Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 31-майындагы  

№ 21/8 токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен токтом кылат: 

 

1. Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 4-февралындагы № 2/2 «Жеринде барып инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 14-мартындагы № 13/13 «Кредиттик союздардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоо тууралуу» токтомуна; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 23-мартындагы № 7/5 «Кредиттик союздарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын жана башка жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 16-мартындагы № 12/4 «Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/5 «Кыргыз Республикасынын аймагындагы кредиттик бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы № 24/8 «Микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна.  

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом 2017-жылдын 22-июнунан тартып күчүнө кирет. 

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, адистештирилген финансы-кредит мекемеси - «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т. Дж. Джусупов мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын 31-майындагы № 21/8  

токтомуна тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 4-февралындагы №2/2 «Жеринде барып инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Жеринде барып инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоонун: 

- 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.1. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) банк системасынын туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу, аманатчылар укугун коргоо, банктык мыйзам талаптарын сактоо максатында банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашырат жана жөнгө салуу нормаларын белгилейт. 

Улуттук банк, банкка, банк акционерине же банктык топтун кайсыл болбосун катышуучусуна жана банк менен жалпы кызыкчылыкка ээ жактарга маалым болгон кандай болбосун зарыл маалыматты талап кылууга жана алууга укуктуу.»; 

- 1.1-1-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- Нускоонун бүтүндөй тексти боюнча «финансы-кредит мекемелери» деген сөздөр тиешелүү жөндөмө мүчөсүндө «финансы-кредит уюмдары» дегенге алмаштырылсын; 

- Нускоонун бүтүндөй тексти боюнча «Банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердин Инспектрлөө бөлүмү» деген аббревиатуралар «Банктык эмес финансы-кредит уюмдардын Инспектрлөө бөлүмү» дегенге алмаштырылсын; 

- Нускоонун бүтүндөй тексти боюнча «Банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердин Тышкы көзөмөл бөлүмү» деген аббревиатура «Банктык эмес финансы-кредит уюмдарын Тышкы көзөмөл бөлүмү» дегенге алмаштырылсын; 

- Нускоонун бүтүндөй тексти боюнча «капитал шайкештиги» деген сөздөр тиешелүү жөндөмө мүчөлөрүндө «капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештиги)» дегенге алмаштырылсын; 

- 1.7-пункту төмөнкү мазмундагы эскертүү «(1)» менен толукталсын: 

«(1) Ушул нускоонун алкагында операцияларды жана бүтүмдөрдү текшерүү дегенден улам, ички эсеп жазууларын регулятивдик жана финансылык отчеттор менен салыштыруу жана күн ичинде ишке ашырылган операцияларды саясат жана жол-жоболордун талаптарына салыштыруу (ички жол-жоболордун сакталышына баа берүү үчүн) гана эмес, мисалы, айрым кредиттердин жана инвестициялардын сапатын текшерүү сыяктуу, башка текшерүү жол-жоболорун түшүнүү зарыл.»; 

- 2.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.1. Банк ишин текшерүүнүн негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат: 

- банктын финансылык абалына, тескөө сапатына жана натыйжалуулугуна баа берүү

- банк ишинин туруктуулугуна жана коопсуздугуна кесепетин тийгизген, банк ишине мүнөздүү болгон тобокелдиктерди аныктоо; 

- банктын финансылык жана регулятивдик отчетторунун аныктыгын текшерүү

- банк тарабынан Улуттук банктын жазма буйруктары, талаптары жана сунуш-көрсөтмөлөрү аткарылгандыгына баа берүү

- банктын Кыргыз Республикасынын банктык мыйзам нормаларына ылайык келишин жана аларды так сактоосун аныктоо; 

- кемчиликтерди четтетүү үчүн аныкталган бузууга жол берүүлөрдү жана сунуш-көрсөтмөлөрдү аткаруу, банктын абалын жакшыртуу, тобокелдиктерди кыскартуу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү, ал эми зарыл учурларда эскертүү чараларын жана санкцияларды иштеп чыгуу; 

- банктын Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында белгиленген башка милдеттерди жана талаптарды аткаруусу»; 

- VII главанын аталышындагы «Эскертүү чаралары жана санкциялар» деген сөздөр «Эскертүү жана таасир этүү чаралары» дегенге алмаштырылсын; 

- 7.1. жана 7.2 -пункттарындагы «санкциялар» деген сөз «таасир этүү чаралары» дегенге алмаштырылсын; 

- 8.1-пункттагы «30» деген сан «40» дегенге алмаштырылсын; 

- 10.3 жана 10.4-пункттарындагы «санкциялар» деген сөз «таасир этүү чаралары» дегенге алмаштырылсын;  

- 11.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«11.2. Отчеттун негизинде даярдалган жазма буйрукка жана/же бир нече жазма буйруктарга карата «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобого ылайык даттанууга болот.»; 

- 11.3, 11.4, 11.5, 11.6-пункттар күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- Нускоонун 5-тиркемесинде: 

«Эскертүү:» деген сөз алынып салынсын; 

(1) эскертүү жана (2) эскертүү күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- Нускоо төмөнкү редакциядагы 6-тиркеме менен толукталсын: 

 

«Жеринде барып инспектордук 

текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө 

нускоого карата 6-тиркеме 

 

Банктарды CAMELS системасы боюнча классификациялоо 

 

Банктарды классификациялоо банкка рейтинг ыйгаруу үчүн комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча CAMELS банк ишине баа берүү рейтингдик системасын пайдалануу менен ишке ашырылат. Мында, көзөмөлгө алуу мезгили ичинде капитал шайкештиги ченемдерине өзгөчө көңүл бурулат.  

CAMELS системасы банктын финансылык абалын чагылдырган төмөнкүдөй 6 компоненттен турат: 

Capital adequacy капитал шайкештиги; 

Asset quality активдердин сапаты; 

Management quality and performance жетекчиликтин ишинин натыйжалуулугу; 

Earnings performance - кирешелүүлүк; 

Liquidity - ликвиддүүлүк; 

Sensitivity to market risk рыноктук тобокелдиктерге дуушарлануу ыктымалдыгы. 

Мында, банк жетиштүү деңгээлде капиталдаштырылган болсо, бирок көзөмөл органынын тынчсыздануусун жаратпаган кемчиликтерге ээ болсо, ага 1 же 2-рейтинг ыйгарылат.  

Эгерде банк жетиштүү деңгээлде капиталдаштырылбаса, бирок капитал боюнча ченемдик талаптар бузулбаса, ага 3 же 4-рейтинг ыйгарылат. Мындай банктарда көзөмөл органынын бир аз тынчсыздануусун жараткан проблемалар болушу мүмкүн, мында капитал милдеттүү камдык талаптардан артат, бирок ал банк ишинде келип чыккан тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн жетишсиз болот. Орун алган жагдай андан ары начарлап, тобокелдиктердин өөрчүп кетишине жол бербөө үчүн банк иши көзөмөл органынын контролдугуна алынат. 5-рейтинг ыйгарылган банк кыйла капиталдаштырылбаган деп эсептелинет. Тигил же бул рейтингди ыйгаруу өзгөчөлүгү белгиленген талаптардан четтөөсүнө жараша аныкталат. Ыйгарылган рейтинг банктын төлөө жөндөмдүүлүгүнөн ажыроо ыктымалдыгына жараша аныкталат.». 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 14-мартындагы №13/13 «Кредиттик союздардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө нускоо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттик союздардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоонун: 

- бүтүндөй тексти боюнча «КР» деген аббревиатуралар тиешелүү жөндөмө мүчөлөрүндө «Кыргыз Республикасы» дегенге алмаштырылсын; 

- бүтүндөй тексти боюнча «КС» деген аббревиатуралар тиешелүү жөндөмө мүчөлөрүндө «кредиттик союздар» дегенге алмаштырылсын; 

- 1.1-пунктундагы «Банктар жана банк иши жөнүндө» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» дегенге алмаштырылсын; 

- 1.13-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кредиттик союздун ишине инспектордук текшерүү Инспектрлөө башкармалыгынын Банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын ишин инспектрлөө бөлүмү жана Улуттук банктын областтык башкармалыктары жана өкүлчүлүктөрү (мындан ары областтык башкармалыктар) тарабынан жүзөгө ашырылат.»; 

- 3.7-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.7. Жеринде барып текшерүүлөрдү жүргүзүү мөөнөтү 15 жумуш күнүнөн ашпоого тийиш. Текшерүү түрүнө, кредиттик союздун иш көлөмүнө, ошондой эле жагдайдын татаалдыгына жараша текшерүү мөөнөтү, Төраганын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын көзөмөл блогунун ишин түздөн-түз тескөөгө алган мүчөсү/Инспектрлөө башкармалыгынын начальниги менен макулдашылгандан кийин Инспектрлөө башкармалыгынын/областтык башкармалыктардын начальниктери тарабынан кол коюлган кошумча текшерүүгө жолдомо сунушталган шартта,15 жумуш күнүнө узартылышы мүмкүн.»; 

- 4.2-пунктундагы: 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөлдүк башкармалыгы/областтык башкармалыктар» деген аббревиатуралар «Улуттук банктын Инспектрлөө башкармалыгы/областтык башкармалыктар» дегенге алмаштырылсын; 

«башка кызматкерлер» деген сөздөр «башка кызмат адамдары» дегенге алмаштырылсын; 

- 5.1-пункттун: 

экинчи сүйлөмүндөгү «Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөлдүк башкармалыгы/Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын областтык башкармалыгынын ишине көзөмөлдүк жүргүзүү бөлүмүнүн начальниги» деген сөздөр «Банктык эмес финансы-кредит уюмдарын инспектрлөө бөлүмү/Улуттук банктын областтык башкармалыгынын ишине көзөмөлдүк жүргүзүү бөлүмүнүн начальниги» дегенге алмаштырылсын; 

бул пункттун үчүнчү сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Жолугушуунун жүрүшүндө текшерүү ишинин жетекчиси четтетилүүгө тийиш болгон белгиленген талаптарды бузууга жол берүүлөр жөнүндө маалымдоого жана кредиттик союз үчүн кыйла тобокелдиктерди жараткан иш чөйрөлөргө өзгөчө көңүл бурууга тийиш.»; 

- 5.6-пункту төмөнкү мазмундагы «(1)» эскертүү менен толукталсын: 

«Эскертүү (1) Олуттуулук критерийи ФОЭСке ылайык белгиленет.»; 

- 8.2, 9.1. жана 9.2.-пункттарындагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөлдүк башкармалыгы/областтык башкармалыктары» деген аббревиатуралар «Улуттук банктын Инспектрлөө башкармалыгы/областтык башкармалыктары» дегенге алмаштырылсын; 

- 10.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10.1. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча отчетко даттанууга жол берилбейт.»; 

- 10.1.1, 10.1.2, 10.1.3-пункттар күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 10.2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10.2. Улуттук банктын таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечимине «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобого ылайык даттанууга болот.»; 

- 10.3, 10.4, 10.5, 10.6-пункттар күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- төмөнкү мазмундагы эскертүү алынып салынсын: 

«(1) Олуттуулук критерийи ФОЭСке ылайык белгиленет.»; 

- 2-тиркемедеги «Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөлдүк башкармалыгы/областтык башкармалыктар» деген аббревиатуралар «Инспектрлөө башкармалыгы/областтык башкармалыктар» дегенге алмаштырылсын. 

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 23-мартындагы №7/5 «Кредиттик союздарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттик союздарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун: 

- 1.1-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 2.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.1. Бул жободо кредиттик союздарга карата колдонулушу мүмкүн болгон төмөнкүдөй таасир этүү чаралары аныкталган: 

а) аныкталган талаптарды бузууга жол берүүлөрдү жана кемчиликтерди четтетүү жөнүндө жазма буйрук жөнөтүү

б) кыйла жогору экономикалык ченемдерди киргизүү

в) тике банктык көзөмөлдүктү киргизүү

г) кредиттик союздун кызмат адамдарын иштен четтетүүнү же бошотууну, башкаруу органдарын алмаштырууну талап кылуу; 

д) кредиттик союзда айрым операцияларды жүргүзүүнү убактылуу токтотуу же чектөөлөрдү белгилөө

е) кредиттик союзда убактылуу администрацияны киргизүү

ж) кредиттик союзга жана анын кызмат адамына карата айыптык төлөм белгилөө

з) кредиттик союздун лицензиясынын аракетин убактылуу токтотуу; 

и) кредиттик союздун лицензиясын кайтарып алуу. 

Улуттук банк төмөнкүлөргө укуктуу: 

- белгиленген иш-аракеттердин/аракеттенбей коюулардын натыйжасында кредиттик союз кооптуу же ишенимсиз финансылык ишке тартыла тургандыгын, же болбосо банктык мыйзамдардын же ченемдик актылардын талаптарын, Улуттук банктын жазма буйруктарын жана/же кредиттик союздун уставын бузууга жол бергендигин тастыктаган фактылар аныкталган шартта, кредиттик союздун кандай болбосун айкын иш-аракетин же жүзөгө ашырууну пландаштырган ишин токтотуу жөнүндө буйруу чыгарууга; 

- кредиттик союздун финансылык абалын чыңдоо боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү берүүгө.»; 

- 2.5-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.5. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин компетенциясына кредиттик союзга карата төмөнкүдөй таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечим кабыл алуу милдети кирет: 

- кыйла жогору экономикалык ченемдерди киргизүү

- тике банктык көзөмөлдүктү киргизүү

- кредиттик союзга убактылуу администрация режимин киргизүү

- айрым операцияларды жүргүзүүнү убактылуу токтотуу же чектөөлөрдү белгилөө

- кредиттик союздун кызмат адамдарын иштен четтетүүнү же бошотууну, башкаруу органдарын алмаштырууну талап кылуу; 

- кредиттик союзга жана анын кызмат адамына карата айыптык төлөм белгилөө

- лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу; 

- лицензияны кайтарып алуу.»; 

- 3.3-пункттагы «тике көзөмөлдүк» деген сөздөр «тике банктык көзөмөлдүк» дегенге алмаштырылсын; 

- 3.4-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кредиттик союздун кызмат адамдарын иштен четтетүү же бошотуу, башкаруу органдарын алмаштыруу жөнүндө талап Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан коюлат. Кредиттик союздун кызмат адамдарын иштен четтетүү же бошотуу, башкаруу органдарын алмаштыруу үчүн төмөнкүлөр негиз катары саналат:»; 

- 3.6-пунктунун биринчи, экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.6. Кредиттик союзга убактылуу администрация режимин киргизүү.  

Убактылуу администрация режимин киргизүү чечими Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан кабыл алынат.  

Убактылуу администрация режимин киргизүү үчүн төмөнкүлөр негиз катары саналат:»; 

- 3-глава төмөнкү мазмундагы 3.6.-1., 3.6.-2-пункттар менен толукталсын: 

«3.6.-1. Кредиттик союзга карата айыптык төлөм белгилөө

Кредиттик союзга карата айыптык төлөм Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечиминин негизинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, банктык мыйзам талаптарын бузууга жол бергендиги, Улуттук банктын милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон жазма буйруктарын аткарбагандыгы же системалуу түрдө отчет сунуштабагандыгы же болбосо такталбаган маалыматты, отчетторду же билдирүүлөрдү сунуштагандыгы үчүн активдердин баланстык наркынын 10 (он) пайызынан ашпаган өлчөмдө белгиленет.  

Кредиттик союз чечим кабыл алынгандан тартып бир айлык мөөнөт ичинде айыптык төлөм төлөөгө милдеттүү

Айыптык төлөм төлөнбөгөн шартта, Улуттук банк кредиттик союздан айыптык төлөмдү мажбурлоо менен өндүрүп алууга укуктуу. 

3.6.-2. Кредиттик союздун кызмат адамына карата айыптык төлөм белгилөө

Кредиттик союздун кызмат адамдарына карата айыптык төлөм белгилөө чечими Көзөмөл боюнча комитет тарабынан мыйзам талаптарын бузууга жол бергендиги, Улуттук банктын милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон жазма буйруктарын аткарбагандыгы же системалуу түрдө отчет сунуштабагандыгы же болбосо такталбаган маалыматты, отчетторду же билдирүүлөрдү сунуштагандыгы үчүн бардык төлөөлөр түрүн (эмгек акы, сый акылар, бонустар ж.б.) кошо алганда, орточо жылдык сый акы өлчөмүндө кабыл алынат.»; 

- 3.13-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.13. Өз катышуучуларынан депозиттерди тартуу лицензиясына ээ кредиттик союз төлөөгө жөндөмсүз абалда калган учурда, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоюулууга тийиш.»; 

- 4.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.1. Улуттук банктын таасир этүү чараларды колдонуу жөнүндө чечимине «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобого ылайык датанууга болот.»; 

- 4.2, 4.3-пункттар күчүн жоготкон катары таанылсын. 

 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы №52/6 «Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган башка жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

токтомдун аталышындагы жана 1-пунктундагы «Улуттук банктан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган башка жактардын» деген сөздөр «Улуттук банктын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын» дегенге алмаштырылсын; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган башка жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоонун: 

- аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоо; 

- Нускоонун 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоо (мындан ары Нускоо), Улуттук банк микрофинансылык уюмдардын, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын: депозиттерди тартпаган микрофинансылык компаниялардын, микрокредиттик компаниялардын, микрокредиттик агенттиктердин, ошондой эле адистештирилген финансы мекемесинин жана кредиттик бюролордун ишин көзөмөлдөө жана жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.  

- Нускоонун бүтүндөй тексти боюнча «адистештирилген финансы-кредит мекемеси» деген сөздөр «адистештирилген финансы мекемеси» дегенге алмаштырылсын; 

- 2-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын;  

- 41-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Отчеттун негизинде даярдалган жазма буйрукка жана/же бир нече жазма буйруктарга «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана коммерциялык банктар, банк операцияларынын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобого ылайык даттанууга болот.»; 

- 42, 43, 44-пункттар күчүн жоготкон катары таанылсын.  

 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 16-мартындагы №12/4 «Адистештирилген финансы-кредит мекемелердин ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 

токтомдун аталышындагы жана бүтүндөй текстиндеги «финансы-кредит» деген сөздөр «финансы» дегенге алмаштырылсын; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Адистештирилген финансы-кредит мекемелердин ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- аталышындагы «финансы-кредит» деген сөздөр «финансы» дегенге алмаштырылсын; 

- 1-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 2-пунктундагы «адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин» деген сөздөр «финансы мекемелеринин» дегенге алмаштырылсын;  

- 42-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Ага карата эскертүү чараларын колдонуу чечими кабыл алынган адистештирилген финансы мекемеси бул чечимге «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана коммерциялык банктар, банк операцияларынын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобого ылайык даттанууга укуктуу.»; 

- 43, 44, 45, 46, 47, 48-пункттар күчүн жоготкон катары таанылсын.  

 

6. Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы №40/5 «Кыргыз Республикасынын аймагында кредиттик бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын аймагында кредиттик бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелеринин»: 

- 1-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын;  

- 78-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«78. Ага карата жоопкерчилик тартуу чараларын колдонуу чечими кабыл алынган кредиттик бюро мындай чечим боюнча даттануу менен «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана коммерциялык банктар, банк операцияларынын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобого ылайык кайрылууга укуктуу.»; 

- 79, 80, 81, 82, 83, 84-пункттары күчүн жоготкон катары таанылсын.  

7. Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майында № 24/8 «Микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» нускоонун: 

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Нускоо микрокаржылоо компанияларынын (мындан ары МКК), анын ичинде Шариат стандарттарынын талаптарын жана банк операцияларын жүзөгө ашырууда алар колдонгон атайы терминдерди эске алуу менен ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган компаниялардын ишинде валюта тобокелдиктерине бөгөт коюу максатында иштелип чыккан.»; 

- нускоонун бүтүндөй тексти боюнча «санкциялар» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «таасир этүү чаралары» дегенге алмаштырылсын;  

- 18-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«18. МКК ачык валюта позицияларына белгиленген лимиттерди бузууга жол берген шартта Улуттук банк, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан микрокаржылоо уюмдарына карата колдонулуучу эскертүү чаралары жөнүндө» жобого ылайык, ачык валюта позициясынын лимитинен ашкан сумманын 5%, бирок МКК активдеринин баланстык наркынын 10% (он) ашпаган өлчөмдө МККдан акчалай айыптык төлөм өндүрүү түрүндө таасир этүү чарасын колдонот.».