Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 17-майындагы  

№ 19/11 токтому 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин күрөөлүк мүлк менен иш алып баруу тартибин» бекитүү жөнүндө токтомуна; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 29-августундагы № 36/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом 2017-жылдын 22-июнунан тартып күчүнө кирет. 

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, адистештирилген финансы-кредит мекемеси «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т. Джусупов мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу Н. Жениш 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 17-майындагы  

№ 19/11 токтомуна тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

жогоруда аталган токтомдун 1-пунктундагы «финансы-кредит мекемелеринде» деген сөздөр «финансы-кредит уюмдарында» дегенге алмаштырылсын; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө»; 

жобонун бүтүндөй текстиндеги «финансы-кредит мекемелери» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «финансы-кредит уюмдары» дегенге алмаштырылсын; 

жобонун бүтүндөй текстиндеги «инсайдер» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «банк менен байланыштуу жак» дегенге алмаштырылсын; 

1-пункттун: 

биринчи сүйлөмү алынып салынсын; 

экинчи сүйлөмүндөгү «Жобо» деген сөз «Бул жобо» дегенге алмаштырылсын; 

7-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Банктын кредиттик саясаты, анын ичинде акыйкаттык, ачык-айкындуулук, тактык, карыз алуучуларга карата өнөктөштүк, алардын экономикалык таламдарын жана финансылык мүмкүнчүлүгүн эске алуу сыяктуу жооптуу кредиттөө принциптерине негизденүүгө тийиш. »; 

8-пункттун: 

8.1-пунктчасынын он үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«- күрөө наркына жана алгылыктуулугуна баа берүү, анын ичинде күрөө предмети кредитти тариздөө учурунда карыз алуучунун/күрөө коюучунун бирден бир турак жайы болуп санала тургандыгына байланыштуу тобокелдиктерге баа берүү критерийлери; »; 

Бул пункт төмөнкү мазмундагы 8.8-пунктча менен толукталсын: 

«8.8. Баа берүү жана отчет түзүү системасын иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү талаптары камтылган, үстү-үстүнөн кредиттөөгө бөгөт коюуга багытталган жооптуу кредиттөө принциптери (карыз алуучунун бир эле финансы-кредит уюмунда катар милдеттенмелери болгон болсо, карыз алуучунун карыз оорчулугу анын милдеттенмесин тейлөө мүмкүнчүлүгүнөн артышы мүмкүн).»; 

12-пункттагы: 

биринчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банктын Директорлор кеңеши кредит саясатынын шайкештигин, лимиттер, инструменттер жана кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча жол-жоболор системасын, кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча ички аудит системасын кароого алып турууга милдеттүү. Мындан тышкары кредиттик саясат, зарылчылыкка жараша, бирок жылына кеминде бир жолу, банкта кредиттөө процессине таасирин тийгизген тобокелдик профили, Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары, банктык операциялар, банктын уюштуруу түзүмү жана кадрлар курамы өзгөртүлгөн учурда, ошондой эле республика экономикасында жана банктын, анын кардарларынын өнөктөштөрү иш алып барган өлкөлөрдүн экономикасында өзгөрүүлөр жүргөн шартта кароого алынууга тийиш.»; 

төмөнкү мазмундагы тогузунчу жана онунчу абзацтар менен толукталсын: 

«Банкта кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча тобокелдиктерге ички рейтинг системасы иштелип чыгууга тийиш. Тобокелдиктерге ички рейтинг системасы банктын ишкердик түрлөрүнүн маңызына, өлчөмүнө жана татаалдыгына дал келүүгө тийиш. Мындан тышкары, банк туруктуу негизде өзгөчө чечим кабыл алынган кредиттер боюнча маалымат базасын жана эсепке алуу журналын жүргүзүүгө милдеттүү (жеке пайыздык чендер, күрөө түзүмү ж.б.). 

Банктын ички саясатында күрөө предметинен өндүрүү чечими кабыл алынган учурда ал карыз алуучунун/күрөө коюучунун бирден бир турак жайы экендигин тастыктаган фактыларды текшерүү талаптары каралууга тийиш. Эгерде, күрөө предметинен өндүрүү учурунда күрөөгө сунушталган мүлк карыз алуучунун/күрөө коюучунун бирден бир турак жайы болуп саналса, өндүрүү соттун чечими боюнча жүргүзүлүүгө тийиш.»; 

12-2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«12-2. Банк, кредиттөө жана мониторинг жүргүзүү процессине тартылган кызматкерлеринин банкта карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү саясатын эске алуу менен талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү жана баа берүү, проблемалуу кредиттер боюнча иш алып баруу, ошондой эле кардарлар менен коммуникацияны кошо алганда, башка кредиттөө маселелери, Кыргыз Республикасынын башка мыйзам талаптары жана жооптуу кредиттөө принциптери боюнча мезгил-мезгили менен окутуудан өтүүсүн камсыз кылууга тийиш.»; 

25-пункттагы: 

биринчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кредитти сунуштоо максатка ылайыктуу экендигин аныктоо, ошондой эле карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн банк карыз алуучудан төмөнкү документтерди талап кылууга тийиш:»; 

төмөнкү мазмундагы он үчүнчү жана он төртүнчү абзацтар менен толукталсын: 

«Банкта кардарлар маалыматы менен иш алып баруу боюнча ички жол-жобо болууга жана анда маалыматтардын сакталышын жана коргоого алынышын камсыз кылган талаптар каралууга тийиш. Маалымат топтоодо жана кардарлар менен маектешүүдө банк кызматкерлери ал маалымат мыйзам талаптарына ылайык кандай учурларда колдонулушу мүмкүндүгүн кардарларга так түшүндүрүүгө тийиш.  

Кардардын (кардарлардын) сүрөттөрүн же видео жаздырууларды, аудиожаздырууларды жана алар тууралуу башка маалыматты жарнамалык, маркетингдик маалыматтарда же башка жалпыга маалымдоо каражаттарында пайдалануу үчүн кардардан (кардарлардан) кат жүзүндөгү макулдук алуу зарыл.»; 

26-пункттун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- кардар кредиттик келишимге кол коюу учурунан тартып акча каражаттарын алганга чейин же болбосо лизинг чегинде мүлк үчүн төлөө жүзөгө ашырылганга чейин акы төлөөсүз кредит алуудан баш тартууга укуктуу (банктын белгиленген тариф боюнча кардардын өтүнүч катын кароо үчүн комиссияны эске албаганда);»; 

29-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«29. Банк, ушул жобонун 63-1-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарды эске алуу менен, кредит берүүгө байланыштуу тобокелдиктерди өзүнө алуу менен кредит берүү учуруна чейин сыяктуу эле, андан кийин банктын каражаттары толук кайтарылганга чейин кеминде жылына бир жолу кардар тарабынан сунушталган, анын ичинде кардардын документ менен тастыкталбаган кирешеси боюнча маалыматтын тактыгын текшерүүгө тийиш.»; 

30-пункттун үчүнчү абзацынын алтынчы сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Мындан тышкары карыз алуучу, карыз алуучу менен байланыштуу жактар жөнүндө маалыматты (кредиттик отчетту) алардын макулдугунун негизинде мыйзам талаптарына ылайык бир же бир нече кредиттик бюродон талап кылуу зарыл.»; 

31-пункттун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Мындан тышкары Банк, карыз алуучу кредиттик келишим боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбагандыгынан же талапка ылайык аткарбагандыгынан улам келип чыгышы ыктымал болгон кесепеттерди түшүндүрүү (бул тууралуу карзы алуучу келишимге кол коёт) жана ушул жобонун 30-пунктунда көрсөтүлгөн факторлорду аныктоо максатында түшүндүрмө берүүгө тийиш.»; 

38-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«38. Кардарга кредит берүү чечими кабыл алынгандан жана ал менен бардык шарттар талкуулангандан кийин карыз алуучу менен Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык кредиттик келишим түзүү зарыл.»; 

39-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«39. Банк менен кардар ортосунда түзүлгөн келишим жана ага кошо тиркелүүчү банк кардарынын укуктары, чыгашалар (төлөмдөр) тизмеги, ошондой эле банк менен кардар ортосунда түзүлүүчү башка келишимдер макулдашуунун негизинде мамлекеттик же расмий тилде түзүлөт (зарыл учурда келишим башка тилге которулушу мүмкүн), мында кредиттик келишимдин тексти карыз алуучуга түшүнүктүү болууга тийиш. Кредиттик келишим шарттарынан улам келип чыккан кардардын укуктары жана милдеттери өзүнчө бөлүкчөдө көрсөтүлүүгө тийиш. Кредиттик келишимдин жана ага карата бардык тиркемелердин бүтүндөй тексти бирдей болууга жана кеминде 12 шрифт менен берилүүгө тийиш.»; 

40-пункттун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Келечекте аны кайтаруу боюнча проблемалардын келип чыгышына жол бербөө максатында, кредиттик келишимди түзүүдө кредит берүү жана аны төлөө боюнча бардык шарттар сүйлөшүлүүгө тийиш, мында эгерде ал карыз алуучунун укугунун чектелишине жана/же милдеттеринин көбөйүшүнө алып келсе, банк кредиттик келишимдин баштапкы шарттарын бир тараптуу негизде өзгөртүүгө укугу жок.»;  

41-пункттун сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- кардар жөнүндө маалыматты кредиттик бюрого сунуштоо шарттары, ошондой эле кардарлар жөнүндө маалыматты мыйзам талаптарына ылайык башка учурларда колдонуу;»; 

42-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«42. Банк кардарларынын чыгашалар (төлөмдөр) тизмеги жана айыптык санкциялар банк менен карыз алуучу ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат, ал 6-тиркемеге ылайык таблица түрүндө түзүлөт. 

Кредиттик келишимге 6-тиркемеге ылайык банк тарабынан жарыялангандардан же белгиленгендерден тышкары кошумча жыйымдарды, комиссиялык жана башка төлөмдөрдү, ошондой эле карыз алуучу менен макулдашылгандыгына карабастан акы төлөөнүн негизинде сунушталуучу башка кызматтарды киргизүүгө тыюу салынат.  

Банк кардарды тизмек менен тааныштырууга тийиш, зарыл учурларда кардарга кредитти, туумду, айыптык төлөмдү эсептөө тартиби, анын ичинде банктык төлөм карттарын пайдалануу менен кредит алуу/ордун жабуу тартиби жөнүндө, ошондой эле эгерде кредит чет өлкө валютасында алынса, ал эми киреше (же анын бөлүгү) улуттук валютада алына турган болсо, чет өлкө валютасынын алмашуу курсу өскөн шартта келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктер, андан улам төлөөгө жөндөмсүздүк тууралуу түшүндүрмө берүүгө, ошондой эле кардардан кол тамгасы менен тастыкталган макулдугун алууга тийиш. 

Кредиттин негизги суммасы жана ал боюнча пайыздарды төлөө/ордун жабуу мөөнөтү кечиктирилгендиги үчүн кошумча төлөм (айыптык төлөм, туум) мөөнөтү кечиктирилген суммага жана айкын мөөнөтүнө жараша эсептелинет. 

Банк, кредиттик келишимге жана банктын ички жол-жоболоруна ылайык, банк кардарынын кредитти сунуштоого, пайдаланууга жана кайтарууга байланыштуу бардык чыгашаларын көрсөтүүгө тийиш. Банк кардарга маалым болушу үчүн чыгашалар келечекте өзгөрүшү мүмкүндүгүн эскертүү менен келишим түзүлгөн күнгө карата үчүнчү жактардын колдонуудагы тарифтерин көрсөтүү менен алардын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн чыгашалар наркын (камсыздандыруу, нотариус кызматтары, ж.б. үчүн төлөөлөр) чагылдырат.  

Мындан тышкары, кредиттик келишимде төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- кардар-жеке адамдын, анын ичинде жеке ишкердин башка финансы-кредит уюмдарындагы кредиттери, анын ичинде жолдошунун/жубайынын, ата-энесинин жана балдарынын кредиттери жөнүндө маалыматты, ошондой эле ал кредиттер боюнча милдеттенмелердин аткарылышы жөнүндө маалыматты жарым жылда кеминде 1 жолу сунуштоо милдети; 

- аны башка финансы-кредит уюмуна сунуштоо үчүн карыз алуучунун талабы боюнча үч жумуш күнү ичинде карыз алуучу кредит алгандыгы жана ал кредит боюнча милдеттенмелерин так аткаргандыгы тууралуу маалыматты, ошондой эле карыз алуучунун эсеби жөнүндө так жана анык маалыматты сунуштоо милдети (эсебинин, чегинин, балансынын көчүрмөсү, кредит боюнча төлөмдөрдүн тастыктамасы жана башка зарыл маалыматты); 

- эгерде күрөө предмети коом үчүн маанилүү тарыхый, көркөм же башка маданий баалуулукка ээ болсо же ал жеке адамга менчик укугунда таандык болгон бирден бир турак жай болуп саналса, күрөө предметинен өндүрүүнү сот аркылуу гана жүргүзүү.»; 

61-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«150 000 сомдон аз же ага барабар сумманы түзгөн, аннуитеттик төлөө графиги белгиленген жана төлөө мөөнөтү 24 айдан ашпаган кредиттер бланктык кредиттерге кирбейт. Мындай кредиттин суммасы карыз алуучунун жылдык таза төлөө жөндөмдүүлүгүнөн ашпоого тийиш (карыз алуучунун бардык кирешеси жана чыгашасы). 

Бланктык кредиттер эсебинен чыгарылган кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү алардын 20% ашпоого тийиш.»; 

61-1-пункттун экинчи абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- банктын Директорлор кеңеши тарабынан жактырылган топтук кредиттөө саясаты (кредит саясатынын бир бөлүгү болушу мүмкүн) жана башка ченемдик укуктук актылар болсо (билдирмелерди кароо/жактыруу/баш тартуу жол-жоболору, топтук кредиттөө процесси, мониторинг жүргүзүү, топтук кредиттерди классификациялоо, топтун мүчөлөрүнө кредит берүү жана ордун жабуу күнү жөнүндө маалыматты колдонуу эрежелерин, жана кредит боюнча карызды төлөөгө байланыштуу проблемаларды маалымдоо).»; 

69-пункт төмөнкү мазмундагы он жетинчи жана он сегизинчи абзацтар менен толукталсын: 

«Кредитти төлөөгө байланыштуу проблемалар келип чыккан учурда, карыз алуучуларга банктын проблемалуу кредиттер менен иш алып баруу саясаты, анын ичинде кредитти реструктуризациялоо мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымдалууга тийиш. 

Банк кабыл алынган чаралар ийгиликтүү ишке ашырылгандыгына (карызды тейлөө үчүн топтолгон каражаттардын жетиштүүлүгү) талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө, кеңири мониторинг жүргүзүү аркылуу кредитти реструктуризациялоого (кайра каржылоого) тийиш.»; 

70-пункт төмөнкү мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын: 

«Проблемалуу кредиттерди кароодо, жолугушууларды, маектерди жана башка чараларды өткөрүүдө банк кызматкерлери анын нормалары банктын ички документтеринде так жөнгө салынган ишкердик жана кесиптик тартипти так сактоого тийиш.»; 

74-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«74. Кредит «проблемалуу» катары таанылган учурда, анда бир катар чаралар камтылган, кредитти кайтарууга багытталган иш-аракеттер планын иштеп чыгуу зарыл. Мында банк топтолгон каражаттардын жетиштүүлүгүнө кеңири мониторинг жүргүзүү аркылуу карыз алуучунун финансылык абалын изилдеп чыгууга тийиш.». 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин күрөөлүк мүлк менен иш алып баруу тартибин» бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтомдун аталышындагы жана 1-пунктундагы «финансы-кредит мекемелеринин» деген сөздөр «финансы-кредит уюмдарынын» дегенге алмаштырылсын; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин күрөөлүк мүлк менен иш алып баруу тартибинде: 

- анын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөлүк мүлк менен иш алып баруу тартиби»; 

тартиптин бүтүндөй текстиндеги «финансы-кредит мекемелери» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «финансы-кредит уюмдары» дегенге, демек «ФКМ» деген абревиатура «ФКУ» дегенге алмаштырылсын; 

1-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

16-пунктунун тогузунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- коом үчүн маанилүү тарыхый, көркөм же башка маданий баалуулукка ээ болгон же жеке адамга менчик укугунда таандык болгон бирден бир турак жай болуп саналган күрөө предметинен мыйзам талаптарына ылайык өндүрүүнү жүргүзүүнү эске алуу менен күрөөгө коюлган мүлктү алуу жана сатып өткөрүү тартиби.». 

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 29-августундагы № 36/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө » жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобонун: 

жобонун бүтүндөй текстиндеги «кыймылсыз мүлк» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө берилсин; 

жобонун бүтүндөй текстиндеги «инсайдерлер/аффилирленген» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «аффилирленген/банк менен байланыштуу» дегенге алмаштырылсын; 

1-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

3-пунктунун бешинчи абзацындагы «башка кыймылсыз мүлкү» деген сөздөр «банктын ээлигине өткөн кыймылсыз мүлк» дегенге алмаштырылсын; 

4-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

6-пунктундагы: 

«а» пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«а) өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган бүтүмдөр (анын ичинде жарандык укуктук бүтүмдөрдүн негизинде)/мурда берилген кредиттердин ордун жабуу эсебинен банк тарабынан алынган кыймылсыз мүлккө карата менчик укугу ыйгарым укуктуу каттоо органында каттоодон өткөн;»; 

- 31-пунктунун «а» пунктчасындагы «инсайдерлери» деген сөз «банк менен байланыштуу жактар» дегенге алмаштырылсын.