16-пунктунда

биринчи сүйлөм төмөнкү редакцияда берилсин

«16. Керектөөчү-потенциалдуу карыз алуучу кредит алуу үчүн кайрылган учурунда, ушул жобого карата 1-тиркемедеги формага ылайык ФКМ потенциалдуу кредит тууралуу негизги маалыматтар баракчасын кардар менен биргеликте толтурууга жана аны керектөөчүгө берүүгө тийиш.»; 

пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын

«Потенциалдуу кредит тууралуу негизги маалыматтар баракчасы бирдей тамга менен жазылышы зарыл. Кредиттин суммасын, акча түрүндө туюндурулган пайыздарды жана кредитти тейлөө боюнча чыгашалардын жалпы суммасын, ошондой эле кредиттин толук наркын көрсөткөн ячейкалар ачык түстөгү (ак түстөн башка) айырмаланган фондо болуусу зарыл. Кредиттин толук наркын көрсөткөн ячейка тилкесинин жоондугу (туурасы) 3-пт кем эмес болууга тийиш.»; 

18-пунктунда «жана айына кеминде бир жолу» деген сөздөр «(эгерде келишимде же ФКМ эрежелеринде мындан кыскараак мөөнөт көрсөтүлбөсө, айына кеминде бир жолу болгон учурда)» дегенге алмаштырылсын;  

20-пунктунун биринчи сүйлөмүндө «башка ФКМге» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 21-пунктунда

1-пунктчанын экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин

«Пайыздык төлөмдөрдү чегерүү кредиттин негизги суммасынын азаюучу калдыгына номиналдуу чен боюнча кредиттик келишимди түзүү күнүнөн мурда эмес башталат;»; 

2-пунктчасында «толук наркы» деген сөздөн кийин «(негизги суммасы, пайыздары, комиссиялары жана кредитти алууга жана тейлөөгө байланыштуу башка төлөмдөрүдеген сөздөр менен толукталсын

5-пунктчасы «шарттарында» деген сөздөн кийин «ФКМ тарабынан» деген сөздөр менен толукталсын; 

6-пунктчада «кардардын» деген сөз «карыз алуучунун» дегенге алмаштырылсын, «же лизинг боюнча мүлк үчүн төлөөнү ишке ашырганга» деген сөздөр алынып салынсын,  

7-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7) кредиттик келишимде (лизинг келишимде) алган кредитти (лизингди) кайтарып берген күнгө чейин алдын ала отуз күн мурда бул тууралуу ФКМди жазуу түрүндө маалымдоо менен кандай болбосун убакытта кандайдыр бир айыптык санкцияларсыз (комиссияларсыз жана башка төлөмсүз) кредиттин (лизингдин) ордун мөөнөтүнөн мурда жабууга карыз алуучунун укугу каралууга тийиш;  

8-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8) мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздын негизги суммасы жана пайыздары боюнча үстөк акынын (айып, туум) пайыздык өлчөмү келишимде көрсөтүлгөн кредит боюнча пайыздык ченден жогору эмес болуу зарыл, мында, кредит колдонулуп жаткан бүтүндөй мезгил ичинде ага чегерилген айып, туум өлчөмү берилген кредиттин суммасынын жыйырма пайызынан ашпоого тийиш. Үстөк акыны чегерүү карыз алуучу каза болгон күндөнтартып алты айга токтотулат;»; 

9-пунктча төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын

«Келишимдерге жана макулдашууларга өндүрүп алууну күрөө предметине айландыруу тууралу арбитраждык (бейтарап) эскертмени киргизүүгө жол берилбейт;»; 

- 24-пунктунда

экинчи сүйлөм «тийиш» деген сөздөн кийин «, бул менен бирге ага ошол талаптарга каршы келбеген башка ченемдер киргизилиши мүмкүн» деген сөздөр менен толукталсын

үчүнчү сүйлөм «иштелип чыккандыгы» деген сөздөрдөн кийин «, кайрылууларды берүү ыкмалар (каналдары)» деген сөздөр менен толукталсын; 

төртүнчү сүйлөм төмөнкү редакцияда берилсин

«Кайрылууларды кароо жол-жобосунун электрондук версиясы (керектчөөчүгө тиешелүү бөлүгү) ФКМдин расмий интернет-сайтында (болгон шартта), анын шилтемеси ФКМдин расмий интернет-сайтынын башкы бетинде жайгаштырылууга тийиш.»; 

- 31-пунктунда: 

үчүнчү жана төртүнчү сүйлөмдөр «китепчеден маалыматтарды» деген сөздөрдөн кийин «(даттануулар келип түшкөн учурдадеген сөздөр менен толукталсын

32-пункту «өзү кол коюп» деген сөздөрдөн кийин «(ФКМдин электрондук почтасына келип түшкөн кайрылуулардан тышкарыдеген сөздөр менен толукталсын

мамлекеттик тилдеги текстте 33-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын

«Уят-сыйытсыз же болбосо мазактап кордогон сөздөрдү, ФКМдин кызматкеринин, ошондой эле анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө коркунучту камтыган керектөөчүнүн кат жүзүндөгү кайрылуусу кароосуз калтырылышы мүмкүн.»; 

расмий тилдеги текстте 35-пунктунун экинчи сүйлөмүндө «клиентов» деген сөздөр «потребителей» дегенге алмаштырылсын; 

37-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын

«ФКМдин керектөөчү кайрыла ала турган телефон номери ФКМдин маалымат такталарында жана расмий сайтында (болгон шартта) жайгаштырылууга тийиш.»; 

38-пунктунун экинчи абзацындагы «тастыктоочу документтерди кошо тиркөө менен» деген сөздөр алынып салынсын

42-пунктунун экинчи сүйлөмүндө «он» деген сөз «жыйырма» дегенге алмаштырылсын

43-пунктунун үчүнчү сүйлөмүндөгү «күбөлөндүрүлгөн» деген сөз алынып салынсын

- 51-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«51. Жарым жыл сайын ФКМ анын аткаруу органынын жетекчиси кол койгон, ушул жобого карата 2-тиркемедеги формага ылайык керектөөчүлөрдүн кат жүзүндө даттануулары боюнча отчетту Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнө отчеттук жарым жылдыктан кийинки айдын жыйырмасына чейин берүүгө милдеттүү.»; 

52-пунктунун 4-пунктчасында «керектөөчүлөрдүн кайрылуулары менен иш алып барууну» деген сөздөр «керектөөчүлөр менен өз ара иш алып барууну» 

- 53-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«53. Финансылык кызматтарды сунуштоо тартибинин жана сапатынын абалын текшерүү максатында, Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү үчүнчү жактарды тартуу менен «жашыруун керектөөчү» иш-чарасын жүргүзүүгө укуктуу.  

«Жашыруун керектөөчү» иш-чарасы керектөөчүлөрдү тейлөө үчүн бөлүнгөн жумуш убактысында, бирок, эгерде мындай иш-чара Улуттук банк тарабынан жарандын (жарандардын) кайрылуусун кароо алкагында өткөрүлүп жаткан учурларды эске албаганда, бир жыл ичинде ФКМдин бир кеңсесинде бир гана жолу өткөрүлөт. «Жашыруун керектөөчү» иш-чарасынын натыйжалары боюнча формуляр толтурулуп, ал (ушул жобонун 3-тиркемеси) ФКМдин жетекчилигине маалымдалат.   

«Жашыруун керектөөчү» иш-чарасы Улуттук банктын инспектордук текшерүүсү болуп саналбайт.»; 

54-пунктунун экинчи сүйлөмү «анык» деген сөздөн кийин «же толук» деген сөздөр менен толукталсын

1-, 2- жана 3-тиркемелери төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

«Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү 

сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн  

кайрылууларын кароо тартибине карата  

минималдуу талаптар жөнүндө» жобого  

карата 1-тиркеме 

 

Потенциалдуу кредит тууралуу  

негизги маалыматтар БАРАКЧАСЫ  

 

*Бул баракча кайсыл болбосун кредит келишимин жана кредит алууга билдирмени алмаштырбайт, бирок бир нече мекемелердин кредиттөө шарттарын салыштырууга жардам берет

 

Өтүнмө ээсинин аты-жөнү ____________________________________________________ 

 

Финансы-кредит мекеменин (ФКМ) аталышы 

 

Ким тарабынан даярдалган (ФКМ адисинин аты-жөнү жана кызматы

 

Даярдалган күнү 

 

 

1ӨЛҮК. Кредит боюнча маалыматтар 

1. Кредиттин максаты 

2. Кредит валютасы 

3. Кредиттин суммасы 

(Сиз алууга ниеттенген сумма

4. Пайыздык чен (номиналдык

(пайыздык туюндурууда) 

(кредиттин бүтүндөй мөөнөтү ичинде акчалык туюндурууда) 

5. Жылдык эффективдүү пайыздык чен 

(өзүнө номиналдык пайыздык ченди жана кредитти тейлөө боюнча чыгашаларды камтыйт) 

 

6. Кредиттин (кредиттик келишимдин) мөөнөтү 

 

7. Төлөө аралыгы 

(ай сайын, чейрек сайын же башкасы) 

8. Бир жолку төлөм суммасы 

(аннуитеттик төлөө шартында

 

9. Кредитти тейлөө боюнча чыгашалар, анын ичинде

(кредиттин бүтүндөй мөөнөтү ичинде акчалык туюндурууда) 

- түрлөрү боюнча ФКМдин комиссиялык төлөмдөрү жана жыйымдары (бардыгын көрсөтүү зарыл

(кредиттин бүтүндөй мөөнөтү ичинде акчалык туюндурууда) 

- үчүнчү жактардын кызматтары (бардыгын көрсөтүү зарыл

(кредиттин бүтүндөй мөөнөтү ичинде акчалык туюндурууда) 

 

Кредиттин суммасы 

 

 

 

Пайыздар 

 

 

 

Кредитти тейлөө боюнча чыгашалар 

 

 

 

Кредиттин толук наркы 

 

 

 

 

 

Кредит алууга макулдук берүүдөн мурда кылдат таанышып чыгыңыз

 

 

2-БӨЛҮК. Башка маанилүүшарттар 

1. Кредиттик келишим шарттарын бузгандыгы үчүн үстөк акы (чегерүүнүн түрүн жана негизин көрсөтүү зарыл

(пайыздык туюндурууда же белгилүү бир суммада

2. Мөөнөтүндө төлөнбөгөндүгү үчүн үстөк акы аны төлөө мөөнөтү кечиктирилген учурда алынат

______ күнгө 

3. Кредитти камсыздоо 

(камсыздоо предметине карата минималдуу талаптар, күрөөнүн минималдуу наркы

4. Кредитти төлөө ыкмасы 

(аннуитет (бирдей үлүштө), дифференцияланган төлөмдөр же башкалар

 

Ушул баракчанын 1 жана 2-бөлүктөрүндө камтылган маалымат жыйынтыкталган болуп саналбайт жана ал кредиттик келишимде өзгөртүлүшү мүмкүн.   

 

3-БӨЛҮК. Сиздин потенциалдуу карыз алуучу катары укуктарыңыз 

 

1. Сиз ФКМди жана финансылык кызматтарды эркин тандай аласыз.  

2. Кредиттик келишимге же башка келишимге, макулдашууга кол коюудан баш тартууга укугуңуз бар.  

3. Кредиттик келишимди түзүү тилин тандоого укуктуусуз: мамлекеттик (кыргыз тили) же расмий (орус тили).  

4. Бардык кошо тиркелүүчү документтери менен кредиттик келишим долбоорун колго алып, 1-3 күн ичинде ФКМдин чегинен тышкары консультация алууга укугуңуз бар.  

5. Кредиттин шарттары жана наркы, төлөмдөр, кредит боюнча эсептешүү тартиби (пайыздар, туумдар, айыптык төлөмдөр), кредиттик келишим боюнча Сиздин укуктарыңыз жана милдеттенмелериңиз, тобокелдиктер, ал боюнча орун алышы ыктымал болгон кесепеттер жана жоопкерчиликтер, ошондой эле Сизге түшүнүксүз болгон кредит шарттары тууралуу так маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү алууга укуктуусуз.  

6. Кредиттик келишимге кол койгондон кийин, бирок акча каражаттарын айкын колго алганга чейин кредиттен акы төлөөсүз баш тартууга укугуңуз бар.  

 

ФКМдин кызматкерлери сый акы үчүн кредит алууда көмөктөшүүгө укугу жок.  

 

Даттануу же сунуштар менен [(ФКМдин телефон номерин көрсөтүү зарыл)] телефону аркылуу кайрылсаңыз болот же болбосо аларды [(почта дарегин көрсөтүү зарыл)] дареги же [(электрондук почта дарегин көрсөтүү зарыл)] электрондук дареги боюнча жөнөтсөңүз болот.  

 

 

ТУУРАЛЫГЫ ЖАНА  

АНЫКТЫГЫ ТАСТЫКТАЛГАН 

 

Бул баракчаны алгандыгымды тастыктайм 

 

 

_________________________ 

(ФКМдин адисинин аты-жөнү 

жана кол тамгасы

 

_______________________________ 

(потенциалдуу карыз алуучунун аты-жөнү жана кол тамгасы

 

«Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо 

жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине 

карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобого карата  

2-тиркеме 

__________________________________ ___________________________________________ үчүн 

(ФКМдин аталышы) (жыл,отчеттук жарым жылдык)  

КЕРЕКТӨӨЧҮЛӨРДҮН КАТ ЖҮЗҮНДӨ даттануулары БОЮНЧА ОТЧЕТУ 

 

 

Өткөн мезгилде каралба-ган даттануу-лардын саны  

Келип түшкөн даттануу-лардын жалпы саны 

алардын ичинен төмөнкү себептер боюнча (тема): 

Канааттандырылган даттануулардын саны, анын ичинде өткөн мезгилде каралбай калгандары 

Канааттандыруудан баш тартылган даттануулардын саны, анын ичинде өткөн мезгилде каралбай калгандары 

Отчеттук мезгилде келип түшүп, бирок каралбай калган даттануулар-дын саны 

аманаттар (депозиттер

кредиттер 

кредиттик маалымат (КМБ) 

күрөө 

банктык эсептер, депозиттик эмес 

акча которуулар 

төлөм карттар 

башка төлөм жана электрондук кызматтар 

акча алмаштыруу 

эсеп-кассалык тейлөө 

башкалар 

толугу менен 

белгилүү бир бөлүгүндө 

Бишкек шаары 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ош шаары 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Баткен областы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жалал-Абад областы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Нарын областы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ош областы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Талас областы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чүй областы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ысык-Көл областы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бардыгы болуп 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Эскертүү: 1. Бош ячейкаларда сандык көрсөткүчтөр (суммасы) көрсөтүлөт.  

2. Эгерде даттануу бир нече себепке (темага) байланыштуу болсо, анда ал ар бир темада өзүнчө эске алынат; мында, кийинки темада (-ларда) ал кашаанын ичинде көрсөтүлөт. «Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү 

сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн  

кайрылууларын кароо тартибине  

карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобого карата 3-тиркеме 

 

«Жашыруун керектөөчү» иш-чарасын өткөрүү үчүн 

формуляр 

 

№ 

Керектөөчүлөр менен иш алып баруу көрсөткүчү 

Ооба 

Жок 

Эскертүү 

1  

ФКМде маалымат тактасы же керектөөчүлөр үчүн зарыл маалыматтар камтылган башка булактар (мындан ары маалымат тактасы) каралганбы

 

 

 

2  

Маалымат тактасында төмөнкү маалыматтар көрсөтүлдүбү

 

кредитөөнүн шарттары жана тартиби жөнүндө маалымат: пайыздык чендер, комиссиялар, үчүнчү жактардын кызматтарынын баалары, үстөк акы тууралуу маалымат жана кредит алуу үчүн керектүү документтер тизмеси

 

 

 

Улуттук банктынкредиттөө процессин жөнгө салган негизги ченемдик укуктук актыларынын жана ФКМдин ички ченемдик документтеринин тизмеси

 

 

 

башка финансылык кызматтар тууралуу маалымат; 

 

 

 

финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонун жалпы шарттарынын өзгөрүүсү тууралуу маалымат

 

 

 

керектөөчүлөрдүн укуктарынын тизмеси

 

 

 

ФКМде кайрылууларды карап чыгуу жол-жобосунун жана сунуштар менен даттануулар катталган китепчесинин бар экендиги, ошондой эле кайрылууларды берүү жолдору (каналдары) тууралуу маалымат;  

 

 

 

ФКМдин жетекчилигинин жеке кабыл алуу графиги; 

 

 

 

ФКМдин керектөөчү кайрыла ала турган телефон номери (эгер бул каралган болсо)? 

 

 

 

3  

Маалымат тактасындагы маалыматтар жарнама катары жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-сайттарда, таратып берүүчү материалдарда жана башка жеткиликтүү (айкын) булактарда жайгаштырылган маалыматтарга дал келеби

 

 

 

4  

ФКМдин адиси(-тери) Сизге кызыктырган финансылык кызматтардын шарттарын, анын ичинде керектөөчүнүн укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери тууралуу түшүндүрмө бердиби(-иштиби)? 

 

 

 

5  

ФКМдин адиси(-тери) Сиздин тактоочу суроолоруңузга жооп бердиби(-иштиби)? 

 

 

 

6  

Кредит алуу учурунда ФКМдин адиси(-тери) потенциалдуу кредит тууралуу негизги маалыматтар баракчасын Сиз менен биргелешип толтурдубу(-уштубу)

 

 

 

7  

Потенциалдуу кредит тууралуу негизги маалыматтар баракчасынын бош ячейкаларынын бары толтурулдубу? 

 

 

 

8  

Потенциалдуу кредит тууралуу негизги маалыматтар баракчасында көрсөтүлгөн маалыматтар жарнама катары жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-сайттарда, таратып берүүчү материалдарда жана башка жеткиликтүү (айкын) булактарда жайгаштырылган маалыматтарга дал келеби? 

 

 

 

9  

ФКМде керектөөчүлөрдүн кайрылууларын карап чыгуу ички жол-жобосу каралганбы

 

 

 

10  

Сизге талабыңыз боюнча кайрылууларды карап чыгуунун белгиленген тартиби тууралуу түшүндүрмө берилдиби

 

 

 

11  

ФКМде сунуштар жана даттануулар катталган китепчеси каралганбы

 

 

 

12  

Даттануу же өтүнүч арыз менен кайрылуу учурда Сизди ФКМдин жооптуу кызматкерине жибердиби? 

 

 

 

».