Кайта келүү

`  

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 8-июнундагы  

№ 2017-П-17\23-7-(НПА)  

токтому 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/10 «Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1.  Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/10 «Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин. 

2. Токтом 2017-жылдын 22-июнунан тартып күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Инспектрлөө башкармалыгы ушул токтом менен тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдү, областтык башкармалыктарды, Баткен областындагы өкүлчүлүктү, коммерциялык банктарды, микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды, «Кыргыз банктар бирлиги» жана «МФУлар ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмелерин тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т. Джусупов мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т.Абдыгулов 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 8-июнундагы  

№ 2017-П-17\23-7-(НПА) токтомуна тиркеме 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2015-жылдын 24-июнундагы № 35/10 «Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/10 «Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:  

- жобонун жана ага карата тиркемелердин бүтүндөй тексти боюнча кездешкен «ФКМ» деген аббревиатуралар «ФКУ» дегенге алмаштырылсын; 

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«1. Жобо керектөөчүлөр укугун жана мыйзамдуу таламдарын коргоо максатында иштелип чыккан жана анда Улуттук банктан лицензияланган, иши ал тарабынан жөнгө салынган банктардын, микрофинансылык уюмдардын, кредиттик союздардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын (мындан ары - ФКУ) финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана алардан пайдаланышкан керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароого алуу ишине карата минималдуу талаптар белгиленген, ошондой эле Улуттук банктын керектөөчүлөр укугун коргоо жагындагы компетенциясы жана ФКУ менен ушул багытта өз ара иш алып баруу тартиби аныкталган». 

- 2-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 3-пункттун 5-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«5) кайрылуу керектөөчүнүн ФКУга оозэки же жазуу жүзүндө даттанып кайрылуусу жана арыздануусу (талаш маселелер), аларда керектөөчүлөр укугун бузууга жол берүүлөр жана/же аларды калыбына келтирүү же ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузууулар жана финансылык кызмат көрсөтүүлөргө тиешелүү кине коюулар, анын ичинде келишим шарттарынын өзгөрүлүшү сыяктуу маалыматтар камтылат. »  

-  10-пункттагы «керектөөчүлөрдүн жагдайын жакшыртуу шарттарына» деген сөздөр алынып салынсын; 

- «отуз календардык күн мурда» деген сөздөр «он жумуш күнүнөн кечиктирбестен» дегенге алмаштырылсын; 

11-пунктунда биринчи сүйлөм төмөнкү редакцияда берилсин:  

«11. Керектөөчүлөр менен түзүлгөн келишимдер Кыргыз Республикасынын банктык жана башка мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш. Керектөөчүлөр менен ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн келишимдер Шариат стандарттарына жоо бериши зарыл.»; 

- 15-пункттун биринчи абзацындагы «сунуштоо» деген сөз «сунуштоого милдеттүү» дегенге алмаштырылсын, «оозеки түрүндө» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 15-пункттун 8-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«8) маалымат сунуштоо күнүнө карата абал боюнча кредиттин абсолюттук маанидеги толук наркына тиешелүү маалыматтарды, анын ичинде кредиттин негизги суммасын, пайыздарды, комиссиялык жыйымдарды жана келишимди түзүүгө жана аны аткарууга байланыштуу башка төлөмдөрдү өз-өзүнчө бөлүп көрсөтүү менен кардарга берүүгө милдеттүү.» 

- 21-пункттунда: 

1-пунктчасындагы «декларацияланган (жарыяланган)» деген сөздөр «номиналдык жана натыйжалуу» деген сөздөр менен толукталсын; 

4-пунктчасындагы «карыз алуучуга» деген сөздөр «кол койдуруу менен» деген сөздөр менен толукталсын. 

6-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6) келишимди түзгөндөн акча каражатын алганга чейинки аралыкта карыз алуучунун кредит алуудан баш тартууга укугу кредиттик келишимде каралууга тийиш;  

лизинг келишиминде лизинг алуучунун келишим түзгөндөн кийин банк лизинг предмети үчүн баштапкы (анын чиинде аванстык) төлөмдү төлөөгө чейиник аралыкта лизинг (лизинг предметин) алуудан баш тартууга укугу каралууга тийиш; » 

10-пунктчасындагы «өзгөртүүгө» деген сөз «жана толуктоого» деген менен толукталсын; 

төмөнкү мазмундагы 11-пунктча менен толукталсын: 

«11) эгерде күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү процессинде тараптар келишиминде сатып өткөрүүнүн башка ыкмасы каралбаса, турак-жай түрүндөгү күрөөлүк кыймылсыз мүлк ачык тоорук аркылуу гана сатылат; » 

- 42-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

«42.  Керектөөчүнүн ФКУга жолдогон жазуу жүзүндөгү кайрылуусу отуз календардык күндөн кечиктирилбестен каралууга жана ага жазуу жүзүндө жооп жөнөтүлүүгө тийиш. Кардарлардын даттанып жана арызданып кайрылууларын (талаш маселелер) кароонун жыйынтыгы боюнча документтер белгиленген тарипте кеминде үч жыл сакталууга тийиш.» 

- Жобого карата 1-тиркеменин: 

потенциалдуу кредит жөнүндө негизги маалыматтар баракчасынын баш сөзүндөгү «мекемелер» деген сөз «уюмдар» дегенге алмаштырылсын; 

биринчи таблицанын сабындагы «финансы-кредит мекемесинин» деген сөздөр «финансы-кредит уюмунун» дегенге алмаштырылсын.