Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 22-февралындагы № 6/4 

токтому 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү  

жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин: 

- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» Жобонун жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө»; 

- 2012-жылдын 29-августундагы № 36/2 «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобосун бекитүү жөнүндө

- 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

- 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, адистештирилген финансы-кредит мекемеси «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

4. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/3 токтому менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун 4.2-пунктунун 4.2.4-пунктчасынын талабы, ушул токтом күчүнө киргенден кийин берилген жаңы кредиттерге да таркатылат.  

6. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы №51/6 токтому менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун 22-2-пунктунун талабы, ушул токтом күчүнө киргенден кийин сунушталган каржылоолорго таркатылат. 

7. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т. Джусупов мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу Н. Жениш 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 22-февралындагы № 6/4  

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу, жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» Жобонун жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу, жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» Жобонун: 

- 2.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.2. Банктын мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдери катары төмөнкүлөрдү түшүнүү зарыл: 

- баланс боюнча эсепке алынган негизги сумма (бөлүптөлөнгөн пландык төлөмдөрдү кошо алганда) 30 күн же андан көп убакыттан бери төлөнбөгөн төлөмдөр; 

- 30 күн же андан көп убакыттан бери төлөнбөй келген пайыздык төлөмдөр; 

- офердрафт түрүндө берилген кредиттер, эгерде алар төлөө графигин белгилөөсүз жүзөгө ашырылса жана алар боюнча пайыздар 30 күн же андан көп убакыттан бери төлөнбөсө. »; 

- 2.3-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын. 

- 4.2-пункт төмөнкү мазмундагы 4.2.4-пунктча менен толукталсын: 

«4.2.4. Банк, эгерде эффективдүү пайыздык чен кредит берүү учурунда Улуттук банк тарабынан жарыяланган чет өлкө валютасында берилген кредиттер боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык ченден 2 пайыздык пунктка төмөн болгон болсо, карыз алуучунун киреше түзүмүнө карабастан, чет өлкө валютасындагы кредит боюнча 1% өлчөмүндө РППУ түзүүгө тийиш (мында, Өнүктүрүү фондусунун каражаттарынын эсебинен сунушталган кредиттерди эске албаганда) (*). 

(*) Чет өлкө валютасындагы кредиттер боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык ченге тиешелүү маалымат Улуттук банктын www.nbkr.kg дареги боюнча расмий сайтында жайгаштырылган.»; 

- 4.3-пункттун 4.3.2-пунктчасынын: 

экинчи абзацындагы «күрөө менен» деген сөз алынып салынсын; 

төртүнчү абзац күчүн жоготкон катары таанылсын; 

тогузунчу абзац төмөнкү мазмунда берилсин: 

«- Жобонун 7.6-пунктунун шарттарына туура келген классификацияланган активдерди реструктуризациялоо;»; 

төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«- реструктуризациялоо күнүнө карата классификацияланган активдер белгисине ээ болбогон реструктуризацияланган актив.»; 

- 5.1- пункттун: 

5.1.2-пунктчасынын: 

экинчи абзацындагы «60» деген сан «90» дегенге алмаштырылсын; 

үчүнчү, сегизинчи, тогузунчу жана онунчу абзацтар күчүн жоготкон катары таанылсын; 

алтынчы абзацтагы «30» деген сан «60» дегенге алмаштырылсын. 

- төмөнкү мазмундагы 5.1.4-пунктча менен толукталсын: 

«5.1.4. Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз 90 күнгө узарып кеткен шартта, актив «субстандарттык» катары классификацияланууга тийиш. Жобонун 4.1-пунктуна ылайык күрөөлүк камсыздоого ээ активдерди эске албаганда, мындай активдин сапаттык белгилери активди классификациялоо категориясын жакшырта албайт;»; 

- төмөнкү мазмундагы 5.1.5-пунктча менен толукталсын: 

«5.1.5. Эгерде «байкоого алынган актив» катары классификацияланган активди реструктуризациялоодон улам 30 күндөн көбүрөөк убакыт мөөнөтүндө төлөнбөгөн төлөмдөр келип чыкса же мындай актив кайрадан реструктуризацияланган болсо, анда бул актив «субстандарттык» катары классификацияланууга тийиш». 

Мында, ошол «субстандарттык» актив анын суммасынын эң аз дегенде 120%ын түзгөн кыймылсыз мүлк түрүндөгү күрөө менен камсыздалган болсо, анда банк кайрадан реструктуризациялагандан кийинки бир жыл ичинде 15% өлчөмүндө РППУ түзүшү мүмкүн.;» 

- 5.2-пункттун: 

5.2.2-пунктчасынын: 

экинчи абзацы төмөнкү мазмунда берилсин: 

«- негизги сумма жана/же пайыздар боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз 90 күндөн 180 күнгө чейин созулуп кетсе;» 

үчүнчү абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

«- карызды төлөө негизинен күрөөнүн сатып өткөрүлүшүнө жараша болот. Мында, күрөө карыздын негизги суммасын, келишимге ылайык бардык пайыздарды жана күрөөлүк укуктарды сатып өткөрүүгө байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон бардык чыгымдардын ордун жабуу үчүн жетиштүү өлчөмдөгү сатууда өтүмдүү кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк формасындагы болууга тийиш. Күрөө төмөнкү мөөнөттөрдө сатып өткөрүлүшү болжолдонууда: 

а) кыймылсыз мүлк - 365 күндөн кечиктирбестен; 

б) кыймылдуу мүлк - 120 күндөн кечиктирбестен;»; 

төмөнкү мазмундагы 5.2.3-пунктча менен толукталсын: 

«5.2.3. Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз 180 күнгө созулуп кеткен шартта, актив «шектүү» катары классификацияланууга тийиш. Жобонун 4.1-пунктуна ылайык күрөөлүк камсыздоого ээ активдерди эске албаганда, мындай активдин сапаттык белгилери активди классификациялоо категориясын жакшырта албайт.». 

- 5.3-пункттун: 

5.3.2-пунктчасынын: 

экинчи абзацы төмөнкү мазмунда берилсин: 

«- 180 күн жана андан ары узарып кеткен мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз;» 

үчүнчү, тогузунчу абзацтар күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- төмөнкү мазмундагы 5.3.3-пунктча менен толукталсын: 

«5.3.3. Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз 360 күнгө созулуп кеткен шартта, актив «жоготуу» катары классификацияланууга тийиш. Жобонун 4.1-пунктуна ылайык күрөөлүк камсыздоого ээ активдерди эске албаганда, мындай активдин сапаттык белгилери активди классификациялоодо эске алынбайт.». 

- 7-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7.  Реструктуризацияланган кредиттерди классификациялоо 

7.1. Реструктуризацияланган кредиттер - бул, банк кредиттөө шарттарына буга чейин жөнгө салынган кредиттөө тажрыйбасынан айырмаланган өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу (милдеттүү түрдө жаңы келишим түзүү же кредиттик келишимге карата кошумча келишим түзүү аркылуу) кардарга өз алдынча преференция (жеңилдик) берүү менен сунушталган кредиттер. Мында, пайыздык ченди жана/же негизги карыз суммасын/пайыздарды төлөөгө чейин кредит мөөнөтүн узартуу келечекте күтүлүп жаткан акчалай агымдын өзгөрүшүнө алып келет. 

Реструктуризация дегенден улам, төмөнкүлөрдү түшүнүү зарыл: 

- кардардын финансылык абалынын начарлоосуна байланыштуу, ага кредитти төлөө боюнча мурдагы тажрыйбадан айырмаланган, алда-канча ыңгайлуу шарттарды сунуштоо аркылуу колдонуудагы кредиттик келишим шарттарын өзгөртүү

- карыз алуучу банк сунуштаган кредитти башка кредит ордун жабууга пайдаланса (негизги суммасы же пайыздар боюнча карыз орун алса), ошондон улам карызгер финансылык кыйынчылыкка дуушар болсо, активди толугу менен же анын бөлүгүн кайра каржылоо; 

- кредиттин негизги суммасынын бөлүгүн эсептен алып салуу (кечүү) аркылуу келишим шарттарын өзгөртүү

Кредит боюнча келишимдин баштапкы шарттарынын өзгөртүлүшү жана анын кайра каржыланшы жана бул кардардын финансылык абалынын начарлоосуна байланышпаса, кредитти реструктуризациялоо болуп саналбайт (мисалы, кредит валютасын чет өлкө валютасынан улуттук же башка валютага которуу). 

7.2. Кардардын реструктуризацияланган актив боюнча финансылык кыйынчылыкка дуушар болушу ыктымалдыгын шарттаган көрсөткүчтөн болуп төмөнкү жагдайлар саналат: 

- ал боюнча реструктуризациялоо ишке ашырылган жана акыркы 3 ай ичинде кеминде бир жолу төлөмдөрдү төлөө толугу менен же алардын бөлүгү 30 күндөн көбүрөөк кечиктирилген классификацияланбаган кредит, же; 

- кардар ошол банктан катар алган кредит боюнча негизги сумманы же пайыздарды толугу менен же алардын бөлүгүн төлөөнү, кредитти кайра каржылоого чейинки акыркы 3 ай ичинде кеминде 1 жолу 30 күндөн көбүрөөккө кечиктирген учурда, кайра каржыланган кредит боюнча. 

7.3. Реструктуризациялоо классификацияланган сыяктуу эле, классификацияланбаган активдерге да колдонулат. 

7.4. Классификацияланган реструктуризацияланган актив Жобонун 7.6-пунктунун шарттары аткарганга чейин классификацияланбаган кредиттерге чегерилбейт. 

7.5. Карыз алуучу финансылык кыйынчылыктарга дуушар болгон учурда ошол кредит боюнча күрөөлүк мүлктү сатып өткөрүүнүн эсебинен кредит боюнча карыздын бир бөлүгүн төлөө аркылуу кредиттик келишимге өзгөртүүлөрдүн киргизилиши кредитти реструктуризациялоо катары каралууга тийиш.  

7.6. Банк, төмөнкү шарттар аткарылган болсо классификацияланган активди «байкоого алынган актив» категориясына которушу мүмкүн: 

- мөөнөтүндө төлөнбөгөн суммалар жок болсо; 

- акыркы үч ай ичинде төлөмдөр графикке ылайык өз учурунда толук төлөнсө

-карызгерде реструктуризациялоо шарттарынын сакталбай калышына алып келген жагдайлар жок болсо. 

7.7. Классификацияланган активдерди классификацияланбаган категориясына которуу төмөнкү шарттар аткарылган учурда гана жол берилет: 

-  мөөнөтүндө төлөнбөгөн суммалар жок болсо; 

- карызгерде реструктуризациялоо шарттарынын сакталбай калышына алып келген жагдайлар жок болсо

«Шектүү» же «жоготуу» катары классификацияланган активдер боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн бардык карыз орду жабылган шартта, алар «субстандарттык» категориясына которулат.»; 

- 9.2-пункттун «б» пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«б) менчик укугу келип чыккандан кийинки үч жыл Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен айыл чарба багытындагы жерлерге коюлган мөөнөттөрдөн башка кыймылсыз мүлк үчүн.»; 

-  13.4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«13.4. Улуттук банк активдер боюнча РППУга чегерүүлөрдүн төмөнкүдөй өлчөмдөрүн белгилейт: 

Жалпы камдар 

Атайын камдар 

Нормалдуу 

0% 

Субстандарттык 

15/25%; 

Канааттандырарлык  

1/2/2,5% 

Шектүү 

50%; 

Байкоо алдындагы активдер 

5/10/15% 

Жоготуулар 

100%. 

Банк, Жобонун 4.2-пунктунун 4.2.3-пунктчасында көрсөтүлгөн, алар боюнча РППУ өлчөмү 2,5% түзүүгө тийиш болгон, ошондой эле .2-пунктунун 4.2.3-пунктчасында көрсөтүлгөн, РППУ өлчөмү 1% түзүүгө тийиш болгон активдерди эске албаганда, «канааттандырарлык» активдер боюнча 2% өлчөмдө РППУ түзүүгө тийиш. 

Банк, ушул Жобонун 4.3.-пунктунун 4.3.4-пунктчасында көрсөтүлгөн, алар боюнча РППУ өлчөмү 10% түзүүгө тийиш болгон активдер эске албаганда, «байкоого алынган активдер» боюнча 5% өлчөмүндө РППУ түзүүгө тийиш.  

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Өнүктүрүү банкы «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө» мыйзам талабына ылайык РППУ түзөт жана ага чегерип турат.». 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 29-августундагы №36/2 «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобосун бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобонун: 

- 5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5. Банк, колдонуу мөөнөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген айыл чарба багытындагы жерлерди эске албаганда, башка кыймылсыз мүлктү менчикке укук келип чыккандан кийинки үч жылдан ашык мөөнөткө кармап тура албайт. Бул учурда банк сатып алуучуну издөө демилгесин көтөрүүгү тийиш.  

Сот тарабынан банктын башка менчигине арест коюлган учурда, жогоруда белгиленген мөөнөт, арест алынып салынганга чейин токтотулат.»; 

- төмөнкү мазмундагы 31-1 жана 31-2 пункттар менен толукталсын: 

«31-1.  Банк финансылык ижара келишимин/кыймылсыз мүлктү бөлүп төлөө шартында сатуу келишимин же ушундай эле башка келишимди, ошол мүлктү кредит боюнча карыз ордун жабуунун эсебинен банк баланска кабыл алып жаткан учурда, мүлк ээси болуп саналган жак менен түзүү учурунда банк Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/3 токтому менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу, жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» Жобо ылайык, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга 25% өлчөмүндө кам түзүү менен ошол активди (башка менчикти) «субстандарттык» катары классификациялайт. Жаңыдан түзүлгөн келишим боюнча төлөмдөрдү кечиктирүү жана графикти бузууга жол берүү орун алган шартта, классификация Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш. 

31-2. Банк, кыймылсыз мүлктү балансына кабыл алууга жана аны ыйгарып берүү келишиминде көрсөтүлгөн, мурда берилген кредиттин ордун жабуу эсебинде «башка менчик» катары эсепке алууга укуктуу. Мында, ыйгарып берүү келишиминде банк менен күрөө коюучу ортосунда макулдашылган мөөнөттө жана күрөө коюучунун жана/же карыз алуучунун милдеттенмеси суммасы боюнча мурда берилген кредиттин ордун жабуу эсебинен кабыл алынган кыймылсыз мүлктүн ээси болуп саналган жакка (адамга) банктын сатуу милдеттенмеси да камтылууга тийиш. 

Ыйгарып берүү келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөттө банктын башка менчиги сатып өткөрүлбөсө жана/же финансылык ижара келишими же кыймылсыз мүлктү бөлүп төлөө шартында сатуу келишими же ушундай эле башка келишимдер токтотулган шартта, банк мындай менчикке көз карандысыз баа берүүнү ишке ашырып, аны жобого ылайык эсепке алууга тийиш.». 

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо: 

- төмөнкү мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын: 

«3-1. Кайра каржылоо бул, колдонуудагы активдин ордун толугу менен жабуу же анын бөлүгүн төлөө үчүн тиешелүү жаңы келишимди түзүү.». 

 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы №51/6 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга чегерүүлөр жөнүндө” жобонун: 

- 12-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын;  

- Жобо төмөнкү мазмундагы 22-2-пункт менен толукталсын: 

“22-2. Банк, эгерде эффективдүү пайыздык чен кредит берүү учурунда Улуттук банк тарабынан жарыяланган чет өлкө валютасында берилген кредиттер боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык ченден 2 пайыздык пунктка төмөн болгон болсо, карыз алуучунун киреше түзүмүнө карабастан, чет өлкө валютасындагы кредит боюнча 1% өлчөмүндө РППУ түзүүгө тийиш (*). 

(*) Чет өлкө валютасындагы кредиттер боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык ченге тиешелүү маалымат Улуттук банктын www.nbkr.kg дареги боюнча расмий сайтында жайгаштырылган.”; 

- 23-пункттун: 

он экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“- реструктуризациялоо күнүнө карата классификацияланган активдер белгисине ээ болбогон реструктуризацияланган актив;” 

- 23-пункт төмөнкү мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын: 

“- жобонун 34-4-пунктунун шарттарына кирген классификацияланган активдерди реструктуризациялоо;”; 

- 24-пункттун: 

үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, алтынчы жана жетинчи абзацтарындагы “60 күн” деген сөздөр “90 күн” дегенге алмаштырылсын; 

он биринчи абзацындагы “30” деген сан “60” дегенге алмаштырылсын; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 24-2 жана 24-3-пункттар менен толукталсын: 

“24-2. Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз 90 күнгө узарып кеткен шартта, актив “субстандарттык” катары классификацияланууга тийиш. Жобонун 21-пунктуна ылайык күрөөлүк камсыздоого ээ активдерди эске албаганда, мындай активдин сапаттык белгилери активди классификациялоо категориясын жакшырта албайт. 

24-3. Эгерде «байкоого алынган актив катары» классификацияланган реструктуризацияланган актив боюнча төлөө мөөнөтү 30 күндөн көбүрөөк кечиктирилсе же ошол актив кайрадан реструктуризацияланган болсо, анда мындай актив «субстандарттык» катары классификацияланууга тийиш.  

Мында, ошол «субстандарттык» актив анын суммасынын эң аз дегенде 120%ын түзгөн кыймылсыз мүлк түрүндөгү күрөө менен камсыздалган болсо, анда банк кайрадан реструктуризациялагандан кийинки бир жыл ичинде 15% өлчөмүндө РППУ түзүшү мүмкүн.”; 

- 25-пункттун: 

үчтөн жетиге чейинки абзацтарында кездешкен “60 күндөн 90 күнгө чейин” деген сөздөр “90 күндөн 180 күнгө чейин” дегенге алмаштырылсын; 

- пункт төмөнкү мазмундагы он төртүнчү, он бешинчи жана он алтынчы абзацтар менен толукталсын: 

“- карызды төлөө негизинен күрөөнүн сатып өткөрүлүшүнө жараша болот. Мында, күрөө карыздын негизги суммасын, келишимге ылайык бардык пайыздарды жана күрөөлүк укуктарды сатып өткөрүүгө байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон бардык чыгымдардын ордун жабуу үчүн жетиштүү өлчөмдөгү сатууда өтүмдүү кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк формасындагы болууга тийиш. Күрөө төмөнкү мөөнөттөрдө сатып өткөрүлүшү болжолдонууда:  

а) кыймылсыз мүлк 365 күндөн кечиктирбестен;  

б) кыймылдуу мүлк - 120 күндөн кечиктирбестен.”; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 25-1-пункт менен толукталсын: 

“25-1. Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз 180 күнгө созулуп кеткен шартта, актив «шектүү» катары классификацияланууга тийиш. Жобонун 21-пунктуна ылайык күрөөлүк камсыздоого ээ активдерди эске албаганда, мындай активдин сапаттык белгилери активди классификациялоо категориясын жакшырта албайт.”; 

- 26-пункттун: 

үчтөн жетиге чейинки абзацтарында кездешкен “90 күн жана андан ары” деген сөздөр “180 күндөн 360 күнгө чейин” дегенге алмаштырылсын; 

он үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“- кардардын бизнеси токтосо же ал банкрот деп жарыяланса;”; 

он бешинчи абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 26-1-пункт менен толукталсын: 

“26-1. Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз 360 күнгө созулуп кеткен шартта, актив «жоготуу» катары классификацияланууга тийиш. Жобонун 21-пунктуна ылайык күрөөлүк камсыздоого ээ активдерди эске албаганда, мындай активдин сапаттык белгилери активди классификациялоодо эске алынбайт.”; 

- 32-пункттун “б” пунктчасы төмөнкү мазмунда берилсин: 

“б) алар боюнча мөөнөттөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген айыл чарба багытындагы жерлерди эске албаганда, кыймылсыз мүлк үчүн - менчик укугу келип чыкан учурдан тартып үч жыл.”; 

- 8-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин: 

“8. Реструктуризацияланган активдерди классификациялоо 

33. Реструктуризацияланган активдер - бул, банк келишим шарттарына буга чейин жөнгө салынгандардан айырмаланган өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу (милдеттүү түрдө жаңы келишим түзүү же каржылоо келишимге карата кошумча келишим түзүү аркылуу) кардарга өз алдынча преференция (жеңилдик) берүү менен сунушталган каржылоо. Мында, негизги карыз суммасын жана/же үстөк бааны төлөгөнгө чейин үстөк бааны жана/же каржылоо мөөнөтүн өзгөртүү келечекте күтүлүп жаткан акчалай агымдын өзгөрүшүнө алып келет. 

Реструктуризация дегенден улам, төмөнкүлөрдү түшүнүү зарыл: 

- кардардын финансылык абалынын начарлоосуна байланыштуу, ага каржылоону төлөө боюнча мурдагы тажрыйбадан айырмаланган, алда-канча ыңгайлуу шарттарды сунуштоо аркылуу, колдонуудагы келишим шарттарын өзгөртүү

- негизги каржылоо суммасынын бөлүгүн эсептен алып салуу (кечүү) аркылуу келишим шарттарын өзгөртүү

Каржылоо келишиминин баштапкы шарттарынын өзгөртүлүшү жана анын кайра каржыланшы жана бул кардардын финансылык абалынын начарлоосуна байланышпаса, активди реструктуризациялоо болуп саналбайт (мисалы, актив валютасын чет өлкө валютасынан улуттук же башка валютага которуу).  

34. Эгерде классификацияланбаган актив боюнча реструктуризациялоо ишке ашырылып жана акыркы 3 ай ичинде кеминде бир жолу төлөмдөрдү төлөө толугу менен же алардын бөлүгү 30 күндөн көбүрөөк кечиктирилген болсо, анда бул жагдай реструктуризацияланган актив боюнча кардар финансылык кыйынчылыкка дуушар болушу ыктымалдыгын шарттаган көрсөткүч болуп эсептелинет.  

34-1. Реструктуризациялоо классификацияланган сыяктуу эле, классификацияланбаган активдерге да колдонулат.  

34-2. Классификацияланган реструктуризацияланган актив Жобонун 34-4-пунктунун шарттарын аткарганга чейин классификацияланбаган активдерге чегерилүүгө тийиш эмес. 

34-3. Кардар финансылык кыйынчылыктарга дуушар болгон учурда ошол каржылоо боюнча күрөөлүк мүлктү сатып өткөрүүнүн эсебинен карыздын бир бөлүгүн төлөө аркылуу кредиттик келишимге өзгөртүүлөрдүн киргизилиши, каржылоону реструктуризациялоо катары каралууга тийиш.  

34-4. Банк, төмөнкү шарттар аткарылган болсо классификацияланган активди «байкоого алынган актив» категориясына которушу мүмкүн: 

- мөөнөтүндө төлөнбөгөн суммалар жок болсо; 

- акыркы үч ай ичинде төлөмдөр графикке ылайык өз учурунда толук төлөнсө

- кардарда реструктуризациялоо шарттарынын сакталбай калышына алып келген жагдайлар жок болсо. 

35-4. Активдерди классификацияланбаган активдер категориясына которуу төмөнкү шарттар аткарылган учурда гана ишке ашырылат: 

- мөөнөтүндө төлөнбөгөн суммалар жок болсо; 

- кардар акыркы үч ай ичинде төлөмдөрдү графикке ылайык өз учурунда толук төлөгөн болсо; 

Мөөнөтүндө төлөнбөгөн бардык карыздардын орду жабылган шартта, «шектүү» же «жоготуу» катары классификацияланган активдер «субстандарттык» категориясына которулат.”; 

- 47-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“47. Улуттук банк активдер боюнча РППУга чегерүүлөрдүн төмөнкүдөй өлчөмдөрүн белгилейт: 

Жалпы камдар 

Атайын камдар 

Нормалдуу 

0% 

Субстандарттык 

15/25%; 

Канааттандырарлык  

1/2/2,5% 

Шектүү 

50%; 

Байкоо алдындагы активдер 

5/10% 

Жоготуулар 

100%. 

Банк, Жобонун 22-1-пунктунда көрсөтүлгөн, алар боюнча РППУ өлчөмү 2,5% түзүүгө тийиш болгон, ошондой эле 22-1-пунктунда көрсөтүлгөн, РППУ өлчөмү 1% түзүүгө тийиш болгон активдерди эске албаганда, «канааттандырарлык» активдер боюнча 2% өлчөмдө РППУ түзүүгө тийиш. 

Банк, ушул Жобонун 23-2-пунктунда көрсөтүлгөн, алар боюнча РППУ өлчөмү 10% түзүүгө тийиш болгон активдер эске албаганда, «байкоого алынган активдер» боюнча 5% өлчөмүндө РППУ түзүүгө тийиш.”. 

 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы №35/13 “Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобону бекитүү туралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобо: 

- төмөнкү мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын: 

“3-1. Кайра каржылоо бул, колдонуудагы активдин ордун толугу менен же анын бир бөлүгүнүн ордун жабуу үчүн тиешелүү жаңы келишим түзүү.”; 

- 34-пункттун 10-абзацындагы “камтыган активдердин” деген сөздөр “бир гана” деген сөздөр менен толукталсын.