Кайта келүү

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 26-апрелиндеги  

№ 17/8 токтому 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 21-декабрындагы № 55/3 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коммерциялык банктарды жана финансы-кредит мекемелерин кассалык тейлөө жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 21-декабрындагы№ 55/3 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коммерциялык банктарды жана финансы-кредит мекемелерин кассалык тейлөө жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамалекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом 2017-жылдын 22-июнунан тартып күчүнө кирет.  

4. Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, финансы-кредит мекемелерин, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышына контродукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары, айым Л.Дж. Орозбаевага ыйгарылсын  

 

 

Төрага Т.Абдыгулов  

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 26-апрелиндеги  

№ 17/8 токтомуна тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 21-декабрындагы № 55/3 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коммерциялык банктарды жана финансы-кредит мекемелерин кассалык тейлөө жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 21-декабрындагы № 55/3«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коммерциялык банктарды жана финансы-кредит мекемелерин кассалык тейлөө жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

 

Токтомдун аталышында жана 1-пунктунда кездешкен «мекемелерин» деген сөз «уюмдарын» дегенге алмаштырылсын. 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коммерциялык банктарды жана финансы-кредит мекемелерин кассалык тейлөө жөнүндө» нускоонун: 

- аталышында жана бүтүндөй тексти боюнча ар кандай жөндөмөдө кездешкен «финансы-кредит мекемелери» деген сөздөр, тиешелүү жөндөмөдөгү «финансы-кредит уюмдары» дегенге алмаштырылсын; 

- «Жалпыжоболордун» биринчи абзацы төмөнкүредакциядаберилсин: 

«Бул нускоодо коммерциялык банктардан жана финансы-кредит уюмдарынан (мындан ары «банктар» деп аталуучулардан) улуттук валютаны кабыл алуу, берүү эрежелери, банкнотторду жана монеталарды таңычактоо жана экспертизадан өткөрүү тартиби аныкталган».