Кайта келүү

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 17-майындагы  

№ 19/10 токтому 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамдын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы №41/12 «Банктык эсептер, аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-сентябрындагы №37/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан баалуулуктарды сактоо үчүн банктык өздүк сейфтердин кардарларга берилиши боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна.  

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом 2017-жылдын 22-июнунан тартып күчүнө кирет. 

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматын, адистештирилген финансы-кредит мекемеси «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсын, депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан микрофинансылык компанияларды жана кредиттик союздарды, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Джусупов мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу Н. Жениш 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 17-майындагы  

№ 19/10 токтомуна тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы №41/12 “Банктык эсептер, аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

- токтомдун аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:  

“Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу”; 

- 1-пунктта “аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен” деген сөздөр “банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен” дегенге алмаштырылсын;  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоонун: 

- аталышындагы “аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен” деген сөздөр “банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен” дегенге алмаштырылсын;  

- бүтүндөй текст боюнча кездешкен “аманат (депозит)” деген сөздөр “банктык аманат (депозит)” дегенге тиешелүү жөндөмөлөрдө жана сандык мааниде алмаштырылсын;  

- баш сөзүнүн биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

“Нускоодо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан лицензияланган коммерциялык банктардын, адистештирилген финансы-кредит мекемеси - «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсынын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын, кредиттик союздардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик өнүктүрүү банкынын (мындан ары - банктар), жеке адамдардын, жеке ишкерлердин жана юридикалык жактардын (мындан ары - кардарлар) банктык эсептери, банктык аманаттары (депозиттер) боюнча эсептерин ачуу, жүргүзүү жана жабуу тартиби аныкталат. Нускоонун талаптары Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамынын 16-беренесине ылайык Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алганда, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларга, Кыргыз Республикасынын “Кредиттик союздар жөнүндө” мыйзамынын 4-беренесинин талабына ылайык Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алып, депозиттерди тартуу менен иш алып барган кредиттик союздарга, ал эми Мамлекеттик өнүктүрүү банкына Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө” мыйзамында каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен таркатылат.”;   

- 1-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин:  

“Улуттук банктын лицензиясы болгон шартта юридикалык жактардан жана жеке адамдардан депозиттерди жана башка акча каражаттарын тартуу Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” жана “Кредиттик союздар жөнүндө” мыйзамдарына ылайык банк операцияларынын негизги түрлөрүнүн бири болуп саналат.”;  

- 11-пунктунун: 

экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

“Банктык аманат (депозит) Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 749-беренесинде көрсөтүлгөн мааниде түшүнүлөт.”; 

төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:  

“Нак эмес эсептешүү - Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” мыйзамынын 2-беренесинде көрсөтүлгөн мааниде түшүнүлөт.”;  

- 13-пункт төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:  

“- атайы эсептер.”;  

- 15-пунктагы: 

биринчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:  

“Эсептешүүүндөлүк) эсеп - бул, акча каражаттарын сактоо жана банктардан тышкары юридикалык жактар жана жеке ишкерлер ушул нускоонун талаптарына ылайык, айыл чарба азык-түлүгүн өндүрүүчүлөр тарабынан банктык төлөм карттарды колдонуу менен ишке ашырылган эсептешүүлөрдү (акчалай түшүүлөр, төлөөлөр, башка жеке адамдар же юридикалык жактар менен өз ара эсептешүүлөр, башка финансы-кредит уюмдарына которуулар) кошо алганда, күндөлүк эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн каралган эсеп.”;  

үчүнчү абзацтагы “2005-жылдын 9-сентябрындагы №420/21/4” деген сөздөр “2005-жылдын 9-сентябрындагы № 420/21/4” дегенге алмаштырылсын;   

төртүнчү абзацтагы төртүнчү сүйлөм төмөнкү редакцияда берилсин:  

“Кредитти максаттуу пайдалануудагы эсептешүүлөр жана төлөмдөр, ошондой эле кредит боюнча утурумдук төлөмдөр нак жана нак эмес формада жүзөгө ашырылышы мүмкүн.”;  

- Нускоо төмөнкү мазмундагы 15-1-пункту менен толукталсын:  

“15-1.Атайы эсептер бул, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, келишимде каралган белгилүү бир милдеттенмелерди аткаруу же белгилүү бир жагдайлардын келип жетишине чейин акча каражаттарды эсепке алуу жана блокко коюу үчүн багытталган, банк тарабынан юридикалык жактарга жана жеке адамдарга ачылган эсептер.”;  

- 16-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

“16. Банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер каражаттарды сактоого жана топтоого, ошондой эле төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө багытталган. Банктык аманаттар (депозиттер) пайыздык жана пайызсыз болушу мүмкүн. Банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер келишим шарттарына жараша төмөнкүдөй бөлүнөт:  

- талап боюнча төлөнүүчү банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер;  

- мөөнөттүү банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер;  

- кайтаруунун башка шарттарындагы аманаттар боюнча эсептер.”;  

- 17-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

“17. Талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) боюнча эсеп бул, жеке адам же юридикалык жак тарабынан талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) келишими боюнча акча каражаттарын сактоо жана топтоо үчүн колдонулган, ошондой эле төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү ишке ашыруу үчүн каралган эсеп.  

Эгерде, банктык аманат (депозит) келишиминен башкасы келип чыкпаса, банкка жана аманатчы - жеке адамга карата талап боюнча төлөнүүчү аманат (депозит) боюнча банктык эсеп келишиминин эрежелери колдонулат. Мында, жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) эсебине алардын өздүк акча каражаттарынан тышкары эмгек акылар, автордук гонорарлар, пенсиялар, алименттер, социалдык жөлөк пулдар, башка банктык эсептен каражаттар, мурастоого байланыштуу төлөмдөр, эсеп ээсине тиешелүү болгон жеке мүлктү сатып өткөрүү үчүн төлөмдөр, акча которуулар, башка акчалай түшүүлөр жана төлөмдөр чегерилиши мүмкүн. Жеке адамдын талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) боюнча эсебинен жеке мүнөздөгү төлөмдөр, анын ичинде өзүнүн жеке колдонуусу үчүн алынган сатып алынган товарларга (сунушталган кызмат көрсөтүүлөр) төлөмдөр, кредит боюнча ордун жабуулар, коммуналдык жана башка ушул сыяктуу жеке мүнөздөгү төлөмдөр ишке ашырылышы мүмкүн.”;  

- 18-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

“18. Мөөнөттүү банктык аманат (депозит) боюнча эсеп бул, жеке адамдар жана юридикалык жактар мөөнөттүү банктык аманат келишими боюнча белгилүү убакыт ичинде чегерилген пайыздар боюнча киреше алып келүүчү акча каражаттарын чегерген эсеп.  

Мөөнөттүү банктык аманат (депозит) боюнча эсеп акча каражаттарын сактоо жана топтоо үчүн колдонулат, үчүнчү жактар менен эсептешүүлөр үчүн каралган эмес.  

Мөөнөттүү банктык аманат (депозит) суммасына пайыздар кардарга мөөнөттүү банктык аманат (депозит) келишиминин шарттарына ылайык анын талабы боюнча төлөнүп берилет же башка эсепке чегерилет.  

Мөөнөттүү банктык аманат (депозит) белгиленген мөөнөт бүткөнгө чейин же келишимде көрсөтүлгөн башка жагдайлар болгонго чейин эле кардардын талабы боюнча ага кайтарылган шартта ал боюнча пайыздар, эгерде келишимде кыйла жогорку пайыздар каралбаса, банк тарабынан талап боюнча төлөнүүчү банктык аманаттарга ылайык төлөнүп берилген пайыз өлчөмүнө дал келген өлчөмдө төлөнүп берилет. Мөөнөттүү банктык аманат (депозит) боюнча банктык аманаттын (депозиттин) негизги суммасына бөлүп-бөлүп кошумча салууга жана банктык аманат (депозит) келишимине ылайык аманаттын (депозиттин) негизги суммасынан алууга жол берилет.  

Эгерде мөөнөттүү банктык аманаттын (депозиттин) суммасы белгиленген мөөнөттүн бүтүшү же башка шарттарда салынган аманаттын (депозиттин) суммасы келишимде каралган жагдайлардын келип жетиши учурунда кардар тарабынан талап кылынбаса, эгерде келишимде башкасы каралбаса, келишим мурдагы шарттарда эле узартылган катары эсептелинет.  

Мөөнөттүү банктык аманаттын (депозиттин) сактоо мөөнөтү бүткөндө ал жаӊы мөөнөткө кайра тариздетилиши мүмкүн. Банктык аманат (депозит) жаӊы сактоо мөөнөтүнө, мөөнөттүү банктык аманаттын (депозиттин) суммасын көбөйтүү же азайтуу менен кайрадан тариздетилиши мүмкүн.  

Банк аманатчынын эсеби боюнча көчүрмөнү анын талабы боюнча аны алгандан кийин беш жумуш күндөн кечиктирбестен берүүгө тийиш.”;  

- Нускоо төмөнкү мазмундагы 18-1-пункту менен толукталсын:  

“18-1. Банк жана кардар аманат келишимин кайтаруунун башка шарттарына ылайык түзүүсү мүмкүн. Аманат келишимин кайтаруунун башка шарттарына ылайык түзүү дегенден улам, банк түзүлгөн келишимде белгилүү бир жагдайлардын (окуялардын) келип жетишинде (келип жетпешинде) ал боюнча чегирилген пайыздарды төлөөгө жана аманаттарды кайтарууга милдеттүү дегенди түшүнүүгө болот.”;  

- 22-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“22. Банк кардарга эсеп ачуудан же эсеп боюнча операцияларды жүргүзүүдөн төмөнкү учурларда баш тартууга тийиш:  

- эсеп ачуу жана ал боюнча операцияларды жүргүзүүгө тиешелүү талаптарды аткаруу, кардарды идентификациялоо жана бенефициардык менчик ээсин (пайда алуучуну) аныктоо үчүн зарыл болгон тиешелүү документтер берилбесе;  

- айкын такталбаган документтер берилсе.   

Мында, банк белгилүү бир тартипте акча каражаттары же мүлк кылмыш жолу менен алынган киреше же террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоо менен байланышкандыгы же ушул максатта колдонула тургандыгы тууралуу шектенүү туулганда же шектенүүгө негиздер бар болгон учурда, тиешелүү билдирүүнү (өз шектенүүлөрүн баяндап жазуу менен) кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттерди көрүү жагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүүгө тийиш.  

Эгерде кардардын террористтик же экстремисттик иш-аракеттерге же массалык жок кылуучу курал жарактарды таркатууга катышы бардыгына тиешелүү Кыргыз Республикасынын мыйзам нормаларына ылайык алынган маалыматтар болсо, банк кардарга алдын ала маалымдоосуз эле, ошол кардардын каражаттары менен ишке ашырылуучу операцияларды (бүтүмдөрдү) үч жумуш күнүнө токтотуп жана/же аларга бөгөт коюуга жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга), террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы иш алып барган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте маалымдоого тийиш.  

Токтотулган операциялар (бүтүмдөр) же бөгөт коюлган каражаттар менен андан аркы иш кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга), террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы иш алып барган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин негизинде жүргүзүлөт.”; 

- 35-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

“35. Эсепке Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда арест коюулушу мүмкүн.   

Эсепке арест коюуда банк эсеп боюнча ар кандай чыгымдоо операцияларын дароо токтотуусу зарыл. Эсептеги акча каражаттарынын белгилүү бир суммасы арестке алынган учурда, ошол сумманын өлчөмүндө азайтылбаган калдык чегинде ар кандай чыгымдоо операциялары токтотулат.  

Эсептерден акча каражаттарын конфискациялоо соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин (токтомунун) негизинде гана жүргүзүлөт.”;  

- Нускоо төмөнкү мазмундагы 45-1-пункт менен толукталсын:  

“45-1. Атайы эсеп ачуу үчүн банкка банктык эсеп ачуу үчүн каралгандай эле документтер талап кылынат. Атайы эсептер менен иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана банктын ички документтеринде аныкталган.”;  

- 50-пункттун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

“Юридикалык жакты кайра өзгөртүп түзүлүшүнө (биригүү, кошулуу, бөлүү, бөлүнүү жана өзгөртүп түзүү) байланыштуу эсептерди кайра тариздетүү учурунда эсеп ээси жаңы юридикалык жакка эсеп ачкан учурдагыдай эле документтер талап кылынат.”;  

- 51-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

“51. Жоюу процесси башталган учурда эсепти кайра тариздетүүдө банкка төмөнкүлөр берилиши зарыл:  

- юридикалык жактын жогорку башкаруу органынын же анын ыйгарым укуктуу органынын чечими, ал эми банкротко учураган учурда - кредиторлор жыйынынын чечими (соттон тышкары банкрот деп жарыяланганда) же атайын администратордун (жоюучунун) аты-жөнү толук көрсөтүү менен соттун чечими;  

- кол тамга үлгүлөрү жана мөөрдүн оттискасы менен нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн карточка.”;  

- 52-пункт төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:  

“Банк кардарга акча каражаттарынын калдыгын алуунун зарылдыгы тууралуу анын акыркы белгилүү болгон дареги боюнча билдирет, ал эми кардар келбеген учурда акча каражаттардын калдыгы банктын системалык эсебинде (баланста) сакталат. Мында, акча каражаттар Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, ар бир кардар боюнча, алардын системадан тышкары эсеби менен талап боюнча төлөнүүчү банктык аманттар (депозиттер) тобундагы өзүнчө жыйынтыкталган эсепте (депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялар, кредиттик союздар үчүн - депозиттер тобунда) эсепке алынуусу зарыл.”;  

- Нускоо төмөнкү мазмундагы 52-1-пункт менен толукталсын: 

“52-1. Банктык эсеп келишими боюнча юридикалык жактардын акча каражаттары өзүнчө жыйынталган эсепте кеминде үч жыл эске алынышы мүмкүн. 

Кардарлардын акча каражаттарын кайтарып берүүгө тиешелүү кайрылууларга байланыштуу акча каражаттарынын агылып чыгышы ыктымалдыгы төмөн болсо, банк белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин жогоруда белгиленген милдеттенмелерди баланстан алып салууга жана аларды ар бир кардар боюнча системадан тышкары мөөнөтсүз шартта эсепке алууга тийиш.  

Эгерде кардар баланстан алып салгандан кийин кардар банктык аманат (депозит) келишими боюнча акча каражаттарын кайтарып берүү өтүнүчү менен кайрылган болсо, банк кардардын акча каражаттарынын ордун өз каражаттарынын эсебинен толуктап берүүгө милдеттүү.”; 

- 53-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

“53. Банк төмөнкү учурларда бул шарттарды келишимде милдеттүү түрдө чагылдырып жана эсеп жабылганга чейинки бир календардык  ай мурда ал тууралуу кардарга билдирүү менен бир тараптуу негизде банктык эсеп келишимин же банктык аманат (депозит) келишимин токтотууга укуктуу, эгер:  

- кардардын эсебиндеги акча каражатынын суммасы банктык эсеп келишиминде каралган минималдуу өлчөмдөн төмөн болсо;  

- келишимде белгиленген мөөнөт ичинде кардардын эсебинде акча каражаттары болбосо же эсеп боюнча кардардын буйруусу менен операциялар жүргүзүлбөсө;  

- кардарды идентификациялоо жана верификациялоо талаптарын аткаруу, бенефициардык менчик ээсин (пайда алуучуну) аныктоо, эсеп боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн зарыл болгон тиешелүү документтер кардар тарабынан берилбесе;  

- эсеп боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн зарыл болгон, ишке ашырылып жаткан операциянын экономикалык максаттуулугун жана кардардын айкын экономикалык иш алып баруу аныктыгын тастыктаган тиешелүү документтер кардар тарабынан берилбесе;  

- анык эмес документтер берилсе.  

Эгерде кардарга карата анын террористтик жана экстремисттик иш-аракеттерге же массалык жок кылуу куралдарын жайылтууга катыштыгы бардыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзам нормаларына ылайык маалыматтар болсо, банк кардарды алдын ала маалымдоосуз эле аталган кардардын каражаттарына үч жумушчу күнгө чейин бөгөт коюп, бул тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерге каршы аракеттенүү жагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө тийиш.  

Каражаттарга коюлган бөгөттү алып салуу кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерге каршы аракеттенүү жагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин негизинде ишке ашырылат.”;  

- 54-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын;  

- 1-тиркемедеги 5-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

“5. Жеке адамдардын ким экендигин тастыктоо үчүн төмөнкү документтер кабыл алынат:  

1) Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн:  

- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID карта); 

- жалпы жарандык паспортто Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин консулдук эсепке тургандыгы же туруктуу жашап жаткандыгы жана өлкөгө келгендиги, ошондой эле үй-бүлөлүк абалы тууралуу белги коюлган шартта, Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту (чет өлкө паспорту);  

- туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (14 жашка чейинки өспүрүмдүн пайдасына эсеп ачуу, ошондой эле 14-18 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн өзү эсеп ачуусу үчүн);  

- офицердин, прапорщиктин ким экендигин тастыктаган күбөлүк же мөөнөттүү кызмат өтөп жаткан аскер кызматчысынын аскердик билети.  

2) чет өлкө жарандары үчүн:  

- чет өлкө жаранынын паспорту же мыйзамда белгиленген же болбосо Кыргыз Республикасы менен эл аралык келишимдерге ылайык таанылган ким экендигин күбөлөндүргөн документ катары эсептелген башка документ; 

- чет өлкө жаранынын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасында жүрүүгө (жашоого) болгон укугун тастыктаган документ: жашап туруу укугун, убактылуу жашап турууга уруксаты, виза же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилген башка документ, качкындар үчүн алардын күбөлүктөрү.»;  

- 3-тиркеменин 3-пунктундагы “Көзөмөл боюнча Базелдик комитет” деген сөздөр “Банктык көзөмөл боюнча Базелдик комитет” дегенге алмаштырылсын.  

2. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-сентябрындагы №37/2 “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан баалуулуктарды сактоо үчүн банктык өздүк сейфтердин кардарларга берилиши боюнча нускоону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан баалуулуктарды сактоо үчүн банктык өздүк сейфтердин кардарларга берилиши боюнча нускоонун: 

- 28-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

“28. Сейфте сакталган буюмдарга арест Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда коюлушу мүмкүн.  

Банкта сакталып турган буюмдарга арест коюуда буюмдарды которуу боюнча бардык чыгымдоо операциялары токтотулат.  

Сейфте сакталган буюмдарга карата ачуу, тинтүү, карап чыгуу, алып чыгуу жана башка тергөө аракеттери соттук актылардын негизинде козголгон кылмыш иштери боюнча гана тергөө органдары тарабынан жүргүзүлөт.  

Сейфте сакталган буюмдарды ачуу, тинтүү же алып чыгуу, ошондой эле аларга арест коюу банктын ички документтерине ылайык банктын ыйгарым укуктуу кызматкерлеринин катышуусунда ишке ашырылат. Мында, сейфте сакталган буюмдарга опись жүргүзүлөт, ага катышкан банк кызматкерлери кол коюуга тийиш, ошондой эле сейфте сакталган буюмдарды ачуу, тинтүү же алып чыгуу процессин видео тасмага түшүрүү иштери жүргүзүлүүгө тийиш.”.