Кайта келүү

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 17-майындагы 

№ 19/1 токтому 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы №15/6 «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом, «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобонун, 2017-жылдын 22-июнунда күчүнө кире турган 6-главасын жана 2-тиркемесин күчүн жоготкон катары таанууга тиешелүү жоболорун эске албаганда, расмий жарыялангандан 15 (он беш) күндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдү, областтык башкармалыктарды жана Баткен областындагы өкүлчүлүктү тааныштырсын.  

5. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын, төлөм системасынын операторлорун жана эл аралык электрондук акча системаларын тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж. Орозбаевага ыйгарылсын. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу Н. Жениш 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 17-майындагы 

№ 19/1 токтомуна тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы №15/6 «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

 

3-1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3-1. Эл аралык электрондук акча системасынын операторлору/ эл аралык электрондук акча системасынын эмитенттери Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык электрондук акчаларды колдонуу менен кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо үчүн өз ишин ушул токтомго ылайык келтирүүгө жана 2017-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоодон өтүүгө тийиш.» 

 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

- 1-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 2-5-пункттар төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Жободо коммерциялык банктарга (мындан ары банк), операторлорго, агенттерге, субагенттерге жана эл аралык электрондук акча системасынын операторлоруна/эл аралык электрондук акча эмитенттерине карата Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акча менен операцияларды ишке ашыруу тартиби жана талабы белгиленген.  

3. Электрондук акча менен операциялар өзүндө электрондук акчаны чыгарууну, жайылтууну, ордун жабууну жана Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоону камтыйт.  

4. Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акча чыгаруу лицензиялануучу иш болуп саналат. Лицензия банкка төмөнкү операциялардын түрлөрүн гана жүзөгө ашырууга берилет: 

1) электрондук акча чыгаруу, жайылтуу жана ордун жабуу; 

2) электрондук акча ээлеринен интернетти, мобилдик жана башка байланыш каражаттарын колдонуу менен банкка берилүүчү товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөрдү жүзөгө ашыруу тапшырмаларын кабыл алуу; 

3) электрондук акчаны пайдалануу менен ишке ашырылган транзакцияларды иргөө (процессинг); 

4) келишим түзүлгөн акцептанттар менен кардарлардын атынан жана алардын тапшырмасы боюнча системада иштелип чыккан төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу. 

5. Банктар, операторлор, субагенттер, ошондой эле эл аралык электрондук акча системаларынын операторлору/эл аралык электрондук акча эмитенттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так сактоого жана аткарууга тийиш.»

 

- 6-пункттун: 

экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Электрондук акча акцептанты(акцептант)бул, электрондук акча чыгарган банк-эмитент менен түзүлгөн келишимге ылайык, электрондук акча менен операциялар ишке ашырылгандыгын тастыктаган документтерди сунуштоо менен товарлар же кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн электрондук акчаны кабыл алган юридикалык жак, ошондой эле жеке ишкер.»; 

тогузунчу абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эл аралык электрондук акча   жайгашкан өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары Кыргыз Республикасынын резиденттери эместери тарабынан чыгарылган (эсепке алынуучу) электрондук акча, электрондук акча каражаттары, электрондук формадагы акча милдеттенмелери.»; 

жыйырма бешинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эл аралык электрондук акча эмитенти Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары эл аралык электрондук акча чыгарууну (эсепке алууну) жүзөгө ашырган жайгашкан өлкөнүн мыйзамдарына ылайык ишин жүзөгө ашырган банк же юридикалык жак.»; 

жыйырма алтынчы абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Электрондук акча эмитенти(эмитент)бул, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, ошондой эле электрондук акча чыгаруу лицензиясына ээ, электрондук акчаны нак акчага айландырууга электрондук акча ээси тарабынан сунушталган акчаны айландыруу боюнча шартсыз жана кайтарымсыз милдеттенмелерди өзүнө алган банк.»; 

төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

«Идентификацияланбаган электрондук капчык жеке адам тарабынан ачык оферттин негизинде жана ушул жобонун 31-пунктунда белгиленген чектөөлөрдүн алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган эмитенттин талаптарына ылайык электрондук түзүлүштөрдүн (мобилдик телефондор, смартфондор жана башка электрондук түзүлүштөр) жардамы менен аралыктан туруп ачылуучу электрондук капчык. 

Эл аралык электрондук акча системасынын оператору жайгашкан өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында иш алып барган юридикалык жак, ал Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары эл аралык электрондук акча/электрондук акча каражаттары менен операцияларды ишке ашыруу үчүн атайы программалык камсыздоонун, аппараттык жана тармактык жабдуунун техникалык колдоосун орнотот жана/же камсыз кылат.»; 

- 7-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7. Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган электрондук акча улуттук валютада номинацияланууга (туюндурулууга) тийиш.  

Банкка Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкө валютасында номинацияланган электрондук акча чыгарууга тыюу салынат. Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында (сом) номинацияланган эл аралык электрондук акчаны Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарууга тыюу салынат. Кыргыз Республикасынын резидент эместер тарабынан чыгарылган эл аралык электрондук акчаны Кыргыз Республикасынын аймагында таркатуу иши банк тарабынан жүзөгө ашырылат. Банк эл аралык электрондук акчаны андан ары таркатуу үчүн агенттерди «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамга жана ушул жобонун 3-главасынын §5 параграфына ылайык ишке тартууга укуктуу.»; 

- 17-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- төмөнкү мазмундагы 22-1 жана 22 2-пункттар менен толукталсын: 

«22-1. Банкка идентификацияланбаган электрондук капчыктарга электрондук акча калдыгына пайыздарды чегерүүгө жана төлөөгө тыюу салынат.  

22-2. Банк лоялдуулук (бонустар) программасын жана идентификацияланган электрондук капчыктарга улуттук валютада кошуп эсептелинген бонустарды төлөөнү электрондук капчыктар ээлери пайдалануучулары менен түзүлгөн келишимге ылайык кароого укуктуу.»;  

- 32-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«32. Идентификацияланбаган электрондук капчык менен бир ай ичинде ишке ашырылган транзакциялардын жалпы көлөмү бир электрондук капчык боюнча 300 (үч жүз) эсептешүү көрсөткүчүнөн ашпоого тийиш. 

Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн суммадан жогору болгон операцияны ишке ашыруу үчүн капчык ээлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык идентификациялоодон өтүүсү зарыл.»; 

- 63-пункттагы «Банк» деген сөз тиешелүү жөндөмө формаларда «Банк/оператор» дегенге алмаштырылсын; 

- 64-пункттагы «Банк» деген сөз «Банк/оператор» дегенге алмаштырылсын. 

- 4-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4-глава. Эл аралык электрондук акча системаларынын агентине жана эл аралык электрондук акча системаларынын операторуна/эл аралык электрондук акча эмитентине карата талаптар». 

- 69, 72, 75 жана 76-пункттардагы «электрондук акча боюнча эл аралык системасы/электрондук акча боюнча эл аралык системасынын эмитенти» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «электрондук акча боюнча эл аралык системасынын оператору/электрондук акча боюнча эл аралык системасынын эмитенти» дегенге алмаштырылсын. 

- 70-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«70. Электрондук акча боюнча эл аралык системасынын оператору/электрондук акча боюнча эл аралык системасынын эмитенти каттоодон өтүү максатында Улуттук банкка каттоодон өтүү жөнүндө өтүнүч катты жана төмөнкүлөрдү камтыган документтердин топтомун сунуштайт: 

- электрондук акча боюнча эл аралык системасынын операторунун/электрондук акча боюнча эл аралык системасынын эмитентинин аталышы; 

- юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү

- электрондук акча боюнча эл аралык системасынын операторунун/электрондук акча боюнча эл аралык системасынын эмитентинин уруксат берүүчү документтеринин жана көрсөтүлгөн ишти жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген электрондук акча/электрондук акча каражаттар операторунун/эмитентинин процессинг жана тейлөө боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугун каттоо жөнүндө лицензиянын/сертификаттын/күбөлүктүн көчүрмөлөрү

- электрондук акча боюнча эл аралык системасынын операторунун/электрондук акча боюнча эл аралык системасынын эмитентинин иш алып баруу эрежеси же эмитент жайгашкан өлкөнүн мыйзамдары боюнча эл аралык электрондук акча менен ишке ашырылган операцияларды жөнгө салуучу башка документ. Тартип бардык акча жана маалымат агымдарынын жалпы схемасын, ошондой эле электрондук акчаны пайдалануу учурунда орун алышы ыктымал болгон финансылык жана техникалык тобокелдиктерге контролдукту уюштуруу ишин да камтууга тийиш.»; 

- 73 жана 74-пункттар төмөнкү редакцияда берилсин: 

«73. Улуттук банк, каттоодон өткөрүү жөнүндө чечимди кабыл алган учурда, электрондук акча боюнча эл аралык системасынын операторуна/электрондук акча боюнча эл аралык системасынын эмитентине каттоо номерин ыйгарат жана бул маалыматты Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган эл аралык төлөм системасынын реестрине кошуп, чечим кабыл алынган күндөн тартып 7 календардык күндөн кечиктирилбеген мөөнөт ичинде электрондук акча боюнча эл аралык системасынын операторуна/электрондук акча боюнча эл аралык системасынын эмитентине каттоодон өткөндүгү тууралуу катты жөнөтөт. 

74. Электрондук акча боюнча эл аралык системасынын оператору/электрондук акча боюнча эл аралык системасынын эмитенти өзгөртүүлөр киргизилген учурдан тартып үч жумуш күн ичинде каттоо учурунда көрсөтүлгөн кайсыл болбосун маалыматтардын өзгөргөндүгү тууралуу Улуттук банкка кат жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. Улуттук банк сунушталган маалыматтын негизинде үч жумуш күн ичинде эл аралык төлөм системаларынын реестрине өзгөртүүлөрдү киргизет.»; 

- төмөнкү мазмундагы 76-1-пункту менен толукталсын:  

«76-1. Электрондук акча боюнча эл аралык системасынын оператору/электрондук акча боюнча эл аралык системасынын эмитенти Улуттук банкта каттоодон өткөн күндөн тартып 6 (алты) айдан кечиктирбестен, аталган банкка электрондук акча боюнча эл аралык системасынын агенти менен түзүлгөн келишимди/дерди сунуштоого тийиш.»; 

- 77-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

«77. Электрондук акча боюнча эл аралык системасынын оператору/электрондук акча боюнча эл аралык системасынын эмитенти жана электрондук акча боюнча эл аралык системасынын агенти ортосунда түзүлгөн келишимде финансылык милдеттенмелер, күндөлүк өз ара эсептешүү жүргүзүү тартиби, башка финансылык жана башка шарттар белгиленүүгө тийиш»

- 78-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«78. Электрондук акча боюнча эл аралык системасынын агенти эл аралык электрондук акчанын ордун жабуу жана ордун толуктоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштай алат, ошондой эле товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө үчүн эл аралык электрондук акчаны кабыл алуу үчүн акцептанттар менен келишимдерди түзө алат.». 

- 81-пункттун экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Улуттук валютада ордун жабуу учурунда, конвертация эл аралык электрондук акча агенти тарабынан эл аралык электрондук акчаны жайылтуу жөнүндө келишимге ылайык Улуттук банктын расмий сайтында жайгаштырылган валютанын расмий курсун эске алуу менен жүзөгө ашырылат.». 

- 6-глава күчүн жоготкон катары таанылсын. 

- 2-тиркеме күчүн жоготкон катары таанылсын.