Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 17-майындагы  

№ 19/14 токтому 

 

 

Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1.  Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин: 

-  Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-июлундагы № 40/4 «Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна; 

-  Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/9«Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна; 

-  Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/26«Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна; 

-  Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/25 «Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна; 

-  Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 16-мартындагы №12/3«Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна; 

-  Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы №35/5 «Насыялык бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна. 

2. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен кредиттик союздарды, микрофинансылык уюмдарды, креддиттик бюронужана алмашуу бюролордутааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Дж. Джусупов мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу Н. Жениш 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 17-майындагы  

№ 19/14 токтомуна тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-июлундагы №40/4 “Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө” жобонун: 

- баш сөзүнүн биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Бул жободо Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби, ошондой эле жеке адамдар жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын аймагында алмашуу бюролорду ачууда аларга карата коюлуучу талаптар белгиленген.”; 

- “Жалпы жоболор” деп аталган 1-глава төмөнкү мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын: 

“6-1. Улуттук банк тарабынан ушул жобонун алкагында кабыл алынган актыларды (лицензиядан тышкары), эгерде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында башкасы белгиленбесе, Улуттук банктын мөөрү менен тастыктоо талап кылынбайт.”; 

- 9-пунктунун “г” пунктчасындагы “документтер” деген сөз “(мында, өтүнүч ээсинин уставында Улуттук банктын лицензиясына ылайык нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүзөгө ашыруу укугу көрсөтүлүүгө тийиш)” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 11-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“11. Эгерде лицензия алуу үчүн документтер жана алмашуу бюросун/кошумча алмашуу бюролорун каттоодон өткөртүү жөнүндө каттар толук сунушталбаса же алар белгиленген талаптарга жооп бербесе (аныкталган кемчиликтер/дал келбестиктер нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүүдөн/кошумча алмашуу бюросун каттоодон баш тартуу үчүн негиз болуп саналган учурларды эске албаганда), Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү себептерин жазуу жүзүндө билдирүү менен мындай документтерди жеткире иштеп чыгууга өтүнүч ээсине кайтарып берет.”; 

- 12-пункттагы “аны” деген сөз “/жеткире иштелип чыккан документтерди” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 13-пункттагы “Ыйгарым укуктуу” деген сөздөр “Жоопкерчиликтүү” дегенге алмаштырылсын; 

- 16-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“16. Лицензия берүү/лицензия берүүдөн баш тартуу жана алмашуу бюросун каттоодон өткөртүү жөнүндө катты сунуштоо/баш тартуу чечими Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/көзөмөл жана лицензиялоо ишин түздөн-түз тескөөгө алган Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү (областтык башкармалыктарда жана өкүлчүлүктө областтык башкармалыктын начальниги/өкүлчүлүктүн директору) тарабынан өтүнүч кат жана ушул жобонун 9-пунктунда көрсөтүлгөн документтер сунушталгандан кийинки 30 календардык күн ичинде кабыл алынат. Алмашуу бюросун каттоодон өткөртүү жөнүндө катка Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмүнүн начальниги (областтык башкармалыктарда жана өкүлчүлүктө областтык башкармалыктын начальниги/өкүлчүлүктүн директору) тарабынан кол коюлат.”; 

- 17-пункттагы: 

“(төлөмдүн)” деген сөз алынып салынсын; 

төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын 

“Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү чечим кабыл алынгандан кийинки 3 жумуш күнү ичинде өтүнүч ээсине кабыл алынган чечим тууралуу жазуу жүзүндө маалымдайт.”; 

- 33-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“33. Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү өтүнүч кат жана ушул жобонун 32-пунктунда көрсөтүлгөн документтер тапшырылгандан кийинки 15 жумуш күнүнөн кечиктирбестен кошумча алмашуу бюросун каттоодон өткөртөт жана каттоо номерин ыйгаруу менен кошумча алмашуу бюросу каттоодон өткөндүгү жөнүндө катты сунуштайт. 

Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү ушул жобонун 44-пунктунун 1-2, 6, 8 жана 13-14-пунктчаларында көрсөтүлгөн негиздер боюнча кошумча алмашуу бюросун каттоодон өткөртүүдөн баш тартууга укуктуу.”; 

- 44-пункттагы: 

2-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

“2) экиден көп жолу - ушул жобого ылайык лицензия алуу үчүн талап кылынган документтер сунушталбаса/толук сунушталбаса жана/же белгиленген талаптарга жооп бербеген документтер сунушталса;”, 

7-пунктча күчүн жоготкон катары таанылсын; 

8-пунктчадагы “(лицензияны кайра каттоодон өткөртүүдө)” деген сөздөр “(эгерде, колдонуудагы лицензиянын мөөнөтү бүтө элек болсо)” дегенге алмаштырылсын;”, 

төмөнкү мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын: 

Өтүнүч ээси ушул пункттун 1-4, 6-8 жана 12-14-пунктчаларында көрсөтүлгөн негиздерди четтеткен шартта, кайталап сунушталган өтүнүч кат жалпы негиздер боюнча кароого алынат.”; 

- 45-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“45. Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү лицензия берүүдөн баш тартуу чечими кабыл алынгандан кийинки 3 жумуш күнү ичинде ал тууралуу жазуу жүзүндө өтүнүч ээсине маалымдайт.”; 

- 46-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“46. Өтүнүч ээси (лицензиат) Улуттук банктын өтүнүч катты кайтаруу, лицензия берүүдөн жана алмашуу бюросун/кошумча алмашуу бюросун каттоодон өткөртүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдер боюнча Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык даттануу менен кайрылышы мүмкүн.”; 

- “Эскертүү чараларын жана санкцияларды колдонуу, анын ичинде лицензияны кайтарып алуу тартиби” деген 6-глава төмөнкү мазмундагы 50-1-пункту менен толукталсын: 

“50-1. Лицензиат Улуттук банктын алмашуу бюросуна карата эскертүү чараларын жана санкцияларды колдонуу, анын ичинде лицензияны кайтарып алуу же анын аракетин токтотуу жөнүндө чечими менен макул эмес болгон учурда, Улуттук банктын мындай чечимдерине карата, анын ичинде сотко чейин даттануу тартибин сактоо менен Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайыкдаттануу менен кайрылышы мүмкүн.”; 

- 6-тиркемедеги “(юридикалык жактын аталышы)” деген сөздөр “(юридикалык жактын аталышы жана дареги)” дегенге алмаштырылсын. 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы №76/9 “Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө” жобонун: 

- баш сөзү төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө” жободо (мындан ары жобо) микрокредиттик компанияларды (мындан ары МКК) жана микрокредиттик агенттиктерди (мындан ары МКА), анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган (банк мыйзамдарында каралган атайы терминологияны эске алуу менен) МКК жана МКАларды түзүү жана лицензиялоо тартиби, ошондой эле МКК жана МКАлардын кызмат адамдарына карата талаптар, обочолонгон түзүмдүк бөлүмдөрдү түзүү, МКК жана МКАлардын уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби, МККнын иш чөйрөсүн кеңейтүү тартиби аныкталган.”; 

- 7-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“7. Улуттук банктын тиешелүү күбөлүгүнүн негизинде МКК/МКА, жеке адамдардан жана/же юридикалык жактардан “Кард-Хасан” жана “Мудараба” бүтүмдөрү боюнча акча каражаттарын тартууну эске албаганда, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышы мүмкүн.”; 

- 14-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“14. Эгерде МКК/МКА Улуттук банкка ушул жободо белгиленген документтерди толук эмес көлөмдө сунуштаса же болбосо алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул жободо белгиленген талаптарга ылайык келбесе, Улуттук банк жазуу жүзүндө себептерин көрсөтүү менен документтер топтомун кароо үчүн бөлүнгөн мөөнөт ичинде документтерди жеткире иштеп чыгууга кайтарып берүүгө укуктуу.”; 

- “Жалпы жоболор” деп аталган 1-глава төмөнкү мазмундагы 16-1 жана 16-2-пункттар менен толукталсын: 

“16-1. Ушул жобонун алкагында Улуттук банк тарабынан кабыл алынган чечимдер же болбосо чечимдер жөнүндө маалымат (МКК/МКА) жазуу жүзүндө, эгерде ушул жободо башка мөөнөт белгиленбесе, чечим кабыл алынган күндөн кийинки үч жумуш күнү ичинде өтүнүч ээлерине тааныштырылат. 

16-2. Улуттук банк тарабынан ушул жобонун алкагында кабыл алынган актыларды (лицензияны, Улуттук банк Башкармасынын жана Көзөмөл боюнча комитетинин токтомдорун эске албаганда) Улуттук банктын мөөрү менен тастыктоо талап кылынбайт.”; 

- 17-пункттун: 

8-пунктчасындагы “уюштуруучулар (катышуучулар)” деген сөздөр “- жеке адамдар” деген сөздөр менен толукталсын; 

9-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

“9) уюштуруучулар (катышуучулар) юридикалык жактар тууралуу маалымат (уюштуруу документтеринин жана ошол юридикалык жактын мөөрү менен тастыкталган, юридикалык жак мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу документтин көчүрмөлөрү).”; 

- 19-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“19. Улуттук банк МКК/МКАнын күбөлүк алууга өтүнүчү жана ага кошо тиркелген документтер топтому ушул жободо белгиленген талаптарга жооп берген шартта, алар Улуттук банкка сунушталгандан кийинки 30 (отуз) күн ичинде кароого алынат.”; 

- 22-пункттун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Улуттук банк төмөнкү учурларда МКК/МКАнын жетекчисинин,башкы бухгалтеринин,кредиттөө бөлүмүнүн начальнигинин, Шариат кеңешинин Төрагасынын жана мүчөлөрүнүн, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо бөлүмүнүн начальнигинин/кызматкеринин кызмат ордуна талапкерлердин белгиленген минималдуу талаптарга жооп бербөөсүн аныктай алат:”; 

учүнчү абзацтагы “убактылуу жетекчилик же консервация режиминин” сөздөрү “убактылуу администрациясынын”; 

- 23-пункттагы: 

“Кредиттөө боюнча бөлүмдүн жетекчисин, башкы бухгалтерин, начальнигин, Шариат кеңешинин Төрагасын жана мүчөлөрүн, МКК/МКАнын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо боюнча бөлүмдүн начальнигин/кызматкерин” деген сөздөр “Ушул жобонун 22-пунктунда көрсөтүлгөн МКК/МКАнын кызмат адамдарын” дегенге алмаштырылсын, 

“жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары” деген сөздөр алынып салынсын; 

- 24-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Ушул жобонун 22-пунктунда көрсөтүлгөн МКК/МКАнын кызмат адамдары белгиленген талаптарга жооп бербеген шартта, Улуттук банк 30 (отуз) календардык күн ичинде МКК/МКАга кат жүзүндө тиешелүү билдирме-кат жөнөтөт. МКК/МКА катта көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде Улуттук банкка альтернативалуу талапкерлердин тизмегин сунуштоого тийиш.”; 

- 37-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“37. Кыргыз Республикасынын аймагында МКК/МКАнын филиалын жана өкүлчүлүгүн ачуу үчүн Улуттук банкка жайгашкан орду боюнча төмөнкү документтерди сунуштайт: 

1) филиал/өкүлчүлүк ачуу жөнүндө өтүнүч (5-тиркеме); 

2) ыйгарым укуктуу башкаруу органынын филиал/өкүлчүлүк ачуу жана МКК/МКАнын уставына тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечиминин түп нускасы жана МКК/МКАнын мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү

3) филиал/өкүлчүлүк ачууга байланыштуу тиешелүү маалымат камтылган уставдын жаңы редакциясынын түп нускасы жана МКК/МКАнын мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү

4) МКК/МКАнын филиалы/өкүлчүлүгү жөнүндө жобонун түп нускасы жана МКК/МКАнын мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү

5)  МКК/МКАнын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын жетекчисин, башкы бухгалтерди (болгон болсо), кредиттөө бөлүмүнүн начальнигин жана ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо бөлүмүнүн начальнигин/кызматкерди (болгон болсо) дайындоо жөнүндө буйругунун МКК/МКАнын мөөрү менен тастыкталганкөчүрмөсү

6) ушул пункттун 5-пунктчасында көрсөтүлгөн адамдар тууралуу маалымат (аты-жөнү, билими, иш тажрыйбасы). 

Чет мамлекеттердин аймагында филиал жана өкүлчүлүк ачууда МКК/МКА Улуттук банктын уруксатын алуу үчүн ушул пункттун 1-4-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтерди жайгашкан жери боюнча сунуштайт.”; 

- 39-пункттагы: 

“/жабуу” жана “алар” деген сөздөр алынып салынсын; 

“Улуттук банкка” деген сөздөр “ушул жободо белгиленген талаптарга жооп берген шартта” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 40-пункттагы: 

“филиалды жана өкүлчүлүктү” деген сөздөр “филиалды/өкүлчүлүктү” дегенге алмаштырылсын, 

“макулдук берүү катын” деген сөздөр “жана МКК/МКАнын мамлекеттик кайра каттоодон өтүү үчүн макулдук катын” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 41-пункттун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“МКК/МКА филиалды/өкүлчүлүктү мамлекеттик каттоодон өткөртүүдөн кийинки жана уставга филиалды жана өкүлчүлүктү ачууга байланыштуу өзгөртүүлөр/толуктоолор киргизилгенден кийинки 10 (он) календардык күн ичинде Улуттук банкка төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен тиешелүү билдирүү катын сунуштоого милдеттүү:”; 

3 жана 4-пунктчалардагы “(филиалды жана өкүлчүлүктү ачууда)” деген сөздөр алынып салынсын; 

5-пунктча күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- “Филиал жана өкүлчүлүк ачуу тартиби” деген 6-глава төмөнкү мазмундагы 41-1 жана 41-2-пункттар менен толукталсын: 

“41-1. Кыргыз Республикасынын аймагында же чет мамлекетте филиалды жана өкүлчүлүктү жабууда МКК/МКА тиешелүү чечимде көрсөтүлгөн, филиалды/өкүлчүлүктүн иши токтотулган күндөн кийинки 10 (он) календардык күн ичинде жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка МКК/МКАнын мөөрү менен тастыкталган төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен тиешелүү билдирүү катты сунуштайт: 

- МКК/МКАнын ыйгарым укуктуу органынын филиалды/өкүлчүлүктү жабуу жөнүндө чечиминин көчүрмөсү

- юридикалык жактарды каттоодон өткөргөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлгөн филиалдын/өкүлчүлүктүн иши токтотулгандыгын каттоо жөнүндө билдирменин көчүрмөсү

Филиалды/өкүлчүлүктү жабууга байланыштуу МКК/МКАнын уставына өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү, уставга төмөнкү кезекте өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү менен ишке ашырылат. 

41-2. МКК/МКА, филиалдын жана өкүлчүлүктүн иши токтотулгандыгын мамлекеттик каттоодон өткөргөндөн кийинки 10 (он) календардык күн ичинде МКК/МКАнын мөөрү менен тастыкталган, юридикалык жактарды каттоодон өткөргөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын филиалдын/өкүлчүлүктүн иши токтотулгандыгын каттоо жөнүндө документинин көчүрмөсүн кошо тиркөө менен тиешелүү билдирүү катты Улуттук банкка сунуштоого милдеттүү.”; 

- 44-пункттун 5-пунктчасындагы “ушул жобонун” деген сөздөр “(бөлүштүрүлбөгөн пайданын эсебинен уставдык капиталды көбөйтүүнү эске албаганда)” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 47 жана 59-пункттардагы: 

“алар” деген сөз алынып салынсын; 

“Улуттук банкка” деген сөздөр “ушул жободо белгиленген талаптарга жооп берген шартта” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 67-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

“МКК/МКАга ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууга күбөлүктү берүү жол-жобосунун токтотулушу күбөлүктү берүү чечимин кабыл алуу мөөнөтүн да токтотот.”; 

- 68-пункттагы: 

“аларды” деген сөз алынып салынсын, 

“Улуттук банкка” деген сөздөр “ушул жободо белгиленген талаптарга жооп берген шартта” деген сөздөр менен толукталсын; 

-  “Уюштуруу документтерин кароого алуудан жана күбөлүк берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер” деп аталган 10-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“10. Күбөлүк берүүдөн жана/же МКК/МКАны, анын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн мамлекеттик каттоого/кайра каттоодон өткөртүүгө макулдук берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер”; 

- 74-пункттагы: 

биринчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Төмөнкү учурларда МКК/МКАга күбөлүк берүүдөн жана/же МКК/МКАны, анын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн мамлекеттик каттоого/кайра каттоодон өткөртүүгө макулдук берүүдөн баш тартылышы мүмкүн:”; 

2-пунктчадагы “күбөлүк алуу үчүн сунушталган уюштуруу же башка документтер,” деген сөздөр “сунушталган уюштуруу же башка документтер” дегенге алмаштырылсын; 

- 75-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“75. Өтүнүч ээсине МКК/МКАны, анын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн мамлекеттик каттоого/кайра каттоого макулдук берүүдөн жана/же күбөлүк берүүдөн баш тартылган учурда, Улуттук банк кат жүзүндө далилдүү жооп берүү менен сунушталган уюштуруу документтеринин түп нускаларын күбөлүк берүү үчүн белгиленген мөөнөт ичинде өтүнүч ээсине кайтарып берет, ал эми документтердин экинчи нускасы кайтарылып берилүүгө тийиш эмес.”; 

- 76-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 80-пункттагы: 

- “алар” деген сөз алынып салынсын, 

- “Улуттук банкка” деген сөздөр “ушул жободо белгиленген талаптарга жооп берген шартта” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 88-пунктундагы “ошондой эле МКК/МКАнын күбөлүгү кайтарылып алынса,” сөздөрү алынып салынсын; 

- “МККны лицензиялоо өзгөчөлүгү” деп аталган 11-глава төмөнкү мазмундагы 83-1-пункт менен толукталсын: 

“83-1. Өтүнүч ээси (МКК) Улуттук банктын лицензия берүүдөн баш тартуу чечими менен макул эмес болгон учурда, ушул жобонун 76-пунктуна ылайык мындай чечим боюнча даттануу менен кайрылышы мүмкүн.”; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы “Улуттук банктын чечими боюнча даттануу менен кайрылуу тартиби” деген 13-глава менен толукталсын: 

“13. Улуттук банктын чечими боюнча даттануу менен кайрылуу тартиби 

92. Аларга карата чечим кабыл алынган же чечимде алардын кызыкчылыгы козголгон өтүнүч ээси жана/же башка таламдаш адамдар Улуттук банк тарабынан ушул жобонун алкагында кабыл алынган чечимдер боюнча даттануу менен Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык, анын ичинде сотко чейинки даттануутартибин сактоо менен кайрылышы мүмкүн.” 

- 5-тиркемедеги “МКК/МКАнын аталышы” деген сөздөр “жана юридикалык дареги” деген сөздөр менен толукталсын. 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/26 “Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө” жобонун: 

- баш сөзү төмөнкүдөй редакцияда берилсин: 

“Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө” жободо (мындан ары -  Жобо) Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компанияларды, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык компанияларды (банктык мыйзамдардакаралган атайы терминологияны эске алуу менен) түзүү жана лицензиялоо тартиби, ошондой эле микрофинансылык компаниялардын кызмат адамдарына карата талаптар жана аларды макулдашуу тартиби, микрофинансылык компаниялардын ишкердик чөйрөсүн кеңейтүү, обочолонгон түзүмдүк бөлүмдөрдү түзүү,уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана банктык эмес финансы-кредит мекемелерин микрофинансылык компанияларга өзгөртүп түзүү тартиптери аныкталган.”; 

- 6-пункттагы “укугуна лицензия” деген сөздөр “укугун” дегенге алмаштырылсын; 

- 8-пункттун 2-пунктчасындагы жана 9-пункттун 2-пунктчасындагы “(кошумча лицензияга ээ болсо”) деген сөздөр алынып салынсын; 

- 14-пункттагы:  

“МФКны түзүү учурунда” деген сөздөр “, ошондой эле андан кийин жайгашкан орду өзгөргөн учурда” деген сөздөр менен толукталсын”, 

“ачылышы учурунда” деген сөздөр алынып салынсын; 

- 18-пункттагы “алар” жана “(анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында)” деген сөздөр алынып салынсын; 

- “Жалпы жоболор” деп аталган 1-глава төмөнкү мазмундагы 20-1 жана 20-2-пункттар менен толукталсын: 

“20-1. Ушул жобонун алкагында Улуттук банк тарабынан кабыл алынган чечимдер же чечимдер боюнча маалымат кат жүзүндө өтүнүч ээсине (МФК, МКК/МКА жана КС), эгерде ушул жободо башка мөөнөт белгиленбесе, мындай чечим кабыл алынган күндөн кийинки үч жумуш күнү ичинде маалымдалат. 

20-2. Ушул жобонун алкагында кабыл алынган Улуттук банктын актыларын (лицензияларды, Улуттук банк Башкармасынын жана Көзөмөл боюнча комитетинин токтомдорун эске албаганда) Улуттук банктын мөөрү менен тастыктоо талап кылынат.”; 

- 27-пункттун 2-пунктчасындагы “сертификат” деген сөз “же башка документ” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 37-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“37. Талапкер шайланган/дайындалган, ошондой эле кызмат адамдарынын курамы өзгөртүлгөн учурдан кийинки 10 (он) жумуш күнү ичинде МФК жайгашкан жери боюнча төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен Улуттук банкка шайлоо/дайындоо жана/же өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу билдирмени сунуштоого милдеттүү

1) МФКнын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын шайлоо/дайындоо жөнүндө чечими (МФКнын мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү). 

2) милдетин аткаруучуну дайындоо жөнүндө буйрук (МФКнын мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү). Директорлор кеңешинин, Шариат кеңешинин төрагасын жана мүчөлөрүн эске албаганда, ушул жобонун 25-пунктунда белгиленген кызмат адамдары Улуттук банк менен макулдашуу мезгил аралыгы ичинде милдетин аткаруучу катары дайындалат. Андан кийин, Улуттук банк талапкердин белгиленген талаптарга жооп берүүсү жөнүндө чечимди кабыл алгандан кийин МФК дайындалгандан кийинки 10 (он) календардык күн ичинде дайындоо жөнүндө буйрукту Улуттук банкка сунуштайт (МФКнын мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү). 

3) белгиленген формада анкеталар (1-тиркеме); 

4) жобонун ушул главасына ылайык талап кылынган башка документтер (белгилүү бир областтарда окутуудан өткөндүгүн тастыктаган сертификаттар жана/же башка документтер). 

МФКнын Башкармасынын төрагасы жана башкы бухгалтери кызмат ордуна талапкерлер боюнча жогоруда белгиленген документтерге кошумча банк же финансы чөйрөсүндө иштеген же учурда иштеп жаткан адамдардын кеминде 2 (эки) сунуш-көрсөтмөсү берилет. 

Ошол эле МФКда жаңы мөөнөткө шайланган Директорлор кеңешинин, Шариат кеңешинин төрагалары жана мүчөлөрү Улуттук банк менен макулдашылбайт.”; 

- 40-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“40. Улуттук банктын талапкерди макулдашууда ага макулдук берүү/андан баш тартуу жөнүндө билдирүүсү МФКга тиешелүү чечим кабыл алынган учурдан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде жөнөтүлөт. 

МФКнын Директорлор кеңешинин төрагасы, Башкарманын төрагасы, Шариат кеңешинин төрагасы жана башкы бухгалтери кызмат орундарына талапкерди макулдашууда ага макулдук берүү/андан баш тартуу жөнүндө чечим Төраганын орун басары/көзөмөл жана лицензиялоо маселесин түздөн-түз тескөөгө алган Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү тарабынан кабыл алынат. 

Ал эми МФКнын Директорлор кеңешинин, Башкарманын мүчөлөрү, Шариат кеңешинин мүчөлөрү жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери кызмат орундарына талапкерди макулдашууда макулдук берүү/андан баш тартуу жөнүндө чечим МФКны лицензиялоо ишине жооптуу Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмү тарабынан кабыл алынат.”; 

- 48-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 60-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

“МФКны түзүүдө ага лицензия берүү учурунда (7 жана 8-тиркемелер) лицензияга карата чектөө баракчасында МФКга карата кардарлардын жыйымдарын топтоо максатында кайтарымдуулук шарттарында жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу укугуна/кардарлардын жыйымдарын топтоо максатында “мудараба” бүтүмү боюнча жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу укугуна чектөөлөр белгиленет”; 

- 6-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“6-глава. МФКнын лицензиясындагы жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды (депозиттерди) кабыл алууга чектөөнү алып салуу тартиби”; 

- 67-пункттагы “укугуна лицензия (мындан ары  аманаттарды тартуу укугуна кошумча лицензия) берүү” деген сөздөр “үчүн лицензияда белгиленген чектөөнү алып салуу (мындан ары  аманаттарды тартуу укугуна чектөөнү алып салуу)” дегенге алмаштырылсын; 

- 68-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Аманаттарды тартуу укугуна чектөөнү алып салууганиеттенген МФК чектөөнү алып салууга өтүнүчтү сунуштоого чейин кеминде 1 (бир) жыл мурда Улуттук банкка жайгашкан жери боюнча жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу операцияларын (кайтарымдуулук, мөөнөтүүлүк жана төлөөгө жөндөмдүүлүк) жүзөгө ашыруу жөнүндө катты сунуштоого тийиш, анда ошондой эле ушул жобонун 70 жана 71-пункттарынын талабын аткаруу боюнча милдеттенме камтылууга тийиш.”; 

- 69-пункттун үчүнчү абзацындагы жана 71-пункттун биринчи абзацындагы “кошумча лицензияны алганга” деген сөздөр “чектөөнү алып салууга” дегенге алмаштырылсын; 

- 72-пункттагы “лицензия алууга” деген сөздөр “чектөөнү алып салууга” дегенге алмаштырылсын; 

- 74-пункттагы: 

биринчи жана үчүнчү абзацтарындагы “кошумча лицензия алуу” деген сөздөр “чектөөнү алып салуу” дегенге алмаштырылсын, 

биринчи абзацтагы "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" деген сөздөрү “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” сөздөрү дегенге алмаштырылсын; 

- 75-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“75. Улуттук банк аманаттарды тартуу укугуна чектөөлөрдү алып салуу үчүн МФК тарабынан сунушталган документтерди ушул жобонун 5-главасында белгиленген тартипте жана мөөнөттө ушул главанын талаптарын эске алуу менен кароого алат, ошондой эле МФК жана сунушталган документтер ушул жобонун жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жооп берсе жана МФК чектөөлөрдү алып салуу үчүн жетиштүү негиздемелерге ээ болсо Улуттук банк аманаттарды тартуу укугуна чектөөнү алып салуу менен МФКнын лицензиясына карата чектөө баракчасын алмаштырат (7, 8, 9 жана 10-тиркемелер).”; 

- 81-пункттагы “/жабуу” жана “(филиалды ачууда)” деген сөздөр алынып салынсын; 

- 82-пункттагы “/жабуу” деген сөз алынып салынсын; 

- 84-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“84. Филиалды мамлекеттик каттоодон өткөртүүдөн кийин МФК каттоодон өткөртүлгөндөн кийинки 10 (он) календардык күн ичинде Улуттук банкка бир нускада төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен билдирүү катын сунуштоого милдеттүү

1) МФКнын мөөрү менен тастыкталган, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө белги коюлган Филиал жөнүндө жобонун көчүрмөсү

2) МФКнын мөөрү менен тастыкталган, филиалдын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү.”; 

- 86-пункттагы “/жабуу” жана “(өкүлчүлүктү ачууда)” деген сөздөр алынып салынсын; 

- 87-пункттагы “/жабуу” деген сөз алынып салынсын; 

- 89-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“89. Мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин МФК өкүлчүлүгү катталган учурдан кийинки 10 (он) календардык күн ичинде төмөнкү документтерди жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка бирден нускада берүүгө милдеттүү

1) МФКнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу белги коюлган Өкүлчүлүк жөнүндө жобонун көчүрмөсү;  

2) өкүлчүлүктүн мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн МФКнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.”; 

- “Филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү ачуу” деген 7-глава: 

төмөнкү мазмундагы 84-1 жана 84-2-пункттар менен толукталсын: 

“84-1. Кыргыз Республикасынын аймагындагы же чет мамлекеттеги филиалы жабылган учурда МФК тиешелүү чечимде көрсөтүлгөн филиалдын иши токтотулгандан тартып 10 (он) календардык күн ичинде, жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен МФКнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн тиешелүү билдирүү-катты (11-1-тиркеме) сунуштайт: 

- МФКнын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын филиалды жабуу тууралуу чечиминин көчүрмөсү

- юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлгөн, филиалдын ишинин токтотулгандыгын каттоо тууралуу билдирменин көчүрмөсү

Филиал жабылгандыгына байланыштуу МФКнын уставына өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү МФК тарабынан уставга кезектеги өгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилгенучурда жүзөгө ашырылат. 

84-2. МФКнын филиалынын иши токтотулгандыгы мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийинки 10 (он) календардык күн ичинде Улуттук банкка юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын филиалдын иши токтотулгандыгы катталгандыгы тууралуу документтин көчүрмөсүн кошо тиркөө менен билдирүү-катты сунуштоого милдеттүү.”; 

төмөнкү мазмундагы 89-1 жана 89-2-пункттар менен толукталсын: 

“89-1 Кыргыз Республикасынын аймагындагы же чет мамлекеттеги өкүлчүлүгү жабылган учурда МФК тиешелүү чечимде көрсөтүлгөн филиалдын иши токтотулгандан тартып 10 (он) күн ичинде, жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен МФКнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн тиешелүү билдирүү-катты сунуштайт: 

- МФКнын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын өкүлчүлүктү жабуу тууралуу чечиминин көчүрмөсү

- юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлгөн, өкүлчүлүктүн иши токтотулгандыгы каттоодон өткөндүгү тууралуу билдирменин көчүрмөсү

Өкүлчүлүк жабылгандыгына байланыштуу МФКнын уставына өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор МФК тарабынан уставга кезектеги өгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилген учурда жүзөгө ашырылат. 

89-2. МФК өкүлчүлүктүн иши токтотулгандыгы мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин 10 (он) календардык күн ичинде Улуттук банкка юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлчүлүктүн иши токтотулгандыгын каттоо тууралуу документтин көчүрмөсүн кошо тиркөө менен билдирүү катты сунуштоого милдеттүү.”; 

- 91-пункттагы “филиалдарды жана” деген сөздөр алынып салынсын; 

- 92-пункттун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“2) МФКнынфилиалынын жайгашкан жери өзгөргөн шартта анын дареги өзгөргөн учурдан тартып 15 (он беш) календардык күн ичинде филиалдын жайлары ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген техникалык жактан чыңдоо жана жабдуу талаптарына ылайык келе тургандыгы актысын кошо тиркөө менен бул тууралуу Улуттук банкка билдирет;”; 

- 96-пункттун“г” пунктчасынын: 

төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“- өтүнүч берилген күнү Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкындагы эсепке уставдык капиталды көбөйтүү үчүн акча каражаттардын толук салынгандыгын тастыктаган документ (банктагы топтолмо эсептин көчүрмөсү);”, 

алтынчы абзацтагы“тезмегиндеаныкталгандокументтер” деген сөздөр“(уставдык капитал бөлүштүрүлбөгөн пайданын эсебинен көбөйтүлгөн учурларды эске албаганда)” деген сөздөр менен толукталсын. 

- 107-пункттагы “мезгили” деген сөз “мөөнөтү” дегенге алмаштырылсын; 

- 124-пункттун алтынчы абзацындагы“сатып алууга” деген сөздөрдөн кийин “13-тиркемедеги форма боюнча анкетаны кошо тиркөө менен” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 125-пунктундагы “өтүнүч кат” деген сөздөр “жана ушул жободо белгиленген талаптарга жооп берген документтер” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 141-пунктундагы “кат жүзүндө” деген сөздөр “мындай чечим кабыл алынган учурдан тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде” деген сөздөр менен толукталсын; 

- “Жобо «Улуттук банктын чечимдерине даттануу менен кайрылуу тартиби” деген 15-глава менен толукталсын: 

“15-глава. Улуттук банктын чечимдерине даттануу менен кайрылуу тартиби 

146. Улуттук банк тарабынан ушул жобонун алкагында кабыл алынган чечимдерге өтүнүч ээлери жана/же аларга карата чечим кабыл алынган же кабыл алынган чечимдер алардын кызыкчылыгына зыян келтирген башка кызыкдар адамдар Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык, анын ичинде сотко чейин даттануутартибин сактоо мененкайрылышы мүмкүн.”; 

- Жобого карата 1-тиркеменин: 

14-пункту төмөнкү мазмундагы сегизинчи, тогузунчу, онунчу, он биринчи жана он экинчи абзацтар менен толукталсын: 

“*Сунуш-көрсөтмөлөр талапкер менен мурда иштеген же ал менен ишкердикти жүргүзгөн адамдар тарабынан сунушталат. Сунуш-көрсөтмөдө талапкердин аты-жөнү, иштеген орду, кызматы, телефону, факсы, электрондук дареги жана жашаган жеринин дареги көрсөтүлүүгө тийиш. Мында төмөнкүлөргө сунуш-көрсөтмө берүүгө жол берилбейт: 

1) Улуттук банктын кызматкерлери; 

2) кайсы болбосун туугандары; 

3) талапкерди сунуштаган МФКнын жетекчилери жана кызматкерлери. 

Сунуштап жаткан адамдын колтамгасынын аныктыгы анын иштеген жеринен же нотариалдык жактан тастыкталууга тийиш. 

23-пункттун 1-таблицасында “уюштуруучулардын” деген сөз “жарандарынын” дегенге, “2-таб” деген сөз “ушул анкетанын 15-пунктунун таблицасы” дегенге алмаштырылсын, 

25-пункттун: 

биринчи абзацындагы“, акцияга ээлик кылуудан тышкары,” деген сөздөр алынып салынсын, 

“(*) Кызмат адамдар “Кыргыз Республикасынын эл аралык финансылык уюмдарга мүчө болуу жөнүндө” мыйзамга ылайык аныкталган эл аралык финансылык уюмдардын өкүлдөрү анкетанын 15, 16, 18, 21, 24-пункттарынын ордуна дайындалган адамдын жетекчисинин кызматтык координаттарын көрсөтүү менен эл аралык финансылык уюмдун атынан тиешелүү кызмат адам тарабынан банкка дайындалгандыгы тууралуу чечимдин көчүрмөсүн сунушташат”шилтемеси күчүн жоготкон катары таанылсын; 

 

- 11-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

“Микрофинансылык компаниялардын ишин  

лицензиялоо жөнүндө жобого карата 11-тиркеме  

  

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкы 

 

МФКнын филиал ачуу тууралуу 

өтүнүч катынын үлгүсү 

 

________________________________ 

(мекеменин фирмалык бланкында) 

 

Ушул аркылуу “___________________________________________” 

(МФКнын аталышы) 

______________________________________________________ ылайык 

(Уставдын негизинде филиал ачуу тууралуу чечим кабыл алган МФКнын башкаруу органынын аталышы) 

 

________________________________________________________________________________________ 

(калктуу пункттун аталышы, жайгашкан жери) 

филиал ачуу тууралуу өтүнүч менен кайрылат.  

 

Бул филиал төмөнкү операцияларды жана бүтүмдөрдү жүргүзүү укугуна ээ:  

-  

-  

(МФКга Улуттук банк тарабынан берилген лицензиянын алкагында филиал жөнүндө жобого ылайык, филиалга жүзөгө ашырууга өткөрүлүп берилген бардык операциялар жана бүтүмдөр көрсөтүлөт).  

Жетекчи жана башкы бухгалтер тарабынан дайындалды: ____________ 

(Аты-жөнү)  

Тиркеме: филиалдын жетекчисинин жана башкы бухгалтердин кадрлардын эсебин жүргүзүү баракчасынын көчүрмөсү, ишеним кат, бардыгы__________барактан турат.  

 

 

 

МФК сунушталган маалыматтын аныктыгына толугу менен жооп берет.  

  

МФКнын аткаруу органынын жетекчиси (колтамгасы),аты-жөнү.  

МФКнын мөөрү 20__ -жылдын “___” __________”; 

 

-жобо төмөнкү мазмундагы 11-1-тиркеме менен толукталсын: 

 

 

“Микрофинансылык компаниялардын ишин  

лицензиялоо жөнүндө жобого” карата 11-1-тиркеме  

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

 

 

МФКнын филиалды жабуу тууралуу  

билдирмесинин үлгүсү 

________________________________ 

(мекеменин фирмалык бланкында) 

 

Ушул аркылуу “_________________________________________”   

(МФКнын аталышы) 

_________________________________________________________________________________ылайык 

(Уставдын негизинде филиал ачуу тууралуу чечим кабыл алган МФКнын башкаруу органынын аталышы) 

 

_______________________________________________________________________________ жайгашкан  

(калктуу пункттун аталышы, жайгашкан жери) 

филиалды жабуу ниети тууралуу билдирет. 

 

 

МФК төмөнкүлөр алдында милдеттенмелерге ээ эмес(**):  

- ушул филиалда тейлөөгө алынган кардарлар жана кредиторлор алдында;  

-  бюджет алдында.  

Активдер жана пассивдерМФКнын балансына өткөрүлүп берилген.  

МФК сунушталган маалыматтын аныктыгына толугу менен жооп берет.  

  

МФКнын аткаруу органынын жетекчиси (колтамгасы), аты-жөнү  

МФКнын мөөрү 20__ жылдын “___” __________”; 

 

- 12-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

 

“Микрофинансылык компаниялардын ишин  

лицензиялоо жөнүндө жобого карата 12-тиркеме  

   

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкы 

 

МФКнын өкүлчүлүк ачуу жөнүндө өтүнүчүнүн үлгүсү 

________________________________ 

(мекеменин фирмалык бланкында) 

 

Ушул аркылуу“__________________________________________”   

(өкүлчүлүк ачып жаткан МФКнын толук аталышы жана анын лицензиясынын номери) 

______________________________________________дарек боюнча өкүлчүлүк ачуу өтүнүчү менен кайрылат. 

(өкүлчүлүк жайгашкан жер, телефону, факсы жана өкүлчүлүктүн эсептешүү эсеби ачылган МФКнын аталышы көрсөтүлөт) 

Өкүлчүлүк ачуу тууралуу чечим _________ 

_______________________________________________________, 

(МФКнын өкүлчүлүк ачуу тууралуу чечим кабыл алган башкаруу органы көрсөтүлөт) 

_________________-______________________________максатында кабыл алынган.  

(өкүлчүлүк ачуу максаты көрсөтүлөт) 

 

Өкүлчүлүктүн жетекчиси болуп дайындалган: _________________ 

(Жетекчинин аты-жөнү)  

Тиркеме: өкүлчүлүктүн жетекчисинин кадрлардын эсебин жүргүзүү баракчасынын көчүрмөсү, ишеним кат _______ барактан турат.  

  

МФКнын аткаруу органынын жетекчисинин аты-жөнү (кол тамгасы).  

МФКнын мөөрү “20__ -ж. “____” ______________”; 

- 13-тиркеменин баш жагында “Уюштуруучу (акционер)” сөзү “МФК”деген аббревиатура менентолукталсын; 

- бүтүндөй текст боюнча "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” дегенге алмаштырылсын; 

4.  Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/25 “Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө” жобонун: 

- баш сөзүндө “, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары” сөздөрү алынып салынсын; 

- 13-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“13. Эгерде Улуттук банкка ушул жободо белгиленген документтер толук эмес көлөмдө сунушталса же болбосо документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул жободо белгиленген талаптарга жооп бербесе, Улуттук банк ушул жобонун талаптарына ылайык документтерди кароо мөөнөтү ичинде себептерин кат жүзүндө көрсөтүү менен алардыжеткире иштеп чыгуу үчүн кайтарып берүүгө укуктуу.”; 

- “Жалпы жоболор” деп аталган 1-глава төмөнкү мазмундагы 16-1 жана 16-2-пункттар менен толукталсын: 

“16-1. Ушул жобонун алкагында Улуттук банк тарабынан кабыл алынган чечимдер же чечимдер боюнча маалымат, эгерде жободо башка мөөнөт белгиленбесе, мындай чечим кабыл алынган күндөн кийинки үч жумуш күнү ичиндекат жүзүндө өтүнүч ээсине (кредиттик союз) маалымдалат. 

16-2. Улуттук банктын ушул жобонун алкагында кабыл алынып жаткан актыларын (лицензияларын, Улуттук банк Башкармасынын жана Көзөмөл боюнча комитеттин токтомдорун эске албаганда) аталган банктын мөөрү менен тастыктоо талап кылынбайт.”; 

- 17-пункттун 5-пунктчасы төмөнкү редакциядаберилсин: 

“5) 3-тиркемеде белгиленген форма жана талаптар боюнча кызмат адамдарынын (башкарманын төрагасы жана мүчөлөрү, байкоо кеңешинин (эгерде кеңеш болгон болсо) төрагасы), башкы бухгалтердинанкеталары (эгерде кредиттик союз ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишти жүзөгө ашырууга ниеттенип жатсаШариат кеңешинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн анкетасы да берилет), ошондой эле маалымат жана ушул жободо, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга алардын дал келүүсүн тастыктоочу документтер (сертификаттаржана/же башка ушулсыяктуудокументтер, дипломдункөчүрмөлөрү, зарылчылыккажараша эмгеккитепчесинин көчүрмөлөрү);”; 

- 18-пункттагы “Улуттук банкка” деген сөздөр “талаптарды канааттандырган документтер” сөздөрү менен толукталсын; 

- 23-пункттагы“кароого алат”деген сөздөр “жана эгерде сунушталган талапкер боюнча ушул жобонун 24-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер орун алган болсо, кредиттик союзга тиешелүү кызмат ордуна альтернативалуу талапкерди сунуштоо талабы менен тиешелүү билдирүү-кат жөнөтөт” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 25-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

“Талапкердин ушул жободо каралган документтерин кароо жол-жобосу жобонун 23-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде токтотулуп турат.”; 

- 38 жана 43-пункттардагы: 

“алар” сөзү алынып салынсын, 

“Улуттук банкка” деген сөздөр “талаптарды канааттандырган документтер” сөздөрү менен толукталсын; 

- 51-пунктта: 

“алар” деген сөз алынып салынсын, 

“Улуттук банкка” деген сөздөр “талаптарды канааттандырган документтер” сөздөрү менен толукталсын; 

- 55-пункт төмөнкү редакциядаберилсин: 

“Кредиттик союздун филиалын жабуу чечими кредиттик союздун жалпы жыйынында кабыл алынат. Тиешелүү чечимде көрсөтүлгөн филиал өз ишин токтоткон күндөн тартып 10 жумуш күн ичинде кредиттик союз Улуттук банкка төмөнкүлөрдү сунуштоого милдеттүү

1) филиалды жабуу жөнүндө өтүнүч кат (9-тиркеме); 

2) протокол (кредиттик союздун мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү) же кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйында филиалды жабуу жөнүндө протоколунун көчүрмөсү

3) юридикалык жактарды каттоодон өткөргөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга багытталган филиал ишин токтотууну каттоо жөнүндө өтүнүч каттын көчүрмөсү (кредиттик союздун мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү). 

Филиалды жабууга байланыштуу өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор уставга кредиттик союз тарабынан кезектеги өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор сунушталган учурда киргизилет.”; 

- “Филиалды ачуу тартиби” деп аталган 7-глава төмөнкү мазмундагы 55-1-пункт менен толукталсын: 

“55-1. Кредиттик союз филиалдын иши токтотулгандыгы мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийинки 10 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка юридикалык жактарды каттоодон өткөртүүнү жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын документинин көчүрмөлөрүн тиркөө менен филиалдын иши токтотулгандыгын каттоо жөнүндө кредиттик союздун мөөрү менен тастыкталган тиешелүү билдирме-катты жөнөтөт.”; 

- 60-пунктта: 

“алар” сөзү алынып салынсын, 

“Улуттук банкка” деген сөз “талаптарды канааттандырган документтер” сөздөрү менен толукталсын; 

- 85-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“85. Кредиттик союзду соттук тартипте мажбурлап жоюуда, анын ичинде төлөөгө жөндөмсүз абалда калган шартта (кредиттик союздун активдери анын милдеттенмелерин жаппаган учурда), өз катышуучуларынан депозиттерди тартуу лицензиясына ээ кредиттик союз Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык жоюлууга тийиш.”; 

- 86-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы “Улуттук банктын чечимдерине даттануу тартиби” деген 12-глава менен толукталсын: 

“12-глава. Улуттук банктын чечимдерине даттануу тартиби 

87. Улуттук банк тарабынан ушул жобонун алкагында кабыл алынган чечимдер Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык, анын ичинде сотко чейин даттануу менен кайрылуу тартибин сактоо менен өтүнүч ээлери жана/же аларга карата чечим кабыл алынган же кабыл алынган чечимдер алардын кызыкчылыгына зыян келтирген башка кызыкдар адамдар даттануу менен кайрылышы мүмкүн.”; 

- 2-тиркемеде: 

“____________________________” кредиттик союзуна төмөнкү операцияларды жүзөгө ашырууга карата лицензияны/кошумча лицензияны берүүнү өтүнөм” сөздөрү “_________________________________ (кредиттик союздун юридикалык дареги) дареги боюнча катталган “____________________________”(толук аталышы) кредиттик союзуна төмөнкү операцияларды жүзөгө ашырууга лицензия/кошумча лицензия берүүнү өтүнөм” дегенге алмаштырылсын, 

“Жетекчинин кол тамгасы” сөздөрү “, мөөр (эгерде болгон болсо)” сөздөрү менен толукталсын; 

- 4-тиркемеде: 

“(мекеменин фирмалык бланкында)” сөздөрү алынып салынсын, 

“____________________________” (толук аталышы) кредиттик союзуна төмөнкү операцияларды жүзөгө ашырууга (анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык) лицензия/кошумча лицензия берүүнү өтүнөм” сөздөрү “_________________________________ (кредиттиксоюздунюридикалыкдареги) дареги боюнча катталган “____________________________”(толук аталышы) кредиттик союзуна төмөнкү операцияларды жүзөгө ашырууга (анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык) лицензия/кошумча лицензия берүүнү өтүнөм” дегенге алмаштырылсын, 

“уюштуруучуларда” сөзү “катышуучуларда” сөзүнө алмаштырылсын; 

- 9-тиркемедеги: 

“(мекеменин фирмалык бланкында)” сөздөрү алынып салынсын, 

“Ушул аркылуу “______________________________”(кредиттик союздун толук аталышы) филиалды ачуу/жабуу ниети жөнүндө билдирет” сөздөрү “Ушул аркылуу ____________________________________ (кредиттик союздун юридикалык дареги) дареги боюнча катталган “_____________________________” (кредиттик союздун толук аталышы)” филиалды ачуу/жабуу ниети жөнүндө билдирет” дегенге алмаштырылсын. 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 16-мартындагы № 12/3 “Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө” жобонун: 

- баш сөзү төмөндөгүдөй редакцияда берилсин: 

“Бул "Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө" жобо (мындан ары - жобо), ушул жободо көрсөтүлгөн айрым бир банктык операцияларды жүзөгө ашырган адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин лицензиялоо тартиби аныкталган.  

Бул жобо, Улуттук банктын лицензиясынын негизинде иш алып барган жана айрым банктык операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна ээ коммерциялык банктарга, микрофинансылык уюмдарга, кредиттик союздарга, "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсына, финансы-кредиттик корпорацияларга (компанияларга), ссудалык кассаларга, ошондой эле өз ара кредиттөө коомдоруна таркатылбайт.”;-“Жалпы жоболор” деп аталган 1-главасытөмөнкү мазмундагы 8-1 жана 8-2-пункттар менен толукталсын: 

“8-1. Чечим же болбосо ушул жобонун алкагында Улуттук банк тарабынан кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалымат, эгерде аталган жободо башка мөөнөт каралбаса, ушул чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күнү ичинде кат жүзүндө өтүнүч ээлерине (Адистештирилген финансы-кредит мекемелери) маалымдалат. 

8-2. Улуттук банктын ушул жобонун алкагында кабыл алынып жаткан актылары (лицензияларын, Улуттук банк Башкармасынын жана Көзөмөл боюнча комитеттин токтомдорун эске албаганда) аталган банктын мөөрү менен тастыкталышын талап кылбайт.”; 

- 18-пункттагы: 

“30” деген сан“календардык” сөзү менен толукталсын, 

“документтеринөтүнүч кат” сөздөрүөтүнүч кат жана талаптарды канааттандырган документтер” дегенге алмаштырылсын; 

- 45-пункт төмөнкү редакциядаберилсин: 

“Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин филиалын жабуу жөнүндө чечим анын Башкармасы тарабынан кабыл алынат. Адистештирилген финансы-кредит мекемеси тиешелүү чечимде көрсөтүлгөн филиал иши токтотулган күндөн тартып он жумуш күнү ичинде Улуттук банкка төмөнкүлөрдү сунуштоого милдеттүү

1) филиал жабылгандыгы жөнүндө билдирмени; 

2) адистештирилген финансы-кредит мекемесинин мөөрү менен тастыкталган филиалды жабуу жөнүндө чечимдин көчүрмөсүн; 

3) юридикалык жактарды каттоодон өткөргөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга багытталган филиал иши токтотулгандыгын каттоо жөнүндө өтүнүч каттын көчүрмөсү (адистештирилген финансы-кредит мекемесинин мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү).”; 

- 62-пункттагы: 

“30” деген сан“календардык” сөзү менен толукталсын, 

“документтерди” сөзү “талаптарды канааттандырган документтер сунушталган күндөн тартып” сөздөрү менен толукталсын; 

- жобо төмөнкү мазмундагы “Улуттук банктын чечимдерине даттануутартиби” деп аталган 10-глава менен толукталсын: 

“10-глава. Улуттук банктын чечимдерине даттануу тартиби”  

77.  Улуттук банк тарабынан ушул жобонун алкагында кабыл алынган чечимдер Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык, анын ичинде сотко чейинки даттануутартибин сактоо мененадистештирилген финансы-кредит мекемеси жана/же аларга карата чечим кабыл алынган же кабыл алынган чечимдер алардын кызыкчылыгына зыян келтирген башка кызыкдар адамдар кайрылышы мүмкүн”; 

- “(операциялардын тизмеги көрсөтүлөт)” деген сөздөрдөн кийин 1-тиркеме төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

“Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин толук юридикалыкдареги: __________________________________”; 

6. Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы №35/5 “Насыялык бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Насыялык бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө” жобонун: 

- 1-пункту төмөндөгүдөй редакцияда берилсин: 

“1. Бул жободо насыялык бюролордун ишин лицензиялоо тартиби аныкталган.”;- “Жалпы жоболор” деп аталган 1-главасы төмөнкү мазмундагы 9-1 жана 9-2-пункттар менен толукталсын: 

“9-1. Чечим же болбосо ушул жобонун алкагында Улуттук банк тарабынан кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалымат, эгерде аталган жободо башка мөөнөт каралбаса, ушул чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күнү ичинде кат жүзүндө өтүнүч ээлерине (насыялк бюрого) маалымдалат. 

9-2. Улуттук банктын ушул жобонун алкагында кабыл алынып жаткан актылары (лицензияларын, Улуттук банк Башкармасынын жана Көзөмөл боюнча комитеттин токтомдорун эске албаганда) эгерде башкасы Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленбесе, аталган банктын мөөрү менен тастыкталышын талап кылбайт.”; 

- 23-пунктта: 

“30 календарлык күн ичинде” деген сөздөр “Төраганын орун басары/көзөмөлдөө жана лицензиялоо маселелерин тескөөгө алган Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү тарабынан” деген сөздөр менен толукталсын, 

төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: 

“Сунушталган талапкерди макулдашуудан баш тартуу жөнүндө чечим насыялык бюро же талапкер тарабынан Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык, анын ичинде сотко чейин даттануутартибин сактоо менен даттануу менен кайрылууга болот.”; 

- 35-пункттун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Улуттук банктын лицензиянын аракетин токтотуу чечиминенасыялык бюро Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык даттануу менен кайрылышы мүмкүн.”; 

- 37-пункттагы “кабылалынат” деген сөздөр“, мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып насыялык бюрого үч жумуш күнү ичинде кат жүзүндө маалымдалат” сөздөрү менен толукталсын; 

- 38-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“38. Улуттук банктын лицензияны кайтарып алуу чечимине карата насыялык бюро Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык, анын ичинде сотко чейин даттануутартибин сактоо менен даттануу менен кайрылышы мүмкүн.”; 

- 1-тиркеменин насыялык бюрого лицензия берүү жөнүндө өтүнүч каттын үлгүсү “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы” деген сөз менен толукталсын.