Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2014-жылдын 25-августундагы № 37/1 токтому
Акча-кредит саясат жөнүндө отчет
(Кыргыз Республикасындагы инфляция боюнча баяндама).
2014-жылдын 2 чейреги
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, Экономика башкармалыгы тарабынан «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамдын 43-беренесине ылайык даярдалган «Акча-кредит саясатка тиешелүү отчетту (Кыргыз Республикасындагы инфляция боюнча баяндама). 2014-жылдын 2 чейреги» менен токтом кылат:
1. «Акча-кредит саясатка тиешелүү отчет (Кыргыз Республикасындагы инфляция боюнча баяндама). 2014-жылдын 2 чейреги» жактырылсын.
1. 2014-жылдын 26-августунан тартып Улуттук банктын эсептик чен өлчөмү 6,50 пайыз өлчөмүндө белгиленсин (өзгөртүүсүз).
2. Экономика башкармалыгы беш жумуш күнү ичинде «Акча-кредит саясатка тиешелүү отчетту (Кыргыз Республикасындагы инфляция боюнча баяндама). 2014-жылдын 2 чейреги» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Президенттин Аппаратына, Өкмөттүн Аппаратына, Финансы министрлигине жана Экономика министрлигине жөнөтсүн.
3. Экономика башкармалыгы «Акча-кредит саясатка тиешелүү отчеттун (Кыргыз Республикасындагы инфляция боюнча баяндама). 2014-жылдын 2 чейреги» беш жумуш күнү ичинде Улуттук банктын расмий веб-сайтында жайгаштырылышын камсыз кылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, мырза Н. Женишке жүктөлсүн.
Төрага Т. Абдыгулов