Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын 8-июнундагы  

№ 2017-П-12\23-4-(НПА) 

токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилүүчү лицензия үчүн төлөм жана жыйым өлчөмү жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө”мыйзамдын 9 жана 13-беренелерине, “Кыргыз Республикасындалицензиялоо-уруксат берүү системасы жөнүндө” мыйзамдын 19-беренисине,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдагы 31-майындагы №260 токтому менен бекитилген “Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө”жобого, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө”мыйзамдын 7 жана 43-беренелеринетаянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк тарабынан банк операцияларын жүргүзүү укугуна берилүүчү лицензиялар үчүн төлөмдөртөмөнкү өлчөмдөрдө белгиленсин: 

- нак четөлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна - үч эселенген эсептик көрсөткүч өлчөмүндө

- ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды улуттук жана/же чет өлкө валютасында жүргүзүүнү кошо алганда, банк операцияларын жүргүзүү укугуна - үч эселенген эсептик көрсөткүч өлчөмүндө

- адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин жүзөгө ашыруу укугуна- үч эселенген эсептик көрсөткүч өлчөмүндө

- кредиттик союздардын иш жүргүзүү укугуна - үч эселенген эсептик көрсөткүч өлчөмүндө

2. Улуттук банк тарабынан берилүүчү лицензиялар үчүн төлөмдөртөмөнкү өлчөмдөрдө белгиленсин: 

- кредиттик маалымат менен алмашуу кызмат көрсөтүүсүн сунуштоо үчүн - он эселенген эсептик көрсөткүч өлчөмүндө

3. Лицензияны кайра тариздетүү жана алардын дубликатын берүү, ошондой эле алмаштыруу учурунда: 

- банк операцияларын жүргүүзү укугуна бир эсептик көрсөткүч өлчөмүндө жыйым кармалат; 

- токтомдун 2 пунктунда көрсөтүлгөндөр үчүн беш эсептик көрсөткүч өлчөмүндө төлөм кармалат. 

4. Келип түшкөн өтүнүч каттарды кароого алуу, лицензия берүү, лицензияны кайрадан тариздетүү жана дубликатын берүү, ошондой эле лицензияны алмаштыруу учурунда төлөнгөн бардык төлөмдөр Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине которулат. 

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 14-ноябрындагы №48/7 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилүүчү лицензия үчүн төлөм өлчөмү жөнүндө”; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 14-октябрындагы №41/5 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы үчүн төлөм өлчөмү жөнүндө" токтомунун1-пунктунун 3-абзацы жана ушул токтомго карата тиркеменин 2-пункту; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-февралындагы №13/8 “Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 14-ноябрындагы №48/7 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилүүчү лицензияга төлөм өлчөмү жөнүндө” токтому; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы №35/5 “Кредиттик бюролордун ишин лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу” токтомунун 2-пункту. 

6. Токтом 2017-жылдын 22-июнунан тартып күчүнө кирет. 

7. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

8. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды жана чет өлкө банкынын филиалын, төлөм системасыныноператорлорун, төлөм уюмдарынын, “Ишеним” кредиттик бюросун, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

9. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Дж. Джусупов мырзага жүктөлсүн, 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов