Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 14-сентябрындагы 

37/5 токтому 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги 22/4  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамына, «Кыргыз Республикасында лицензия-уруксат берүү жөнүндө» мыйзамына ылайык Улуттук банк Башкармасы токтом кылат

 

1.  Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги 22/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.  

2. Юридика башкармалыгы:  

токтомдун Улуттук банктын расмий сайтына жарыяланышын камсыз кылсын

расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет

4. Документ менен иш алып баруу башкармалыгы ушул токтом менен Төлөм системасы боюнча комитеттин мүчөлөрүн, областтык башкармалыктарды жана Баткен областындагы өкүлчүлүктү тааныштырсын

5. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.ДжОрозбаевага ыйгарылсын

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 14-сентябрындагы 

37/5 токтомуна карата тиркеме  

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2015-жылдын 15-апрелиндеги 22/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги 22/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген, Улуттук банктын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө» жобонун

1) 2-пунктундагы «банктык эмес уюмдар» деген сөздөр алынып салынсын

2) 3-пунктунун экинчи сүйлөмүндөгү «отурумдарына» деген сөз «отурумдарында» дегенге алмаштырылсын

3) 4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«4. Комитет өз ишин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана ушул Жобого таянуу менен жүргүзөт.»; 

4) 7- пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«7. Комитеттин Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын иши жана өнүгүүсү боюнча маселелерге тиешелүү милдеттери болуп, төмөнкүлөр боюнча чечимдерди кабыл алуу, сунуш-көрсөтмөлөрдү (корутундуларды) иштеп чыгуу жана сунуштоо саналат

- Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоо

- төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын төлөм системасын өнүктүрүү жагында ишин көзөмөлдөө

- Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүү боюнча бекитилген пландарга ылайык, иш-чараларды аткаруу мөөнөттөрүнүн сакталышына жана натыйжага жетишүүсүнө контролдук жүргүзүү

- төлөм системасына тиешелүү ченемдик укуктук базаны камсыз кылуу жана аларды өркүндөтүү ишин координациялоо

- төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) ишке ашыруу боюнча чечимдерди кабыл алуу жана алардын аткарылышын контролдоо.»; 

5) 8-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин

«Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол берилген учурларда, төлөм системасынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына карата эскертүү жана таасир этүү чараларын колдонуу боюнча чечим кабыл алуу»; 

6) 9-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«9. Стратегиялык максаттарды аныктоонун алкагында, Комитет ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат

төлөм системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоо ишин координациялоо жана контролдоо

төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча саясатты аныктоо ишин координациялоо жана контролдоо

төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине талаптарды белгилөө

төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдарына карата жергиликтүү сыяктуу эле, чет өлкөлүк башка көзөмөл органдары менен өз ара иш алып баруу.»; 

7) 9.2-пунктунун

- пункт төмөнкү мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын

«- системалуу-маанилүү жана маанилүү төлөм системаларынын тизмесин бекитүү

төлөм системаларына көзөмөлдүк боюнча (оверсайт) ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жактыруу;»; 

8) 9.3-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин

«- төлөм системасына тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу, макулдашуу мөөнөттөрүн координациялоо»; 

9) 9.4-пунктунун

- экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин

«- Төлөм системалары башкармалыгынын лицензия берүү алдындагы текшерүүнүн жана төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын лицензия алуу үчүн сунуштаган документтерине талдап-иликтөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча корутундусун кароо;»; 

- үчүнчү абзацтагы «/уруксат берүү» деген сөз алынып салынсын

10) 9.5-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин

«- төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине карата талаптарды координациялоо, иштеп чыгуу жана белгилөө;»; 

11) 11-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«11. Комитеттин курамына төмөнкүлөр кирет: Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/ банк Башкармасынын мүчөсү - төлөм системасынын куратору (Комитеттин Төрагасы) жана Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери

Комитеттин өздүк курамы Улуттук банктын буйругу менен бекитилет. Комитеттин курамына кеңеш берүү укугу менен Улуттук банктын буйругуна ылайык Улуттук банктын кызматкерлери киришет. Комитеттин Төрагасы жана башка мүчөлөрү жок учурда анын ишине Улуттук банктын буйругуна ылайык кызматы боюнча алардын ордун алмаштыруучу адамдар катышышат.»; 

12) 12-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«12. Комитеттин отурумуна кароого алынып жаткан маселелерге жараша төлөм системаларынын операторлорунун, төлөм уюмдарынын, коммерциялык банктардын өкүлдөрү чакыртылышы мүмкүн.»; 

13) 13-пунктундагы «жетектейт» деген сөз «координациялайт» деген сөзгө алмаштырылсын

14) 14-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«14. Комитеттин мүчөлөрү чечимдердин жана сунуш-көрсөтмөлөрдүн долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча тапшырмаларды аткарышат, ар кандай маселелерге талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө жана аларды талкуулоого катышышат, ушул жобого тиешелүү башка тапшырмаларды аткарышат.»;  

15) 16-пункту төмөнкү мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын

«5) Комитеттин өтүп жаткан жылга иш планынын долбоорун түзөт жана аны өз убагында Комитеттин Төрагасына бекитүүгө сунуштайт.»; 

16) 20-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«20. Комитет төмөнкүлөрдү чейрек ичинде кеминде бир жолу карайт: 

- Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын абалы жөнүндө отчет; 

- Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк боюнча отчет

- төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын инспектордук текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө отчет.». 

17) Жобо төмөнкү мазмундагы 20-1-пункт менен толукталсын

«20-1. Улуттук Банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү Комитеттин мүчөлөрүнүн кароосуна документтер топтомун сунуштайт. Документтер топтомунда тиешелүү башкармалыктын начальнигинин Комитеттин Төрагасына жана анын мүчөлөрүнө жолдонгон, күн тартибинин долбоорунда көрсөтүлгөн ар бир маселе боюнча өз-өзүнчө кыскача маалыматты жана ошол маселеге талдап-иликтөөлөрдү жана баа берүүлөрдү чагылдырган кызматтык иш боюнча тил кат камтылууга тийиш. Эгерде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизиле турган болсо, салыштырма таблица кошо сунушталуусу зарыл.» 

18) Жобо төмөнкү мазмундагы 30-пункт менен толукталсын: 

«30. Комитеттин иши Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечиминин негизинде токтотулат».