Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 24-августундагы 35/4 токтому 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоолорду  

жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз РеспубликасынынКыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөмыйзамынын 7 жана 43-беренелерине, “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндөмыйзамдын 39 жана 39-1-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунушталган толуктоолор жана өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин

- 2010-жылдын 30-июнундагы 52/4 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө”;  

- 2013-жылдын 25-сентябрындагы 35/14 “Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндөжобону бекитүү тууралуу”; 

- 2009-жылдын 23-декабрындагы 50/7 “Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”; 

- 2013-жылдын 25-сентябрындагы 35/13 “Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндөжобону бекитүү тууралуу”; 

- 2004-жылдын 28-апрелиндеги 11/2 “Пайыздык кирешелерди чегербөө статусун берүүнүн тартибинбекитүү тууралуу

2. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.   

3. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, микрофинансылык уюмдарды жана кредиттик союздарды тааныштырсын

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Дж.Джусупов мырзага жүктөлсүн

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу Н. Жениш 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 24-августундагы  35/4 токтомуна 

тиркеме 

 

Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоолор жана өзгөртүүлөр 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы 52/4 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндөтоктомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндөжобо

- төмөнкү мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын

“2-1. Жобонун талабы өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган башка активдерге да таркатылат.”; 

- 12-пункт төмөнкү мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын

“Мындан тышкары, кредиттик саясатта Кредиттик комитеттин жана/же банк Башкармасынын чектөөлөрдү көрсөтүү менен кредиттерди эсептен алып салуу жана реструктуризациялоо боюнча ыйгарым укуктары белгиленүүгө тийиш.”; 

-14-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

“14. Кредиттерди, гарантияларды, милдеттенмелерди, кепилдиктерди, ошондой эле маңызы боюнча кредиттик операция болуп саналган жана өзүндө кредиттик жоготуулар тобокелдигин камтыган башка активдерди жана милдеттенмелерди берүүгө тиешелүү бардык маселелер Кредиттик комитет тарабынан чечилүүгө тийиш. Кредиттик комитет, банктын Директорлор кеңешинин компетенциясына кирген маселелерди эске албаганда, бул укукту башка жактарга ыйгарышы мүмкүн. Кредиттик комитет ошондой эле, кредит саясатына ылайык кредиттерди берүү, эсептен алып салуу жана реструктуризациялоо боюнча ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүгө тиешелүү маселелерди да кароого алат. Мында, Кредиттик комитеттин кредиттерди эсептен алып салуу жана реструктуризациялоо боюнча чечими менен Банк Башкармасы айына кеминде бир жолу, ал эми Директорлор кеңеши чейрек ичинде кеминде бир жолу тааныштырылып турууга тийиш. Кредиттик комитет олуттуу тобокелдикти камтыган кредиттерди (2) сатуу жана эсептен алып салуу боюнча сунушту Директорлор кеңешинин кароосуна сунуштайт. Банк Башкармасы Директорлор кеңешинин ушул маселелер боюнча чечимдеринин аткарылышы үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат.”; 

- 25-пунктунун: 

жетинчи абзацындагы кашаа белгиси ичиндеги “3500000 сомду түзгөн болсо” деген сөздөрдөн кийин “, жүгүртүү каражаттарын толуктоого берилген кредиттерди эске албаганда” деген сөздөр кошулсун

тогузунчу абзац төмөнкү редакцияда берилсин

“- гарантты (кепилдик берүүчүнү), гарантия (кепилдик) суммасын ж.б. (эгерде банк гарантия (кепилдик берүүнү) талап кылса), ошондой эле гаранттын финансылык отчетторун (эгерде гарантия кредит боюнча бирден бир гана камсыздоо болуп саналса жана гарант юридикалык жак болсо) көрсөтүү менен гарантиялар (кепилдиктер);”; 

он биринчи абзацтагы “акыркы 12 ай ичиндеги” деген сөздөр “акыркы 3-12 ай ичиндеги (мында банк, эмгек акы жөнүндө маалымкат берилүүгө тийиш болгон мезгил аралыгын өз алдынча аныктоого укуктуу)” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 34-2-пункт төмөнкүдөй жаңы редакцияда берилсин

“34-2. Банк, күбөлүктүн же патенттин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган жактарды эске албаганда, карыз алуучуларга-жеке адамдарга чет өлкө валютасында ипотекалык жана керектөө кредиттерин, ошондой эле эмгек акы долбоорунун алкагында төлөм карттары боюнча овердрафтты бере албайт жана депозит күрөөсү алдында чет өлкө валютасында төлөм карттарына кредиттик лимиттерди белгилей албайт. Мында, эгерде депозит да кредит валютасында болсо, анда ал кредит суммасынын кеминде 100% ордун, ал эми эгерде депозит кредит валютасынан башка валютада болсо сом эквивалентинде анын кеминде 120% ордун жабууга тийиш. Ошол кредиттер боюнча төлөмдөрдү кредиттик келишим валютасынан айырмаланган валютага байланыштырып индексациялоого жол берилбейт.; 

- 41-пунктунун жетинчи абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин

“банкка ал тууралуу отуз күн мурда алдын ала кат жүзүндө маалымдаган шартта, кайсыл болбосун убакытта айыптык санкцияларды (комиссиялык жана башка төлөмдөр) кармап калуусуз эле, кардардын кредитти толугу менен же анын бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда жабууга укугу.”; 

- жобо төмөнкү мазмундагы 59-1-пункт менен толукталсын

“59-1. Банк кредиттөө кызмат көрсөтүүсүн сунуштоодо кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган күрөө келишимине ылайык, карыз алуучуга жана/же күрөө коюучуга ачык тоорук өткөрүлгөнгө чейинки кайсы болболсун убакытта күрөөлүк мүлктү сатып ала алган/алышы мүмкүн болгон артыкчылыктуу укукту сунуштоого тийиш.”; 

- 68-пунктунун биринчи, экинчи, үчүнчү жана төртүнчү абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин

“68. Күрөөгө коюлган мүлктүн сакталышын жана анын учурдагы наркынын өзгөрүп кетиши мүмкүнчүлүгүн туруктуу негизде контролдоо максатында банк күрөөлүк мүлккө сакталган жери жана жайгашкан орду боюнча мониторинг жүргүзүп турууга тийиш. Банк тарабынан күрөөгө мониторинг жүргүзүү мезгил аралыгы кредиттик/күрөө саясатына ылайык жана кредит сапатына, ошондой эле жоготуу тобокелдигин эске алуу менен күрөөнүн түрүн кошо алганда, башка факторлорго жараша аныкталат. Кыймылдуу мүлк түрүндөгү күрөөгө мониторинг суммасы кеминде 250 000 сомду түзгөн кредит боюнча жылына бир жолу жүргүзүлүп турууга тийиш.  

Суммасы 250 000 сомду жана андан көптү түзгөн кредит боюнча кыймылдуу мүлк түрүндөгү күрөөгө мониторинг төмөнкүчө ишке ашырылууга тийиш

- эгерде кредит 30 жана андан көп пайыз чегинде кыймылдуу мүлк менен камсыздалган болсо жарым жылда кеминде бир жолу

- эгерде кредит 30 пайызга жетпеген чекте кыймылдуу мүлк менен камсыздалган болсо жыл ичинде кеминде бир жолу.”; 

- 69-пунктунун акыркы абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын

- 79-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

“79. Банктын проблемалуу кредиттер менен иш алып барууга жооптуу түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси Кредиттик комитеттин жана проблемалуу кредиттер боюнча чечим чыгарууга ыйгарым укуктуу башка коллегиалдуу органдын (болгон болсо) кароосуна ай сайын төмөнкүлөрдү сунуштап турууга тийиш

1) проблемалуу кредиттер боюнча жыйынтык отчетту; 

2) банктын таза суммардык капитал өлчөмүнүн 1% ашкан ар бир “проблемалуу” кредит боюнча аткарылган иш тууралуу ырааттуу отчетту, андан ары тиешелүү аракеттерди көрүү сунушу менен. Отчетто төмөнкүлөрдү кошо алганда, ар бир проблемалуу кредит боюнча маалымат чагылдырылууга тийиш

- жүргүзүлгөн иш (жолугушуу, телефон аркылуу сүйлөшүү ж.б.), аткарылган иш жыйынтыгы

- жакынкы ай ичинде кредитти кайтарып алууга андан аркы иш планы жана күтүлүп жаткан натыйжалар

Таза суммардык капитал өлчөмүнүн 1% жетпеген проблемалуу кредиттер боюнча отчеттун түзүмүн банк өз алдынча аныктайт. Мында отчеттун түзүмү банктын проблемалуу кредиттер менен иш алып баруу боюнча ички документтеринде жөнгө салынууга же болбосо анын ыйгарым укуктуу органынын чечими менен бекитилүүгө тийиш

Отчеттордун көчүрмөлөрү банк Башкармасына жана Директорлор кеңешине жөнөтүлөт.”; 

- 81-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

“81. Кредитти кайтарып алууга тиешелүү бардык юридикалык мүмкүнчүлүктөр колдонулуп бүткөндөн кийин (анын ичинде банктын кардарынын каза болушу шартында да), ири тобокелдикти камтыган кредиттерди (7) алып салуу чечими банктын Директорлор кеңеши, ал эми калган кредиттер жөнүндөгү чечим ыйгарым укуктарына жараша Банк Башкармасы же Кредиттик комитет тарабынан кабыл алынат. 

Банк Башкармасы же болбосо Кредиттик комитет тарабынан (өткөрүлүп берилген сумманын чегинде) төмөнкү жагдайларда жеке адамдардын, жеке ишкерлердин жана/же Кошо жоопкерчиликтүү топтун кредиттери боюнча соттук тартипте/бейтараптык негизде териштирүү аркылуу өндүрүүнү жүргүзүүсүз эле, кредит боюнча карызды эсептен алып салуу чечими кабыл алынышы мүмкүн

- банк кардарынын көзү өтүп кетсе, айыккыс илдетке чалдыккан болсо, бизнесин жана/же мүлкүн бөөдө кырсыктардын, өрттүн чыгышы кесепетинен ажырап калган шартта

- банктын кредит боюнча карызын сот тартибинде/бейтараптык негизде териштирүү жүргүзүү аркылуу өндүрүүгө байланыштуу чыгашалар кредит боюнча карыз калдыгынан ашып кеткен жагдайды кошо алганда, ошол кредит боюнча карызды кайтарып алуунун экономикалык көз караштан максатка ылайыксыздыгы келип чыккан шартта

Банк Башкармасы же Кредиттик комитет тарабынан кабыл алынган карызды эсептен алып салуу чечими Директорлор кеңешине милдеттүү түрдө тааныштырылууга тийиш.”; 

- 2-эскертүүдөгү “ТСКнан” деген сөздөр “таза суммардык капитал өлчөмүдегенге алмаштырылсын

- 1-тиркеменин: 

1-пунктундагы 15 жана 16 абзацтар ортосуна төмөнкү мазмундагы абзац кошулсун

“- карыз алуучунун өз иши тууралуу кредиттик отчеттун берилишине макулдугу;”; 

Тиркеме төмөнкү мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын

“2-1. Кредиттик бюродон карыз алуучу боюнча кредиттик отчет.”; 

4 жана 31-пункттарындагы “Акыркы 12 ай ичиндеги” деген сөздөр “Акыркы 3-12 ай ичиндеги (мында банк, эмгек акы жөнүндө маалымкат берилүүгө тийиш болгон мезгил аралыгын өз алдынча аныктоого укуктуу)” дегенге алмаштырылсын

4-пункттагы “, ошондой эле” деген сөздөр “же” дегенге алмаштырылсын

7-пункттагы кашаа белгиси ичиндеги “3500000 сомдон жогору болсо” деген сөздөрдөн кийин “, жүгүртүү каражаттарын толуктоого берилген кредиттерди эске албаганда” деген сөздөр кошулсун;  

- 2-тиркеменин 3-пункту төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын

“Зарылчылык келип чыккан шартта, гарантиялык кат ушул пункттун биринчи сүйлөмүндө камтылгандар сакталган шартта, кошумча чет тилинде да тариздетилиши мүмкүн.”. 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы №35/14 “Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндөжобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндөжобонун

- 1-пунктундагы: 

“микрофинансылык компаниялардын” деген сөздөр “микрофинансылык уюмдардын” дегенге алмаштырылсын

жобонун 1-пунктунда кездешкен “Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жөнүндөдеген жобонун аталышы “Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндөдеген жаңы редакцияда берилсин. 

- жобо төмөнкү мазмундагы 16-1-пункт менен толукталсын

“16-1. МФУлардын кредиттөө жана мониторинг жүргүзүү ишине тартылган кызматкерлерине кредиттөө ишине жоопкерчиликтүүлүк менен мамиле жасоо жагында билим деңгээлин жогорулатуу сунушталат.”; 

- 19-пункттагы “1-тиркемесинин 1-, 2- жана 3-пунктунда сунушталган” деген сөздөр “1-тиркемеге ылайык” дегенге алмаштырылсын”

- 26-пунктунун 8-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин

“8) Улуттук банктын кредиттөө процессин жөнгө салган негизги ченемдик укуктук актыларынын тизмеги жөнүндө.”; 

- 44-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

“44. МФУ кредиттөө кызмат көрсөтүүсүн сунуштоодо кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган күрөө келишимине ылайык, карыз алуучуга жана/же күрөө коюучуга ачык тоорук өткөрүлгөнгө чейинки кайсы болболсун убакытта күрөөлүк мүлктү сатып ала алган/алышы мүмкүн болгон артыкчылыктуу укукту сунуштоого тийиш.”; 

- 1-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин:  

 

“Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык  

уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу  

талаптар жөнүндөжобого карата  

1-тиркеме 

 

 

Карыз алуучунун кредиттик досьесине (ал боюнча маалымат) карата  

минималдуу талаптар 

I. Карыз алуучу жөнүндө жалпы маалымат 

1. Жеке адамдан талап кылынуучу документтер: 

1) кредит алууга МФУ тарабынан белгиленген формадагы, кардар кол койгон билдирме (топ менен кредит алууда ага топтун ар бир катышуучусу кол коюуга тийиш); 

2) МФУга билдирме бергенге чейинки акыркы алты ай ичинде ошол МФУдан жана башка финансы-кредит мекемелеринен мурда алынган/төлөнгөн/орду жабылбаган кредиттер жөнүндө маалымат (карыз алуучу берген кат жүзүндөгү маалыматка ылайык, мисалы, карыз алуучунун кредит алууга билдирмеси); 

3) кредиттик бюродон ошол карыз алуучунун кредити боюнча отчет; 

4) кардардын кредити боюнча отчеттун берилишине анын макулдугу (ал кредит алуу билдирмесинде көрсөтүлүшү мүмкүн); 

5) МФУ кардарын идентификациялоого мүмкүн болгон, анын ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү

6) кардардын айкын жашап турган жери тууралуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген маалымкат; 

7) кардардын кирешеси жөнүндө маалымат

8) күрөөгө коюлуп жаткан мүлктүн описи (болгон болсо); 

9) кардардын жубайынын кредит алууга макулдугу (бир карыз алуучуга берилүүчү кредиттин суммасы 50 000 сомдон ашса жана ошол учурда ал башка кредит төлөп жаткан болсо). Ал эми кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларын кредиттөөдө - документтин түп нускасын кийинчерээк берүү шартында катышуучулардын жубайларынын макулдугун тастыктаган, факсимиль, электрондук почта жана башка байланыш түрү аркылуу алынган документ

2. Юридикалык жакты түзүүсүз ишкердикти жүзөгө ашырган жеке адамдардан жогоруда көрсөтүлгөн документтерден тышкары төмөнкүлөр талап кылынат

1) юридикалык жакты түзүүсүз ишкердикти жүзөгө ашырган жеке адам катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (болгон шартта); 

2) салык органынан, социалдык органдан маалымкат (болгон шартта); 

3) патенттин көчүрмөсү (болгон шартта). 

3. Юридикалык жактан талап кылынуучу документтер: 

1) кредит алууга МФУ тарабынан белгиленген формадагы, кардар кол койгон билдирме (топ менен кредит алууда ага топтун ар бир катышуучусу кол коюуга тийиш); 

2) МФУга билдирме бергенге чейинки акыркы алты ай ичинде ошол МФУдан жана башка финансы-кредит мекемелеринен мурда алынган/төлөнгөн/орду жабылбаган кредиттер жөнүндө маалымат (карыз алуучу берген кат жүзүндөгү маалыматка ылайык, мисалы, карыз алуучунун кредит алууга билдирмеси); 

3) юридикалык жактын жетекчисинин каражаттарды тескөөгө ыйгарым укуктарын тастыктаган документтин көчүрмөсү

4) кол коюуга ыйгарым укуктуу жактардын кол тамга үлгүсү түшүрүлгөн, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн карточкалар

5) уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү

6) юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү

7) эгерде юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүндө салык төлөөчүнүн идентификациялык номери көрсөтүлбөсө, салык органы тарабынан берилген каттоо карточкасынын көчүрмөсү

8) күрөөгө коюлган мүлк описи

4. Кошо жоопкерчиликтүү топ мүчөлөрүнүн кредиттик каражаттарды алгандыгы тууралуу ведомосту - топту кредиттөөдө

5. Кардардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган, акча каражаттары алынган булактарга баа берүү

6. Мамлекеттик же расмий тилде түзүлгөн кредиттик келишим тиркемелери менен кошо, ошондой эле кредитти реструктуризациялоо же пролонгациялоо, талап кылуу укугун ыйгарып берүү шартында кардар менен түзүлгөн кошумча келишим

7. МФУнун тиешелүү органынын кредит берүү, ошондой эле аны пролонгациялоо же реструктуризациялоо (орун алган болсо) чечими. 

8. Карыз алуучу менен кат алышуулар (бардык кат-кабарларды кошо тиркөө менен). 

9. Юридикалык документтер (карыз алуучунун ишине тиешелүү документтердин, мисалы, накладнойлордун, эсеп-фактуралардын, өнөктөштөр менен келишимдердин ж.б көчүрмөсү). 

10. Кредиттин максаттуу пайдаланылып жатышын текшерүү боюнча отчет. 

11. Кардардын, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга), террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жагында иш алып барган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талабына ылайык келген типтүү формада түзүлгөн анкетасы

12. Кепилдик берүүчүнүн акыркы 3-12 ай ичиндеги эмгек акысы жөнүндө маалымкат же анын кирешесин тастыктаган башка документтер (мында МФУ эмгек акы жөнүндө маалымкат берилүүгө тийиш боюнча мезгил аралыгын өз алдынча аныктоого укуктуу). 

13. Гаранттын же кепилдик берүүчүнүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөр

14. Кредиттик бюродон кепилдик берүүчүнүн иши отчет

 

II. Күрөөлүк документтер 

 

15. Күрөө келишими/Кепилдик келишими

16. Күрөөлүк мүлк боюнча сертификаттардын, күбөлүктөрдүн жана башка квалификациялык документтердин көчүрмөлөрү (болгон болсо). 

17. Күрөөлүк мүлккө менчик укугун тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү. Күрөөлүк мүлккө менчик укугун тастыктаган документтердин түп нускасы сейфте сакталууга тийиш.  

18. Күрөө келишими каттоодон өткөртүлгөндүгүн тастыктаган документтер (эгерде күрөө мыйзам талаптарына ылайык катталууга тийиш болсо). 

19. Карыз алуучунун тиешелүү органынын күрөөнү сунуштоо чечими (эгерде карыз алуучу юридикалык жак болсо).”; 

20. Кепилдик берүүчүнүн жубайынын (болгон болсо) кепилдик берүүгө макулдугу.”; 

- 3-тиркеменин аталышы төмөнкү редакцияда берилсин

“МФУ кардарларынын чыгашалар (төлөмдөр) тизмеги жана айыптык санкциялар”

“МФУ кардарынын укуктары” бөлүгү күчүн жоготкон катары таанылсын

3. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы №50/7 “Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндөжобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндөжобо

- төмөнкү мазмундагы 4.1-1-пункт менен толукталсын: 

“4.1-1. Кредиттик союздардын кредиттөө жана мониторинг жүргүзүү ишине тартылган кызматкерлерине кредиттөө ишине жоопкерчиликтүүлүк менен мамиле жасоо жагында билим деңгээлин жогорулатуу сунушталат.”; 

- 7.3-пунктунун 7.3.3-пунктчасы төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын

“Кредиттик союз кредиттөө кызмат көрсөтүүсүн сунуштоодо кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган күрөө келишимине ылайык, карыз алуучуга жана/же күрөө коюучуга ачык тоорук өткөрүлгөнгө чейинки кайсы болболсун убакытта күрөөлүк мүлктү сатып ала алган/алышы мүмкүн болгон артыкчылыктуу укукту сунуштоого тийиш.”; 

- 1-тиркеменин: 

I-бөлүгү

төмөнкү мазмундагы 2-1 жана 2-2-пункттар менен толукталсын

“2-1. Кредиттик бюродон карыз алуучу боюнча кредиттик отчет  

2-2. Кардардын кредити боюнча отчеттун берилишине анын макулдугу (ал кредит алуу билдирмесинде көрсөтүлүшү мүмкүн); 

6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

“6. Катышуучунун жубайынын кредит алууга макулдугу (бир карыз алуучуга берилүүчү кредиттин суммасы 50 000 сомдон ашса жана ошол учурда ал башка кредит төлөп жаткан болсо).”; 

төмөнкү мазмундагы 7-1-пункт менен толукталсын

“7-1. Кол коюуга ыйгарым укуктуу жактардын кол тамга үлгүсү түшүрүлгөн, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн карточкалар (эгерде карыз алуучу юридикалык жак болсо).”; 

11-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын

15-пункттагы “терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы” деген сөздөр “кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы” дегенге алмаштырылсын; 

II- бөлүктөгү

4-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын

- 2-тиркеменин: 

аталышы төмөнкү редакцияда берилсин

“Кредиттик союздун катышуучуларынын чыгашалар (төлөмдөр) тизмеги жана айыптык санкциялар”

“Кредиттик союздун катышуучусунун укуктары” бөлүгү күчүн жоготкон катары таанылсын

4. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы №35/13 “Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндөтоктомго төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобо

төмөнкү мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын

“2-1. Бул жобо өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган башка активдерге да таркатылат.”; 

- 12-пункттагы төртүнчү абзац төмөнкүдөй жаңы редакцияда берилсин

“Олуттуу тобокелдикти камтыган активдерди жана банктын инсайдерлерине/аффилирленген жактарына активдерди берүү Директорлор кеңеши тарабынан жактырылууга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш. Банктын Директорлор кеңеши олуттуу тобокелдикти камтыган активдерди, банктын инсайдерлерине/аффилирленген жактарына активдерди, чек ара аркылуу өтүүчү активдерди, анын ичинде алар Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузуу менен берилген жана/же банк алар боюнча жоготууга учураган, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан күрөө менен камсыздалган жана өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүү жөнүндө чечимдерди колдоого алгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.”; 

- 12-пункт төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын

“Мындан тышкары, каржылоо саясатында Каржылоо комитетинин жана/же банк Башкармасынын чектөөлөрдү көрсөтүү менен кредиттерди эсептен алып салуу жана реструктуризациялоо боюнча ыйгарым укуктары белгиленүүгө тийиш.”;  

- 19-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

“19. Активдерди, гарантияларды, милдеттенмелерди, кепилдиктерди, ошондой эле маңызы боюнча каржылоо операциясы болуп саналган жана өзүндө кредиттик жоготуулар тобокелдигин камтыган башка активдерди жана милдеттенмелерди берүүгө тиешелүү бардык маселелер банктын Каржылоо комитети тарабынан чечилүүгө тийиш. Каржылоо комитети, банктын Директорлор кеңешинин компетенциясына кирген маселелерди эске албаганда, бул укукту башка жактарга ыйгарышы мүмкүн. Каржылоо комитети ошондой эле, саясатка ылайык кредиттерди берүү, эсептен алып салуу жана реструктуризациялоо боюнча ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүгө тиешелүү маселелерди да кароого алат. Мында, Каржылоо комитетинин кредиттерди эсептен алып салуу жана реструктуризациялоо боюнча чечими менен Банк Башкармасы айына кеминде бир жолу, ал эми Директорлор кеңеши чейрек ичинде кеминде бир жолу тааныштырылып турууга тийиш. Кредиттик комитет олуттуу тобокелдикти камтыган активдерди сатуу жана эсептен алып салуу боюнча сунушту Директорлор кеңешинин кароосуна сунуштайт. Банк Башкармасы Директорлор кеңешинин ушул маселелер боюнча чечимдеринин аткарылышы үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат.”; 

- 29-пунктунун: 

жетинчи абзацындагы кашаа белгиси ичиндеги “3 500 000 сомдон көп болсо” деген сөздөрдөн кийин “, жүгүртүү каражаттарын толуктоого берилген кредиттерди эске албаганда” деген сөздөр кошулсун

тогузунчу абзац төмөнкү редакцияда берилсин

“- гарантты (кепилдик берүүчүнү), гарантия (кепилдик) суммасын ж.б. (эгерде банк гарантия (кепилдик берүүнү) талап кылса), ошондой эле гаранттын финансылык отчетторун (эгерде гарантия кредит боюнча бирден бир гана камсыздоо болуп саналса жана гарант юридикалык жак болсо) көрсөтүү менен гарантиялар (кепилдиктер);”; 

он биринчи абзацтагы “акыркы 12 ай ичиндеги” деген сөздөр “акыркы 3-12 ай ичиндеги (мында банк, эмгек акы жөнүндө маалымкат берилүүгө тийиш болгон мезгил аралыгын өз алдынча аныктоого укуктуу)” деген сөздөргө алмаштырылсын

- 38-2-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй жаңы редакцияда берилсин

“38-2. Банк, күбөлүктүн же патенттин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган жактарды эске албаганда, карыз алуучуларга-жеке адамдарга чет өлкө валютасында ипотекалык жана керектөө кредиттерин, ошондой эле эмгек акы долбоорунун алкагында төлөм карттары боюнча овердрафтты бере албайт жана депозит күрөөсү алдында чет өлкө валютасында төлөм карттарына каржылоо лимиттерин белгилей албайт. Мында, эгерде депозит да каржылоо валютасында болсо, анда ал кредит суммасынын кеминде 100% ордун, ал эми эгерде депозит каржылоо валютасынан башка валютада болсо сом эквивалентинде анын кеминде 120% ордун жабууга тийиш. Ошол кредиттер боюнча төлөмдөрдү кредиттик келишим валютасынан айырмаланган валютага байланыштырып индексациялоого жол берилбейт.”; 

- 44-пунктунун сегизинчи абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин

“банкка ал тууралуу отуз күн мурда алдын ала кат жүзүндө маалымдаган шартта, кайсыл болбосун убакытта айыптык санкцияларды (комиссиялык жана башка төлөмдөр) кармап калуусуз эле, кардардын активди толугу менен же анын бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда жабууга укугу.”; 

- жобо төмөнкү мазмундагы 61-1-пункт менен толукталсын

“61-1. Банк каржылоо кызмат көрсөтүүсүн сунуштоодо каржылоо келишиминин ажырагыс бөлүгү болуп саналган күрөө келишимине ылайык, кардарга/өнөктөшкө жана/же күрөө коюучуга ачык тоорук өткөрүлгөнгө чейинки кайсы болболсун убакытта күрөөлүк мүлктү сатып ала алган/алышы мүмкүн болгон артыкчылыктуу укукту сунуштоого тийиш.”; 

- 73-пунктунун биринчи, экинчи, үчүнчү жана төртүнчү абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин

“73. Күрөөгө коюлган мүлктүн сакталышын жана анын учурдагы наркынын өзгөрүп кетиши мүмкүнчүлүгүн туруктуу негизде контролдоо максатында банк күрөөлүк мүлккө сакталган жери жана жайгашкан орду боюнча мониторинг жүргүзүп турууга тийиш. Банк тарабынан күрөөгө мониторинг жүргүзүү мезгил аралыгы каржылоо саясатына жана күрөө саясатына ылайык жана актив сапатына, ошондой эле жоготуу тобокелдигин эске алуу менен күрөөнүн түрүн кошо алганда, башка факторлорго жараша аныкталат. Кыймылдуу мүлк түрүндөгү күрөөгө мониторинг суммасы кеминде 250 000 сомду түзгөн, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча жылына бир жолу жүргүзүлүп турууга тийиш.  

Суммасы 250 000 сомду жана андан көптү түзгөн, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча кыймылдуу мүлк түрүндөгү күрөөгө мониторинг төмөнкүчө ишке ашырылууга тийиш

эгерде актив 30 жана андан көп пайыз чегинде кыймылдуу мүлк менен камсыздалган болсо жарым жылда кеминде бир жолу

эгерде актив 30 пайызга жетпеген чекте кыймылдуу мүлк менен камсыздалган болсо жыл ичинде кеминде бир жолу.”; 

- 74-пункттагы он бешинчи абзацынын акыркы сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин

Банкка аффилирленген жактардын жана инсайдерлердин каржылоону жыл ичинде экиден көп жолу реструктуризациялоого тыюу салынат.”;  

74-пунктунун он алтынчы абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын

85-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

“85. Банктын, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган проблемалуу актив менен иш алып барууга жооптуу түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси Каржылоо комитетинин жана проблемалуу активдер боюнча чечим чыгарууга ыйгарым укуктуу башка коллегиалдуу органдын (болгон болсо) кароосуна ай сайын төмөнкүлөрдү сунуштап турууга тийиш

1) өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган проблемалуу актив боюнча жыйынтык отчетту; 

2) банктын таза суммардык капитал өлчөмүнүн 1% ашкан ар бир өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган “проблемалуу” актив боюнча аткарылган иш тууралуу ырааттуу отчетту, андан ары тиешелүү аракеттерди көрүү сунушу менен. Отчетто төмөнкүлөрдү кошо алганда, ар бир өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган проблемалуу актив боюнча маалымат чагылдырылууга тийиш

- жүргүзүлгөн иш (жолугушуу, телефон аркылуу сүйлөшүү ж.б.), аткарылган иш жыйынтыгы

- жакынкы ай ичинде кредитти кайтарып алууга андан аркы иш планы жана күтүлүп жаткан натыйжалар

Таза суммардык капитал өлчөмүнүн 1% жетпеген өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча отчеттун түзүмүн банк өз алдынча аныктайт. Мында отчеттун түзүмү банктын өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган проблемалуу активдер менен иш алып баруу боюнча ички документтеринде жөнгө салынууга же болбосо анын ыйгарым укуктуу органынын чечими менен бекитилүүгө тийиш

Отчеттордун көчүрмөлөрү банк Башкармасына жана Директорлор кеңешине жөнөтүлөт.”; 

- 87-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

“87. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди объективдүү негизде кайтаруу мүмкүн эмес болгон учурда (анын ичинде банктын кардары көз жумган шартта да), өзүндө олуттуу тобокелдикти камтыган активдерди эсептен алып салуу чечими банктын Директорлор кеңеши тарабынан, ал эми өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган калган активдерди эсептен алып салуу чечими Банк Башкармасы же болбосо алардын ыйгарым укуктарынын чегинде Каржылоо комитети тарабынан кабыл алынат.  

Банк Башкармасы же болбосо Каржылоо комитет тарабынан (өткөрүлүп берилген сумманын чегинде) төмөнкү жагдайларда жеке адамдарды, жеке ишкерлерди жана/же Кошо жоопкерчиликтүү топту каржылоо боюнча соттук тартипте/бейтараптык негизде териштирүү аркылуу өндүрүүнү жүргүзүүсүз эле, каржылоо боюнча карызды эсептен алып салуу чечими кабыл алынышы мүмкүн

- банк кардарынын көзү өтүп кетсе, айыккыс илдетке чалдыккан болсо, бизнесин жана/же мүлкүн бөөдө кырсыктардын, өрттүн чыгышы кесепетинен ажырап калган шартта

- банктын каржылоо боюнча карызын сот тартибинде/бейтараптык негизде териштирүү жүргүзүү аркылуу өндүрүүгө байланыштуу чыгашалар каржылоо боюнча карыз калдыгынан ашып кеткен жагдайды кошо алганда, ошол каржылоо боюнча карызды кайтарып алуунун экономикалык көз караштан максатка ылайыксыздыгы келип чыккан шартта. 

Банк Башкармасы же Каржылоо комитети тарабынан кабыл алынган карызды эсептен алып салуу чечими Директорлор кеңешине милдеттүү түрдө тааныштырылууга тийиш.”; 

- 1-тиркеменин: 

1-пунктундагы он алтынчы жана он жетинчи абзацтар ортосуна төмөнкү мазмундагы абзац кошулсун

“- карыз алуучунун өз иши тууралуу кредиттик отчеттун берилишине макулдугу;”; 

2-пункту төмөнкүдөй жаңы редакцияда берилсин

“2. Юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердикти жүзөгө ашырган жеке адамдар жогоруда көрсөтүлгөн документтерден тышкары банкка, ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жана жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү фактысын тастыктаган, белгиленген формадагы документтин көчүрмөсүн же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, мамлекеттик каттоодон өтүүсүз ишкердикти жүзөгө ашыргандыгы фактысын тастыктаган документтин көчүрмөсүн сунуштоого тийиш, мында 250 000 сомдон ашпаган өлчөмдө каржылоо сунушталган жеке адамдар эске алынбайт.”; 

Тиркеме төмөнкү мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын

“2-1. Кредиттик бюродон карыз алуучу боюнча кредиттик отчет.”; 

5-пункттагы “Акыркы 12 ай ичиндеги” деген сөздөрдөн кийинки “6 ай эгерде каржылоо суммасы 100 000 сомдон ашпаса” деген сөздөр алынып салынсын; 

5 жана 35-пункттарындагы “Акыркы 12 ай ичиндеги” деген сөздөр “Акыркы 3-12 ай ичиндеги (мында банк, эмгек акы жөнүндө маалымкат берилүүгө тийиш болгон мезгил аралыгын өз алдынча аныктоого укуктуу)” дегенге алмаштырылсын

5-пункттагы “, ошондой эле жана” деген сөздөр “же” дегенге алмаштырылсын

8-пункт төмөнкүдөй жаңы редакцияда берилсин

“8. Бизнес-план (эгерде кардар/өнөктөш - юридикалык жак болсо жана каржылоо суммасы 3500000 сомдон көптү түзсө, мында жүгүртүү каражаттарын толуктоого берилген каржылоо эске алынбайт).”; 

13-пункттагы “нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн” деген сөздөр алынып салынсын

- 2-тиркеменин 3-пункту төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын

“Зарылчылык келип чыккан шартта, гарантиялык кат ушул пункттун биринчи сүйлөмүндө камтылгандар сакталган шартта, кошумча чет тилинде да тариздетилиши мүмкүн.”. 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 28-апрелиндеги №11/2 “Пайыздык кирешени чегербөө статусун берүүнүн тартибин” бекитүү жөнүндөтоктомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Пайыздык кирешени чегербөө статусун ыйгаруу тартибинин

- 1.1-пунктундагы “ломбарддар жана” деген сөздөр алынып салынсын

- 4.1-пунктунун төртүнчү абзацындагы

“алгачкы” деген сөз “бекитилген” дегенге алмаштырылсын; 

“төрт” деген сөзүч” дегенге алмаштырылсын.