Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 10-мартындагы № 10/1 

токтому 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү  

тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу» токтомуна  

толуктоону жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу» токтомуна сунушталган толуктоо жанан өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, Н. Жениш мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу Н. Жениш  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 10-мартындагы № 10/1  

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө”  

жобону бекитүү тууралуу» токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөр  

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жобонун: 

- 30-пунктундагы «бир билдирменин минималдуу» деген сөздөр «жана максималдуу» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 35-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«35. Банктын билдирмесинин көлөмү кредиттик аукциондун параметрлеринде белгиленген минималдуу жана максималдуу көлөмгө дал келүүгө тийиш.»; 

- 41-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«41-1. Банк тарабынан кредиттер боюнча талап кылуу укугу түрүндө күрөөлүк камсыздоо сунушталган болсо, алууга ниеттенген сумманын бөлүгү, тиешелүү күрөөлүк коэффициенти эске алуу менен ушул Жобонун 41-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн жана Банкка менчик укугунда таандык күрөө менен камсыздалууга тийиш. Кредиттер боюнча талап кылуу укугу түрүндөгү максималдуу күрөөлүк камсыздоого карата талаптар Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан күрөөлүк камсыздоого карата башка талаптар менен бирге эле, пайыздык туюундурууда аныкталат.».