Кайта келүү

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-мартындагы № 20/4 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-мартындагы № 20/4 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтына жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, "Кыргыз банктар бирлиги" юридикалык жактар бирикмесин, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Төрагасынын орун басары Л.Дж. Орозбаевага ыйгарылсын. 

 

 

Төрага Т.Абдыгулов 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын «16» ноябрындагы № 44\3  

токтомуна тиркеме 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-мартындагы №20/4 “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө” жобону бекитүү жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөр 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-мартындагы №20/4 “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө” жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө” жобонун: 

- 2-тиркемедеги 29 “Бир ай ичиндеги кассалык жүгүртүүлөр жөнүндө отчету” жана 30 “Жума ичиндеги кассалык жүгүртүүлөр жөнүндө отчету” бөлүмдөрү төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

29-БӨЛҮК 

БИР АЙ ИЧИНДЕГИ КАССАЛЫК ЖҮГҮРТҮҮЛӨР ЖӨНҮНДӨ ОТЧЕТ 

______________ _____ 

(айы) (жылы) 

(миң сом) 

Келип тъшкөн акчалар  

Берилгени 

1 - 37  

45* - 48*  

Жыйынтыгында 

38, 39, 

49* - 51* 

Баланс 

55 - 87, 

95* - 100* 

Жыйынтыгында 

88, 89,  

101* - 103* 

Баланс 

 

Кызматы колтамгасы фамилиясы, аты-жөнү 

___________________________ _______________ ______________________________________ 

 

30- БӨЛҮК 

ЖУМА ИЧИНДЕГИ КАССАЛЫК ЖҮГҮРТҮҮЛӨР ЖӨНҮНДӨ ОТЧЕТ 

«____» дан «____» га чейин 

(миң. сом) 

 

 

Банктын коду 

 

 

Банктын, филиалдардын аталышы 

Нак акчалардын түшүүсү (1 37, 45* - 48*) 

Жума ичиндеги күндөр 

Дүйшөмбү 

Шейшемби 

Шаршемби 

Бейшемби 

Жума 

Ишемби (иш күнү деп жарыяланса) 

Жекшемби (иш күнү деп жарыяланса) 

Бардыгы 

 

 

 

Банктын коду 

 

 

Банктын, филиалдардын аталышы 

Берилген нак акча (55 - 87, 95* - 100*) 

Жума ичиндеги күндөр 

Дүйшөмбү 

Шейшемби 

Шаршемби 

Бейшемби 

Жума 

Ишемби (иш күүнү деп жарыяланса) 

Жекшемби (иш күнү деп жарыяланса) 

Бардыгы 

 

 

 

Банктын коду 

 

 

Банктын, филиалдардын аталышы 

Улуттук бактын Борбордук жүгүртүү кассасындагы жана областтык башкармалыктардын жүгүртүү кассаларындагы күндүн акыырна карата нак акчалардын калдыгы 

Жума ичиндеги күндөр 

Дүйшөмбү 

Шейшемби 

Шаршемби 

Бейшемби 

Жума 

Ишемби (иш күнү деп жарыяланса) 

Жекшемби (иш күнү деп жарыяланса) 

Бардыгы 

*Улуттук банктын символдору