Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 8-июнундагы  

№ 2017-П-14\23-14-(ПС) 

токтому 

 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги №22/3 «Кыргыз Республикасында банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн аралыктан сунуштоого карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна 

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги №22/3 «Кыргыз Республикасында банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн аралыктан сунуштоого карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом 2017-жылдын 22-июнунан тартып күчүнө кирет. 

4. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдү, областтык башкармалыктарды жана Баткен областындагы өкүлчүлүктү тааныштырсын.  

5. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын, төлөм системасынын операторлорун жана төлөм уюмдарын тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж. Орозбаевага ыйгарылсын. 

 

 

Төрага Т.Абдыгулов  

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 8-июнундагы  

№ 2017-П-14\23-14-(ПС) 

токтомуна тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги №22/3  

«Кыргыз Республикасында банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн аралыктан сунуштоого карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги №22/3 «Кыргыз Республикасында банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн аралыктан сунуштоого карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй 

өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

токтом аталышындагы «банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн аралыктан сунуштоого» деген сөздөр «обочо туруп/аралыктан тейлөө» дегенге алмаштырылсын; 

- 1-пункттагы банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн аралыктан сунуштоого» деген сөздөр «обочо туруп/аралыктан тейлөө» дегенге алмаштырылсын; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн аралыктан сунуштоого карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун аталышында жана бүтүндөй тексти боюнча ар башка жөндөмөдө кездешкен «банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн аралыктан сунуштоого» деген сөздөр «обочо туруп/аралыктан тейлөө» дегенге алмаштырылсын. 

1-пункту күчүн жоготкон караты эсептелинсин. 

- 2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Бул «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөөгө карата минималдуу талаптар жөнүндө» Жобо (мындан ары Жобо) аркылуу обочо туруп/аралыктан тейлөө кызматынан пайдалануучуларга коммерциялык банктар, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунушталышына карата минималдуу талаптар белгиленген.»; 

3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

3. Ушул Жобонун алкагында обочо туруп/ аралыктан банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрү персоналдык компьютерлердин, мобилдик телефондордун, банкоматтардын (АТМ-банкинг), электрондук терминалдардын, анын ичинде автоматташтырылган өзүн-өзү тейлөө терминалдарынын (cash-in), интернет-банкинг, үй банкинги, мобилдик банкинг аркылуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка ыкмалардын жардамы менен байланыш каналдары боюнча сунушталат.»;. 

төмөнкү мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын: 

«3-1. Обочо туруп/аралыктан тейлөө кызматын сунуштоодо, банк зарылчылык келип чыккан шартта байланыш кызмат көрсөтүүсүн сунуштоо үчүн байланыш операторлору (мобилдик уюлдук байланыш оператору/көчмө байланыш түйүнүнүн оператору) менен келишим түзүшү мүмкүн. Банк байланыш оператору менен келишим түзүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, байланыш операторунун каналдары боюнча жөнөтүлүүчү маалыматтардын корголушун жана купуялуулугун сактоо ыкмаларын караштырууга тийиш.». 

4-пункттун  2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кызмат көрсөтүүнү сунуштоочулар Улуттук банктан айрым банктык операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна лицензияга ээ болгон банктар, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары.»; 

3-пунктчадагы «банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнөн аралыктан пайдалануучулар» деген сөздөр «пайдалануучулар» дегенге алмаштырылсын; 

5-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

«5. Обочо туруп/аралыктан тейлөө кызматын сунуштоочу эң аз дегенде төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш: 

обочо туруп/аралыктан тейлөө кызматынын тизмегин, аларды ишке ашыруу тартибин жана шарттарын аныктаган ички ченемдик документтерди иштеп чыгууга жана бекитүүгө

- кызмат көрсөтүүнү сунуштоо процессине натыйжалуу контролдукту, пайдалануучулардын акча каражаттарынын сакталышын камсыз кылууга; 

- пайдалануучулар менен өз ара иш алып барууда сунуштоочулардын жоопкерчилигин аныктаган маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ички саясатты иштеп чыгууга; 

- кызмат көрсөтүүнү сунуштоочулар менен аны пайдалануучулар ортосунда түзүлүүчү типтүү келишимдерди иштеп чыгууга; 

- акчанын изин жашырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жагында Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын сактоого; 

- обочо туруп/аралыктан тейлөөнү ишке ашырууда маалыматтарды жөнөтүүдө/кабыл алууда банктык купуялуулуктун сакталышын камсыз кылууга.»; 

- 6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6. Кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу ушул жобого карата 1-тиркемеге ылайык обочо туруп/аралыктан тейлөөнү сунуштоодо коопсуздук талаптарынын толук сакталгандыгы тууралуу маалымат берип турууга тийиш.»; 

7-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7. Кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу пайдалануучулардын ага болгон ишенимин бекемдөө максатында, обочо туруп/аралыктан тейлөө кызматынын сапатына мезгил-мезгили менен баа берип турууга тийиш.»;  

төмөнкү мазмундагы 8-1-пункт менен толукталсын: 

«8-1. Кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу тарифтерге киргизилген өзгөртүүлөр колдонууга киргизилгенге чейинки кеминде беш календардык күн мурда ал тууралуу кызмат көрсөтүүдөн пайдалануучуларга веб-сайт же жалпыга маалымдоо каражаттарын аркылуу маалымдоого тийиш.»; 

4-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

Обочо туруп/аралыктан тейлөө кызматын сунуштоого карата талаптар»; 

- 10-пункттун 1-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин 

«10. Обочо туруп/аралыктан тейлөө кызматы пайдалануучунун жана сунуштоочунун ортосунда түзүлгөн келишимдин же ачык оферта келишимдин негизинде ишке ашырылат, анда эң аз дегенде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш»; 

11-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«11. Кызмат көрсөтүүлөр идентификацияланбаган электрондук капчыктарды пайдалануу менен сунушталган шартта төлөмдөр Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы №15/6 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жободо белгиленген лимиттерге ылайык өткөрүлүүгө тийиш. 

Бул кызмат көрсөтүү ачык оферттин негизинде ишке ашырылышы мүмкүн. Ачык офертте төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- веб-сайт/кызмат көрсөтүүнү сунуштоочунун программалык камсыздоосуна ылайык электрондук жабдууларда кыска номер аркылуу андан пайдалануу шарттары; 

- логинди/паролду аутентификациялоого карата талаптар; 

- сунуш менен кайрылган жактын/адамдын тастыктоолору жана ниети; 

- кызмат көрсөтүүнү сунуштоочунун тастыктамасы; 

- кызмат көрсөтүүлөр тизмеги.»; 

- төмөнкү мазмундагы 11-1-пункт менен толукталсын: 

«11-1. Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм терминалдары аркылуу акча каражаттарын төлөө ачык оферттин негизинде ишке ашырылат. Чекти алуу же албай коюу товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм терминалдары аркылуу төлөө учурунда пайдалануучунун экраны аркылуу тастыктоодогу тандоосу болуп саналат.»; 

13-пункттун 1-пунктчасындагы «жана башка инструменттер» алынып салынсын; 

14-пункттун 1-пунктчасындагы 5-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

көп фактордук аутентификациялоону колдонуу (мисалы, пароль/код/бир жолку код жана жеке идентификациялык номер ж.б).»; 

- 15-пункттун 1-пунктчасы алынсын; 

- пунктча төмөнкү мазмундагы 4-абзац менен толукталсын: 

«- пайдалануучунун жеке маалыматтарынын коргоого алынышы үчүн зарыл чараларды көрүү;» 

18-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«18. Кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу келишимге кол койгонго чейин же обочо туруп/аралыктан тейлөөнү баштоо алдында пайдалануучуларды белгиленген тарифтер жана кызмат көрсөтүүдөн пайдалануу эрежелери менен тааныштырууга/маалымдоого тийиш.»; 

19-пункттагы «сунуштоо» деген сөз алынсын; 

28-пункттагы «сунуштоо» деген сөз алынсын; 

1-тиркемедеги «1-тиркеме» деген сөз «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөөнү сунуштоого карата минималдуу талаптар жөнүндө» Жобого карата 1-тиркеме» дегенге алмаштырылсын; 

1-тиркеменин аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Пайдалануучулар үчүн маалымат»; 

- 1-тиркеменин бүтүндөй тексти боюнча ар башка жөндөмөдө кездешкен «кардар» деген сөз, тиешелүү жөндөмөдөгү «пайдалануучу» дегенге алмаштырылсын; 

2-пункттун 2-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- жеке идентификациялык номерди (ЖИН) паролду, электрондук почта паролун башка маалыматтарды башка бирөөлөрдөн купуя сактоо зарыл. Бул маалыматтардын ачыкка чыгарылышы пайдалануучунун атынан обочо туруп/аралыктан тейлөө учурунда маалыматтардан санкциясыз пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө өбөлгө түзүшү ыктымал;»; 

- 5-абзацтагы «тейлөөгө алган кредиттик уюмга маалымдоо» деген сөздөр «тейлөөгө алган банкка/байланыш операторуна/төлөм системасынын операторуна маалымдоо» дегенге алмаштырылсын.