Кайта келүү

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 15-июнундагы  

№ 2017-П-07/25-14-(НПА)токтому 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2010-жылдын19-мартындагы № 8/2 «Милдеттүү камдар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомунаөзгөртүүлөрдү киргизүү  

тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкыжөнүндө» мыйзамынын 7, 22 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын19-мартындагы № 8/2 «Милдеттүү камдар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр(кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Камдык активдерде камтылуучу, коммерциялык банктардын Улуттук банктагы ээси көрсөтүлбөгөн метал эсебиндеги алтын түрүндөгү активдердин өлчөмүалардын Улуттук банктагы ээси көрсөтүлбөгөн метал эсебиндеги алтын түрүндөгү активдерининжалпы көлөмүнүн 100 пайыз деңгээлинде белгиленсин. 

3. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Экономика башкармалыгы Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгы менен биргеликте бул токтом мененкоммерциялык банктарды тааныштырсын. 

5. Токтом 2017-жылдын 22-июнунан тартып күчүнө кирет. 

6. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н.Жениш мырзага жүктөлсүн.  

 

 

Төрага Т.Абдыгулов 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы  

№ 2017-П-07/25-14-(НПА) токтомуна тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы № 8/2 

«Милдеттүү камдар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын19-мартындагы № 8/2«Милдеттүү камдар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Милдеттүү камдар жөнүндө»жобонун: 

- 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.1. Жобо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары Улуттук банк) милдеттүү камды депондоштуруу боюнча банктарга карата талаптар белгиленип, милдеттүү камдын өлчөмү, аны эсептөө тартиби жана коммерциялык банктар, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы тарабынан милдеттүү камдык талаптардын аткарылышы, ошондой эле аларды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөмдү эсептөө жана өндүрүү тартиби аныкталган.»; 

- 1.2-пункттун бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Камдык активдер бул, банктын банкоматтарындагы улуттук валютадагы каражаттар, Улуттук банктагы корреспонденттик эсептеги акча каражаттарынын нак калдыгынын, ошондой эле банктын Улуттук банктагы ээси көрсөтүлбөгөн метал эсебиндеги алтын түрүндөгү активдерининсуммасы.»; 

- 2.1-пункттун үчүнчү сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эсептик базага кирген валюталык милдеттенмелердин сом түрүндөгү эквиваленти Улуттук банк тарабынан белгиленген чет өлкө валютасынын сомго карата расмий курс боюнча эсептелинет.»; 

- 2.6-пунктунда: 

-үчүнчүсүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Мында, милдеттүү камдык талаптарды аткаруу үчүн банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебиндегикүндөлүк каражаттарынын жана анын Улуттук банктагы ээси көрсөтүлбөгөн метал эсебиндеги алтын түрүндөгү активдеринин сумардык өлчөмү, Улуттук банк Башкармасынын чечими менен аныкталган милдеттүү кам көлөмүнүн минималдуу деңгээлинен аз болбоого тийиш.»; 

- төртүнчү сүйлөмүндө «төлөм» деген сөз «айыптык төлөм» дегенге алмаштырылсын; 

- 2.9-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.9. Банктардын банкоматтарындагы улуттук валютадагы нак акча калдыктарынын жана алардын Улуттук банктагы ээси көрсөтүлбөгөн метал эсептериндеги, камдык активдерде камтылуучу алтын түрүндөгү активдеринин өлчөмдөрү Улуттук банк Башкармасынын чечими мененаныкталат жана акча-кредит саясатынын максатында өзгөртүлүшү мүмкүн.»; 

- Жобонун 3-бөлүгүнүн аталышында«төлөмдү» деген сөз«айыптык төлөмдү» дегенге алмаштырылсын; 

- 3.1-пунктунда: 

- «төлөм» деген сөз «айыптык төлөм» дегенге алмаштырылсын; 

- «төлөм чени» деген сөздөр «айыптык төлөм чени» дегенге алмаштырылсын; 

- 3.2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.2. Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм төмөнкү формула боюнча эсептелинет:

мында Шн милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айып акы;  

Ос камдык активдердин милдеттүү камдан күн ичинде орточо четтөөсү

Рш  Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленүүчү милдеттүү камдык талаптардын сакталбагандыгы үчүн айыптык төлөм чени;  

Д базалык мезгилдеги календардык күндөрдүн саны, б.а. 28 күн.  

Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм суммасын эсептөө мисалы 2-тиркемеде келтирилген.»; 

- 3.2.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.2.1. Милдеттүү камдардын күндөлүк минималдуу деңгээлин сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм суммасы милдеттүү камдык талаптарды сактабагандык үчүн айыптык төлөм өлчөмүнүн жана банктын Улуттук банктагы корреспондентик эсебиндеги каражаттарынын суммасынын жана банктын Улуттук банктагы ээси көрсөтүлбөгөн метал эсебиндеги алтын түрүндөгү активдердинкүндөлүк терс четтөөсүнүн негизинде эсептелинет. Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөм чени Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленет.»; 

- 3.3-пункттунда «төлөм» деген сөз«айыптык төлөм» дегенге алмаштырылсын; 

- 3.4-пункттун экинчи сүйлөмү алынып салынсын; 

- 3.6.-пунктту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эгерде Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү токтомунда башкасы каралбаса, банкка тике банктык көзөмөлдүк же убактылуу администрация режими киргизилген мезгил ичинде милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн андан айыптык төлөм өндүрүлбөйт.»; 

- Жобого карата 2-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

 

 

 

 

 

».