Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын   

2017-жылдын 27-мартындагы № 13/1 токтому  

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 19 жана 43-беренелерине таянуу менен, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банктын эсептик чени жылдык 5,00 пайыз өлчөмүндө белгиленсин. 

2. Токтом 2017-жылдын 28-мартынан тартып күчүнө кирет. 

3. Экономика башкармалыгы эсептик чен өлчөмү жөнүндө маалыматтын Улуттук банктын расмий веб-сайтында токтом кабыл алынгандан кийинки жумуш күнү ичинде жарыяланышын камсыз кылсын. 

4. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н. Жениш мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов