Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 22-февралындагы № 6/6 токтому 

 

 

 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 27-августундагы № 22/9  

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган коммерциялык банктардын жана финансы-кредит мекемелеринин ишинде сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен түзүлгөн негизги документтер тизмеги жөнүндө” 

токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу  

 

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 27-августундагы № 22/9 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган коммерциялык банктардын жана финансы-кредит мекемелеринин ишинде сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен түзүлгөн негизги документтер тизмеги жөнүндө” токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- токтом расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн аны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т. Дж. Джусупов мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу Н. Жениш  

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 22-февралындагы № 6/6 токтомуна 

тиркеме 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 27-августундагы №22/9  

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредит мекемелеринин ишинде түзүлгөн, сактоо мөөнөтү көрсөтүлгөн негизги документтертизмеги жөнүндө” 

токтомуна өзгөртүү жана толуктоо  

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 27-августундагы № 22/9 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган коммерциялык банктардын жана финансы-кредит мекемелердин ишинде сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен түзүлгөн негизги документтер тизмеги жөнүндө”токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин: 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган коммерциялык банктардын жана финансы-кредит мекемелердин ишинде сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен түзүлгөн негизги документтер тизмегинде: 

 

 

-15, 114, 129, 403, 406, 407- пункттар төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

 

«15 

Иш маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен кат алышуулар»; 

 

5 жыл 

 

«114 

Финансы-кредит маселелери жана лизинг боюнча кат алышуулар»; 

 

6 лет ЭТК 

 

«129 

Күрөөгө коюлган мүлктү эсепке алуу боюнча кредиттерге карата билдирмелерди каттоо журналы»; 

 

6 жыл 

 

«403 

Бөөдө кырсыктарды каттоо журналы, коопсуздук техникасы боюнча түшүндүрмө берүү жана коопсуздук техникасы боюнча билимин текшерүү журналы»; 

10 жыл 

 

«406 

Терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жана акчалардын “изин жашыруу” маселелери боюнча кат алышуулар»; 

5 жыл ЭТК 

 

«407 

Таркатылышына чектөөлөр белгиленген документтер менен таанышуу жана кеңири таркатылууга тийиш болбогон маалыматтар камтылган документтер менен иштөө эрежелерин бузууга жол берилгендиги боюнча маалыматтар (актылар, даттануу кагаздары, кат алышуулар)»; 

 

5 жыл ЭТК 

 

 

 

 

 

 

 

 

- Тизмек төмөнкү мазмундагы “Төлөм системасы” деп аталган 16-бөлүк менен толукталсын: 

 

 

 

«16. ТӨЛӨМ СИСТЕМАЛАРЫ  

 

 

 

534 

Төлөм системалары маселелери боюнча кат алышуулар  

 

6 жыл 

 

535 

Төлөм системалары маселелери боюнча документтер (докладга тиешелүү тил каттар, маалым каттар, жалпы баяндама, талдап-иликтөөлөр)  

 

6 жыл 

 

536 

Банктык карттарды чыгаруу жана коштоп жүрүү, ошондой эле ATMтехникалык колдоо боюнча документтер (өтүнүч каттар, анкеталар, отчеттор)  

 

6 жыл 

 

537 

Пластик карттары боюнча бухгалтердик документтер (карт-эсептерин толуктоо жана өз ара эсептешүү боюнча билдирүү)  

 

6 жыл 

 

538 

Овердрафт, овердрафт боюнча мөөнөтү өткөрүлүп жиберилген карыз боюнча отчеттор  

 

6 жыл 

 

539 

Банкоматта нак акча каражаттарынын жылышы боюнча отчеттор 

 

6 жыл 

 

540 

Банкоматтарга кассеталарды жүктөө жана алуу актылары 

 

3 жыл 

 

541 

Банкоматтарга кассеталарды жүктөө жана алуу квитанциялары  

1 жыл 

 

542 

Төлөм карттары, эквайринг боюнча келишимдер  

6 жыл 

келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин  

 

БЕКИТИЛДИ 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө  

караштуу Мамлекеттик архив кызматынын Эксперттик-текшерүү  

комиссиясынын 

____ жылдын «___» __________ 

отурумунантолтурулган 

№_____ протокол».