Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 12-апрелиндеги  

№ 15/5 токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин: 

- 2008-жылдын 27-августундагы № 33/5 «Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана монеталарынын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнүн белгилери жана аларды алмаштыруу эрежелери жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

- 2015-жылдын 25-февралындагы № 13/11 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген, алтындан жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу бааларын белгилөө жөнүндө» нускоо тууралуу»;  

- 2015-жылдын 25-февралындагы № 13/12 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген, алтындан жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу эрежелерин бекитүү тууралуу»; 

- 2015-жылдын 25-февралындагы № 13/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген, алтын жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды экспертизадан өткөрүү тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу». 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом 2017-жылдын 22-июнунан тартып күчүнө кирет.  

4. Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүктү тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж.Орозбаевага ыйгарылсын. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 12-апрелиндеги  

№ 15/5 токтомуна тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр  

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 27-августундагы № 33/5 «Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана монеталарынын төлөө күчүнүн белгилери жана аларды алмаштыруу эрежелери жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана монеталарынын төлөө күчүнүн белгилери жана аларды алмаштыруу эрежелери жөнүндө» жобонун: 

- баш сөзүн төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Жободо Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана монеталарынын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнүн белгилери жана аларды алмаштыруу эрежелери аныкталат». 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-февралындагы № 13/11 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген алтындан жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу бааларын белгилөө боюнча нускоо жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген алтындан жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу бааларын белгилөө боюнча нускоонун: 

- аталышындагы жана бүтүндөй текст боюнча кездешкен «эмитирленген» деген сөз «чыгарылган» дегенге алмаштырылсын; 

- 1-пунктү күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 2-пунктү төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2. Нускоодо, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) тарабынан чыгарылган, аффинаждалган алтындан жана күмүштөн даярдалган өлчөнгөн куймаларга (мындан ары өлчөнгөн куймалар) бааны белгилөө тартиби аныкталат.»; 

- 11-пункттагы «Камдык фондусунун сактоо жайына» деген сөздөр «Борбордук жүгүртүү касса тобуна» дегенге алмаштырылсын. 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-февралындагы № 13/12 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген алтындан жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген алтындан жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу эрежелеринин: 

- аталышындагы жана бүтүндөй текст боюнча кездешкен «эмитирленген» деген сөз «чыгарылган» дегенге алмаштырылсын; 

- бүтүндөй текст боюнча кездешкен ар башка жөндөмөлөрдөгү «Борбордук жүгүртүү кассасы» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «Борбордук жүгүртүү касса тобу» дегенге алмаштырылсын;  

- 1-пунктү күчүн жоготкон катары таанылсын. 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-февралындагы № 13/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген алтын жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды экспертизадан өткөрүү тартиби жөнүндө нускоону бекитүү» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген алтын жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды экспертизадан өткөрүү тартиби жөнүндө нускоонун: 

- аталышындагы жана бүтүндөй текст боюнча кездешкен «эмитирленген» деген сөздөр «чыгарылган» дегенге алмаштырылсын; 

- бүтүндөй текст боюнча кездешкен «Борбордук жүгүртүү кассасы» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «Борбордук жүгүртүү касса тобу» дегенге алмаштырылсын;  

- 1-пунктү күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 2-пунктү төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2. Нускоодо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган, аффинаждалган алтындан жана күмүштөн даярдалган өлчөнгөн куймаларды (мындан ары өлчөнгөн куймалар) жеке адамдардан жана юридикалык жактардан кайтара сатып алуу учурунда аларга кылдат экспертиза жүргүзүү тартиби, ошондой эле Улуттук банктын жана анын областтык башкармалыктарынын кызматкерлеринин (кассирлер жана текшерүү коммиссиясынын мүчөлөрү) шектенүүнү жараткан куймалар табылган учурда иш алып баруу тартиби аныкталат».