Кайта келүү

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 15-июнундагы  

№ 2017-П-07/25-15-(НПА) токтому 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду 

киргизүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7, 22 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-январындагы № 1/1 «Аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашырган микрофинансылык компаниялардын милдеттүү камдык талаптары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 29-сентябрындагы № 55/15 «Аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашырган микрофинансылык компаниялардын милдеттүү камдык талаптары жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна; 

2. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом 2017-жылдын 22-июнунан тартып күчүнө кирет.  

4. Экономика башкармалыгы Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгы менен биргеликте бул токтом менен аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашырган микрофинансылык компанияларды тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н. Жениш мырзага жүктөлсүн.  

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-07/25-15-(НПА) токтомуна тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-январындагы № 1/1 «Аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашырган микрофинансылык компаниялардын милдеттүү камдык талаптары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

- токтомдун аталышында, 1 жана 2-пунктарында «камдык талаптары» деген сөздөр «камдары» дегенге алмаштырылсын;  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашырган микрофинансылык компаниялардын милдеттүү камдык талаптары жөнүндө» жобонун: 

- аталышындагы «камдык талаптары» деген сөздөр «камдары» дегенге алмаштырылсын; 

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Бул жободо аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларга (мындан ары  МФК) карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары  Улуттук банк) милдеттүү камдарды депондоштуруусуна, милдеттүү камдык талаптарды сактоо тартибине, аларды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөмдү эсептөө жана өндүрүп алууга карата талаптар белгиленген.»; 

- 2-пункттун 3-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эсептик база - бул, МФКнын депозиттик эсептеринде эсепке алынган сом түрүндөгү жана валюталык милдеттенмелери. Эсептик базада камтылуучу милдеттенмелердин тизмеги жана валюталык түзүмү Улуттук банк Башкармасы тарабынан бекитилет.»; 

- 3-пункттун үчүнчү сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Милдеттүү кам өлчөмү Улуттук банк Башкармасы тарабынан акча-кредит саясатынын максаттарында өзгөртүлүшү мүмкүн.»; 

-  5-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Ушул жобонун 15-пунктунда каралган учурларды эске албаганда, МФК мөөнөттүү аманаттарды (депозиттерди) кабыл алуу операцияларын жүзөгө ашырууга лицензия колдонулган мезгил ичинде милдеттүү камдык талаптарды аткарууга милдеттүү.»; 

-  6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6. Милдеттүү камдар өтүп жаткан базалык мезгилдин алгачкы жумуш күнү бир жолу төрт жума аралыгына эсептелинет жана өткөн базалык мезгил үчүн орточо күндүк эсептик базанын жана Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген милдетүү кам өлчөмүнүн негизинде аныкталат. Милдеттүү камдын белгиленген мааниси базалык мезгилдин төрт жумасы аралыгында колдонулат. Эсептик базада камтылган валюталык милдеттенмелердин сом түрүндөгү эквиваленти Улуттук банк тарабынан белгиленген чет өлкө валютасынын сомго карата расмий курсу боюнча эсептелинет.»; 

-  Жобо төмөнкү мазмундагы 6-1-пункту менен толукталсын: 

«6-1. Милдеттүү кам төмөнкү формула боюнча эсептелинет:

мында t өтүп жаткан базалык мезгилдеги милдеттүү кам;  

ОБт-1 МФКнын өткөн базалык мезгилдин ар бир күнү үчүн эсептик базада камтылган милдеттенмелери;  

Р Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген милдеттүү кам өлчөмү;  

Дt-1 милдеттүү камды эсептөөдө эске алынган өткөн базалык мезгилде камтылган календардык күндөрдүн саны, б.а. 28 күн.»; 

-  7-пункттун биринчи жана экинчи сүйлөмдөрү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Ушул жобонун 6-1-пунктуна ылайык ишке ашырылган, МФКнын жетекчисинин кол тамгасы менен күбөлөндүрүлгөн эсептөөлөр, 1-тиркемеге ылайык формада жаңы базалык мезгилдин алгачкы жумуш күнү саат 12.00гө чейин Улуттук банкка сунушталууга тийиш.»; 

- 8-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Милдеттүү камдык талаптардын аткарылышына контролдук төрт жуманы камтыган базалык мезгилдин акырында жүргүзүлөт. Эгерде бүтүндөй базалык мезгил ичинде МФКнын Улуттук банктагы депозиттик эсебиндеги каражаттардын суммасы менен милдеттүү кам өлчөмүнүн ортосундагы айырма оң чыкса же нөлгө барабар болсо, милдеттүү камдык талаптар аткарылган катары таанылат. Бул талап аткарылбаса, МФК милдеттүү камдык талаптарды бузууга жол берген катары эсептелинип, талаптарды сактабагандыгы үчүн ушул жобонун 3-бөлүгүндө аныкталган шарттарга ылайык андан айыптык төлөм өндүрүлөт.»; 

- 10-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- Жобонун 3-бөлүгүнүн аталышындагы «төлөмдү» деген сөздөр «айыптык төлөмдү» дегенге алмаштырылсын; 

- 11-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«11. Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм суммасы Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген айыптык төлөм өлчөмүнүн жана МФКнын Улуттук банктагы депозиттик эсебиндеги каражаттардын милдеттүү камдардан базалык мезгил ичинде орточо күндүк терс четтөөсүнүн негизинде эсептелинет.»;  

-  Жобо төмөнкү мазмундагы 11-1-пункт менен толукталсын: 

«11-1. Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм төмөнкү формула боюнча эсептелинет:

мында Шн милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм;  

Ос Улуттук банктагы депозиттик эсептин милдеттүү камдан күн ичинде орточо четтөөсү;  

Рш милдеттүү камдык талаптардын сакталбагандыгы үчүн Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген айып төлөм өлчөмү;  

Д базалык мезгилдеги календардык күндөрдүн саны, б.а. 28 күн.  

Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм суммасын эсептөө мисалы 2-тиркемеде келтирилген.»; 

- 12-пункттагы «төлөм» деген сөз «айыптык төлөм» дегенге алмаштырылсын; 

- 13-пункттун экинчи сүйлөмү алынып салынсын; 

- 15-пункттагы «төлөм» деген сөз «айыптык төлөм» дегенге алмаштырылсын; 

 

- Жобого карата 1-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

»; 

- Жобого карата 2-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

». 

 

 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 29-сентябрындагы № 55/15 «Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-январындагы №1/1 токтому менен бекитилген «Аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашырган микрофинансылык компаниялардын милдеттүү резервдик талаптары жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

- аталышында, преамбулада жана 1-пунктунда «резервдик талаптары» деген сөздөр «камдары» дегенге алмаштырылсын.