Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 24-августундагы 35/6 

токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016жылдын 16-мартындагы  12/3 «Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Улуттук банк Башкармасы токтом кылат

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 16-мартындагы 12/3 “Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндөжобону бекитүү тууралуу» токтомуна кошо тиркелген өзгөртүүлөр киргизилсин.  

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

3. Юридика башкармалыгы

токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом мененАльянсалмашуу бюролорунун ассоциясын тааныштырсын.   

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.ДжДжусупов мырзага жүктөлсүн

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу Н. Жениш 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 24-августундагы  35/6 токтомуна 

тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 16-мартындагы 12/3 “Адистештирилген финансы-кредит мекемелердин ишин лицензиялоо жөнүндөжобону бекитүү тууралуутоктомуна өзгөртүүлөр 

 

 Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 16-мартындагы 12/3 “Адистештирилген финансы-кредит мекемелердин ишин лицензиялоо жөнүндөжобону бекитүү тууралуутоктомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген “Адистештирилген финансы-кредит мекемелердин ишин лицензиялоо жөнүндөжобонун

- 8-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин жайлары, анын ичинде анын филиалдары жана алмашуу пункттары жайгашкан жайлар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген техникалык чыңдоо жана жабдуу талаптарына жооп берүүгө тийиш.»; 

- 20-пункттун 8-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8) Адистештирилген финансы-кредит мекемеси жайгашкан жайлар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген, техникалык чыңдоо жана жабдуу талаптарына жооп бере тургандыгы жөнүндө корутунду.»; 

- 39-пункттун 6-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6) Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин филиалы жайгашуучу жайдын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген техникалык чыңдоо жана жабдуу талаптарына жооп бере тургандыгы жөнүндө корутунду»;  

- 44-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«44. Филиалдын жайгашкан орду өзгөргөн учурда адистештирилген финансы-кредит мекемеси бул тууралуу Улуттук банкка маалымдап, жаңы жай боюнча ижара келишиминин же укук белгилөөчү документтин көчүрмөсүн, ошондой эле филиал жайгаштырылуучу жайдын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген техникалык чыңдоо жана жабдуу талаптарына жооп бере тургандыгы жөнүндө корутундусун сунуштоого милдеттүү.»;  

- 53-пункттун 3-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин

«3) адистештирилген финансы-кредит мекемесинин алмашуу пункту жайгашкан жайдын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген, техникалык чыңдоо жана жабдуу талаптарына жооп бере тургандыгы жөнүндө корутунду.»; 

- 68-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«68. Жайгашкан орду өзгөргөндүгү тууралуу билдирме сунушталган күндөн тартып он жумуш күнү ичинде адистештирилген финансы-кредит мекемеси, эгерде имаратта ушул жобонун 3 пунктунда белгиленген операциялар жүргүзүлсө, ошол имараттын (жайдын) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген техникалык чыңдоо жана жабдуу талаптарына жооп бере тургандыгы жөнүндө корутундуну сунуштоого тийиш.».