Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 31-майындагы  

№ 21/10 токтому 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына 

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 67/9 «Кыргыз Республикасынын операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобо тууралуу» токтому; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/5 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-сентябрындагы № 38/8 «Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 30-сентябрындагы № 39/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге талаптар жөнүндө жобо тууралуу» токтому; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы № 32/2 «Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү» жобо тууралуу» токтому;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 26-октябрындагы № 60/8 «Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23 октябрындагы № 39/9 «Микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимдерине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралу» токтому;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 24-сентябрындагы № 42/8 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдар тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын ___________________________ № _______токтомунун 2-барагы 

 

жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу» токтому; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 23 апрелиндеги № 16/3 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому. 

2. Токтом 2017-жылдын 22-июнунан тартып күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен иштеп жаткан коммерциялык банктарды, микрофинансылык уюмдарды жана кредиттик союздарды, алардын бирикмелерин (ассоциацияларын), «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсын, «Ислам каржы ассоциациясы» жана «Кыргыз банктар бирлиги» юридикалык жактар бирикмелерин, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т. Дж. Джусупов мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 31-майындагы  

№ 21/10 токтомуна тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-ноябрындагы №67/9 «Кыргыз Республикасынын операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобонун: 

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Жобонун талаптары «ислам терезесине» ээ банктарды кошо алганда, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктарга (мындан ары банктар) таркатылат. 

Банктарда натыйжалуу корпоративдик башкаруу айрым банктардын жана бүтүндөй банк тутумунун туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу жагында маанилүү шарттардын бири болуп саналат. 

Ушул жобонун максаттарында төмөнкү аныктамалар колдонулат: 

- инвестициялык эсеп бул, анда банк тарабынан мударада келишиминин негизинде тартылган каражаттар эсепке алынган кардарлардын эсептери. Мудараба келишиминин түрүнө жараша инвестициялык эсеп чектелбеген же чектелген болушу мүмкүн; 

- фидуциардык жоопкерчилик бул: 

а) банктын өз кардарлары алдында Шариат эрежелерин жана принциптерин сактоо жоопкерчилиги; 

б) банктын инвестициялык эсеп ээлеринин акча каражаттарын талапка ылайык тескөө жана мудараба келишимдеринде каралган шарттарды сактоо боюнча жоопкерчилиги; 

- тобокелдик профили топтолгон, иликтөөгө алынган жана системага салынган маалыматка негизденген жана түптөлгөн артыкчылыктарды эске алуу менен иш багыттары боюнча тобокелдиктерге дуушарланышы мүмкүндүгүн мүнөздөгөн банктын тобокелдик көрсөткүчтөрүнүн айкалышы.»; 

- 3-пункттун тогузунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банктарда жана банктык топтордо эффективдүү корпоративдик башкаруунун методологиялык негизи болуп, Банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин жана Ислам Финансы Кызмат көрсөтүүлөр Кеңешинин сунуш-көрсөтмөлөрү саналышат. Алар Эл аралык эсептердин банкынын (Швейцария) www.bis.org сайтында жана Ислам Финансы Кызмат көрсөтүүлөр Кеңешинин (IFSB) ) www.ifsb.org сайтында жайгашкан, жана ошондой эле ОЭСРдин корпоративдик башкаруу принциптери www.oecd.org сайтында жайгашкан.»; 

- төмөнкү мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын: 

«3-1. Банкта натыйжалуу корпоративдик башкарууну жүзөгө ашырууга багытталган жана бул жобого каршы келбеген ички ченемдик документтер иштелип чыгышы мүмкүн.»; 

- 4-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Банк акционерлери жана алардын аффилирленген жактары, банктын кызмат адамдары, ошондой эле банк менен байланыштуу жактар Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамында (мындан ары мыйзам) белгиленген талаптарга жана Улуттук банктын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктардын ишин лицензиялоо талаптарына ылайык кынтыксыз ишкердик абройго ээ болууга тийиш.»; 

- 7-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7. Банк акционерлеринин жалпы жыйынынын өзгөчө компетенциясына тиешелүү маселелер Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» жана «Акционердик коом жөнүндө» мыйзамдарында аныкталган.»; 

- төмөнкү мазмундагы 9-1-пункт менен толукталсын: 

«9-1. Убактылуу администрация режими киргизилген мезгилде акционерлердин жалпы жыйынынын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.»; 

- 10-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10. Банктын Директорлор кеңеши бул, банктын башкаруу органы, ал акционерлердин жалпы жыйыны ортосундагы мезгил аралыгында банкта жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат. 

Директорлор кеңеши банк ишинин тескөөгө алынышына жана анын финансылык абалына контролдукту жүзөгө ашырат жана акционерлердин жалпы жыйынына отчет берип турат.»; 

- 11-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«11. Директорлор кеңешинин өзгөчө компетенциясына жана жоопкерчилигине кирген маселелер тиешелүү мыйзамда аныкталган жана анда банктын стратегияларын жана саясаттарын аныктоо милдети каралган.»; 

- 18-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«18. Директорлор кеңеши милдеттүү түрдө төмөнкү комитеттерди түзүүгө тийиш: 

1) банк Башкармасынын банкта орун алган тобокелдиктерди жөнгө салуу ишине контролдукту камсыз кылган Тобокелдиктерди тескөө комитети; 

2) Аудит боюнча комитет; 

3) Дайындоо жана сый акы төлөө боюнча комитет. 

Мындан тышкары банкта Корпоративдик башкаруу боюнча комитет, Жаңы продукттар боюнча комитет, Комплаенс-контроль комитети жана башка комитеттер түзүлүшү мүмкүн. 

Директорлор кеңешинин комитеттеринин иши Улуттук банктын жана банктын ички документтеринин талаптарына жооп берүүгө тийиш. 

Банкта корпоративдик башкарууну күчөтүү максатында башка комитеттер да түзүлүшү мүмкүн, атап айтканда: 

- Каржылоо боюнча комитет каржылоо, гарантия, милдеттенме, кепилдик берүү, ошондой эле каржылоо операция болуп саналган жана өзүндө кредиттик жоготуу тобокелдигин камтыган башка активдер жана милдеттенмелер боюнча чечимдерди кабыл алат. Каржылоо боюнча комитеттин иши Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына жана Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген Комитет тууралуу ички жобого ылайык жөнгө салынат. 

- Банктын активдерин жана пассивдерин тескөө комитети - банктын балансынын жалпы түзүмүн контролдукка алат, активдер жана пассивдер түзүмүнө мониторинг жүргүзөт, ошондой эле Директорлор кеңеши тарабынан белгиленген активдерди жана пассивдерди тескөө саясатынын талаптарынын сакталышын камсыз кылат. Аталган комитеттин иши Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына жана Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген Комитет тууралуу ички жобого ылайык жөнгө салынат. 

Бардык комитеттерде алардын төрагалары башчылык кылат.»; 

- 19-пункттун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Негизги милдети акционерлердин гана эмес, кызыкдар тараптардын (кызматкерлер, кардарлар, инвестициялык эсеп ээлерин жана башка аманатчыларын кошо алганда, берүүчү) да таламын коргоо болуп саналган Корпоративдик башкаруу боюнча комитет, банкты башкаруу саясатынын жайылтылышына жана сакталышына мониторинг жүргүзүүнү жана баа берүүнү жүзөгө ашырат, ошондой эле, инвестициялык эсеп ээлеринин каражаттарын тескөө боюнча инвестициялык стратегиянын жүзөгө ашырылышына мониторинг жүргүзөт.»; 

- 23-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«23. Тобокелдиктерди тескөө комитети банк Башкармасынын тобокелдиктерди тескөө маселелерин өзүнө алган ишине контролдукту камсыз кылат. 

Банк активдерин жана пассивдерин тескөө боюнча комитет банктын балансынын жалпы түзүмүнө контролдукту, активдерге жана пассивдерге мониторингди, ошондой эле Директорлор кеңеши тарабынан белгиленген активдерди жана пассивдерди тескөө саясатынын талаптары сакталышына контролдукту камсыз кылат.»; 

- жобо төмөнкү мазмундагы 23-1-пункт менен толукталсын: 

«23-1. Банктын бардык комитеттеринин ишин жөнгө салган ички документтерде төмөнкүлөр белгиленүүгө тийиш: 

- комитетти түзүү жана ишкердикти жүргүзүү максаты; 

- комитеттин ыйгарым укуктары; 

- комитеттин төрагасынын дайындоо тартиби; 

- отурумдарды өткөрүү тартиби; 

- отчет берүү тартиби; 

- комитеттин ар бир мүчөсүнүн кабыл алынган жана кол коюлган чечим үчүн жоопкерчилиги. 

Мындан тышкары, бул документтерде отурумда катышкан жана чечим кабыл алган ар бир катышуучуга карата төмөнкүдөй талаптар коюлууга тийиш: 

- кароого алынып жаткан маселени билүүгө

- ал кабыл алган чечим банк ишине кандай таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн түшүнүүгө

- кабыл алынган чечимден улам келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерге жана кесепеттерге баа берүүгө

Кароого алынып жаткан маселе боюнча сын-пикирлер жана сунуштар, ошондой эле комитеттин мүчөсүнүн кабыл алынган чечимге макул эместиги тууралуу пикири добуш берүү учурунда айтылууга жана ал протоколдо чагылдырылууга тийиш. Протоколго отурумда катышкан комитеттин бардык мүчөлөрү жана анын катчысы кол тамга коет. Комитеттин отурумунда катышпаган мүчөлөр протокол жана кабыл алынган чечимдер менен таанышып чыгып, кол тамга коюуга тийиш.»; 

- 24-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«24. Директорлор кеңеши банктын таламында иш алып барып, бардык акционерлерге бирдей мамиле кылуу принцибин сактоого жана акционерлердин жыл сайын өтүүчү жалпы жыйынында аларга өз иши тууралуу отчет берип турууга милдеттүү

Төрага жана Директорлор кеңешинин мүчөлөрү аткаруу жоопкерчилиги Директорлор кеңешине жүктөлгөн маселелер боюнча аракеттенбей коюулар үчүн жоопкерчилик тартышат.»; 

- 25-пункттун: 

биринчи сүйлөмүндөгү «ыкчам» деген сөз алынып салынсын; 

төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Кароого алынып жаткан маселе боюнча сын-пикирлер жана сунуштар, ошондой эле кабыл алынган чечимге макул болбогон Директорлор кеңешинин мүчөсү өз пикирин добуш берүү учурунда айтууга жана ал протоколдо чагылдырылууга тийиш. Отурумда толтурулган протоколго жана стенографиялык отчетко (толук жазуу түрүндөгү катышуучулардын чыгып сүйлөгөндөрүнүн тексти), отурумда катышкан Директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен макулдашылгандан (виза коюулгандан) кийин төрагалык кылган кызмат адамы жана Корпоративдик катчы кол тамга коет. Отурумда катышпаган Директорлор кеңешинин мүчөлөрү протокол жана кабыл алынган чечимдер менен таанышып чыгып, кол тамга коюуга тийиш.»; 

- 26-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«26. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга жооп берүүгө тийиш.»; 

- 27-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«27. Компетенттүүлүктү, калыстыкты жана көз карандысыздыкты камсыз кылуу максатында, Директорлор кеңешине экономикалык, финансылык, монетардык жана юридикалык маселелер боюнча жалпыга таанымал абройго жана жогору кесиптик тажрыйбага ээ эксперт-адистер шайланышы мүмкүн.  

Директорлор кеңешинин кеминде бир мүчөсү мамлекеттик жана/же расмий тилди билген Кыргыз Республикасынын жараны болуусу зарыл.  

Банктын Директорлор кеңешинин курамынын кеминде үчтөн бирин көз карандысыз мүчөлөр түзүүгө тийиш.»; 

- 29-пункту төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: 

«Мисалы, эгерде банк, чектелген инвестициялык эсептердин ар түрдүү түрлөрүн сунуштаса.»; 

- 39-пунктундагы «бүтүмдөрдүн (келишимдердин)» деген сөздөр «саясаттардын жана типтүү келишимдердин» дегенге алмаштырылсын; 

- төмөнкү мазмундагы 39-1-пункт менен толукталсын: 

«39-1. Шариат кеңешинин мүчөсү өз фидуциардык милдеттерин бузууга жол берүүсү фидуциардын (банктын жана анын акционерлеринин) өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуусу жана ага карата нааразычылыгын билдирүүсү, доо жана башка талаптарды коюусу үчүн негиз болушу мүмкүн.»; 

- 40-пункттундагы «Шариат кеңеши тарабынан Шариат» деген сөздөрдөн кийин «стандарттарынын» деген сөз кошулсун; 

- 44-пункттун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Шариат кеңешинин мүчөлөрү Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга жооп берүүгө тийиш.»; 

- 45-пунктундагы «Башкармадан» деген сөздөн кийин «жана Директорлор кеңешинен» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 46-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«46. Шариат кеңешинин иши акционерлердин жалпы жыйынында бекитилген жобо аркылуу жөнгө салынат. Эгерде активдер үлүшү баланс валютасынын 50% ашпаса, «ислам терезесине» ээ банкка Шариат кеңешинин иши Директорлор кеңеши бекиткен жобо аркылуу жөнгө салынат. Шариат стандарттарынын сакталышына мониторингдин жүргүзүлүшүнө жооптуу болгон бөлүмдүн иши банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилип, Шариат кеңеши тарабынан макулдашылган жобо аркылуу жөнгө салынат.»; 

- 47-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3) Директорлор кеңеши, Башкарма жана Комитеттер менен өз ара иш алып баруу тартиби.»; 

- 48-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«48. Банк Башкармасы банктын күндөлүк ишине жетекчиликти Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына, Башкарма жөнүндө ички жобого ылайык жүзөгө ашырат жана ал Директорлор кеңешине отчет берет.»; 

- 49-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«49. Банк Башкармасынын компетенциясына жана жоопкерчилигине тиешелүү маселелер мыйзамдарда белгиленген жана аларда Директорлор кеңеши тарабынан аныкталган стратегияларды жана саясаттарды жүзөгө ашыруу милдеттери каралган.»; 

- 52-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«52. Банк Башкармасынын мүчөлөрү Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга жооп берүүгө тийиш.»; 

- 53-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«53. Башкарманын мүчөлөрү өз ишин жүзөгө ашырууда калыс болууга, өз таламын жана банктын айрым акционерлери менен кызмат адамдарынын таламдарын эмес, эң оболу, банктын таламын көздөп, Шариат стандарттарына ылайык келген алгылыктуу жана коопсуз банктык тажрыйбаны камсыз кылуу үчүн болгон күчаракетин жумшоого тийиш. 

Кароого алынып жаткан маселе боюнча сын-пикирлер жана сунуштар, ошондой эле кабыл алынган чечимге макул болбогон банк Башкармасынын мүчөсү өз пикирин добуш берүү учурунда айтууга жана ал протоколдо чагылдырылууга тийиш. Отурумда толтурулган протоколго жана стенографиялык отчетко (толук жазуу түрүндөгү катышуучулардын чыгып сүйлөгөндөрүнүн тексти), отурумда катышкан Директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен макулдашылгандан (виза коюулгандан) кийин төрагалык кылган кызмат адамы жана Корпоративдик катчы кол тамга коет. Директорлор кеңешинин отурумда катышпаган мүчөлөрү протокол жана кабыл алынган чечимдер менен таанышып чыгып, кол тамга коюуга тийиш.»; 

- 54-пункттун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) коллегиалдуу чечим кабыл алуу учурларын эске албаганда, чечим кабыл алууга функционалдык милдеттерге ылайык тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ эмес банк Башкармасынын мүчөсүнүн катышуусуна;»; 

- 57-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«57. Банкта таламдардын каршы келип калышына жол бербөө, ошондой эле аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактар, банк Башкармасынын, Директорлор кеңешинин мүчөлөрү, башка кызмат адамдар, олуттуу катышуучулар, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн адамдар менен байланыштуу кайсыл болбосун жеке адамдар менен операцияларды жөнгө салуу боюнча мыйзамдарды жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышын камсыз кылган механизмер иштелип чыгууга тийиш.  

Таламдардын каршы келип калышына жол бербөө жана идентификациялоону камсыз кылуу максатында банк кеминде төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү

- Директорлор кеңешине жана банк Башкармасына таламдардын каршы келип калышына байланыштуу тобокелдиктер тууралуу маалымат берүү жол-жобосун иштеп чыгууга; 

- Банктын кызмат адамы жана кызматкерлери кызмат ордуна дайындалганга (шайланганга) чейин банкка жакын туугандарынын тизмегин сунуштоого; 

- таламдардын каршы келип калышы орун алган шартта банктын кызмат адамы же кызматкери бул тууралуу банк Башкармасына жана/же Директорлор кеңешине дароо маалымдоого; 

- таламдардын каршы келип калышы тууралуу маалымат базасын жүргүзүүгө

- таламдардын каршы келип калышы өз убагында аныкталбаган учурда Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.»; 

- 60-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«60. Банктын иш-аракети жөнүндө маалыматты ачып көрсөтүү, ошондой эле ушул жобонун 5, 30, 31, 36, 38, 43-пункттары боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген талаптарга кошумча, эффективдүү корпоративдик башкаруу төмөндөгү маалыматтын ачып көрсөтүлүшүн болжолдойт: 

1) банктын башкаруу органынын түзүмү (курамы, квалификациясы жана тажрыйбасы, ыйгарым укуктары, милдети, жетекчиликке алуучу чөйрөсү, иш регламенти жана комитеттерге мүчөлүгү, комитеттердин отурумдарынын саны тууралуу маалымат менен бирге ж.б.); 

2) банк менчик ээлеринин түзүмү (банктын олуттуу акционерлери, банктын акционердик капиталындагы чет өлкө инвесторлорунун үлүшү, шайлоо укугу ж.б.); 

3) банктын уюштуруу түзүмү жана болгон болсо, банктык топтун түзүмү

4) банктын аффилирленген жактары жана инсайдерлери менен операциялардын түрлөрү, шарттары жана көлөмү

5) кесиптик этика стандарттары; 

6) таламдардын каршы келип калышына жол бербөө суроосу боюнча, сый акы төлөө боюнча жана тобокелдиктерди тескөө боюнча маалымат.»; 

- жобо төмөнкү мазмундагы 9, 10 жана 11-главалар менен толукталсын:  

«9. Банктын корпоративдик катчысы 

62. Банктын корпоратидик катчысы банк акционерлеринин жалпы жыйынын жана Директорлор кеңешинин иш алып баруусун камсыз кылат жана аларды уюштурат (отурумдарды өткөрүү жана иш кагаздарын жүргүзүү).  

63. Корпоративдик катчы банктын кызмат адамы болуп саналат жана ал банктын Директорлор кеңешинин чечими менен кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.  

64. Корпоративдик катчы өз ишин тиешелүү мыйзамга, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына, банктын Уставына жана ички ченемдик актыларына, ошондой эле Акционерлердин жалпы жыйыны жана Директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынган чечимдерге ылайык жүзөгө ашырат.  

65. Корпоративдик катчынын ишин башка милдеттер менен айкалышта аткарууга банктын Директорлор кеңешинин макулдугунун негизинде гана жол берилет.  

66. Корпоративдик катчынын функционалдык милдеттери банк тарабынан өз алдынча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана банктын ички ченемдик актыларына ылайык иштелип чыгат.  

67.  Корпоративдик катчы банктын таламында акыйкат жана акыл ченемдүү иш алып барууга милдеттүү, мында ал төмөнкүдөй фидуциардык милдеттерди аткарууга тийиш: 

1) өз ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын банктык мыйзам талаптарын, банктын уставын жана ички ченемдик актыларынын талаптарын так сактоо менен аткарууга; 

2) ага берилген ыйгарым укуктардан пайдаланууга; 

3) акционерлерге жана Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө карата бирдей мамиле кылуу принцибин так сактоого; 

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кынтыксыз ишкердик аброй талаптарына жооп берүүгө

68. Корпоративдик катчы банктын Директорлор кеңешинин отурумдарында милдеттүү түрдө стенографиялык протокол (катышуучулардын пикиринин тексти жазуу жүзүндө) толтурууга, ошондой эле жазуу жүзүндө сурамжылоону жана коммуникациялык каражаттарды колдонууну кошо алганда, добуш берүү жыйынтыгынын негизинде протоколдорду даярдоого тийиш. 

Корпоративдик катчы милдеттүү түрдө кол коюлган протокол менен коммуникациялык каражаттарды колдонуу менен Директорлор кеңешинин бардык мүчөлөрүн тааныштырууга тийиш.»; 

 

10. Дайындоо жана сый акы төлөө боюнча комитетке карата негизги талаптар 

69. Дайындоо жана сый акы төлөө боюнча комитет банкта Директорлор кеңешинин иш натыйжалуулугун жогорулатуу жана кабыл алынган чечимдерди оптималдаштыруу үчүн ишкердик түрлөрүнөн көз карандысыз түзүлөт. 

Комитеттин иши, банк Башкармасынын мүчөлөрүн, ички аудит, тобокелдик-менеджменти, комплаенс-контролдук кызматтарынын жетекчилерин жана кызматчыларын, ошондой эле банк тарабынан аныкталган банктын негизги жетектөөчү кызматчыларын дайындоо жана аларга сый акы төлөө ишине контролдукту күчөтүүгө багытталууга тийиш.  

70. Дайындоо жана сый акы төлөө боюнча комитет, банк үчүн зарыл компетенцияга жана квалификацияга ээ адамдарды ишке тартуу, дем берүү жана кызыктыруу үчүн төлөнүүчү жетиштүү сый акы деңгээлин аныктайт, мында сый акы деңгээли чыгым тартууга алып келбөөгө тийиш. 

71. Комитеттин иши Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары жана Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген Комитет жөнүндө ички жобо аркылуу жөнгө салынат.  

72. Комитет банк акционерлеринин жыйынында дайындалган Директорлор кеңешинин кеминде үч мүчөсүнөн турууга жана алардын бири көз карандысыз мүчө болууга тийиш.  

73. Комитет банк Башкармасынын курамына ички аудит, тобокелдик-менеджменти, комплаенс-контролдук кызматтарынын жетекчилерин жана кызматчыларын, ошондой эле Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарды эске алуу менен аныкталган негизги кызмат ордун ээлеген кызматчыларды кошуу үчүн талапкерлер боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү Директорлор кеңешине берет. 

74. Комитет Корпоративдик катчы кызмат ордуна талапкерди кароого алып, анын белгиленген талаптарга жооп бере тургандыгына баа берет жана Директорлор кеңешине сунуш-көрсөтмөлөрдү берет.  

75. Директорлор кеңешинин, банк Башкармасынын мүчөлөрүнө, ички аудит, тобокелдик-менеджменти, комплаенс-контролдук кызматтарынын жетекчилерине, ошондой эле банк тарабынан аныкталган негизги кызмат орундарын ээлеген кызматкерлерге сый акы төлөө банкта кабыл алынган ички ченемдик актыларга ылайык жүзөгө ашырылат.  

Сый акыларды төлөө боюнча саясат Дайындоо жана сый акы төлөө боюнча комитет тарабынан иштелип чыгууга жана Директорлор кеңеши тарабынан бекитилүүгө тийиш. Директорлор кеңеши Дайындоо жана сый акы төлөө боюнча комитеттин колдоосу астында банкта сый акы төлөө боюнча саясаттын колдонууга киргизилишин жана жүзөгө ашырылышын контролдоого, ал эми зарылчылык келип чыккан учурларда түзөтүүлөрдү киргизүүгө тийиш. 

76. Банктын Директорлор кеңешинин, банк Башкармасынын мүчөлөрүнө, ички аудит, тобокелдик-менеджменти, комплаенс-контролдук кызматтарынын жетекчилерине жана негизги кызмат орундарын ээлеген кызматкерлерге сый акы деңгээли алардын натыйжалуу иш алып баруусуна дем берүүгө жана банкка компетенттүү, квалификациялуу адистерди тартууга жана кызыктырууга мүмкүнчүлүк түзүүгө тийиш. 

Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө кошумча сый акы өлчөмү жалпы акционердик жыйында кабыл алынган чечимдин негизинде финансылык жылдын акырында банк ишинин жыйынтыгын жана Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ишке натыйжалуу катышуусун эске алуу менен белгиленүүгө тийиш.  

77. Эмгекке төлөө системасы бизнес-стратегияга, тобокелдиктерди жөнгө салуу стратегиясына, банктын максаттарына, баалуулуктарына жана узак мөөнөткө каралган кызыкчылыктарына дал келүүгө, ошондой эле анда таламдардын каршы келип калышына жол бербөө чаралары каралууга тийиш. Дем берүү программалары, анын алкагында чечимдерди кабыл алуу тажрыйбасы белгиленген критерийлерге жооп берген жана кызматчылар жеке өзүнүн же түзүмүнүн кызыкчылыгында гана эмес, банктын таламында (кардарлардын да кызыкчылыгын эске алуу менен) иш алып баруусуна түрткү берген тобокелдиктерди жөнгө салуу ишин жүзөгө ашырууга өбөлгө түзүүгө тийиш. Дем берүү программасында каралган сый акылар (бонустар) кызматчылардын ашкере тобокелдикке баруусуна өбөлгө түзбөөгө тийиш. 

78. Сый акы өлчөмү тобокелдиктин натыйжага карата катышынан түздөн-түз көз каранды болууга тийиш. Келечекте аларды алуу мөөнөтү жана ыктымалдыгы белгисиз болгон кирешелердин эсебинен сый акы төлөө ыкмалары кабыл алынган сапаттык жана сандык көрсөткүчтөрдүн негизинде кылдат кароого алынат. Сый акы төлөө системасында, тобокелдик лимиттерин, ички жол-жоболорду же жөнгө салуу талаптарын бузууга жол берүүнү кошо алганда, бардык тобокелдиктерди эске алуу менен сый акы (бонус) өлчөмүн өзгөртүү мүмкүнчүлүгү каралууга тийиш.  

79.  Сый акы төлөө жөнүндө ички ченемдик актыда төмөнкүлөрдү камтуу зарыл:  

- сый акы (бонус) төлөө тартиби жана мезгил аралыгын; 

- келечекте тобокелдиктерди тескөө натыйжасы эске алынган сый акы (бонус) төлөө критерийлеринин системасын; 

- сый акы (бонус) өлчөмүн; 

- тобокелдиктерди кыскартуу чараларын эске алуу менен («ишенимсиз/жоготуу»), белгилүү бир тобокелдик орун алган учурдан тартып натыйжа алганга чейин сый акынын (бонустун) олуттуу үлүшүн төлөөнү киийнкиге калтыруу шарттарын; 

- алынган натыйжанын негизинде сый акы (бонус) өлчөмүн азайтуу же жокко чыгаруу же болбосо аларды төлөөгө чейин тиешелүү чараларды көрүү шарттарын; 

- иш-аракеттер планын аткаруу жана анын талаптарын сактоо шарттарын/банкттын кабыл алган бюджетин; 

- банктын кирешелүүлүгүн.  

 

11. Жаңы продукттар боюнча комитетке карата негизги талаптар 

80. Жаңы продукттар боюнча комитет банкта банктык продукттарды иштеп чыгуу, жаңы продукттарды банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногуна колдонууга киргизүү, ошондой эле иштелип чыккан жаңы продукттар рыногуна банктын аралашуусун контролдоо боюнча чечимдерди кабыл алуу зарылчылыгы келип чыккан учурларда мыйзам талаптарына ылайык түзүлүшү мүмкүн.  

81. Комитет натыйжалуу, максатка багытталган жана контролдукка алынган алгачкы баа берүү процессин камсыз кылуу, учурдагы ресурстук чектөөлөрдүн чегинде банктык продукттарды же кызмат көрсөтүүлөрдү андан ары иштеп чыгуу, тесттен өткөрүү жана колдонууга киргизүү үчүн жаңы банктык продукттарга тиешелүү чечимдерди кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктарга ээ.  

82. Комитет банктын тигил же бул түзүмдүк бөлүмүн жаңы банктык продуктту иштеп чыгуу процессине тартуу мүмкүнчүлүгүн аныкташы ыктымал.  

83. Жаңы банктык продукттарды иштеп чыгууда жана колдонууга киргизүүдө комитет келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерге жана аларды кыскартуу (азайтуу) ыкмаларына баа берүүгө тийиш.  

84. Комитеттин иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген «Комитет жөнүндө» жобо аркылуу жөнгө салынат.  

85. Комитет Директорлор кеңешинин же/жана банк Башкармасынын мүчөлөрүнөн турууга тийиш.  

86. Жаңы банктык продукттарды иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү чечимин кабыл алууда Комитет өз ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ченемдик актыларынын талаптарын так сактоого тийиш.». 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы №51/5 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 1 жана 3-пункттары күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«7. Банкта тобокелдикти тескөө ар тараптуу жана ошол эле учурда бардык иш деңгээлдеринде жүзөгө ашырылышы зарыл. Мында: 

1) банктын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын иши тобокелдикти тескөө концепциясын жана жол-жоболорун аныктоого, алгылыктуу тобокелдик деңгээлин белгилөөгө жана контролдоонун шайкеш системасын түзүүгө багытталууга тийиш; 

2) Тобокелдиктерди тескөө жагында стратегиялык маселелерди кароо, анын күндөлүк абалына баа берүү, банк Башкармасынын ишине контролдукту камсыз кылуу, ошондой эле жаңы банктык технологияларды ишке киргизүүдө тобокелдиктерди аныктоо жана баа берүү Тобокелдиктерди тескөө комитетинин иши болуп саналат; 

3) түзүмдүк бөлүмдөрдө тобокелдикти тескөөдө орто звено жетекчилеринин жана тобокелдиктер боюнча баяндамаларды даярдаган функционалдык бөлүмдөрдүн иши камтылышы зарыл; 

4) банктын атынан тобокелдикти жөнгө салууну өзүнө алган адамдар деңгээлинде тобокелдикти тескөө операциялык жол-жоболорду, ички контролдук жол-жоболорун жана банк жетекчилиги тарабынан белгиленген башка талаптар менен чектелүүгө тийиш.»; 

- жобо төмөнкү мазмундагы 2-1-глава менен толукталсын: 

«2-1. Тобокелдиктерди тескөө комитети 

9-1. Тобокелдиктерди тескөө комитетин (мындан ары - Тобокелдиктерди тескөө комитети) түзүү максатынан болуп банктын Директорлор кеңешине банктык тобокелдиктер чөйрөсүндөгү ишинде артыкчылыктуу багыттарды аныктоого жана тобокелдиктерди талапка ылайык тескөө үчүн шарттарды түзүүгө көмөктөшүү саналат.  

9-2. Тобокелдиктерди тескөө комитетинин компетенциясына кеминде төмөнкүлөр кирет: 

1) Учурда колдонулуп жаткан тобокелдиктерди тескөө системасынын натыйжалуулугуна баа берүү

- тобокелдиктерди тескөө процессин жөнгө салган банктын ички документтерине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү

- тобокелдиктер боюнча отчеттордун жетиштүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү

- тобокелдиктерди тескөө процессин маалыматтык колдоо жетиштүү экендигине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү

1) Кароого алуу: 

- аткаруу органы тарабынан Директорлор кеңешине бекитүү үчүн сунушталган банктын тобокелдиктерди тескөө саясатын жана жобону; 

- олуттуу тобокелдик түрлөрү, банктык лимиттер абалы, стресс-тестирлөө жыйынтыктары боюнча утурумдук отчетторду. 

3) Тобокелдиктерди тескөө системасын түзүүгө жана жүзөгө ашырууга жооптуу түзүмдүк бөлүмдөр, банкта тобокелдиктерди тескөө маселелери жагында тышкы жана ички аудит менен өз ара иш алып баруу. 

4) Банктын Директорлор кеңеши үчүн сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу/даярдоо: 

- колдонуудагы тобокелдиктерди тескөө системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча; 

- бардык банктык операциялар жана башка бүтүмдөр боюнча тобокелдиктерди чектөө саясаты боюнча; 

- тобокелдиктерди тескөө жагында олуттуу мааниге ээ башка маселелер боюнча. 

5) Банктын Директорлор кеңешине банк үчүн олуттуу болуп саналган бардык банктык тобокелдиктер, анын ичинде өзгөчө мааниге ээ маселелер тууралуу маалымдоо.»; 

- 12-пункттагы «сунушталган маалыматтын негизинде» деген сөздөрдөн мурда «Тобокелдиктерди тескөө комитети тарабынан» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 15-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«15. Башкарма консолидацияланган негизде тобокелдиктердин аныкталышы жана өлчөнүшү, алардын олуттуулугуна баа берилиши жана мезгил-мезгили менен тобокелдиктерди тескөө боюнча отчетторду жана тобокелдиктерди тескөө боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдүн Директорлор кеңешине сунушталып турушу үчүн жоопкерчилик тартат, бул тобокелдиктерди тескөө процессинин иш натыйжалуулугун жана шайкештигин камсыз кылууга өбөлгө түзөт.»; 

- жобо 36-1 жана 36-2-пункттар менен толукталсын: 

«36-1. Кирешелүүлүк нормасы тобокелдигинин натыйжасында которулган коммерциялык тобокелдик келип чыгышы мүмкүн. Банк каржылоо булагын канааттандыруу жана сактап калуу, ошондой эле өз каражаттарын кайтарып албоого ынандыруу үчүн мудараба контракты боюнча ага тиешелүү болгон пайданын бир бөлүгүнө же бүтүндөй үлүшүнө ээ болуу укугунан баш тартышы мүмкүн. Которулган коммерциялык тобокелдик банкка инвесторду тартуу жана кызыктыруу (каржылоо булактары) аттандаштыгынан улам келип чыгат.  

36-2. Банктын мудараба контракты боюнча ага тиешелүү болгон пайданын бүтүндөй үлүшүнө ээ болуу укугунан инвестициялык эсеп ээлеринин пайдасына баш тартуу чечими коммерциялык чечим болуп саналат жана ал банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген так саясатка жана жол-жоболорго негизденүүгө тийиш.»;  

- 40-пункттагы: 

«ылайык келбөө тобокелдигин» деген сөздөр алынып салынсын; 

төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Ислам финансылык инструменттер бирдиктүү контрактты же келишимди эмес, белгилүү бир тартипте түзүлгөн жана бир бүтүн түзүмдү түзгөн жазуу жүзүндөгү документтер жана келишимдер жыйындысын түшүндүрөт жана ал тобокелдиктерди кыскартуу максатында банк ар бир операцияны жүзөгө ашырып, ал боюнча документ тариздеткен учурда тобокелдиктердин контролдукка алынышын камсыз кылуусу зарыл.»; 

- 46 жана 47-пункттар күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 61-пунктунун үчүнчү сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Аброй жоготуу тобокелдиги, банк соттук териштирүүлөргө катышуусунан, жалпыга маалымдоо каражаттарында алгылыксыз маалыматтардын жарыяланышынан жана анын натыйжасында финансылык жоготууларга, депозиттердин агылып чыгышына же аброюн жоготушу мүмкүн болгон башка алгылыксыз жагдайлардан улам келип чыгышы мүмкүн.»; 

- 4-главасы төмөнкү мазмундагы 8-1-параграф менен толукталсын: 

«§8-1. Комплаенс-тобокелдик 

65-1. Комплаенс-тобокелдикти тескөө системасын уюштурууда банк учурда орун алып турган рыноктук жагдайга талдап-иликтөөлөрдү жүргүзөт, банктын стратегиясын кароого алат, банктык операциялардын татаалдыгы өлчөмүнө, деңгээлине баа берет жана комплаенс-тобокелдикти тескөө системасынын компоненттерин камтыган ички документтерди иштеп чыгат.  

65-2. Комплаенс-тобокелдик абройду жоготууга, айыптык төлөмдүн же башка акчалай төлөмдөрдүн алынышына, банктын активдер наркын төмөндөтүүгө, ишкердик мүмкүнчүлүгүн чектөөгө, иш чөйрөсүн кеңейтүү потенциалын басаңдатууга жана түзүлгөн келишимдердин, контракттардын шарттарынын аткарылбай калышына алып келиши мүмкүн.  

65-3. Комплаенс-тобокелдикти кыскартуу максатында банктар аны тескөө боюнча саясаттарды, жол-жоболорду жана/же процесстерди бекитүүгө тийиш.  

65-4. Банктын Директорлор кеңеши, алардын негизинде банк ишинин бардык деңгээлинде комплаенс-тобокелдиктер аныкталган жана тескөөгө алынган негизги принциптерди камтыган комплаенс-саясаттын иштелип чыгышы үчүн жоопкерчилик тартат.  

65-5. Банктын Директорлор кеңеши төмөнкү процесстердин жүзөгө ашырылышын камсыз кылууга тийиш: 

1) Тобокелдикти аныктоо мында объективдүү баа берилүүгө жана комплаенс-тобокелдиктин келип чыгышын шарттаган бузууга жол берүүлөрдүн (жагдайлардын, бүтүмдөрдүн) олуттуулугу аныкталууга тийиш. Аныктоолор келечекке каралган пландарга жана банктын учурдагы ишине негизденүүгө тийиш.  

1) Тобокелдикке баа берүү банктын негизги иш багыттарына таасирин аныктоо үчүн тобокелдиктерге сандык жана сапаттык баа берүү

1) Мониторинг/Маалымат системалары башкармалыгы комплаенс-контроль зарылчылыкка жараша, бирок жылына кеминде бир жолу комплаенс-тобокелдик тууралуу маалымдоо үчүн Директорлор кеңешине отчетторду сунуштап турууга тийиш. Кайсыл болбосун мыйзамды же жоболорду бузууга жол берүүлөр тууралуу маалымат, Улуттук банк менен комплаенс-тобокелдикке байланыштуу бардык кат алышуулар Директорлор кеңешине сунушталууга тийиш. Директорлор кеңеши комплаенс-тобокелдикке байланыштуу бардык кемчиликтерди четтетүү боюнча чаралардын аткарылышын жана мындай кемчиликтердин андан ары келип чыгышына бөгөт коюу максатында, ички контролдук саясатына жана процесстерге зарыл өзгөртүүлөрдүн киргизилишин камсыз кылууга тийиш.  

1) Тобокелдикти контролдоо банк комплаенс-тобокелдикти кыскартуу үчүн контролдукту жүргүзүүгө тийиш. Анда кеминде төмөнкүлөр каралуусу зарыл: 

а) комплаенс-тобокелдикти аныктоо, өлчөө жана мониторинг жүргүзүү

б) комплаенс-тобокелдикти чектөөгө мүмкүндүк берген корпоративдик маданиятты колдонууга киргизүү

в) отчет тапшырууну жана мыйзам нормаларына, банктын саясат жана жол-жобо нормаларына ылайык келүүсүнө жоопкерчиликти так аныктоо; 

г) бардык мыйзамдарга жана жоболорго дал келишин камсыз кылган жол-жоболор камтылган комплекстүү түзүмдү (планды) өнүктүрүү

д) кайсыл болбосун жаңы банктык продукттарга же ишкердик түрлөрүнө потенциалдуу комплаенс-тобокелдикке талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү боюнча талаптар; 

е) ички аудит программасында мыйзамдарга, эрежелерге жана жоболорго ылайык келүүсүн мезгил-мезгили менен текшерүүлөрдү жүргүзүү талабы; 

ж) банктын бардык кызматкерлери банк ишине таасирин тийгизген мыйзам талаптарын, эрежелерди жана жоболорду билиши үчүн банк персоналын окутуудан өткөрүү

з) Директорлор кеңешинин пикири боюнча банкта комплаенс-тобокелдикти кыскартуу үчүн зарыл болгон кайсыл болбосун башка саясаттар, жол-жоболор же процесстер.». 

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-сентябрындагы № 38/8 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобонун: 

- 1.1-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 1.2-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын» деген сөздөр «, анын ичинде «ислам терезесине» ээ банктар» дегенге алмаштырылсын; 

- 1.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.4. Банкта Шариат кеңеши түзүлүүгө тийиш. Банктын бардык саясаттары жана типтүү келишимдери Шариат кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш.»; 

- 1.5-пунктундагы «ислам банкы» «банк» дегенге алмаштырылсын; 

- 2.1.1-пункт биринчи сүйлөмдөн кийин төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: 

«Мударибдин же башка тараптын инвестор алдында карызды мудараба бүтүмүндө капитал катары пайдаланууга жол берилбейт.»; 

- 2.1.2-пункт төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: 

«Тараптар инвестордун капиталды акырындап кайтарып алуусун макулдашышы мүмкүн.»; 

- 2.1.6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.1.6. Чектелген/атайын мудараба бүтүмү боюнча акча каражаттарын берүүдө банк келишимге мударибге каржылоо каражаттарынын эсебинен төмөнкүлөрдүн жүргүзүлүшүнө тыюу салган шарттарды киргизүүгө тийиш: 

- насыя, ссуда жана кредиттерди берүүгө

- белек тартуулоого жана кайрымдуулук максаттарына жумшоого; 

- акча каражаттарын максатсыз пайдаланууга.»; 

- 2.2.6-пункт төмөнкү мазмунда берилсин: 

«2.2.6. Эгерде шарика/мушарака өнөктөштүгү жөнүндө келишимдин негизинде уюшулган юридикалык жактын капиталына материалдык активдер (товарлар) салынса, мындай активдердин акчалай наркы көз карандысыз баа берүүлөрдүн негизинде аныкталууга тийиш.  

Эгерде өнөктөштөр капиталга салымды ар башка валютада ишке ашырса, аларды учурдагы алмашуу курсу боюнча шарика/мушарака келишиминин валютасына которуу зарыл.»; 

- 2.2.11-пункт төмөнкү мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын: 

«Эгерде өнөктөштөрдүн бири өзүнчө келишимдин (шарика/мушарака келишиминин) негизинде активдерди/акча каражаттарын тескөө үчүн дайындалса, ал белгилүү бир суммада сый акы алышы мүмкүн.»; 

- 2.2.15-пункт төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: 

«Тараптар пайданы өнөктөштөрдүн капиталга салымына жараша пропорционалдуу эмес бөлүштүрүүнү макулдашышы мүмкүн. Мында, жигердүү катышпаган өнөктөштүн үлүшүнүн катышпаган өнөктөштүн капиталгм шарттарында каралган болсо) анын капиталга салымынын коэффициентинен жогору болушу мүмкүн эмес.»; 

- 2.3.1-пунктунун биринчи сүйлөмү «же болбосо кардар кайрылган учурда  

банктын менчигинде турган» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 2.3.5-пунктунун экинчи абзацынын экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда  

берилсин: 

«Кардарга же анын агентине товарды сатып алуу-сатуу бүтүмүндө сатуучу катары жана банк менен мудараба келишиминде кардар катары иш алып барууга жол берилбейт.»; 

- 2.3.7-пунктунун: 

үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банк товарды кардарга өткөрүп бергенге чейин аны ташып жеткирүүдө же сактоодо бузууларга байланыштуу тобокелдиктер үчүн жоопкерчилик тартат жана алардын ордун күрөөнүн эсебинен жабууга жол берилбейт.»; 

Бешинчи абзацтын экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Бирок, кардар товарды сатып алуу милдеттенмесин өзүнө алган учурда, контрак түзүүдө банк аванстык төлөм алууга укугу жок.»; 

он бешинчи абзац төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:  

«Зарыл учурларда, кардар компенсация алуу үчүн сунуштоочуга түздөн-түз кайрылууга укуктуу;»; 

он сегизинчи абзацта «чет өлкөлүк» деген сөздөр «кайсыл болбосун» дегенге алмаштырылсын; 

- 2.4.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.4.1. Иджара бүтүмү бул, кардардын билдирмеси боюнча кыймылдуу же кыймылсыз мүлктү өз менчигине атайы сатып алуу же болбосо кардар кайрылган учурда банктын менчигинде турган кыймылдуу же кыймылсыз мүлктү кардарга акы төлөө негизинде макулдашылган мөөнөткө убактылуу ээлик кылууга (ижарага) жана пайдаланууга сунуштоо бүтүмү.». 

- 2.4.4-пункт төмөнкү мазмундагы бешинчи сүйлөм менен толукталсын: 

«Бул сумма ижара боюнча кезектеги төлөмдү төлөө эсебине кабыл алынышы мүмкүн.»; 

- 2.4.39-пункт төмөнкү мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын: 

“Иджара келишиминин аракети тараптардын бири каза болгон учурда токтотулбайт. Бирок, ижарачынын мураскорлору ижара келишимин аткаруу оорчулугу боюнча далилдерди сунуштаган шартта же мураска калтыруучу каза болгондон кийин ижара келишиминде зарылчылык жок болсо, ижара келишимин токтотушу мүмкүн.”; 

- 2.5.4-пунктундагы “КРУБ" деген аббревиатуралар “Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкынын” дегенге алмаштырылсын; 

- 2.6.18-пунктунун экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Эгерде контракт түзүү учурунда ал каралбаса, алдын ала төлөө үчүн жеңилдик берилет."; 

- 2.8.17-пункттагы "чет өлкөлүк" деген сөздөр "кайсыл болбосун" дегенге 

алмаштырылсын. 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы №32/2 «Кыргыз Республикасында алгачкы долбоордун алкагында ислам принциптерин жүзөгө ашыруу жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында алгачкы долбоордун алкагында ислам принциптерин жүзөгө ашыруу жөнүндө» жобонун: 

- 2.4-главасынын: 

1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Иджара бул, кардардын билдирмеси боюнча кыймылдуу же кыймылсыз мүлктү өз менчигине атайы сатып алуу же болбосо кардар кайрылган учурда банктын менчигинде турган кыймылдуу же кыймылсыз мүлктү кардарга акы төлөө негизинде макулдашылган мөөнөткө убактылуу ээлик кылууга (ижарага) жана пайдаланууга сунуштоо бүтүмү.»; 

3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. Иджара келишими ага ылайык ижарага берүүчү ижарачы көрсөткөн кыймылдуу же кыймылсыз мүлктү өз менчигине атайы сатып алууга же болбосо ижарачы кайрылган учурда банктын менчигинде турган кыймылдуу же кыймылсыз мүлктү ижарачыга акы төлөө негизинде макулдашылган мөөнөткө убактылуу ээлик кылууга (ижарага) жана пайдаланууга сунуштоого милдеттенет.»; 

- 49-пунктунун төртүнчү абзацындагы «кредиттерди/лизингди» деген сөздөр  

«каржылоолорду» дегенге алмаштырылсын; 

- 49-пунктунун бешинчи абзацындагы «жоготуулар жана чыгым тартуулар»  

деген сөздөр «ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда» деген сөздөр менен толукталсын. 

 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 30-сентябрындагы № 39/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимдерге карата талаптар жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимдерге карата талаптар жөнүндө» жобонун: 

- баш сөзү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Жобонун талаптары Улуттук банктан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууга лицензия алган коммерциялык банктарга, анын ичинде «ислам терезесине» ээ банктарга (мындан ары - банктар) таркатылат.»; 

- 1.1.3-пункт «жана белек тартуулоого жана кайрымдуулук максаттарына жумшоого» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 2.1.1-пункт «же кардар кайрылган учурга карата банктын менчигинде турган товарды» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 2.1.2-пункт «кардардын буйрутмасы боюнча келишим предмети» деген сөздөр «же кардар кайрылган учурда банктын менчигинде турган» деген сөздөр менен толукталсын. 

- 2.1.8-пунктунун “а” пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин : 

«а) товар кардардын ээлигине өткөндөн кийин, келишим предметиндеги кандайдыр бир кемчиликтери үчүн банк жооп бербейт жана кардар компенсация алуу үчүн сунуштоочуга түздөн-түз кайрылууга укуктуу» дегенге алмаштырылсын; » 

- 2.1.9-пункттун «а» пунктчасындагы "чет өлкөлүк" деген сөздөр "кайсыл болбосун" дегенге алмаштырылсын. 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 26-октябрындагы №60/8 "Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган операциялар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган операциялар жөнүндө" жобонун: 

- баш сөзү күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- текст боюнча “ФКУ” деген аббревиатурасы “ФКО деген оббревиатурага” алмаштырылсын; 

- 1-пунктундагы “микрофинансылык уюмдардын жүзөгө ашыруу тартиби” деген сөздөр “ислам терезесине” ээ микрофинансылык уюмдарды кошо алганда” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 2-пунктундагы «КР» деген аббревиатурасы «Кыргыз Республикасынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

- 53-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Мурабаха бүтүмү - бул  ФКУ кардардын билдирмеси боюнча сатылып алынган же болбосо кардар кайрылган учурда банктын менчигинде турган товарды бөлүп төлөө шартында сатуу каралган бүтүм.”; 

- “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине жооп берген бүтүмдөрдүн түрлөрү” деген II бөлүк төмөнкү мазмундагы 8-глава менен толукталсын: 

“8-глава  

Истиснаа жана параллель истиснаа бүтүмү 

154-5. Истиснаа бүтүмү - бул, анын шарттарына ылайык бир тарап (подрядчик) экинчи тараптын (буйрутмачы) тапшырмасы боюнча белгилүү бир ишти аткарууга (материалдарды жана эмгекти пайдалануу менен) жана аны белгиленген мөөнөттө өткөрүп берүүгө милдеттенген, ал эми буйрутмачы аткарылган ишти кабыл алып, алдын ала макулдашылган бааны төлөө милдеттенмесин өзүнө алган бүтүм.  

154-6. Истиснаа келишиминин предмети катары подрядчиктин объектти аягына чыгаруу, ошондой эле аны өзгөртүп жасоо (сапатын жакшыртуу же өзгөчөлүгүн өзгөртүү) же кайра жасоо (жок болгондон улам жаңы объектти жасоо) же болбосо башка ишти аткаруу (материалдарды жана эмгекти пайдалануу менен) жана аны белгиленген өзгөчөлүктөргө ылайык өткөрүп берүү саналат.  

154-7. Параллель истиснаа - бул, эки башка жана көз карандысыз келишимдер аркылуу ишке ашырылуучу бүтүм. Биринчи келишимде ФКУ подрядчик же сунуштоочу катары иш алып барат жана буйрутмачы катары иш алып барган кардар менен истиснаа келишимин түзөт. Экинчи келишимде ФКУ буйрутмачы катары иш алып барат жана биринчи келишимдин алкагында өз контракттык милдеттенмелерин аткаруу максатында подрядчик же сунуштоочу менен башка келишим (параллель истиснаа) түзөт. Сунуштоочу же подрядчик бул, ишкердикти жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам. Кардар бул, истиснаа келишиминин алкагында белгилүү бир ишти аткарууга (материалдарды жана эмгекти пайдалануу менен) жана аны белгиленген өзгөчөлүктөргө ылайык өткөрүп берүүгө буйрутма берген юридикалык жак же жеке адам.  

154-8. Истиснаа келишимин түзүүгө чейин кардар ФКУга белгилүү бир ишти аткарууга (материалдарды жана эмгекти пайдалануу менен) жана аны аягына чыгарып, белгиленген өзгөчөлүктөргө ылайык өткөрүп берүүгө өтүнүч менен кайрылат. Тараптар белгиленген баага буйрутманы аткарууну аныкташат, ал дароо же белгилүү бир убакыт өткөндөн киийн төлөнөт. ФКУ буйрутмачынын төлөө жөндөмдүүлүгүнө, ошондой эле зарыл учурларда сунушталган финансылык документтердин негизинде анын мүлкүнө баа берүүгө тийиш.  

154-9. ФКУ менен кардар истиснаа келишимин ФКУ кардарга сатылууга тийиш болгон келишим предметине менчик укугун же алардан келишим предмети даярдалып (же курулуп) жаткан материалдарга менчик укугун алганга чейин түзүшөт. 

154-10. Истиснаа келишими, даярдалууга тийиш болгон предметтин өзгөчөлүгүн, түрүн жана баасын, мөөнөтүн, сапатын жана санын көрсөтүү сыяктуу бардык шарттар сакталган учурда, тараптар аны милдеттүү түрдө аткарууга тийиш. Келишим предмети макулдашылган өзгөчөлүктөргө жооп бербеген шартта, буйрутмачы аны тандоо укугуна ээ (келишим предметин кабыл алуу же андан баш тартуу).  

154-11. Истиснаа келишими жазуу жүзүндө түзүлөт жана ал юридикалык жактан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. Тараптар, алардын макулдашуусунан улам келип чыккан бардык милдеттенмелер жана натыйжалар боюнча бири-биринен көз каранды болуп саналат. 

154-12. Подрядчик буйрутмачынын тапшырмасы боюнча келишим предмети болуп саналган ишти аткарууга жана эгерде тараптар башканы макулдашышпаса, аны белгиленген мезгил аралыгында өткөрүп берүүгө милдеттенет.  

154-13. Келишимде, келишим предметинин баасы, жеткирүү күнү же ишти кабыл алуу, пайдаланылуучу ресурстар (эгерде келишимде башкасы каралбаса, менчик же келишимди түзгөнгө чейинки башка жактар тарабынан өндүрүлгөн товарларды же өздүк товарларды тартуу менен) көрсөтүлөт. 

154-14. Келишим түзүүгө чейин бааны аныктоо боюнча бардык сунуштар кароого алынат. 

154-15. Келишим предметинин баасы келишим түзгөн учурда аныкталат жана ал акчалай же материалдык каражаттар формасында же мындай узуфрукт келишим предметинен айырмаланган башка активдер же ошол келишим предмети менен байланыштуу болгондугуна карабастан, белгилүү бир мөөнөткө активдерден узуфрукт формасында төлөнүп берилиши мүмкүн. Баасы кийинкиге жылдырылып же белгилүү бир мезгил ичинде бөлүп төлөнүшү мүмкүн, мында тараптар келишим түзүү учурунда төлөө ыкмаларынын бирин тандап, аныктап алууга тийиш. Истиснаа келишиминин алкагында белгилүү бир ишти аткаруу процесси бир нече баскычтан турса же төлөө ишти аткаруу процессине жараша аныкталса, порядчик буйрутмачыдан төлөөлөрдү сүйлөшүлгөн өзгөчөлүктөргө ылайык, ишти аткарууга жараша жүзөгө ашырууну талап кылууга укуктуу.  

154-16. Истиснаа келишиминин операциялары боюнча баа сунуштоо күнүнө жараша өзгөрүшү мүмкүн. Истиснаа келишиминин предметинин баасын "чыгымдар плюс катталган пайданын" негизинде аныктоо мүмкүн эмес. ФКУ рынокто атаандашкан сунуштоочулардын баасы тууралуу маалыматты сарптоолорго баа берүү жана келекчекте алынуучу пайданы аныктоо үчүн пайдаланышы мүмкүн. 

154-17. Истиснаа бүтүмү пайыз алуу менен жөнөкөй каржылоо үчүн каражат болууга тийиш эмес. 

154-18. Истиснаа келишими түпкү сатып алуучуга же подрядчикке таандык болгон белгилүү бир жер тилкесинде же болбосо аны пайдалануудан алардын ар бири пайда көргөн жерде кыймылсыз мүлк объекттерин куруу үчүн түзүлүшү мүмкүн. 

154-19. Подрядчик/сунуштоочу банкрот болгон учурда, кардар баштапкы материалдар наркынын бөлүгүн төлөп койгон болсо, буйрутмачы бүткөрүлбөгөн өндүрүшкө карата артыкчылыктуу укукка ээ болот. 

154-20. Тараптар истиснаа келишиминин алкагында келишим предмети болуп саналган курулмалардын кандай болбосун кемчиликтери же техникалык жактан тейлениши үчүн подрядчик/сунуштоочу жоопкерчилик тарткан мөөнөттү белгилешет. 

154-21. Тараптар истиснаа келишиминин алкагында, зарыл учурларда жана өз ара макулдашылган шартта, колдонуудагы истиснаа келишиминин мурда макулдашылган өзгөчөлүктөрүнө сыяктуу эле, кошумча талаптарга да тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө укуктуу. Мында, баалар корректировкаланууга жана жаңы талаптарды аткаруу үчүн мөөнөтүндө сунушталууга тийиш.  

154-22. Төлөө мөөнөтүн жылдыруунун ордуна бааны жогорулатуу максатында истиснаа келишимине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт. Эгерде контракт түзүү учурунда ал макулдашылбаса, алдын ала төлөө үчүн жеңилдик берилет.  

154-23. Күтүүсүз жагдайлар (форс-мажор) келип чыккан учурда, тараптардын макулдашуусу боюнча же сот тартибинде өзгөртүүлөр киргизилиши ыктымал. 

154-24. ФКУ буга чейинки подрядчик баштаган долбоорду аяктоо үчүн подрядчикти алмаштырып, буйрутмачы менен истиснаа келишимин түзүшү мүмкүн. Бул учурда, долбоордун ошол учурдагы статусунун негизинде, буйрутмачынын эсебинен ага баа берүү талап кылынат. Ошондой эле, истиснаа келишими бүткөрүлбөгөндүгүнүн натыйжасында төлөнбөй калган карыз орун алса, алар үчүн буйрутмачы жеке жоопкерчилик тартат. Андан ары калган иштерди бүткөрүү үчүн жаңы истиснаа келишими түзүлөт. 

154-25. Буйрутмачыга таандык болгон жерге имараттар же коммуналдык курулмалар курулган учурда, эгерде ал келишимди аткарбаса же ишти белгиленген мөөнөттө бүткөрүп бере албаса, истиснаа келишими өндүрүүчүнүн эсебинен жүзөгө ашырылат жана бул жобо, өндүрүүчү ишти токтоткон учурдан баштап күчүнө кирет. 

154-26. Эгерде подрядчик өз милдеттенмесин аткарууну уланта албай турган болсо, буйрутмачы (жер ээси) бүткөрүлбөгөн курулушту же даяр болуп калган коммуналдык курулманы иш тапшыруучуга ордун толтуруп бербей туруп, менчикке алууга укугу жок. Бул шарт, иш тапшыруучунун ишти уланта албаган себептерине жараша болот. 

Эгерде келишим подрядчиктин күнөөсү боюнча аткарылбаса, анда кардар курулманын төлөнгөн наркын гана ала алат жана буйрутмачы акыркы сатып алуучуга ал дуушар болгон иш жүзүндөгү чыгымдардын суммасын компенсациялап берүүгө тийиш. 

Эгерде келишимди аткарбай коюу буйрутмачынын укук чегинен тышкары аракеттеринен улам келип чыкса, подрядчик бүткөрүлгөн иштин наркына барабар сумманы жана башка чыгымдар жана зыяндар үчүн компенсацияларды алууга укуктуу. 

Эгерде келишимдин аткарылбай калышына тараптардын биринин да тиешеси жок болсо, анда буйрутмачы подрядчик тарабынан аткарылган иштин наркын гана төлөйт жана тараптардын бири да башка тараптын кесепетинен келип чыккан чыгымдардын жана зыяндын компенсацияланышы үчүн жоопкерчилик тартпайт. 

154-27. Эгерде мыйзамдарга буйрутмачыга мыйзам чегинде жүктөлүшү мүмкүн эмес болгон, ал истиснаа келишиминин алкагында кошумча чыгым тартууларга алып келген өзгөртүүлөр киргизилген учурда, буйрутмачы кошумча сарптоолорго дуушар болот. 

154-28. Эгерде келишим шарттары аткарылбаса, подрядчик же түпкү сатып алуучу катары иш алып барган ФКУ гарантия катары баанын бөлүгүн түзгөн алдын ала төлөм түрүндө акча каражаттарынын төлөнүшүн талап кылышы мүмкүн. Эгерде, истиснаа келишими токтотулса, алдын ала төлөм айыптык төлөм катары кармалып калат, мында сумма айкын орун алган зыянга барабар болууга тийиш.  

154-29. Истиснаа келишиминин алкагында ФКУ подрядчик же буйрутмачы катары иш алып баргандыгына карабастан, подрядчик же буйрутмачы менен мамилелерге карата өз укуктарын коргоо үчүн жетиштүү деп эсептеген гарантияларды талап кылууга укуктуу. Буйрутмачы катары иш алып барган ФКУ буйрутмачынын күрөө, укуктарды ыйгарып берүү формасында болушу ыктымал болгон гарантияларды бере алат. 

154-30. Буйрутмачы катары иш алып барган ФКУ подрядчиктин макулдугу боюнча ал ФКУнун атынан аткарылган иштердин макулдашылган мүнөздөмөлөргө ылайык келүүсүн контролдукка алуусу, ошондой эле аткарылган иш үчүн төлөө, аны жеткирүү жана кабыл алуу жагында сунуш-көрсөтмө берүүсү максатында, техникалык багытта иш тажрыйбасына ээ фирма-консультантты дайындашы мүмкүн.  

154-31. Подрядчик катары иш алып барган ФКУ өзүнчө агенттик келишим түзүшү мүмкүн, ага ылайык буйрутмачы келишим предметинин буйрутманын (долбоордун) мүнөздөмөсүнө ылайык даярдалышын камсыз кылуу максатында, даярдоо же курулуш иштерине көзөмөлдүктү жүргүзүү жагында ФКУнун агенти катары дайындалышы ыктымал. 

154-32. Истиснаа келишиминин аткарылышына контролдук боюнча кошумча чыгашалар тараптардын макулдашуусу боюнча төлөнөт. 

154-33. Эгерде акыркы сатып алуучу келишим предметине толук контролдукту жүзөгө ашыра алса же келишим предмети акыркы сатып алуучу тарабынан дайындалган адамга өткөрүлүп берилсе, подрядчик истиснаа келишими боюнча милдеттенмеден бошотулат.  

154-34. Эгерде келишим предметинин абалы берүү күнүнө карата буйрутманын макулдашылган мүнөздөмөсүнө жооп бербесе, анда буйрутмачы андан баш тартууга же аны кабыл алууга укуктуу, бул бааны өзгөртүү мүмкүнчүлүгү менен келишим канааттандырарлык аткарылгандыгын билдирет. 

154-35. Эгерде андан баш тартуу үчүн негиз жок болсо, буйрутмачы жеткирилген келишим предметин кабыл алууга милдеттүү. Келишим предметин кабыл алуудан баш тартуу үчүн анын негиздери так чагылдырылышы зарыл. 

154-36. Негизсиз баш тартылган учурда келишим предмети өндүрүүчүнүн ээлигинде калат, бул учурда подрядчик келишим предметинен келип чыккан чыгымдар жана зыяндар үчүн эч кандай жоопкерчилик тартпайт, албетте эгерде, мындай чыгымдар жана зыяндар подрядчиктин этиятсыз мамилесинин же укукка жатпаган аракеттеринин кесепетинен келип чыкпаса, буйрутмачы келишим предметинин сакталышына кеткен чыгашаларды өз мойнуна алат. 

154-37. Келишим предметин жеткирүү, аны акыркы сатып алуучунун ээлигине өткөрүп берген учурдан тартып жүзөгө ашырылган катары саналат жана ал акыркы сатып алуучуга өндүрүш процесси бүткөрүлгөндөн кийин, келишим предметине контролдукту өзүнө алууга мүмкүндүк берет. Иштин бул баскычында келишим предметине карата подрядчиктин милдеттенмеси аяктап, акыркы сатып алуучунун милдеттенмеси башталат. Акыркы сатып алуучу келишим предметине контролдукту өзүнө алгандан кийин өндүрүүчү тарабынан этиятсыз мамиле же укукка жатпаган аракеттерге жол берилгендигин далилдөөсүз эле, келишим предметинен кийинчерээк келип чыккан кандай болбосун чыгым же зыян үчүн жоопкерчилик акыркы сатып алуучуга жүктөлөт. 

154-38. Эгерде буйрутмачы белгиленген убакыт ичинде келишим предметин кабыл алууну кечиктирсе, подрядчик келишим предметин сатуу операциясында буйрутмачынын агенти катары иш алып бара алат. Бул учурда подрядчик келишим предметин буйрутмачынын атынан сатат жана макулдашылган контракттык наркты алып салгандан кийин, эгерде болгон болсо, калган каражаттарды буйрутмачыга кайтарып берет. Эгерде алынган баа келишимде макулдашылган баадан аз болсо, анда подрядчик анын ордун толтуруп алуу максатында буйрутмачыга кайрылууга укуктуу. Мында, келишим предметин сатуу жол-жобосуна байланыштуу чыгашалар буйрутмачы тарабынан төлөнөт.  

154-39. Буйрутмачы келишим предметин сатуу боюнча чыгаша тартат. 

154-40. Эгерде күтүлбөгөн кырдаалдардан улам (форс-мажор) жеткирүү кечиктирилсе, подрядчикке карата келишим предметин жеткирүү шарттарын бузууга жол бергендиги үчүн айыптык санкциялар колдонулат. Мында, төлөбөй койгондугу үчүн буйрутмачыга карата айыптык санкциялар жөнүндө белгилөөгө уруксат берилбейт. 

154-41. 154-38-пунктта каралган жагдайларды эске албаганда, келишим предметин ФКУнун ээлигине өткөнгө чейин аны сатууга жол берилбейт. 

154-42. Буйрутмачы катары иш алып барган ФКУ келишим предметине ээ болгондон кийин ФКУнун буйрутмачыларына келишим предметин сатуу үчүн агент катары подрядчикти дайындай алат. Мындай учурда ФКУ менен подрядчик ортосунда агенттик келишим истиснаа келишиминен башка түзүлөт. 

154-43. ФКУ келишимдин алкагында өзгөчө мүнөздөмөгө ээ товарды жасап чыгарууга буйрутма берүүгө укуктуу. ФКУ кийинчерээк “параллель истиснаа” келишиминин негизинде подрядчик же сунуштоочу катары экинчи тарап менен сатуу максатында келишим түзөт. Мында параллель келишиминде (сатуу келишими) каралган сунуштоо күнү алгачкы сатып алуу келишиминде көрсөтүлгөн күнгө чейин болбоого жана бул эки келишим бири-бири менен байланыштуу эмес болууга тийиш.  

154-44. Подрядчик же сунуштоочу катары иш алып барган ФКУ мындай товарды бөлүп төлөө шартында буйрутмачыга сатуу максатында истиснаа келишимин түзүүгө жана алгачкы келишимде каралган мүнөздөмөлөргө ээ товарды сатып алуу жана аны андан ары буйрутмачыга сатуу үчүн дароо төлөөнүн негизинде параллель истиснаа келишимин түзүүгө укуктуу. Мында, эки келишим бири-бири менен байланыштуу болбоого тийиш.  

154-45. ФКУ подрядчик же сунуштоочу катары истиснаа келишимин түзгөн учурда келишим предметин буйрутмачыга өткөрүп бергенге чейинки мөөнөткө мүлктүк тобокелдик, техникалык жактан тейлөө жана камсыздандырууга кеткен сарптоолор боюнча милдеттенмелерди өзүнө алат. ФКУ даярдоочу/сунуштоочу менен түзүлгөн параллель истиснаа келишиминде буйрутмачыга карата анын милдеттеринен келип чыккан тобокелдик үчүн жоопкерчиликти ага (акыркыга) жүктөй албайт. 

154-46. Аларды түзүүдө эки келишим боюнча милдеттенмелердин (истиснаа жана параллель истиснаа келишимдери) ортосундагы келишимдик байланыштарга жол берилбейт. Ошентип, адаттагы истиснаа келишимине катышкан тарапка анын параллель истиснаа келишими боюнча милдеттенмеси аткарылбагандыгынан улам, өз милдеттерин аткаруудан баш тартуусуна же келишим предметин өткөрүп берүүнү кечиктирүүсүнө же болбосо параллель истиснаа келишими боюнча товарлар наркынын көбөйүүсүнөн улам сунушталып жаткан товарларга бааны көбөйтүүсүнө уруксат берилбейт. 

Мында, ФКУ сатып алуучу катары иш алып барган параллель истиснаа келишимин түзүүдө тиешелүү шарттарды жана талаптарды караштыруу жагында анын укугу чектелбейт. Ал шарттарда жана талаптарда ФКУ сунуштоочу катары иш алып барган алгачкы истиснаа келишиминде, буйрутмачы чагылдырган шилтемелерден айырмаланган же ошондой эле айыптык санкцияларга тиешелүү шилтемелер да камтылат.”. 

 

7. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы №39/9 “Микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимдерине карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимдерине карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобонун: 

- баш сөзү төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Жобонун талаптары микрофинансылык уюмдарга, анын ичинде “ислам терезесине” ээ микрофинансылык уюмдарга жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууга лицензия (күбөлүк) алган кредиттик союздарга (мындан ары - ФКУ) таркатылат.”; 

- 20-пункттагы “белгилүү бир товар” деген сөздөр “же болбосо кардар кайрылган учурда банктын менчигинде турган товарды” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 21-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“21. Мурабаха келишимине ылайык ФКУ өз атынан кардардын буйрутмасы боюнча же болбосо кардар кайрылган учурда банктын менчигинде турган келишим предметин сатып алууга жана бөлүп төлөө шартында сатууга милдеттенет.”. 

 

8. Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 24-сентябрындагы №42/8 “Активдерди классификациялоо жана ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөрү жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Активдерди классификациялоо жана ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөрү жөнүндө” жобонун: 

- 1-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“2. Жободо активдерди классификациялоо жана микрофинансылык уюмдар, анын ичинде “ислам терезесине” ээ, акча каражаттарын тартуу укугу каралган лицензияга ээ эмес, өз ишин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) күбөлүгүнүн/лицензиясынын негизинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдар (мындан ары МФУ) үчүн потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган кам (мындан ары потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам) түзүү системасынын жалпы принциптери аныкталган.”; 

- 29-пункттун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген айыл чарба багытындагы жерлерди эске албаганда, кыймылсыз мүлк үчүн - менчик укугу келип чыккан учурдан тартып үч жыл.». 

 

9. Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 16/3 "Активдерди классификациялоо жана ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздардын потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөрү жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Активдерди классификациялоо жана ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздардын потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөрү жөнүндө” жобонун: 

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

“1. Жобонун талаптары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууга лицензиясына ээ кредиттик союздарга (мындан ары кредиттик союздар) таркатылат.”; 

- 23-пункттун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген айыл чарба багытындагы жерлерди эске албаганда, кыймылсыз мүлк үчүн - менчик укугу келип чыккан учурдан тартып үч жыл.».