Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 8-июнундагы 

№ 2017-П-12\23-10-(НПА) 

токтому  

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 

  

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укутук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин:  

Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 26-августундагы № 35/3 «Коммерциялык банктардын баалуу металлдар менен операциялары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна

Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 29-декабрындагы № 36/13 «Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна

2. Токтом 2017-жылдын 22-июнунан тартып күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы: 

токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргыз банктар бирлиги» юридикалык жактар бирикмесин, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Джусупов мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын 8-июнундагы  

№ 2017-П-12\23-10-(НПА) 

токтомуна тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 26-августундагы № 35/3 «Коммерциялык банктардын баалуу металлдар менен операциялары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана тоолуктолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Коммерциялык банктардын баалуу металлдар менен операциялары жөнүндө» жобонун: 

- 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.1. Бул жободо Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүсүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары  Улуттук банк) талаптары белгиленген.»; 

- мындан ары жобонун бүтүндөй тексти боюнча «Улуттук банкы» деген ар кандай жөндөмөлөрдөгү сөздөргө чейинки «Кыргыз Республикасынын» деген сөздөр алынып салынсын; 

1.4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.4. Баалуу металл менен операцияларды жүргүзүү жагында эл аралык тажрыйбага ылайык, алтын менен операциялар металлдын таза салмагынын сандык бирдигинде (трой унцияда же граммда), ал эми платина жана күмүш менен операциялар - металлдын лигатуралык массасынын сандык бирдигинде жүргүзүлөт. 

Баалуу металлдарды грамм түрүндө эсепке алууда алар ондук үлүшкө чейин төмөнкүчө тегеректелүүгө тийиш: 

1) эгерде жүздүк үлүш 5тен көп же ага барабар болсо онунчу үлүш 1ге жогорулатылып, андан кийинки бардык белгилер алынып салынат; 

2) ал эми эгерде жүздүк үлүш 5тен аз болсо, онунчу үлүш өзгөрүүсүз калат жана андан кийинки бардык белгилер алынып салынат.»; 

- жобо төмөнкү мазмундагы 1.5-пункт менен толукталсын: 

«1.5. Баалуу металлдар түрүндөгү акчалай активдер жана милдеттенмелер Баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясынын мурунку жумуш күнү белгиленген кечки фиксингдин негизинде күн сайын кайра бааланууга тийиш. 

Мында Улуттук банк тарабынан эмитирленген, аффинаждалган алтындан даярдалган өлчөнгөн куймалар банктын эсепке алуу саясатына ылайык кайра бааланат.»; 

- 2.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.1. Банктык операцияларды жүргүзүү укугу белгиленген лицензияга уруксат берилген банктык операциялар тизмесинде баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүү каралган шартта банк нак жана нак эмес формада баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүшү мүмкүн: 

- металл эсептерин жүргүзүү, башка коммерциялык банктардан, юридикалык жактардан жана жеке адамдардан макулдашылган мөөнөттөргө өз атынан баалуу металлдарды тартуу; 

- башка банктарда ачылган металл эсептерине макулдашылган мөөнөттөргө өз атынан баалуу металлдарды жайгаштыруу; 

- банктарга баалуу металлдарда кредиттерди сунуштоо жана банктардан баалуу металлдарда кредиттерди алуу; 

- кардардын эсебинен өз атынан баалуу металлдарды сатып алуу жана сатуу; 

- өз атынан жана өз каражаттарынын эсебинен баалуу металлдарды сатып алуу жана сатуу; 

- баалуу металлдарды колдонуп, туунду финансылык инструменттер менен операцияларды ишке ашыруу. 

Коммерциялык банктарга жогоруда белгиленген операциялардан тышкары баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынат. 

Коммерциялык банктар төлөм каражаты болуп саналган, баалуу металлдардан (алтындан, күмүштөн, платинадан) жасалган монеталарды Улуттук банктан баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүү укугуна уруксат алуусуз сатып алууга жана сатууга мүмкүнчүлүгү бар.» 

- 2.7-3-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Баалуу металлдарды башка ээси көрсөтүлбөгөн металл эсептерине которуу, нак түрүндө сыяктуу эле, улуттук валютада туюндурулган акчалай түрдө да баалуу металлдарды эсептерден алуу, ошондой эле металл эсептеринде катталган баалуу металлдарды сатып алуу-сатуу бүтүмүн ишке ашыруу аркылуу кардарлардын ээси көрсөтүлбөгөн металл эсептеринен баалуу металлдарды кайтаруу.»; 

- 2.11-пункттагы: 

«жана банк тарабынан бузууга жол берилген ченемдерди талапка ылайык келтирүү боюнча бардык чаралар көрүлүүгө» деген сөздөр алынып салынсын; 

пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Банк баалуу металлдын бул түрү/формасы менен ишкердикти жүргүзүүгө банктан уруксат албаган учурда, ал баалуу металлдар менен башка операцияларды жүргүзүүгө укугу жок.»; 

- 3.2-пункт төмөнкү мазмундагы 3.2.6, 3.2.7, 3.2.8, 3.2.9-пунктчалар менен толукталсын: 

«3.2.6. Баалуу металлдардын ар бир түрү жана баалуу металлдардын бардык түрлөрү боюнча баалуу металлдардын ачык позицияларынын ички лимиттеринин банк тарабынан белгилениши. 

3.2.7. Жүзөгө ашырылып жаткан операциялардын мүнөзүнө жана аларда камтылган тобокелдик деңгээлине жана контр-агенттердин категорияларына жараша контр-агенттердин ишенимдүүлүгү жөнүндө маалыматтарга карата минималдуу талаптарды белгилөө

3.2.8. Баалуу металлдар менен операцияларды текшерүүдө ички аудитке карата талаптарды белгилөө

3.2.9. Банк жана анын филиалдары үчүн баалуу металлдар менен операцияларды эсепке алуу жана отчеттуулук боюнча талаптарды белгилөө.»; 

- жобо төмөнкү мазмундагы 3.3-пункт менен толукталсын: 

«3.3. Жеке белгилери көрсөтүлбөгөн баалуу металлдар менен операциялар боюнча банктык тобокелдиктерге баа берүү туунду финансылык инструменттер менен операциялардан улам келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерге баа берүү сыяктуу ишке ашырылат, мында баалуу металлдарды накталай түрүндө сунуштоо эске алынууга тийиш.»; 

- 4.3-пункттагы «Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын жана баалуу металлдар боюнча ачык позицияларынын лимиттерин сактоо тартиби жөнүндө» дегенге алмаштырылсын; 

-  4.5-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.5. Коммерциялык банк тарабынан белгиленген лимиттер бузууга жол берилген учурда, Улуттук банк «Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын жана баалуу металлдар боюнча ачык позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө» нускоого ылайык таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.»; 

- 4.6-пунктунун биринчи жана экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Улуттук банк уруксат берилген операциялар тизмесинен баалуу металлдар менен операцияларды төмөнкү учурда алып салууга укуктуу: 

- эгерде банк уруксат берилген банктык операциялар тизмегинде көрсөтүлбөгөн баалуу металлдар менен операцияларды ишке ашырса;». 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 29-декабрындагы №36/13 «Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

токтомдун аталышындагы жана 1-пунктундагы «ачык валюта позицияларынын» деген сөздөр «жана баалуу металлдар боюнча ачык позицияларынын» деген сөздөр менен толукталсын; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө» нускоонун: 

- аталышындагы «ачык валюта позицияларынын» деген сөздөр «жана баалуу металлдар боюнча ачык позицияларынын» деген сөздөр менен толукталсын; 

- нускоонун баш сөзү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Бул нускоодо ачык позицияны эсептөө тартиби жана Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан коммерциялык банктар ачык валюта позициясын жана баалуу металлдар боюнча ачык позиция (мындан ары  ачык позициялар) лимиттерин сактоосуна контролдукту жүргүзүү тартиби белгиленген. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары  Улуттук банк) алдыга коюлган максаттарга жетишүүсү жана милдеттерди аткаруусу үчүн Улуттук банк Башкармасы өзүнчө токтом менен ушул нускоодо белгиленген ачык позиция лимиттерин белгилүү бир мөөнөткө өзгөртүшү мүмкүн. 

Ачык позиция лимиттерин сактоо тартиби бардык коммерциялык банктарга жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына (мындан ары текст боюнча - банктар) таркатылат. 

Ички саясаттарды жана тобокелдиктерге контролдукту жүргүзүү жол-жоболорун иштеп чыгууда банк ушул нускоонун талаптарына таянууга тийиш.» 

- бүтүндөй текст боюнча «КРУБ» деген аббреватуралар «Улуттук банк» дегенге алмаштырылсын. 

- 1.3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.3. Таза позиция бул, нумизматикалык (коллекциялык) монеталарды эске албаганда, банктын ар бир чет өлкө валютасындагы жана өзүнчө баалуу металл түрүндөгү (алтында, күмүштө, платинада) баланстык сыяктуу эле, баланстан тышкаркы талаптарынын (активдеринин) жана милдеттенмелеринин ортосундагы айырма.» 

- 1.4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.4. Ачык позиция бул, банктын тиешелүү валюталардагы жана баалуу металлдардагы талаптарынын (активдеринин) жана милдеттенмелеринин дал келбей калышы, ал эми бирдей болуп калган учурда ал жабык позиция деп эсептелинет. 

Ар бир чет өлкө валютасы жана баалуу металлдардын ар бир түрү (алтын, күмүш, платина) боюнча ачык позиция өз-өзүнчө эсептелинет.»; 

- 1.5-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.5. Банктын ачык позициясы узун (банктын тиешелүү валютадагы/тиешелүү баалуу металл түрүндөгү талаптары (активдери) ошол эле валютадагы/ошол эле баалуу металл түрүндөгү милдеттенмелерден артышы) же кыска (милдеттенмелердин талаптардан (активдерден) артышы) болушу мүмкүн. Узун валюта позициясы «+» белгисинде, ал эми кыска валюта позициясы «-» белгисинде жазылат.»; 

- 1.6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.6. Суммардык позиция бул, ушул нускоонун 2.5-пунктунда аныкталган «short hand» ыкмасында эсептелинген бардык чет өлкө валюталары жана баардык баалуу металл түрлөрү боюнча банктын бардык таза позицияларынын суммасы.» 

- 1.7-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.7. Ачык позиция лимиттери бул, Улуттук банк тарабынан белгиленген, ачык валюта позицияларынын (ар бир чет өлкө валютасы/ар бир баалуу металл түрү боюнча жана суммардык) банктын таза суммардык капиталына карата пайыздык катышында туюндурулган чектөөлөр. Ачык валюта позицияларынын лимиттери үтүрдөн кийинки эки ондук белгиге чейин тегеректелип, пайыздарда эсептелинет.»; 

- 1.8-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.8. Банктын таза суммардык капиталы бул ченем Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоонун талаптарына ылайык эсептеленет. Бул нускоонун максаттарында ачык позиция лимиттерин эсептөөдө банктын ар айдын 1ине карата суммардык капиталынын мааниси колдонулат.»; 

- 1.9-пункттагы «валютага айландыруу күнү» деген сөздөр «, баалуу металлдын түрү, салмагы» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 2 бөлүмдүн аталышындагы «валюта» деген сөз алынып салынсын; 

- 2.1-пункт төмөнкү мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын: 

«- баалуу металлдардын ар бир түрү боюнча таза позициялары;  

- суммардык баалуу металлдар боюнча позицияларын.»; 

- 2.2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.2. Таза позициялар төмөнкү көрсөткүчтөрдүн суммасы катары ар бир чет өлкө валютасы жана ар бир баалуу металл түрү боюнча өз-өзүнчө эсептелинет:  

Чет өлкө валютасындагы/баалуу металл түрүндөгү таза спот-позиция. Бул өлчөм баланстык активдер менен баланстык милдеттенмелер ортосундагы айырма катары эсептелинет (анын ичинде 2 күнгө чейинки валютага айландыруу күнү менен бүткөрүлбөй калган «спот» контракттар жана «СВОП» контракттардын бөлүгү болуп саналган «спот» контракттар). Мында, активдер жана милдеттенмелер эсепке таза баланстык нарк боюнча кошулат. 

Эскертүү: Бул нускоонун максаттарында “СВОП” контракт дегенден улам эки бүтүмдүн «спот» жана «форвард» контракттарынын бир эле суммага/баалуу металл салмагына («СВОП» контрактынын негизги суммасы) белгилүү бир мезгил ичинде бир эле контр-агент менен келишилген бүтүмдөрдүн айкалышын (комбинациясын) чагылдырган операцияны түшүнүү зарыл. 

- чет өлкө валютасындагы/баалуу металл түрүндөгү таза форвард-позиция. Бул өлчөм, талаптар менен «форвард» контракт боюнча милдеттенмелердин (фьючерстерди кошо алганда), ошондой эле «СВОП» контракттын бөлүгү болуп саналган «форвард» контрактынын («СВОП» контрактынын негизги суммасы) ортосундагы айырма катары эсептелинет. 

Гарантиялардан, аккредитивдерден жана аларга окшош ошол эле валютада/ошол эле баалуу металл түрүндө камсыздалган финансылык инструменттерден тышкары, банк тарабынан чыгарылган жана тастыкталган кайтарылып алынбаган гарантиялар, аккредитивдер жана аларга окшош чет өлкө валютасында номинирленген финансылык инструменттер. Бул нускоонун максатында, финансылык инструменттер дегенден улам, векселдик кепилдикти (аваль), жол чектерин жана эл аралык тажрыйбада кабыл алынган банктын шарттуу милдеттенмелерин түшүнүүгө болот. Финансылык инструменттерге кредиттик линиялар кирбейт.  

Мында, көрсөтүлгөн гарантиялар, аккредитивдер жана ушул сыяктуу финансылык инструменттер, бенефициар (пайда алуучу) милдеттенме боюнча акчалай сумманы төлөөнү талап кылган учурдан тартып же банк мындай милдеттенмелерди төлөө тууралуу талап коюлушу мүмкүндүгүн тастыктаган документти алган учурдан тартып таза позиция эсебине кошулат. Мисалы, бенефициардын принципал өз милдеттенмелерин аткарбагандыгы (аткарууну кечеңдеткени) жөнүндө каты ошол гарантияны таза позиция эсебине кошуунун негизи болуп саналат.»; 

- 2.3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.3. Валюталык операциялар жана баалуу металлдар менен операциялар, ошондой эле келечекте валюталоо күнү камтылган жана ал бүтүм келишилген күн болуп саналбаган операциялар да бүтүмгө келишилген күндөн тартып таза позиция эсептерине кошулат.»; 

- 2.4-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Баалуу металл түрүндөгү таза позицияларды эсептөөдө:  

- сандык туюндурууда нак эмес түрүндөгү баалуу металлдар Лондон баалуу металлдар рыногу ассоциациясы тарабынан эсептешүүгө чейинки күнү кечки фиксинг боюнча Улуттук банктын отчеттук күнгө карата расмий белгиленген АКШ долларындагы кросс-курс аркылуу сом түрүндө эсептелинет; 

- сандык туюндурууда нак түрүндөгү баалуу металлдар банктын эсепке алуу саясатында белгиленген эсептик курс боюнча эсептелинет.»; 

- 2.5-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.5. Суммардык позициялар «short hand» ыкмасында эсептелинет. Тактап айтканда, ар бир валюта/ар бир баалуу металл түрү боюнча бардык узун таза позицияларды өзүнчө жана бардык кыска таза позицияларды өзүнчө кошуу аркылуу эсептелинет. Андан соң келип чыккан өлчөм бири-бирине салыштырылат (абсолюттук өлчөмдө) жана алардын ичинен көбүрөөк өлчөмү суммардык позиция лимитин эсептөөдө колдонулат.»; 

- 3 бөлүмдүн аталышындагы «валюта» деген сөз алынып салынсын; 

- 3.1-пункт төмөнкү мазмундагы 3.1.3-пунктча менен толукталсын: 

«3.1.3. Баалуу металлдарды сатуу-сатып алуу операцияларын жөнгө салуу максатында Улуттук банк коммерциялык банктарга карата баалуу металлдар боюнча ачык позиция лимиттерин белгилейт: 

а) операциялык күндүн акырына карата абал боюнча ар бир баалуу металлдын түрү боюнча ачык узун/кыска позицияларынын өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын 15% ашпоого тийиш; 

б) операциялык күндүн акырына карата абал боюнча баалуу металлдар түрүндөгү суммардык позиция өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын 20% ашпоого тийиш.»; 

- 3.2-пункттагы «валюта» деген сөз алынып салынсын; 

- 3.3-пунктунун биринчи сүйлөмүндөгү «валюта» деген сөз алынып салынсын; 

- 3.4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

«3.4. Операциялык күн ичинде ачык позициялар өлчөмүн банк валюта жана баалуу металлдар менен операциялар тобокелдигинин жол берилген деңгээлине жеке баа берүүгө жараша өз алдынча контролдукка алат. Мында, ар бир банк Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген ички саясатка ылайык, күн ичинде тобокелдиктерди тиешелүү деңгээлде кармап турууга тийиш.»; 

- 3.5-пункттагы «валюта» деген сөз алынып салынсын; 

- 3.6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.6. Эгерде, банктын таза суммардык капиталынын өлчөмү терс мааниде же нөлгө барабар болсо, банк ар бир валюта/ар бир баалуу металлдын түрү боюнча таза позицияларды Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттө нөлдүк мааниге (жабык позиция) жеткирүүгө тийиш. »;  

- нускоо төмөнкү мазмундагы 3.7-пункт менен толукталсын: 

«3.7. Банкта жооптуу сактоодо жана күрөө түрүндө сунушталган баалуу металлдар банктын милдеттенмеси болуп саналбайт жана баалуу металлдар түрүндөгү ачык позицияны эсептөөдө эсепке алынбайт.»; 

- 4.1-пункттагы: 

«валюта» деген сөз алынып салынсын; 

«1-тиркемеге» деген сөздөр «жана 2-тиркемеге» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 4.2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.2. Чет өлкө валютасында операцияларды/баалуу металл менен операцияларды жүзөгө ашырышкан филиалдарга жана туунду банктарга, ошондой эле алмашуу пункттарына ээ банктар өз отчетторунда бардык филиалдардын, туунду банктардын жана алмашуу пунктарынын маалыматтары эске алынган ачык позициялар боюнча жыйынтык маалыматтарды камтууга тийиш.» 

-  5-бөлүмдүн аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5. Ачык позиция лимиттери бузууга жол берилген шартта банктарга карата көрүлүүчү таасир этүү чаралары»; 

- 5.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5.1. Банк ар бир операциялык күндүн акырына карата абал боюнча белгиленген ачык позиция лимиттерин бузган шартта, Улуттук банк бузууга жол берүү суммасынын 5% өлчөмүндө, бирок банктын төлөнгөн уставдык капитал өлчөмүнүн 1% ашпаган өлчөмдө айыптык төлөм өндүрүү түрүндө таасир этүү чарасын колдонот.»; 

- 5.2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5.2. Банк системалуу түрдө (30 календардык күн ичинде 2 жана андан көп жолу) белгиленген лимиттерди бузууга жол берсе, Улуттук банк лицензияны кайтарып алууну кошо алганда, банктык мыйзамдарда жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган таасир этүү чараларын колдонушу мүмкүн. 

Эскертүү: 0-0,05% чегинде белгиленген лимиттерди бузууга жол бергендиги үчүн айыптык төлөм белгиленбейт.» 

- 5.3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5.3. Банктын айкын таза позицияны отчетто кандай болбосун жол менен чагылдырбай коюусу Улуттук банк тарабынан төмөнкүчө каралат: 

- Улуттук банкты адашууга алып келүү аракети;  

- алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага тартылышы;  

- анын айкын өлчөмүн жашыруу максатында, таза позициясыны бурмалоо, башкача айтканда, алардын келип чыгышын жана жүзөгө ашырылышын идентификациялоо мүмкүн эмес болсо жана/же эгерде мындай операциялар банктын финансылык отчетуна жана экономикалык ченемдерине таасирин тийгизген шектүү операцияларды жүргүзүү

- банк анык эмес финансылык жана регулятивдик отчетторду сунуштаса. Мындай операциялар ачык позиция лимиттерин эсептөөдө эске алынбайт.»; 

- 5.5-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин

«Эрежедегидей эле, эгерде ачык позиция лимиттери форс-мажордук жагдайлардан улам бузууга жол берилген болсо, айыптык төлөм өндүрүү түрүндө таасир этүү чаралары банкка карата колдонулбайт.»; 

- 5.6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«5.6. Банкка убактылуу администрация киргизилген учурда Көзөмөл боюнча комитет экономикалык ченемдин бузулушуна алып келген бардык жагдайларды эске алуу менен ачык позиция лимиттери сакталбагандыгы үчүн банктан айыптык төлөмдү өндүрүү максатка ылайыктуу катары кароого укуктуу.»; 

- 5.7-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5.7. Эгерде банкта убактылуу администрация киргизилген учурда ачык позиция лимиттерин бузууга жол берүү убактылуу администрация киргизилгенге чейинки банк ишинин натыйжасынан болсо, Көзөмөл боюнча комитет аны төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу менен банктан айыптык төлөмдү өндүрүү маселесин кароого укуктуу.»; 

- нускоо төмөнкү мазмундагы 6.3-пункт менен толукталсын: 

«6.3. Баалуу металлдар менен операцияларга ички контролдукту уюштуруу Коммерциялык банктардын баалуу металлдар менен операциялары жөнүндө жободо белгиленген ченемдерге ылайык жүргүзүлөт.»; 

- нускоо төмөнкү мазмундагы 2-тиркеме менен толукталсын: 

 

«2-тиркеме 

 

Баалуу металлдар боюнча ачык позициялар жөнүндө  

ОТЧЕТ 

Таза суммардык капитал: ________________ миң.сом 

  

Баалуу металлдын түрү 

Эсеп 

тик курс 

Баалуу металлдар боюнча ачык позициялар өлчөмү (миң сом) 

Анын ичинде:  

Баалуу металлдар боюнча ачык позициялар өлчөмү (таза суммардык капиталга карата %):  

Лимиттин нормасынан четтөө (%)  

Бүткөрүлбөгөн спот-бүтүмдөр боюнча калдыктар   

 

  

  

  

ба-ланстык  

ба-ланстан тышкаркы  

  

  

сатуу  

сатып алуу  

 

алтын 

  

  

  

  

  

  

  

  

 

күмүш 

  

  

  

  

  

  

  

  

 

платина 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Суммардык баалуу металлдар боюнча ачык позиция 

  

  

  

  

  

  

  

  

 

 

 

».